Линктер

жума, 19-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 14:45

Беларуста Айтматовдун күйөрмандары көп эле


Чыңгыз Айтматов жубайы Мария Урматова жана кызы Ширин менен Киевде. Украина.

1991-жылдын май айы эле. Мен анда Минск шаарында политология жана социалдык башкаруу институтунда окуп жүргөм.

Бир күнү тажик курсташым менен Машеров атындагы проспектини бойлой тротуарда басып баратканбыз. Кокусунан нары жакта гезит-журнал саткан күркөнүн алдында көп эл кезекте турганын көрүп калдык. Мен тажик жолдошума “рафтем” ("кеттик") деп күркө жакты көрсөттүм. “Ал жерде эмне болушу мүмкүн?” деп айтты ал. “Жүрсөң, эмне бар экенин барганда чогуу көрөбүз да”, - дедим.

Биз ал жерге барганда сатууга жаңы китептер түшүп, эл ошого кезекке турганын билдик. Жаңы китептер А.Осмоновдун кара тыштуу ырлар жыйнагы менен Чыңгыз Айтматовдун жана Түгөлбай Сыдыкбековдун орус тилиндеги бирден романы кирген жоон китеп экен. Мен беларустардын ал китептерди талашып сатып алып жатканын көрүп, алардын кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармаларын кызыгып окушканына таң калдым.

- "Менин кыргыздарымдын китептери турбайбы!", – деп кыйкырып ийдим мен тажик досума анын тилинде.

Айтматовдун союз убагында тартылган сүрөтү
Айтматовдун союз убагында тартылган сүрөтү

Чөнтөгүмдү карасам акча бар экен. Анан тажик балага кайрылып: “Сен мага акча берип тура аласыңбы? Китептердин баарын сатып алалы”, - дедим. “Сен эмне, кызыл кулактык куласыңбы?”, - деп таңданды ал. “Оой, сен каяктагы кызыл кулактыкты айтасың? Эгерде китеп көбүрөөк тийип калса, ар бир курсташыма бирден бөлүп берет элем", - дедим мен. Биздин кезек жеткенче китептер азайып калгандан сатуучу аял бизге бирден эле китеп берди. Мен ага нарыда жол боюнда сүйлөшүп турган бейтааныш адамдарды сөөмөйүм менен көрсөтүп, "тээтиги кишилер - биздин шериктерибиз, алар да биздин артыбыздан кезекке турушкан" деп айттым. Акыры бизге беш-бештен он китеп тийди. Мен ал китептердин бирин жанагы тажик жолдошума бердим. Кийин жатаканага келгенден кийин өзүмө бирди калтырып, калганына “Кыргыз элинин улуу акын-жазуучуларынын атынан” деп жазып, курсташ балдарга белек кылдым.

Түркмөн режиссёру Хожакули Нарлиев “Найман эне” деп аталган кино тарткан. Бир күнү “Советская Белоруссия” деген гезиттен ошол тасманын Минск шаарынын чок ортосундагы “Центральный” кинотеатрында коюла баштаганы жөнүндөгү афишаны окуп, бир топ курсташтарымды ээрчитип алып бардык. Биз барганда ал жерде кезек абдан узун экен. Кезектин көптүгү - Минск ошол кезде 2 миллионго чукул эл жашаган чоң шаар чоң эле.

Экинчиден, беларустун адабият жана искусство сүйүүчүлөрү Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары менен алардын экрандаштырылган вариантын чоң кызыгуу менен окуп жана көрүп, Айтматовду пир тутушчу экен. Билетке жетүү кыйын. Мен СССР журналисттер союзуна мүчөлүк күбөлүгүмдү көрсөтүп, кезексиз эки билет алып (союздун учурунда ушундай тартип бар болучу) бир курсташым менен баштала турган сеанска кирдик. Калгандары кийинки сеансты күтүп калышты. Бул жолу беларустардын Айтматовдун чыгармасы боюнча тартылган кинофильмди көрүүгө болгон кызыгуусун өз көзүм менен көргөм.

Тажик элинин Мумин Каноат (Муминшо Каноатов) деген көрүнүктүү акыны бар эле. Ал быйыл 18-май күнү 86 жашында өтүп кетти, бейиши болгур. Акын “Овози Сталинград” (“Голоса Сталинграда”) деген поэмасы үчүн СССРдин Мамлекеттик сыйлыгын алган. Союздун учурунда ал СССРдин Жогорку Кеңешине депутаттыкка шайланаар алдында шайлоочулар менен жолугушуу үчүн Жерге-Талга келген.

Жолугушуу Жаңы-Шаар айылдык советине караштуу Жар-Мазар айылынын чайханасында өткөн. Ал жакта ар бир айылда клуб же маданият үйлөрүндөй чоң чайканалар болуп, бардык жыйындар, той-тамашалар жана аза мааракелери чайканаларда өтөт. Устат (тажиктер жашы улуу искусство жана маданият ишмерлери ушинтип кайрылышат) менен жолугушууга келген элдин көбүнөн чайкана жарылып кеткени турган. Мен анда кыргыз-тажик тилинде чыккан райондук гезитте редактордун орун басары кызматында иштечүмүн. Тажиктерге орус тилинде кайрылуу олдоксондук болуп саналгандыктан мен жолугушуу учурунда М. Каноатка: “Урматтуу устат, Айтматов менен сүйлөшүп, аны Жерге-Талга ээрчитип келбейсизби, Тажикстанда жашаган кыргыздар анын таманы тийген жерди жыттап, керек болсо өөп да жүрөт элек”, - деп айттым. Ошондо устат мындай деп жооп берген:

- Бародари азиз (азиз бир тууганым), Айтматов - төбөсү бийик чоку, ага жетүү кыйын. Силер, кыргыздар, биякта тургула, биз да Айтматов менен, анын ысымы менен сыймыктанабыз. Москвага же башка чет өлкөлөргө барганда "мен тажикмин" деп айтпаймын, "мен Айтматовдун жердешимин" деп айтамын.

Мен Каноаттын көптөгөн чыгармаларын окугам. Бул киши деле өзүнчө эле бир аалам эле.

1975-жылы Тажикстанда Кыргызстандын адабиятынын жана искусствосунун он күндүгү учурунда Тажик мамлекеттик университетинде Кыргыз маданий өкүлчүлүгү менен болгон жолугушууну Тажикстандын Жазуучулар союзунун төрагасы Мирзо Турсунзода төмөнкүдөй сөздөр менен ачкан:

- Жер планетасынын жашоочулары эки Чыңгызды билишет. Биринчи Чыңгыз кылычы менен адам канын суудай төгүп, адамзат тарыхында калган. Экинчи Чыңгыз өзүнүн инсандос (гумандуу) чыгармалары менен дүйнөнү багындырып алган. Менин досум, ошол экинчи Чыңгыз мына менин жанымда отурат.

Тажик эл жазуучусу Фазлиддин Мухаммадиевдин “Биздин Чыңгыз” деп аталган очеркинде ошол жолугушуу жөнүндө абдан жакшы берилген. Бул очерк Абдулхак Махмануровдун, Мирзохалим Каримовдун жана менин өз-өзүбүзчө которуубузда убагында ар кайсы гезиттерге басылган. Фазлиддин агай Ч.Айтматовдун “Жамийла”, “Жаныбарым Гүлсары!” жана ”Кылым карытар бир күн” аттуу чыгармаларын тажик тилине которгон. Ал “Садои Шарк” (“Чыгыш жылдызы”) адабий журналынын редакциясында иштеп турганда журналдын редактору Пулод Толис ага Ч.Айтматовдун орус тилинде жаңыдан жарык көрүп, али сыясы кургай элек “Жамийла” повести басылган журналды узатып окуп чыгууну суранат.

- Мен ошол эле күнү эле түндө уктабай “Жамийланы” окуп чыктым. Эртеси жумушка келгенде редакторго кирип, “Жамийланы” окуп чыгып, аны тажикчеге которууга бел байлаганымды айттым. Редактор мага жумуштан уруксат берип, мен “Жамийланы” бир дем менен тажикчеге котордум жана ал биздин журналдын басууга даярдалып жаткан санына басылып чыкты. Ошентип “Жамийла” повести кыргыз тилинде жарык көрө электе тажик окурмандарына жеткен, - деп эскерген Ф. Мухаммадиев “Биздин Айтматов” деген очеркинде.

Дүйнө элдеринин лексиконуна кирген "маңкурт" деген сөздү биринчи болуп улуу гуманист, ойчул жана философ Айтматов пайдаланган.

Жер бетинде адам жашоосу барда Айтматов эч качан унутулбайт. Ал кыргыз элинин кулуну болгону менен бүт дүйнөнүн жазуучусу. Сезимтал жана китеп окууга даярдыгы бар окурман жазуучунун калеминен жаралган чыгармаларды улам кайталап окуган сайын андан жаңы ойлорду түшүнө алат деп ойлойм.

Чыңгыз Айтматов
Чыңгыз Айтматов

“Акбаранын көз жашында” Акбаранын курсагында бөлтүрүктөр болот эмеспи. Ташчайнар Акбаранын курсагына башын коюп жаткан учурда төбөдө вертолёт учуп жүргөн болот. Карышкырлар вертолёттон коркушат. Эмне дегенде адам баласы тоону тешти, канаттуу куш учуп жетпеген бийик чокуларды багынтты, токойду ээледи, күрпүлдөп аккан дарыяларды бөгөп, ГЭСтерди курду, какыраган чөлдөргө жол салды, космоско учту... койчу, баарын багындырып ээлеп алды. Адамдын колу жетпеген, буту баспаган жер калбады. Цивилизация жер бетиндеги башка макулуктардын чөйрөсүн улам тарытып барат. Ташчайнар менен Акбара туула элек бөлтүрүктөрдүн келечек тагдырын ойлошот. Жазуучу адамзатты акыл-эс менен жашоого чакырат. Себеби, жер жүзүндөгү чаң-тополоңдун баарын адам баласы чыгарып жатат. Бүгүн Украина үчкө, Грузия үчкө бөлүндү. Ирак адам баласынын колу менен чачырап жатып калды. Сирия кансырап жатат. Адамзат генийи Айтматов алдын ала ушуларды айтпады беле?

Чыңгыз Айтматовдун балалык кези согуш мезгилине туш келип, атасы да ак жерден атылып кеткенден бала кезинде көптөгөн кыйынчылыктарды көргөн. Ошондуктан ал адамзаттын бардык көйгөйлөрүн өз чыгармаларында таасын сүрөттөгөн. “Саманчынын жолу” повестинде Толгонайдын согушка кеткен күйөөсү Субанкул менен үч уулунан ажырап калганы эмне деген трагедия! Анын келини Алимандын көз жарышын, тукумдун уланышын күтүп калганы эмне деген үмүт! Анын тилсиз, жансыз Жер-эне менен сүйлөшкөнүчү?!

Айтматовдун чыгармалары түбөлүктүү. Мен анын аты Сократ, Платон, Конфуций, Рудаки, Умари Хайём, Саади, Шекспир, Гёте, Пушкин ж.б.у.с. сыяктуу инсандардын аттары менен бирге айтылып кала берээрине ишенем. Баарынан да мен бул дүйнөгө Айтматовдун улутташы – кыргыз болуп келгениме сыймыктанам.

Абдил-Ахат Курбан уулу

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG