Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 02:01

Бишкекте “Коалиция Левых Сил” деп аталган кыймылдын Чүй көчөсүн Сталин деп өзгөртүү сунушу интернет колдонуучулар арасында кызуу талаш жаратты.

Аталган кыймыл көчөнүн атын өзгөртүүгө кол топтоо баштаганын билдирүүдө. Бул репрессиялык режими менен тарыхта калган Сталиндин жактоочуларынын биринчи демилгеси эмес.

20-июнда борбор калаанын Чыгыш-5 кичи районунун Чүй жана Төрөкул Айтматов көчөлөрү кесилишкен жердеги имараттын дубалында “Сталин проспектиси” деген жазуу пайда болгон. Көп өтпөй Бишкек шаардык мэриясы жазуу алынганын, бирок кимдер чаптап кеткени аныкталбаганын маалымдады.

Ошол эле күнү “Коалиция Левых Сил” деп аталган кыймылдын Фейсбуктагы баракчасында “Сталин проспектиси” деп жазылган сүрөттөрдү жүктөп, Чүй көчөсүн Сталин деп өзгөртүү үчүн кол топтоо башталды деп жарыялашты.

Кыймылдын өкүлү Амантур Манапбаев “Сталин проспектиси” деген жазууну алар илгенин билдирип, демилгенин максатын мындайча түшүндүрдү:

- Сталиндин атын элге дагы бир жолу эстетүү керек. Эмне үчүн? Себеби анын кыргыз элине кылган эмгеги чоң. Мамлекетибиздин түптөлүшүнө, Улуу Ата мекендик согуштагы жеңишке салымы чоң. Мамлекетибизде болгон индустриялаштыруу, коллективдештирүү, сабатсыздыкты жоюу, жумушсуздукту жоюу бүт баары Иосиф Сталиндин эмгеги. Ошондуктан негизги максат коомчулукка Сталиндин атын дагы бир жолу эстетүү болду. Анын үстүнө СССР убагында Чүй проспектиси 1937-жылдан 1953-жылга чейин Сталин деп аталчу.

Сталиндин жактоочуларынын сунушу кыргыз интернет колдонуучуларынын арасында кызуу талкууга жем таштады. Социалдык тармактардын колдонуучуларынын көпчүлүгү кыргыз интеллигенттерин репрессиялаган режимдин башында турган Сталинге көчөнүн атын ыйгаруу акылга сыйбай турган демилге деп баалап, кескин сындап жатышат.

"Биздин мурас" фондунун жетекчиси Чоробек Сааданбек мындай сунуштардын көтөрүлүшү орус пропагандасынын таасири деп эсептейт.

- Орус медиалары кыргыз жаштарынын мээсин жууп жатканын айтсак болот. Негизи Сталин өзүнүн коммунисттик бийлигин бекемдеш үчүн биздин элди жакшы эле эзгенин биле жүрүш керек. Басмачылар деген терминдин пайда болушу бул ошол кыргыздын өз алдынчалыгын түптөйлү дегендерди эл душманы кылган. Эми айта берсек көп сөз. Жалпысынан биз ал кишини тиран катары бааласак болот. Мен бир нерсеге түшүнбөйм, орустар Сталинди пир тутса жарашат. Себеби, СССРдин башында турган. Ал эми кыргыздарга эч кандай мааниси жок.

Чоробек Сааданбек.
Чоробек Сааданбек.

Былтыр 2016-жылы Сталиндин эстелигин тургузууну Кыргызстандын Коммунисттер партиясынын жаштар канаты көтөрүп чыкканы маалым. Анда алар Сталиндин эстелигинин макетин даярдап, айкелдин ордунан бери мерчемдеп жиберишкен.

Саясат таануучу Алмаз Акматалиевдин пикиринде, мындай маал-маалы менен көтөрүлгөн сунуштардын артында кайсы бир күчтөр турат. Акматалиев кыргыз коомунда Сталиндин элесине кандайдыр бир сый-урмат көрсөтүүнүн кажети жок дейт:

- Бир беш киши сунуштаса эле силер, биз көңүл буруп койсок ошого маашырланып кайра-кайра чыга беришет. Бул келесоолук. Аларга Сталин деле маанилүү эмес, өздөрүнө көңүл бурдуруучу акциясыбы дейм. Алардын жаман максаты - ушундай талаш-тартышка кирип кетсек, Орусиянын, мурдагы СССРдин мааниси чыгат деп ойлошот. Буга көңүл буруунун кажети жок.

Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов баштаган интеллигенция өкүлдөрү сталиндик репрессиянын курмандыгына айланышкан. Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан кийин Сталин СССРди башкарып турганда “эл душманы” деген шылтоо менен бейкүнөө атылган 138 кыргыз интеллигенттери баш болгон 40 миңге жакын адам репрессияланганы ачык айтылып баштаган.

Советтик бийликтин башында турган Иосиф Сталиндин убагында 20 миллионго жакын адам сүргүнгө айдалып, жүз миңдеген адамдар бейкүнөө атылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-жылдан тарта "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG