Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43

Фантастикага айланган сүйүү кумары


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Беганас Сартов көп кырдуу талант болгон. Анын каламынан ыр, аңгеме, повесть, атүгүл драмалык чыгармалар жаралган. Ушуга улай таржымачылык өнөрү тууралуу деле кенен-кесир кеп кылса болор эле.

Анткен менен, ал кыргыз окурмандарына фантаст жазуучу катары көбүрөөк таанымал. Кыргыз аңгемесинин классикасынан Беганас Сартовдун “Сүйүү кумары” тууралуу баянына токтолобуз.

Биотолкундарда буюккан үлбүрөк сезим

Беганас Сартов адабиятка эрте аралашып, анан ашыккандай бул жарыкчылыктан да жашында кетип калды. Ыр жазып, ага улай кара сөзгө кайрылып, соңунда фантастикалык чыгармаларды жаратып, биртоп жыл жаш таланттардын башын кошкон “Тоо жылдызы” адабий ийримин жетектеген. Анын фантастикалык чыгармалары “Мамыры гүлдөгөн маалда”, “Эридиана”, “Ааламда адашкандар” деген китептеринде жарыяланган.

Илимий божомол менен көркөм фантазиянын жуурулушунан жаралган бул жанр кыргыз адабиятында анчалык өнүгө албай келатат. 1930-жылдары Кусейин Эсенкожоевден башталган салтты Беганас Сартов ийгиликтүү улантып жатканда ташбоор ажал алып тынды.

Жазуучунун кепке алынчу аңгемесинде реалдуулук менен фантастика эриш-аркак жуурулушуп, калаада жашаган эки жаштын жаңы турмушу сүрөттөлгөн. Жаңы тирдик эки жаш ижарага алган квартирада турушат. Булардан тышкары эки кыз ортосундагы сезим дүйнөсү көркөм иликтөөгө алынат. Ушул жаштар ортосундагы билинип- билинбеген, көрүнүп-көрүнбөгөн мамиле-катнаш же автордук тил менен айтканда, биотолкундар негизги каарман катары чыгышат.

Күндөлүк турмуш, физик мугалим Жумадил эртең менен жумушуна кетип, кечинде кайтат. Жолдо келатканда “Ата Мекен” кинотеатрынын жанынан тааныштары учураса киного же кафеге кирип, жолукпаса түз эле үйүнө кайтат. Консерваторияда окуган Акак үйдө жалгыз күйөөсүн күтүп отурат. Жумадилдин тааныштары көп эле, ошондуктан анын үйүнө убагында келиши кыйын. Таанышын көрсө болду, киного кирип же кафеге барып, аялын жалгыз күттүрүп койчу.

Атүгүл Акак экзамен тапшырып кеч чыгарын эскертип, Жумадилге эртерээк келип тамак жасоону өтүнсө, убадасын унуткан Жумадил жолдо шахматка азгырылып, үйүнө кеч келатып кинотеатрдын алдынан бир таанышын учуратып атпайбы. Ал күнү үйүнө аябай кеч келет.

Аңгемедеги параллель сюжеттик линияга кошулчу эки кыз менен Жумадил мына ушинтип кино аркылуу таанышат. Кыздардын бири акын экен, аты Гүлүм.

“Кыздын кыймыл-аракети, турпаты Жумадилди эмнегедир суктантып жиберди.

— Билем! — деди ал кыздан көзүн албай, эмнегедир сынай карап. Жумадил Гүлүмдүн карегине чөгүп кеткен өзүн дааналап көргүсү келгендей, жаш балдарча эки ийнин көтөрө бир аз жүткүнүп, сөзүн улады:

— Былтыр «Жылдын мыкты поэзиясынын» башкы сыйлыгы сизге ыйгарылбады беле ээ, демек акынсыз!

— Андай болсо,- деп кыз да өз өктөсүн кетирбей тамашалуу маанай менен күлдү.- Сиз жазуучусуз!

— Кантип?

— Ошентип эле! «Бионика — аң-сезимди аралыктан башкаруучу илим» аттуу чыгармаңызды биз да окуганбыз!”

Шарактаган жаштар ашканага кирип, андан сон индиялык эки сериялуу кинону көрүп чыгышат. Кечигип келген күйөөсүнүн соо экендигине таң калган аялы анын кайда болгонун сурайт. Жумадил Жаныш менен болгонун, киного киришкенин, бирок Гүлүм менен таанышканын айтпайт. Акак да зачет тапшыра албай калганын жашырып, дарыгерде болгонун, каны азайып кеткенин, Жумадил кечиге бергенин ойлоп атып ушундай акывалга жеткенин билдирет.

“Сенден башка ким болмок эле”

Чекмелеп сурап отуруп Акак күйөөсү эмне ойлоп атканын билип коёт.

“— Билбейм,- деди ал, сүйлөгүсү да, сүйлөбөгүсү да келгендей. — Же сенин ички дүйнөңдө бирдеме болуп жатат, же менин… а балким башка бирөөнүн жан дүйнөсүнүн тынчы жок… Ия, Жумадил, мүмкүн, сени бирөө сүйүп калгандыр, ия?

— Сөзсүз да… Деги мени сүйбөй коюуга болобу?!

— Ким ал… Сени сүйгөн ким?

— Сенден башка ким болмок эле. Сен!

— Ай, ким билет…

— Мына мен билем…

— Кызык… Жумадил, сен менин «Сүйүү кумары» деген сюитамды укчу? Сен өзүңдү изде ушундан…

Акак пианиного отуруп, күйөөсүнө оң мүрүсү менен бурулуп, салмак менен буларды айтты:

— Мен муну былтыр да бир курдай ушу бүгүнкүдөй сезимге дуушар болгондо жазгам. Бүгүн эмнегедир ошондогу сезимтал маанай кайталанды. Кейпи мен ошол ой-туюмдун гаммасына көп ирет кайрылат окшоп калдым. Бүгүн, мен азыр сага аткарып бере турган бөлүгү «Кызганыч» деп аталат.”

“…Эгер бул музыка ыргагынан ажыраса эле өзүнүн жок нерсеге айланарын сезип, Жумадил Акакты эси оой карады. Ал музыка болуп көлкүлдөп, анын жан дүйнөсүнө аралашып кеткен эле…”

Кинотеатрдан таанышкан Гүлүм менен Жумадил жашырын жолугуша башташат. Гүлүм жүргөн жигити Жаныш менен Жумадилди салыштырып, кийинкисин аялы бардыгына карабай жактырып калган болчу. Жаныш бир нерсеге ой токтотпогон, оозун ачып каткырып күлгөндөн башка эрмеги деле жок бейгам жигит. Сезимтал кызга Жумадилдей жигит жакчу. Экөөнүн жолугушуулары башталат. Ошондой кездешүүдөн кеч келсе Акак пианино ойноп олтуруптур. Жумадил чын сөздү ушул жерден угат.

“— Сагындым сени, шумкарым! — деди кусалуу үн менен.- Мен сени бүгүн келбейт ко деп ойлодум эле… Сен жана дүйнөдөгү эң бир кооз чебер тартылган полотнодогу сулуу кыз менен — менин көз алдымда алыс кетип калдың…

Жумадил ага таңыркай карады да, ээгинен кармап, аялынын көзүнөн өптү.

Акак жылмайды…

Ал реалдуу дүйнөгө кайра кайта баштаганына ичинен кубанып турду!”

Кыял дүйнөсү каармандар ортосундагы негизги байланышка жол ачат. Гүлүмдүн көзү китепте болгону менен биотолкундардын жардамы аркылуу Жумадилдин ышкы сезимин угат.

«А келинчегиңчи? — деди алсырай түшкөн кыз. Ал ойлогон оюн дароо кабыл алып, анан өзүнүн оюн аралык аркылуу өзүнө чагылдырып жаткан физик Жумадилди көрүп турду. — Акак аялзатынын ичинен сейрек кездешчү улуу, ыйык бир асылзат жан го…»

«Чын,- деди тармал чачтуу, көздөрүндө ышкы оту ойногон шыңга жигит Гүлүмгө таазим этип. — Бирок ал менин аялым гана. Бар болгону аялым гана. Ал эми мен аң-сезимимдин бийиктигинде эмне үчүн сага жаштыгымдын махабатын — сезимимдин гаммасын арнай албайм?»»

«Аялың сени сүйөт… Анын сүйүүсү сени ар дайым адамдык кейипте кармап турат! Ошону билесиңби?»

«Билем… Антсе да сен менин өмүр бою ырдоочу армандуу ырым болуп калмак болдуң… Эмне унчукпайсың?!»

«Бирок дагы бир жолу билип кой. Сенин аялыңдын сага болгон сүйүүсү чоң сүйүү… Ал — өмүр, бакыт… анын жанында менин сага болгон сүйүүм арзыбаган гана жалындын эпкини… Баса, билесиңби Гүлайды?.. «Кыз махабаты» аттуу поэманын авторун?! Ал кыз сени өзгөчө сүйөт… Сен анын идеалысың?!.»

«Койчу?!»

«Бул жүрөктөн чыккан сөз… Бирок сен аялың менен ажырашпа… Бактыңдан ажырайсың… Сен биз менен бактылуу боло албайсың…»

Таң калыштуусу Акак да музыка дүйнөсүнө чөмүлгөндө Жумадил менен Гүлүмдү көрүп, экөө аны таштап кетчүдөй чочулай берет. Сүйүү үчилтиги татаалдашып, Гүлүмдүн курбусу Гүлай да Жумадилди сүйөрү билинет. Гүлүм Жумадилден алыс болушту эңсейт, бирок ага эрки жетпейт. Анткен менен Акак - Жумадилдин бактысы үчүн Гүлүм сүйгөн адамын таштап кетиши керек. Ал арада Гүлайдын биотолкундары Жумадилге келе баштаган. Мындайда Жумадилди аялынын музыкасы гана сактай алат:

“Акак пианино ойногондо бионикалык түрдө менин аң-сезимиме чагылып жаткан Гүлайдын портрети да, сенин кумарлуу элесиң да, музыканын сыйкырлуу толкунуна аралашып, эрип жок болуп кетет. Анан биосезимдердин гаммасы сенек тартып, музыка болуп жүрөгүмө кирип жаткан Акактын сезим оттору мени реалдуу дүйнөгө кайтарат. Андан кийин мен Акактан башка нерсени көрбөй, туйбай, ойлобой калам…”

Бир жигитти сүйгөн үч кыз, бирок бул сүйүү кыялда гана жашаган, сезим толкундары аркылуу байланышып, реалдуу дүйнөгө келгенде жабылып-жашырылып калчу кызыктай ышкы. Кыялкеч кыздардын сүйүүсүнө мас Жумадил эле. Жумадилдин жанындагы үч кыз – баарын байланыштырган бир гана сезим “сүйүү кумары” ортодо ойнолчу. Кыялкеч кыздар мына ушул аяк-башы көрүнбөгөн темага арбалып, сезим кылдарынын үлбүрөгөн чатырашынан башы адашып, эмне кыларын билбей жатышкан. Гүлүм алыска кетем дегени менен кете элек болчу, кетери да белгисиз эле. Гүлай болсо жалаң сезим ышкысына арбалып ошондон чыга албай жүргөн. Эки кыздын бири Жумадилди алып кетерин сезип Акак өзүн музыка менен сооротуп, музыка менен алдап келаткан.

“Ал кайгырган күнү Жумадил дайыма кеч келчү көчөдөн. Капаланып, укмуш маанайга эркин бийлетип, сыйкырдуу дүйнөгө чөккөн күнү Акак дайыма «Сүйүү кумарын» гана ойночу”, – дейт автор.

Ошондой музыкалуу кечтердин биринде Жумадил үйүнө келсе сүйүү кумарын Гүлай ойноп отурат. Таң калган физик реалдуу дүйнөгө келип, келинчеги алдындагы айыбын кантип жуушту билбейт.

“Жумадил Акакты жаш баладай колуна көтөрүп алды.

Ошол учурда жакында жарык дүйнөгө келүүчү наристе энесинин ичинен туруп атасын бир тепти…

Эрди-катындын жүздөрүн жылмаюу чалды…”

Беганас Сартов реалдуу дүйнө менен сезим туйгулардын карым-катышын келиштире тартып берген. Адам акыл-эсине анчалык баш ийбеген сезим ышкысынын реалдуу турмуштагы, кыял дүйнөсүндөгү кыймылын көркөм иликтөөнүн бир формасы ушундай.

Унутулган жанр

Чыңалып бараткан драмалык чечилиш ошентип опоңой эле чечилет, жарык дүйнөгө бейкүнөө наристе чоңдор ортосундагы чиеш мамилени оңуна чечип, жаш үй-бүлөнүн ынтымагын дагы ашырат. Чыгармада адам сезиминин татаалдыгы менен жөнөкөйлүгү, тереңдиги менен тайыздыгы реалдуулук менен фантазиянын ыктуу жуурулушу аркылуу ишенимдүү тартылат.

Беганас Сартов.
Беганас Сартов.

Беганас Сартов реалдуу дүйнө менен фантастика менен жуурулушуп, бири экинчисине өтө тургандыгын, көркөм идеяны шөкөттөө үчүн мындай форма ыктуу экенин бүткүл чыгармачылыгы менен далилдей алган.

Айтса, ушул ыкма кийинчерээк Чынгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романында ыктуу колдонулду. Кеп бул жерде терең философиялык маани-мазмунга ээ Токойлуу-Төш планетасы, аалам цивилизациясы идеясын алдыга жайган паритет космонавттар баянында мыкты сүрөттөлгөн. Беганас Сартовдун жаш каармандары өздөрүн буй кылган сезим алоосун басаңдатып, акыл-сезимди башкаруунун жолун издешет. Алар ээ-жаа бербеген жаштык сезимди, ашыктык ышкысынын от-жалынын ыкка келтирип, адам сезимин башкара аларын, баарынан адамгерчилик бийик экенин ырасташат.

Эгер андай болбосо Гүлүм сезимге алдырган Жумадилдин сунушун четке какпай, аны ээрчип кетсе, ышкы сезими көзүн тумандаткан физик жигит аялын таштап, ижарасынан чыгып кетери бышык болчу. Жумадил физик болгону менен, лирикага жакын, сезим ышкысына тез берилген жигит. Ошон үчүн ал аялына калп айтып, башка кыз менен жүргөнүн жашырып, анысы кыялый дүйнөгө билинип калгандан кийин деле жигин билгизбей, жашырын сыр кылып сактап калат.

Реалдуу дүйнө менен фантастиканын карым-катышы, өтмө катар байланышынын тамыры эл оозеки чыгармачылыгынан, кереметтүү жомоктордон, архаикалык эпостордордон агылып чыгарын эсепке алсак, азыркы адабияттын фантастикага кайрылышы кайсы бир сүрөткердин көңүл каалоосунан чыккан нерсе эмес, көркөм зарылдык менен шартталган көрүнүш экени ачыкка чыгат.

Өкүнүчкө, өткөн кылымдын 60 – 70-жылдары кадыресе жандана баштаган фантастикалык адабият кыргыз адабияты кризиске капталган чакта билинбей калды. Ушу тапта фантастика жазган авторлор жокко дээрлик. Беганас Сартов улут адабиятындагы мына ушул кенемтени байкап, 1970-жылдары биртоп фантастикалык баяндарын чыгарган эле. Ал кезде улут адабиятынын арымы кеңейип, көркөм сөз чеберлери улуттук айдыңдан чыгып, жалпы союздук аренага умтула баштаган. Котормо өнөрү алдыга жылып, анын арасында биртоп орус жана дүйнөлүк фантаст жазуучулардын чыгармалары кыргызчага которула баштаган.

Улут адабиятынын “актай” калып жаткан жанрын алдыга сүрөп, кыргыз окурмандары деле өз эне тилинде сүрөткердин бай фантазиясынан жаралган чыгармаларды окушу керектигине кызыкдар ыкластуу автордун аракети менен ошентип фантастика жанры жандана баштаган. Беганас Сартовдун өмүр кылынын үзүлүшү кыргыз фантастикасынын токтолушуна алып келди. Беганас Сартовдон кийин мына ушул илимий ачылыштардын алдында жүрчү көркөм дүйнөнү жаратууга бел байлаган сүрөткер чыкпады.

Сөз эркиндигине кенен жол ачылып, бул жаатта дүйнөлүк адабияттын классикасына айланып калган фантастикалык чыгармалардын 100 томдугун орус китеп басуучулары окурмандарына сунуш кылды. Кыргызстанда андай ири маданий долбоорду ишке ашырууга азырынча каражат да, күч да жетишсиз. Бирок, кыргыз адабиятындагы беш манжа менен саналчу фантастикалык чыгармалардын өзүнчө бир китепканасын түзүп койсо бул демилге жаңы муун жазуучуларды кызыктырып жаш фантасттардын чыгышына өбөлгө түзүшү мүмкүн.

Кусейин Эсенкожоев менен Беганас Сартов ириде улутташ окурмандарын, айрыкча жаштардын жаңылыкка кызыгуусун, бизди курчаган жаратылыш, жер шары, аалам, табият сырларын билиш үчүн көп окуп, көп билиши, ачылыштар алгач кыялда, аң-сезимде жашап, анан материалдык формага өтөрүн кызыктуу сюжетке негизделген көркөм баяндары аркылуу далилдеп беришкен.

Беганас Сартов “Сүйүү кумары” аркылуу адам сезиминин эң татаал кырларын, мамиле-катнаштын татаалдыгын чагылдырып берген. Чыгарманы окуп атканда андан татаал илимий терминдерди, түшүнүктөрдү деле учуратпайсыз. Адамдын ички дүйнөсү, айрыкча сезим-туйгулары ушунчалык татаал, ошол эле учурда бири бири менен бекем байланышта турары, мындайда аралык, мезгил сыртта калып, ортого кыял дүйнөсүнүн бекем шартталган мамиле-катнашы алдыга чыгары ырасталган. Аңгеменин көркөм-философиялык мааниси ушунда го.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG