Линктер

жекшемби, 24-июнь, 2018 Бишкек убактысы 13:11

Дүйнө тааныган залкар жазуучубуз Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун 90 жылдык мааракесинин алдында ал жөнүндө менин эсимде калган үч окуя эске түшөт.

1995-жылы Бишкек шаарындагы К.И.Скрябин атындагы Айыл чарба институтунун 3-курсунда окуп жаткан учурум болчу.

Улуттук филармонияда бир адабий кече өтүп, ошого кирип калдым. Кечеде көрүнүктүү адабият, маданият кызматкерлери сөз сүйлөп, каалоо-тилектерин айтып жатышты. Алып баруучу жазуучубузду сөзгө чакырды. Мен бул кечеде Чыңгыз Айтматовду көрөм деп такыр ойлобогом. Ал киши сөзгө чыкканда зал дуулдата кол чаап тосуп алды. Чыгармаларын канча окусам да, ал чыгармаларды жараткан залкарды биринчи көрүшүм эле. Дүйнөгө белгилүү гуманист инсанды, “Биринчи мугалим”, “Жамийла”, ”Эрте келген турналар”, “Ак кеме” өңдүү классикалык чыгармаларды жазган автордун өзүн көрүп, анын каармандарынын элестери, эрдиктери көз алдымда кинотасмадай болуп чуурулушуп өтүп жатты. Сааты келип кече да соңуна чыкты. Мен жатаканага кеттим.

"Неге ошондо Чыңгыз Төрөкуловичти күтүп, аны менен кол алышып көрүшүп койбодум экен?”,-деп кийин ойлонуп жүрдүм. "Чыңгыз Айтматов менен, биз окуган китептердин автору менен учураштым",-деп сыймыктанып жүрмөкмүн. Аттиң десе, ушундай мүмкүнчүлүктү колдоно албаган экенбиз. Биз пенделер убагында маани бербегенибизге өкүнөм. Ал күн өттү-кетти...

... Бирок бир жакшы окуя менин ал өкүнүчүмдү жууп кеткендей болду. Жогорку окуу жайды аяктаган соң мен алгачкы эмгек жолумду Жалал-Абад мамлекеттик университетинде окутуучулуктан баштадым. Аспирантурада окуп жүрүп илимий макалаларды жаздым. Ошону менен адабиятка да кызыкканыма байланыштуу гезиттерге ар түрдүү жазган макала, эсселеримди жиберип, алар жарыяланып калчу.

2007-жылдын жаз айларында бир гезиттен Ч.Айтматовдун чыгармаларына жазылган мыкты макалага сынак жарыяланганын көрүп калдым. Сынакты Бишкекте жайгашкан “Сильва“ билим борбору жарыялаптыр. Катышып көрүүнү эп көрдүм. ”Жамийла” повестиндеги башкы каарман Жамийланын образын ачып бергим келди да жазып болуп почта бөлүмүнөн борборго салып жибердим.

Арадан эки-үч ай өтүп, ал жөнүндө унутуп да калыпмын. Себеби мен окутуучулук кесипте айлык маяна аздыгынан Москва шаарына эмгек мигранты болуп кеткен элем. Жумушта жүрсөм Кыргызстандан атам телефон чалып, "уулум, сен бир сынакка макала жиберген экенсиң, ошол уюштуруучулардан сага кат келиптир”,-деп калды. Мен дароо Жамийла жөнүндө жазганымды эстедим.

Анан эле "сага Чыңгыз Айтматовдун кол тамгасы жазылган китеп бар экен, мен алып койдум, тааныштар жөнөсө сага берип жиберейин”,-деди. Менин кубанычым койнума батпай күтүп жүрдүм.

Көп өтпөй эле айтылган китеп колума тийди, аны менен кошо жазуучунун сүрөтү, чыгармага тартылган сүрөт да бар экен. "Сильва" билим борборунун президенти Апилмажун Темиралиев деген киши өзү салып жибериптир. “Ушул жигит атайын аракет жасаптыр, белек берип жиберейин”,-деп мага жолдогон катында билдириптир. Көрсө, ал адам республикадагы алдыңкы мугалимдерди топтоп Ч.Т.Айматовдун катышуусунда семинар өткөргөн экен. Ошол учурда жазуучубуздан китепке кол тамга алып коюптур. Китептин мукабасынын биринчи бетинде “Биздин замандагы мугалимдерге ак бата!” деп жазуучунун өз колу менен жазылган сөздөрдү жана бажырайып турган кол тамгасын көрдүм.

Кийин Кыргызстанга келгенимде Апилмажун агайга жолугуп сүйлөштүм. Алар уюштурган сынакка материалдар келбей сынак өтпөй калып, менин макаламды алып коюптур. Себеби Айтматовго бир эле макала келгенин айтып көрсөтөмүн деп мага катында да жазыптыр.

Китепти алган күндөгү толкунданып, сүйүнгөнүмдү айтпа! Ч.Айтматовдун кол тамгасы бар китеп мага келди! Көңүл буруп, убакыт бөлгөн залкарга миң мертебе рахмат. Мен кубанычым койнума батпай бирге иштегендериме да жарыялай салдым. Ансыз да Москванын катаал аба ырайы, нымдуулугу, тез-тез жаан жаап турушу, ал аз келгенсип мигранттардын оор жумушу, дайыма стресс абалдагы жашоодо, кечке иштеп келип шарты начар тар батирде суй жыгылган оор күндөрдө Чыңгыз Айтматовдун өз кол тамгасы түшүрүлгөн китеби мага дем-күч берип, башка чөйрөдө кармана билүүнү, алдыга умтулууну, руханий тазаланууну жана сабыр кылууну үйрөтүп, жарык болуп алдыга жол көрсөткөн чырактай болуп турду.

Көңүлүм чөгүп чарчаганда, Кыргызстандагы ата-эне, бир туугандарымды, бала-чакамды сагынганда, иштен чаалыгып жүргөнүмдө, кол тамганын ээсин, анын чыгармаларындагы каармандарын эстеп, алардын жасаган эрдиктери мага сырттан күч-кубат берип, кайраттанып иштеп жүрдүм.

Азыр ал китеп өздүк китепканамдын өзгөчө текчесинде турат. Уул-кыздарыма көрсөтүп, аларды адабиятка, китеп окуганга кызыктырып, үндөп келем.

Күндөр, жашоо өз нугу менен өтүп жатты. Орусиянын борбору Москва шаарынын бир чоң соода борборунда эмгектенип жүргөм. Ал жерде “Арт-Галерея” деген көркөм сүрөттөрдү сатуучу дүкөн бар. Өзүм живописке кызыккандыктан, сүрөт тартуу хоббим болгондугунан ал жакка убактым боло калганда баш багып, май боёк менен тартылган эмгектерди көрүп тураар элем.

Дүкөндүн кеңешчи-искусство таануучусу Григорий аттуу киши менен таанышып калгам. Ал кичи пейил, адам менен жылуу-жумшак мамиле жасаган ак көңүл адам. Жолуккан сайын андан мен ар кандай искусство боюнча кызыккан суроолорума жооп алып, дүйнөлүк атактуу живописчилердин шедевр сүрөттөрү, алардын стилдери жана жанрлары жөнүндө сурап, ал убактысы болгондо мага айтып түшүндүрүп берип тураар эле.

Бир күнү эртең менен жумушка келе жатып аны көрүп, учурашып калдым. Саламдашып эле ал мага: "Сиздин жердешиңиз Чыңгыз Айтматов дүйнөдөн өтүптүр, мен сизге көңүл айтамын”,-деп суз карады. Мен бир саамга унчукпай, денем муздай түштү. Ушундай суук кабар угуп заматта көңүлүм чөгүп кетти. Ал артка бурулуп жатып: “Гениалдуу классик эле, дүйнөгө белгилүү жазуучу болчу, чыгармаларын да бир тобун окугам. Эмне кылабыз, жаратылыш мыйзамы ушундай экен”, - деп акырын шыбырап, кайырлашып басып кетти.

Турган жеримде саамга катып калыпмын. Жаман кабарды ошол таанышымдан уктум. Кабарлар менен таанышууга ошол мезгилде ал жактагы мигранттардын Интернет эмес, теле көрүп, радио угууга убактысы да, дарамет-шарты да жок эле.

Ошо күнү Айтматовду чогуу иштеген түрдүү улуттагы адамдар менен эскерип, ал инсаныбыздын жазып, бизге калтырып кеткен андагы түркүн адамдардын тагдырын, жаратылыш кыйроолорун чагылдырган чыгармаларын эстеп, кантип жумуш күнү бүткөнүн билбей күн өткөрдүм.

Ооба, жер өз нугунда айланып, күн түнгө, түн күнгө алмашып өмүр өтө берет. А залкар жазуучунун мыкты чыгармалары Жер шарын байырлаган адамзаттын зор мурасы болуп, өчпөй, укумдан-тукумга өтүп жашай берет.

Мендеги Айтматовдун кол тамгасы түшүрүлгөн китеп менин өмүрүмдөгү эң баалуу да, эң абройлуу да белек болуп кала бермекчи.

...Айтматов дегенде үч окуя эсиме түшөт.

Кайрат Искендеров.

Жалал-Абад облусу, Сузак району,

Барпы айыл аймагы, Миң-Өрүк айылы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG