Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:33

Айтматов, Маркес жана Мажит таякем


Жолдошбай Осмонов.
Жолдошбай Осмонов.

"Мен билген Айтматов" сынагына Жалал-Абад шаарынын тургуну Жолдошбай Осмоновдон келген аңгемени сунуш кылабыз.

Акыркы эки жуп лекция “Чет элдик адабият” сабагынан болмок. Негедир, профессор Богославская Надежда Ивановна кечигип жатты.

- Дагы беш мүнөт күтөбүз. Эгер келбесе таркап кетебиз,- деди Максат Мергенов.

Надежда Ивановна аудиторияга кабагы салыңкы, ооруп калгандай түрү бар, маанайы пас, абдан суз кирди. Саламдашкан соң, ал жалпыбызга кайрылды.

- Жигиттер жана кыздар! Менин досторум, быйыл Швециянын Академиясы адабият тармагы боюнча Нобель сыйлыгын Колумбиянын жазуучусу Габриэль Гарсиа Маркеске ыйгарды, - деди. Күтүүсүз айтылган кабар бардыгыбызды ичиркентип жиберди. Көз ирмемде аудитория кулак-мурун кескендей жымжырттыкка бөлөндү. Бардыгыбыздын оюбузда Чыңгыз Айтматов эле...

- Мындай болушу мүмкүн эмес!,- деген Замир ордунан атып туруп, кыйкырып жиберди. Ооба, анын үнү кыйкырыкка эмес, чындыгында чаңырыкка окшоп ачуу жана заар чыкты.

- Бул эл аралык сыйлыкка Чыңгыз Айтматовдун да талапкерлиги сунушталбады беле? Кандайча мындай болуп кетти?!, - деген Замир кызарып-татарган абалда катуу ачуулана туталанып, өзүн коёрго жер таппай, алдастап калды.

- Мен деле Айтматовго ыйгарылат деген ишеничте элем. Бирок, тилекке каршы, андай болбой калды!, - деди өзүн айыптуудай сезген профессор Надежда Ивановна.

- Маркес деген ким өзү? Анын кандай чыгармалары бар?!, - деп Чолпонбек Абыкеев профессорго өктөм жана өкүнүчтүү кайрылды.

- Латын Америкасындагы Колумбиянын жазуучусу. Анын орус тилиндеги “Полковникке эч ким жазбайт”, “Чума учурундагы сүйүү” повесттери жана “Жалгыздыктын жүз жылы” романы Чернышевский китепканасында бар, - деди профессор. Курсташтарым Нурбү менен Сажида олтурган жеринде бышактап ыйлап жиберишти.

Эки тайпадагы 50 студенттин ичинен он беш чактысы профессордон уруксат да сурабай, опурап-топурап ордунан шарт турушту да, китепканага жөнөп кетишти. Негедир Надежда Ивановна студенттерди токтотууга аракет кылган да жок.

Профессордун лекция окуганга негедир көңүлү чаппай, ойлуу эле. Студенттердин болсо лекция угууга дегеле көңүлү жок, маанайы тартпай турду. Мунун баарына күнөөлүү жана айыпкер - Нобель сыйлыгын алган Габриэль Гарсиа Маркес!

- Надежда Ивановна, Сиз кандай ойлойсуз, Маркес чындап эле Чыңгыздан дагы бийик, жогору турабы?!, - деди жаш адабиятчы, прозаик Самат.

- Урматтууларым, менин асылдарым, Чыңгыз Айтматов силердин гана эмес, менин дагы адабияттагы туу туткан кумирим жана пирим. Эки жазуучунун бирин өйдө, бирин төмөн коё албаймын. Ага менин акым да жок. Мени өкүндүргөн жери - Айтматовдун талапкерлиги Нобель сыйлыгына экинчи ирет кайра көрсөтүлбөгөндүгүндө болуп жатат. Швециянын Академиясынын талабы ушундай, өтө катаал, - деди профессор.

- Ал жерде адабиятты түшүнбөгөн түркөйлөр менен жалаң көк мээлер олтурушат окшобойбу! Айтматовдон айлангырлар десе! Чындыкты чыркыратып туруп, көз көрүнө тебелеп-тепсеп салышкандарын карабайсыңарбы, шумпайлар?!, - деген “Бала мышык” аттуу биринчи ырлар жыйнагын чыгарган акыныбыз Алик Акималиев кызуулана ызырынып, бетине кан тээп чыкты.

- Ачууга алдырып, сыртынан тон бычпайлы. Алгач Маркести окуп чыгалы, - деген аксакалыбыз Мирзохалим Каримов талашка чекит койду.

Буга чейин аты-жөнү бизге таптакыр белгисиз болгон Латын Америкасынын жазуучусу Габриэль Гарсиа Маркестин сырдуу ааламы жан-дүйнөбүзгө тузак салгандай, биз али окуй элек анын табышмактуу чыгармалары өзүнө азыткыдай азгырып, магниттей тартып жатты.

Чернышевский китепканасында Маркестин “Полковникке эч ким жазбайт”, “Чума учурундагы сүйүү” повесттери жана “Жалгыздыктын жүз жылы” романы кирген беш даана гана китеби бар болуп чыкты. 1982-жылы Жаңы жыл майрамына чейин университеттин журналистика, орус жана кыргыз филологиясынын жогорку курстарынын студенттери, ошол кездеги Фрунзенин интелигенциясы, ал китептерди талашып-тартышып, колмо-кол кылып окуп кирдик.

Башкаларды билбейм, мени Чыңгыз Айтматов менен Габриэль Гарсиа Маркес жер шарынын эки башка жеринде жашаса да көркөм чыгарма жаратуудагы өздөрүнө гана мүнөздүү болгон автордук “мен” ыкмасындагы сүрөттөө, баяндоо чеберчиликтеринин окшоштугу таң калтырды. Карапайым эмгек адамынын кадыресе жашоо-турмушу, адамгерчилик, сүйүү, табият менен тагдырлаш болгон адамзаттын улуулугу, мифология менен фантастиканы, магияны, жакшылык менен жамандыкты реалдуу турмушка куюлуштура жазышы адабияттагы эки алптын китептеринин башкы өзөгүн түзүп, үндөшкөнү кызыктырды. СССРдин Лениндик жана Мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаты Чыңгыз Айтматовдун “Жамийла”, “Саманчынын жолу”, “Бетме-бет”, “Ак кеме”, “Эрте келген турналар”, “Фудзиямадагы кадыр түн”, “Деңиз бойлоп жорткон ала дөбөт” “Кылымга тете бир күн”, Нобель сыйлыгынын ээси Габриэль Гарсиа Маркестин “Полковникке эч ким жазбайт”, “Чума учурундагы сүйүү”, “Улуу энени жерге берүү”, “Жалгыздыктын жүз жылы”, “Патриархтын күзү”, “Жарыяланган өлүмдүн хроникасы”, “Менин бактысыз сойкуларымды эскерүү” чыгармалары менен залкарлар көзү тирүүсүндө дүйнөлүк классиктерге айланды.

Кышкы сессияны бүтүргөн соң айылыма келдим. Кыш чилдеси өз өкүмүн жүргүзүп, айлана-теребел дүпүйүп, тегиз ак карга бөлөнгөн. Үйдөгүлөр кечки тамакка таякем Мажит менен тажеңем Төркүндү чакыртышты. Мажит таякем Чыңгыз Айтматовдун, дегеле адабияттын накта ышкыбозу. Мединститутту үчүнчү курска чейин окуган. Таякемдин айтымында, шоктугунан улам айдалып кетип, эки жыл аскердик кызматын өтөп келгенден кийин, негедир окуусун улантууга мойну жар берген эмес экен. Каникулга келген сайын адабият боюнча экөөбүз кеңири баарлашып, кээде чырылдаша талашып, кыйла чер жазышып алабыз. Айылдагылар кээде атайылап таякемдин жинин келтирип: “Ааламда Чыңгыздан да кыйын жазуучулар көп!” деп тийишип калышат. Андайда итатайы кармаган Мажит таякем өжөрлүк менен өзүнүкүн такыр бербейт.

- Эй, наадандар, Чыңгыз ким, биз кимбиз - ушуну түшүнгүлө. Андан миң айлансаңар жарашат! Ал кыргыздын гана жазуучусу эмес, эчак эле дүйнөлүк классикке айланган. Алгач анын чыгармасын окугула, анан башкалар менен салыштыргыла. Силерге айткан кайран сөз!, - деген таякем чындап туталанып, итатайы кармап, таарынгандай тескери карап басып кетет. Ага тийишкен адамга капаланып, бир айча саламга да келбей жүрөт.

Эртеси Мажит таякемдин чоң баласы Абдумалик атам менен апамды жана мени сый тамакка чакырып кетти. Кышкы күн кыска болгондуктан, кечки күүгүм бат эле түшө баштады. Сыртта болсо кыш чилдеси өз бийлигин жүргүзүп, кычыроон аяз күчүндө.

- Жүргүлө, таякемдердикине барып келели?, - дедим ата-энеме.

- Балам, сен барып кел, биз суукта кыйналбай үйдө эле олтуралы, - деди карылыкка моюн суна баштаган ата-энем.

Таякемдикине келгенде Төркүн тажеңем үндүктүн этине Өзгөн күрүчүнөн палоо демдеп жатыптыр.

- Кел, жээним, төргө өт, - деди көңүлү көтөрүңкү таякем.

- Дүйнөлүк жана Советтик адабият айдыңында эмне жаңылыктар бар, кепти ошондон башта? Мен дагы маалкатпай сөздү ток этер жеринен баштадым.

- Таяке, дүйнөлүк адабиятта жаңы жылдыз жанды. Айтматовдон бир жаш улуу колумбиялык жазуучу Габриэль Гарсиа Маркес былтыр күзүндө Нобель сыйлыгын алууга татыктуу болду.

Таякемдин өңү кара чүйкөлөнө, заматта үтүрөйүп, түнөрө түштү.

- Тамашаңбы, же чыныңбы? Азырынча Айтматовдон өткөн күчтүү жазуучу бул дүйнөгө төрөлө элек! Таякемдин көзү оттой жанып, огу болсо мени атып жиберчүүдөй теше тиктеди.

- Жок, таяке, бул кашкайган чындык. Мен да алгач укканымда ишене албай, эсеңгирей түшкөм, - дедим. Таякем нес абалга түшүп, оозунан келмеси учту.

- Жээним, сен балким каңырыш угуп калып жүрбөгүн? Азырынча Чыңгызга теңтайлаша турган жазуучу дүйнөдө жок!

Таякем көкжал император Наполеондой ачуу чындыкты кабыл алгысы, жеңилүү ызасын мойнуна алгысы келбей, көгөрүп, кезерип турду.

- Эгер билсең, Чыңгыз Айтматов дүйнөлүк адабияттын Олимпиндеги улуу жазуучу!

Анын бийик жана катуу чыккан үнүнөн тажеңем менен балдары селт эте чочуп кетишкендей болду.

- Талант эч качан доллар менен өлчөнбөйт! Нобелиңе Чыңгыздын мурду дагы бүткөн жок!, - деп жаалданган таякем ушул саам өзүн катуу ачууга алдырып, кайгы-күйүткө батып олтурду.

Габриэль Гарсиа Маркестин китебин эки күн үйүнөн чыкпай, бөк түшүп окуган таякем менен үчүнчү күнү кайрадан анын үйүндө кызыл чеке болуп талкуулаштык.

- Окуп чыктым, ойлору өтө эле абстрактуу жана чаржайыт, чыгармаларында турмуштан алыстап кеткен, магиялык фантазиясы басымдуулук кылат. Аның Чыңгыздын чыпалагына да арзыбайт!

- Таяке, бул деген илимий китеп эмес, көркөм адабият. Жазуучу өз оюн окурмандарга жеткирүү максатында ар кандай көркөм салыштырууга, мифология менен фантазияга, магиялык сүрөттөөлөргө барууга аргасыз мажбур.

- Сен эмне, муну Чыңгыздан да бийик турат дегениңби?!,- таякемдин жини кайнап, дуудалана баштады. Мен жоошута:

- Жок, таяке, мен экөөнү бир катарга коймокмун. Маркес канчалык кыйын болбосун “Жамийла” менен “Саманчынын жолун” Чыңгыздай жаза алмак эмес. Ошол эле кезде Айтматов да “Полковникке эч ким жазбайтты”, “Жалгыздыктын жүз жылын” Маркестей ийине жеткире алмакпы?

- Кеп Нобель сыйлыгында эмес, сөз анын окумдуулугунда. Бул жагынан кимисинин китептеринин нускасы көп?

Таякем мага үмүттүү жалдырай карады.

- Азырынча Маркес алдыда, - деген мен күнөлүүдөй башымды шылкыйттым.

- Кысталактыкы, ушундай дегин, мурутуң күйгүрдүкү.

“Башың өскүр, иттин гана күчүгү болгур!”, - деп таякем өзү жактырып сыйлаган адамын, жакын көргөн жазуучусун ушинтип кызыктай эркелетип, мактамайы жагы бар эле. Ал китептеги Маркестин сүрөтүн кайдыгер жана кош көңүл карап койду.

- “Эшек оюн кырк жылда” дейт, өлүп кетсин, кана эмесе, жүздөн сеп этели!, - деген таякем пиалага арактан толтура куйду.

Быйыл эрте жазда жүрөгүнөн инсульт болгон Мажит таякем алгач ооруканада, кийин үйүндө төшөктө көпкө жатып калды. Жабышкан оору оңдурбады, таякемди алып тынды. Туугандык парзымды аткарып, тажиясына туруп, мүрзөсүнө топурак салдым. Таякемдин кыркы өткөн соң, кызыктай түш көрдүм. Анын алма багындагы чоң сөрүсүндө Чыңгыз Айтматов, Габриэль Гарсиа Маркес жана таякем Мажит көңүлдөрү абдан куунак жана шат маанайда, тим эле телегейи тегиз, бир нерсени кызуу талкуулап жатышат. Үстүндөгү кийимдери үчөөнүкү тең жапжаңы. Чочуп, ойгонуп кеттим. Бейиши болгурларымдын элестерине куран түшүрүп, бата кылдым. Бирок, бир ой жан-дүйнөмдү кыйнап, мээмден такыр кетпей, эзип туруп алды. Макул, Чыңгыз Айтматов менен таякем Мажит кыргыз тилинде сүйлөшсүн, а бирок, испан тилинде сүйлөгөн жана жазган Маркес деле экөөнүн сөзүнө кеңири аралашып, кадимкидей божурашып олтурушпайбы? Же тиги дүйнөдө баары бир тилде сүйлөп калабы? Мына сага кызык, мына саган жараткандын керемети!...

Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад шаары

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG