Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:25

1937: Орозакун Лепесов: Cистеманын жалындуу жактоочусу, бейкүнөө курмандыгы


“Ата Бейит” эскерүү жайындагы сталиндик жазалоолордун курмандыктарына арналган айкел.

Журналист Бекташ Шамшиев 1920-30-жылдары эл каймагынын бир даарын ойрондогон сталиндик жазалоо машинесинин дагы бир курмандыгы - агартуучу Орозакун Лепесов тууралуу чакан баянын сунуштайт.

Орозакун Лепесовдун өмүр баянына байланышкан маалыматтар аябай эле аз. Анын туулган жылы да так эмес. Бир кабарда 1896-жылы төрөлгөнү жазылса, башка бир жерде 1891-жылы Тоң аймагында жарык дүйнөгө келгени айтылат. 1920-жылдардын башында казакча гезитке азыноолок ырлары жарыяланып, ошону менен басма ишине кызыккан эмес. Эл агартуу ишине берилген инсандын өмүрүн сталиндик репрессия 1937-жылы кыйган.

Агартуучу И.Арабаевдин окуучусу

Орозакун Лепесов (айрым илимпоздордун болжолунда - Элебесов) тууралуу маалыматтар акыйкатта да аз. Тек анын Кыргызстандын Ысык-Көл кылаасындагы Тоң аймагында жарык дүйнөгө келгени, орус оторчулугу тушунда ачылган мектептерден билим алганы айтылып келет.

Анын алгачкы мугалимдеринин бири айтылуу кыргыз агартуучусу Ишеналы (Эшенаалы) Арабаев болгон. Арабаев жайкысын Көл кылаасында, Нарын аймагында мектеп ачып, сабатын жоюуга куштар улутташтарынын сабатын жоюп, окутуп келген. Орозакун Лепесов ошондой мүмкүнчүлүктөн пайдаланып калган болуу керек. Антип жаш кезинен билим алууга жетишип, эртелеп сабатынын ачылышына караганда Орозакун Лепесовдун ата-энеси колунда бар кишилерден болушу деле мүмкүн. Бирок да анын ата-энесинин бай же кедей экендиги, болочок акындын кандай социалдык катмардан чыкканы тууралуу так маалымат жок.

Кеңеш бийлигинин алгачкы заманы тушунда Орозакун Лепесов Караколдогу, Алматыдагы кыска мөөнөт курстарды аяктап, мугалимдик кесипке ээ болгон, партиялык курстарды аяктаган. Жаңы заман билимин алган инсан коммунисттик идеологиянын жалындуу жактоочусу болуп чыга келген.

Жарыяланбаган ырлардын сыры

Адабиятчы Искендербек Жумабаевдин ырасташынча, Орозакун Лепесовдун ырларында коммунисттик үгүт-насаат басымдуулук кылган.

- Орозакундун басма сөздө 5 эле ыры жарыяланган. Ал эми 36 ырын Каюм Мифтаков жазып алып, сактап койгон. Ырларын бизде басма сөз чыга электе казакча гезитке жарыялаган. Кийин бизде гезит чыга баштаганда бир да ырын жарыялаган эмес. Суроо туулат, эмне үчүн? Менин оюмча, ал киши мугалим болуп, партиялык-советтик кызматтарга иштеп кеткен. Бу кишилер чыгармачылыкты маанилүү иш деп эсептеген эмес. Аалы Токомбаев деле ыр жазгандын маанилүү экенине баа беришпегенин кийин жазган. Бул биздин партиялык ишибиздин бир бөлүгү деп. Менимче, Лепесов деле ошентип ойлогон болуш керек.

Мугалимдик, анан партиялык-советтик кызматтарга баш-оту менен киришип кетип чыгармачылыгын таштап коёт. Бул кишиде чыгармачылык аркылуу таанылайын, атак-наамга жетишейин деген ой деле болбосо керек. Булардын жазгандары, Орозакундуку деле, поэзия, чыгармачылык катары анчалык деле мааниге ээ эмес. Булардын маанисин түшүнүш үчүн ошол заманды эске алыш зарыл: ыңкылап, жарандык согуш, баш аламандык, ачарчылык, кыргын. "Кан төгүлдү" деген ырында кан төгүлдү, кыргын деп айтып атат. Ушундай шартта элди бутуна тургузуш керек, кайра эл кылыш керек. Караңгы элдин көзүн ачыш үчүн агартуу ишине киришип атпайбы.

Орозакун Лепесовдун китепке чыкпай, кол жазма катары калган чыгармаларын гезиттерге жарыялаганга кызыкпай, жаңыдан каз-каз туруп келаткан улут адабиятын жаратуучулар катарына кошулууга умтулбай, жазгандарын катып коюшунун себеп-жөнүн айтылуу илимпоз, маркум Салижан Жигитов анын мугалимдик кесибине байланыштуу түшүндүргөн.

Салижан Жигитовдун пикиринде, Орозакун Лепесов чыгармаларын окуучулардын жаттап, эстеп калышына ылайыктап жазган. Поэзияны сабаттуулукту ачууга ыктуу жардамчы форма катары пайдаланган. Албетте, ал ырлардын баарында жаңы заманга мактоо айтылып, анын артыкчылыгы даңазаланган. Мынакей, ошондой чыгармалардын бири - “Чын азаттык” ыры:

Чын азаттык көрүнгөн,

Жарды-жалчы-бөлүнгөн.

Некелейдин тушунда

Көз жашыбыз төгүлгөн.

Жалын чыгып сөөктөн,

Кабыргабыз сөгүлгөн,

А уруят кезигип,

Адылчылык көрүнгөн.

Ал ырлар кийин деле өз алдынча китеп шекилинде же ыр жыйнактарга кошулуп жарыяланган эмес. Салижан Жигитов ыр жазууга ышкыбоз акын 1918–1923-жылдары өзгөчө активдүү иштегенин белгилеген.

Ал ырларды кийинчерээк Каюм Мифтаков чогултуп, “Өзгөрүш ырлары” деген кол жазма китепке киргизген. Ошол кол жазма китептеги ырларды “Орозакундун өзгөрүшчүл ырлары” деп атап, аны “Жаңы доор”, “Мээнеткорлор”, “Душман тап”, “Өзгөрүш”, “Ар кыл ырлар” деген бөлүктөргө бөлүп койгон.

Коммунизмге мактоо

Орозакун Лепесовдун ошол сакталып калган кырктан ашуун ырларынын текши баарында коммунисттик коомдун артыкчылыгы, жаңы заманга мактоо айтуу басымдуулук кылат. Андан ашыктык, сезим кылын черткилеген махабат сезими, туулган жер сындуу акындын жаш курагына мүнөздүү ышкы саптарын табыш мүмкүн эмес. Жаш акын ырларын социализмдин идеологиялык кызыкчылыгы үчүн гана кызмат кылышы керек деп эсептеп, жаңы доордун артыкчылыгын көркөм сөз аркылуу даңазалоону алдына максат кылып койгон.

Анан эмнеликтен жаңы заманга жан дили меен кызмат кылган, коммунизм идеясына айныксыз берилген Орозакун Лепесовдун “эл душманына” айланып, 1937-жылы жан-дилин берип кызмат кылган системанын курмандыгына айланып кетиши өкүнүч гана жаратат.

Коммунисттик система боорун жерден көтөргөнү өз катарынан душман издеп, революцияга өмүрүн арнагандарды жок кылуу өнөктүгүн отузунчу жылдардын аягында аябай күчөткөн. Системага каршы турду деген кине коюшка да эч бир себеп жок болчу. Себеп дегенде, Орозакун Лепесовдун ошол учурда бийликке умтулган кайсы бир топторго кошулуп, саясий активдүүлүгүн көрсөткөнү тууралуу деле маалыматтар жок.

Кыргыз адабиятынын 1920-жылдардагы учурун терең изилдеген адабиятчы Кадыркул Даутовдун ырасташынча, жаңыдан баш көтөрүп келаткан алгачкы муундагы кыргыз чыгармачыл интеллигенциясын жок кылууга кызыкдар жашыруун күчтөр болгон.

- Эми-эми жазышка үйрөнүп келатканда кеткен бир толкун бар. Ал кишини бир татар мугалим окуткан. Ал өзү да ыр жазган неме экен. Өзү деле жарытып көп жазган эмес, алдыга чыккан эмес. Эми үйрөнчүк болуп келаткан. Башкаларга караганда кичине сабаты бар. Ошол сабаттуу болгон үчүн, бирдеме жазган үчүн кетип атпайбы. Бул башка элдердин ошого карата жасаган бирдемеси. Атайын жасашкан. Ошондон коркуп айрымдар жазбай калышкан.

Системанын кылычы

Сабаттуу, билимдүү деген жаштар арасынан мыктыларын бир четтен жок кылуу, жалган жалаага кириптер болгон “эл душмандарын” эси-көөнүнөн кеткис жазалоо өнөктүгүн Кыргызстан шартында уруулук, жаатчылык коштой жүргөн.

Улуттук интеллигенциянын Кеңеш доорундагы алгачкы муунун кыйгас жок кылуунун башында Сталиндин тикелей көрсөтмөсү турган. Атап айтканда, анын коом алдыга жылган сайын тап күрөшүнүн курчуй бере тургандыгы жөнүндөгү сөзү шылтоо таппай турган желдеттерге шыкак берип, кандуу жазалоону күчөткөн.

- Сталин социализм канчалык алдыга жылган сайын мурунку таптардын каршылыгы күчөй берет деген тезисти алдыга чыгарган. Анын эмгегин, социализмге берилгенин эсепке алган тегин карап туруп алышкан. Аны, албетте, бирөөлөр алып чыгат. Жанындагы эле бирөөлөр алып чыгат да. Бул турмушта атаандаштык дайыма болот экен. Ошону бирөөлөр алып чыгат. Бул деген момундай кишинин баласы, мына бул жерде билим алган. Ошону жүйөө кылып алдыга жайгандан кийин мамлекеттик жазалоочу машина иштеген. Ал машина 20-жылдардан эле башталган.

1920-жылдары чыгармачылыкка киришкен таланттардын баары чыгармачылыкты негизги иш катары эсептешкен эмес. Алар көркөм сөздү коммунисттик идеологияны элге жайылтуунун ыктуу формасы катары карап, көпчүлүктүн кат-сабатын жоюу, аларды жаңы заманга үндөөнү үзгүлтүксүз ишке ашырчу милдет катары карашкан.

Ишеналы Арабаевдин окуучусу Орозакун Лепесовдун да алдыга койгон максаты ушул болгон: элдин сабатсыздыгын жоюп, илим-билимге үндөө, башка калктар менен бирге жаңы коомду курууга көмөктөшүүнү ал негизги милдетим деп билген. Мындай аракет акыры келип аны “эл душманына” айлантып, алдыга койгон ой-тилек максаттарын ишке ашыруусуна тоскоол болуп, өмүрү менен кош айтышары капарына деле кирбесе керек. Коммунисттик идеянын ишке ашырылышы үчүн ал колунан келген бардык иш-аракетин жасап, мугалим болуп бала окутуп, жаңы муунду жаңылыкка үндөгөн ырларын жазган.

Орозакун Лепесов кадалып жалаң поэзия же кара сөз жаатында издене берсе, профессионал адабияттын таанымал өкүлдөрүнүн бири болмок. Ал эми журналисттик өнөрүн таштабай, публицистикадан алыстабаса, андан мыкты журналист деле чыгышы ыктымал эле.

Бирок ал эл агартуу, окутуучулук ишти тандап, ага болгон жөндөм-шыгын арнаган. Сталиндик кандуу жазалоонун кылычы шилтенгиче ардактаган кесибин таштабай, кыргыз элинин жаркын келечеги деп жашаган.

Анын эли үчүн жасаган эмгеги - агартуучулугу, ага акындык өнөрү кошулуп канча жылдар өтсө да атын биротоло унуттурбай, сталиндик кандуу жазалоонун бейкүнөө курмандыктарынын бири катары тарых барагына атын жазып калтырды.

(Урматтуу окурман!

Эгерде Сиздин жеке архивиңизде Орозакун Лепесов жана башка 1920-30-жылдары жазыксыз атылып кеткен жана куугунтукка кабылган бабалар жана алардын турмушу тууралуу сейрек сүрөттөр бар болсо, анда аларды биздин интернет барагыбыз аркылуу кеңири коомчулукка жарыялай аласыздар. Сүрөт да инсан тууралуу мыкты эскерүү усулу.

Биздин э-дарегибиз: webeditor@rferl.org

Терең урматтоо менен,

"Азаттык" үналгысы).

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" интернет-редактору, журналист, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG