Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:08

1937: Кырчынында кыйылган Кожокан Шоруковдун тагдыры


“Ата Бейит” эскерүү жайындагы сталиндик жазалоолордун курмандыктарына арналган айкел. Чоң-Таш, Чүй облусу, Кыргызстан.

Мындан 80 жыл мурдагы сталиндик жазалоолор тууралуу түрмөктүн жаңы чыгарылышы - Кыргыз ССРинин саламаттык сактоо эл комиссары Кожокан Шоруков (Шооруков; 1903 - 1938) тууралуу болмокчу.

Кыргыздын чыгаан мамлекеттик ишмерлеринин бири Кожокан Шоруков 34 жашында атылып, 53 жылдан кийин сөөгү Чоң-Таштагы сталиндик репрессия курмандыктары көмулгөн жерден табылган. Бала кезинен билим алып, советтик бийликке ак дилден кызмат кылган азаматка Троцкий менен байланышы болгон, Жусуп Абдырахмановдун пикирлеши деп айып тагышып жаш кезинде жок кылышкан.

Революция өз балдарын аябайт

Кожокан Шоруков (Шооруков; 1903 - 1938) тууралуу маалыматтар аябай эле аз. Анын 1903-жылы Каракол шаарынын жанындагы Жолголот (Жол-Колот) айылында төрөлгөнү, атасы 1916-жылкы Улуу Үркүндө Кытайга кетип, өзү Каракол үйөз башчысы Ивановдун колунда иштеп, 1917-жылы бийлик алмашканда кожоюну менен Орусияга кетип, алгач Москвада, андан соң Перовскиде жүргөнү маалымдалат.

Ал совет бийлигине чын дилден кызмат кылган алгачкы муун кыргыз интеллигенциясынын өкүлү.

Каргадай кезинен кара жумушка бышып, боорукер кожоюнунун көмөгү менен эртелеп сабатын жоюуга жетишип, билим алууга мүмкүнчүлүк алган. Атасы кедей, өзү кожоюндун атбагары болуп колунда бар кишилердин балдары окуган орус-тузем мектебинен билим алышына анын тирикарактыгы, билимге ынтызарлыгы себеп болсо керек. Анан да бийлик алмашкандан кийин кожоюнунун аны Москвага кошо алып кеткени, жагдайды көрүп туруп ал жерден аны кайра Мекенине жөнөткөнү буга чейин эрикпей сындап келаткан “эзүүчү тап” өкүлүнүн адамгерчилигинен кабар берет го.

Эртелеп билим алып, жаңы заман курууга аянбай киришкен бирөөлөргө жаман ою жок тирикарак баланын белгилүү советтик-партиялык ишмер деңгээлине көтөрүлүп, кырчындай жаш кезинде сталиндик кандуу жазалоонун капшабына туш келип, атылып кетишин ким ойлоптур. Жаңы бийлик өзүнө жан тарткан улут каймактарын жок кылууну кыйла жылдар улантып келди.

Профессор Роза Айтматова. 23.08.2017.
Профессор Роза Айтматова. 23.08.2017.

Жапырт жок кылынган мына ушул кыргыздын билимдүү азаматтарынын маңдайына туш келген шордуу азапты Төрөкул Айтматовдун кенже кызы Роза Айтматова “Тарыхтын ак тактары. (Менин эскерүүлөрүм)” деген китебинде минтип баяндаган:

“Совет бийлигинин идеялары менен “Жер кедейлерге!”, “Бийлик кеңештерге!” чакырыктарына аябай беилип алган биздин аталарыбыз совет бийлигинен өткөн калыс башкаруучу жок, эми элдердин тең укуктуулугу бекем сакталат, ар бир адамдын жашоосу жакшы жагына өзгөрөт, жашоо-турмушу жакшырат деп ага аянбай кызмат кылышкан. Таң калыштуу табышмакты кара, кайра баары ошол бийликтин колунан мертиништи.

Баары тең кырчындай жаш, көккө бой тиреп келаткан көчөттөй ийилчээк, канатын каккылап көккө учууга даяр, катарынан эрте чыккан каркыралар эле... Алардын эң улуусу 37 жашта болчу! Алардын ар бири илгери үмүткө берилип, келечеги жалаң жакшы нерселерден турарына ишенимдери бийик эле. Анан бир күнү алардын кырчын өмүрлөрү кыйылып түштү, денелерин жашырын чуңкурга ыргытып ташташты. Ал чуңкурда 53 жыл жатышты. О, арман ай, тар чуңкурга кысылган жаштар ай! Эми алар адамча түбөлүк жайга берилди... Баарыңардын топурагыңар торко болсун!”

Төрөкул Айтматов, Жусуп Абдырахмановдор менен бирге атылган 137 азаматтын катарында Кожокан Шоруковдун сөөгү 53 жылдан кийин 1991-жылы 30-августта кайрадан жерге аруулап коюлду.

Москвадан Караколго

Кожокан Шоруков орусча мыкты билген, билимге дилгир, жаңы бийликти Кыргызстанга орнотуу үчүн жан аябай кызмат кылган чыныгы мамлекеттик ишмер болгон.

Орусиядан Мекенине кайткан соң, ал Түркстан автономиялык республиканын а кездеги борбору Ташкенге келип, тилмеч болуп иштеген.

1922–23-жылдары РКП(б)нын Каракол үйөз шааркомунун катчысы, 1923–26-жылдары Москва шаарында жумушчу факультетинде окуйт. 1926-жылдан Жалал-Абад, Каракол, Ош кантондук комитеттеринде, Кыргыз обкомунда жооптуу кызматтарды аркалайт.

1929-жылдан Москвада Кыргыз АССРинин туруктуу өкүлү, 1934–37-жылдары Кыргыз ССР саламаттык сактоо эл комиссары, 1929-жылдан Кыргыз АССР БАКнын мүчөсү.

1937-жылы буржуазиялык улутчул деген жалаа менен айыпталып, 1938-жылы ноябрда атылган.

Арадан 18 жыл өткөн соң 1956-жылы акталган. Бирок да анын аты кыйла жылдар аталбай келген. Сталиндик кандуу жазалоо Никита Сергеевич Хрущев келгенден кийин айыпталып, большевиктик бийликтин кыйла жылдардан бери жаап-жашырып келген кылмыштарынын биртобу айтылып, бирок бейкүнөө атылып кеткендердин көбү толук акталган эмес.

Антишке чоң борбор Москванын айткан-дегенин илгиртпей аткарчу кыргыз бийлигинин ушул маселеге келгенде тескерисине кетип, “эл душман” деп эсептегендердин аты ататпай, жасаган эмгектерин эскертпей, биртоп жылдар кайра жаап-жашырып келди. Маселен, ушундай тагдырга Жусуп Абдырахманов, Касым Тыныстанов дагы башка ишмерлер туш келген.

Кожокан Шоруковдун аты да ошондой мамилеге кабылып, 1956-жылы акталганы менен кыйла жылдар аты аталбай, эмгеги эскерилбей келди. Сталиндик заманда ак жеринен атылып кеткендердин аты аталып, эмгеги эскерилсе аларга айгак чыккан, артынан “тоголок арыз” жазгандардын бети ачылып, катылган кыңыр иштин чоо-жайы ачыкка чыгып калмак.

"Кожокан болсо мени менен курбалдаш..."

Кожокан Шоруков чынында эле кедей-дыйкандан үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Каргадай бала кезинде тагдырдын тамашасы менен алыскы Орусияга кетип, эл көрүп жер көрүп, сезим-туюму кеңейип кайтат.

Анын өмүр жолундагы мына ушул урунт учурду 1920-жылдардын башында Ташкенде партиялык-советтик атайын курста чогуу окуп калган Кыргыз эл жазуучусу Каымалы Баялинов өзүнүн “Кыйын өткөөл” повестинде кийин минтип эскерген:

К.Баялиновдун "Тандалмалар" жыйнагы.
К.Баялиновдун "Тандалмалар" жыйнагы.

“Алты айлык советтик-партиялык курска окуй баштадык. Үч адам болуп бир бөлмөдө турабыз. Үчөөбүз тең кыргызбыз. Жолдошторум Пржевальскиден келишкен Жумадыл Тилекабылов, Кожокан Шоруков деген жигиттер эле. Жумадылдын бир бутунун майыбы бар: аксап басат. Үркүндөн мурда мугалим болгон, 1918-жылы Пржевальскиде партияга өткөн, аздыр-көптүр газета-журналдарга макала, ырлар жазган, жашы кырк-кырк бештер чамасындагы адам эле. Кожокан экөөбүздү ал кээде «балдар», кээде «иничектер» дей турган.

Кожокан болсо мени менен курбалдаш. Аны менен эртели-кеч дегендей сүйлөшө, сырдаша келип, атасы анын Шорук деген киши Пржевальский уездинин начальниги куу сакал Ивановдун кучери болуп иштегенин билдим. Он алтынчы жылкы козголоңдо Шорук Кытайга качып, Кожокан шаарда начальниктин кызматкеринин колунда калат. Россияда революция башталып, падыша тактан кулаптыр деген кабар угулганда, Иванов ал жерде тура албастан үй-бүлөсү менен Россияга карай жөнөйт. Ошондо начальник менен бирге кетип бара жаткан анын жаңы кызматкери, мында калса баланы бирөө болбосо бирөө майып кылып коёр деп, өзү менен бирге ала кетет. Кийин Туркестанда Совет өкмөтү курулганда: «Балам, эми сен элиңе бар. Ал жакта да Совет өкмөтү курулду. Эми сага эч ким тийбейт» деп Кожоканды кайра Туркестанга узатат. Эптеп ал Ташкентке жетип, минтип мында курска кириптир. Жаш чагынан шаарда өсүп, орус жолдоштордун арасында болгондуктан ал орусча жакшы биле турган.

Мындан үч-төрт күн өтөөр менен партия уюму Кожокан экөөбүздү комсомол уюмун уюштуруп келесиңер деп, ошол жылы Ташкентте ачылган казак-кыргыз калк агартуу институтуна жиберди. Ээрчишип барып калдык. Институттун жетекчилерине документтерибизди көрсөтүп, келген жумушубузду айтып, жыйналыш өткөрүп, жаштардын уюмун уюштурдук.

Ээрдин жалап кара тору жаш улан ошондо балдардан суурулуп чыга келип, биринчи болуп комсомолго жазылды. Аты-жөнүн сурасак, Осмонкул Алиев деген кыргыз баласы экен. Осмонкул окуусун бүтүрүп Кыргызстанга келгенде, областтык комсомол комитетинин тунгуч секретары болуп, андан барып жооптуу кызматтарда иштегени баарыга маалым.

Январь айында Ташкентте жаштардын крайлык биринчи съезди чакырылды. Ага катышуучулардын ичинде биздин курсант Кожокан Шоруков да бар эле. Жаштардын крайлык комитети да түзүлүп, жаштарды комсомолго тартуу, алардын арасында иштөө жөнүндө көп-көп маселелер каралыптыр”,- деп жазган.

Касымалы Баялиновдун эскеришинче, партиялык курсту бүткөндөн кийин Кожокан Шоруковду Түркстан шаарына иштөөгө жөнөтүшкөн.

“Май айынын аяк ченинде курсту бүттүк. Курсанттарды туш-туш жакка жибере башташты. Жолдошторумдун бири Кожокан Шоруковду Туркестан шаарына, Жумадылды Пржевальскиге, Көчмуратовду Токмокко дайындашты.

Пишпектен келген Сайфуллин деген татар жигити бар эле, аны Пишпекке, мени Алма-Атага, обком комсомолдун карамагына барасың дешти. Жети-Суулук балдар Ташкенттен бирге жөнөдүк. Колдорубузда эң бир күчтүү документтерибиз – «открыткабыз» бар. Аны көрсөткөн жерибиз токтоосуз бизге минээрибизге ат, түшөөрүбүзгө араба беришет. Козу көчүмдөн жүрүп отуруп Пишпекке жеттик. Сайфуллин анда калып, Жумадыл Пржевальскиге кетти. А биз, Көчмуратов экөөбүз Токмокко келдик”.

Ооруканалар менен курорттор

Ошентип конуп-түнөп жаңы бийликти орнотуунун камында жүргөн азаматтардын текши баарынын тагдыры кайгылуу аяктады.

Кожокан Шоруков республикада саламаттык сактоо системасын түптөө аракетинде жургөн кезинде камакка алынып, жаш кезинде жок кылынды.

Кожокан Шоруковдун ишмердигин белгилүү кыргыз публицисти Мундузбек Тентимишев минтип мүнөздөйт:

- Кыргыз эл жазуучусу Зуура Сооронбаева анын бир тууган агасынын кызы болгон. Кусейин Карасаев атабыз Караколдо аны менен орус-тузем мектебинде бирге окуп калган.

10 жашынан көрүнгөндүн колунда малай болуп жүрүп Үркүн чыгар алдында Каракол үйөзүнүн башчысы Ивановдун колунда иштеп калган. Үркүндөн келгенден кийин ошол Иванов менен Орусияга кетип калып атпайбы. Ошол Москвадан февраль революциясынан кийин Ташкенге келип, ошол жерде аскердик өзгөчө комиссияга тилмеч болуп ал жерде эки жылдай иштеп 1920-жылы Караколго келип, комсомолдук-партиялык иштерде иштеп, Нарында, Жалал-Абадда, Ошто ар кандай кызматтарда жүрүп, кайра Москвага барып окуп келип Кыргыз обкомунда жооптуу партиялык иштерди аткарып, 1929-жылдан 1933-жылга чейин Кыргыз АССРинин Москвадагы туруктуу өкүлү болгон.

Андан келгенден кийин Кыргыз автоном республикасынын биринчи саламаттык сактоо министри болуп иштеген. Мына ушул кийинки эки кызматы биздин элибизге чоң үзүр берген. Москвада ошол кезде окуп жүргөн жаштарга жардам көрсөткөн, кыргызча китептердин чыгып турушуна жардам кылган. Ал кезде "СССР ведомосттору" деген жыйнактын кыргызча бөлүмү ошол жерде чыгып турган. Эл адабияты, окуу китептеринин чыгышына жардам берген.

Ал эми саламаттык сактоо комиссары болуп турганда медициналык мекемелердин ачылышына, өзгөчө курорттордун ачылышына чоң салым кошкон. Ысык-Ата, Жети-Өгүз, Жалал-Абад, Жыргалаң курорттору ушул кишинин демилгеси менен ачылган.

Жусуп Абдырахмановдун эң жакын шакирттеринин бири болгон. Социал-туран партиясы, алашордочулар деген жалаа менен 1937-жылы камакка алышып, атып коюп атышпайбы.

Ыраматылык Зуура Сооронбаева агасы тууралуу мага жазып келди эле, абдан кенен жазды эле.

Кожокан Шоруковдун аялы корей кызы болгон. Алардын жалгыз уулу Москвада туруп көзү өтүп кетти деп эже айтты эле.

Абдан маданияттуу, орусча-кыргызча мыкты билген Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов, Эркинбек Эсенамановдор менен абдан жакын жүргөн мыкты интеллигенттерибиздин бири болгон.

Убакыт билинбей өтүүүдө.

Сталиндик кандуу кыргындын курмандыктары, аларды жакындан көрүп-билип калгандардын аягы суюлуп, совет бийлиги тушунда жасалган бийлик кыянатчылыгына 80 жыл толду.

Кандуу кыргындын эң күчөгөн чагы 1937 – 38-жылдарга туура келген.

Редактордун эскертүүсү:

Сталиндик доордогу жазалоолор тарыхына байланыштуу жарыяланган макалалардын аталышынын башында шарттуу түрдө “1937” саны атайын түрмөктү айырмалоо үчүн кошулууда. Бирок жазыксыз куугунтукка кабылгандар 1937-жылы гана эмес, ага чейинки же андан кийинки жылдары деле камалган, соттолгон, сүргүнгө айдалган же өмүрүнөн айрылган болушу мүмкүн.

Бул доор тууралуу архивдик жана башка кызыктуу фото сүрөттөрүңүздөрдү биз аркылуу жалпы эл менен белүшүүңүздөрдү өтүнөбүз.

Э-дарегибиз: Webeditor@rferl.org

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" интернет-редактору, журналист, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG