Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:10

Эки элдин данакери эле...


"Мен билген Айтматов" сынагына Ж. Баласагын атындагы КУУнун доценти Мирсаид Анарбаевден келген эскерүүнү сунуштайбыз.

Мындан туура 30 жыл мурда 1988-жылы декабрь айында Кыргыз ССР Илимдер академиясы, Билим берүү министрлиги, СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана Жазуучулар, Журналисттер, Кинематографисттер союздары тарабынан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 60 жылдык мааракесине арнап “Чыңгыз Айтматов жана учурдагы руханий маданият” деген темада республикалык илимий-теориялык конференция өткөрүлгөн.

Уюштуруу комитетинин чакыруусу менен мен ал конференцияда “Өзбекстандык кыргыздардын руханий жашоосунда Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары” деген темада доклад жасагам. Доклад пленардык жыйында угулду.

Аягында конференция катышуучуларына боордоштордун салам дубайын жеткиргем. Ошону менен бирге алардын комуз күүлөрүн унутуп баратышканын, кыргызча китеп, гезит окубай калышканын, тарыхый Ата Мекен менен маданий байланышы жокко эсе экенин белгилегем.

Кыргызстандын Кытайда, Ооганстанда, Тажикстанда, Түркияда жашаган кыргыздар менен маданий байланыштары жакшы жолго коюлганы менен Өзбекстандагы кыргыздар унутта калып жатканын, абал ушундай улана берсе Өзбекстанда жашаган бир миллионго чукул кыргыз жакынкы келечекте эне тилин унутуп калышы мүмкүн экенин айткам.

Тилекке каршы Чыңгыз Айтматовдун 60 жылдыгына арналып өткөрүлгөн ошол илимий-практикалык конференцияга жазуучунун өзү катыша алган жок. Себеби Испанияда "Ысык-Көл форумунун" кезектеги жыйынын өткөрүп келген Чыңгыз ага бир аз тумоолоп калган экен. Бирок конференцияга биздин келгенибизди жазуучулар Камбаралы Бобулов жана Казат Акматовдон угуптур.

Улуу жазуучу кийинки күнү бизди кабыл алып, биз менен бир саат бою кенен баарлашты. Көйгөйлөрдүн бардыгын ынтаа коюп укту. Келечекте бул маселелер чечилерин айтып, "бир тууган өзбек эли менен ынтымакта, жакшы карым-катнашта жашагыла" деп кеп-кеңештерин берди. Акырында китептерине кол тамгасын жазып бизге белек кылды. Элге салам айтты.

Ошондон кийин арадан көп узабай эле Кыргыз ССРнин мамлекеттик басма сөз комитетинин төрагасы Барпы Ырыспаев жетектеген мамлекеттик делегация Өзбекстанда жашаган кыргыздардын абалынан кабар алыш үчүн атайын иш сапары менен ал жакка барды. Кийин уксак конференция учурунда биз тараптан айтылган сөздөр Айтматовго жеткирилип, Өзбекстанга Кыргызстандын маданий делегациясынын жөнөтүлүшүнө ал кишинин салымы болгон экен. Делегациянын курамында жазуучулар Камбаралы Бобулов, Сагын Наматбаев, билим берүү министринин орун басары болуп төрт-беш киши экен.

Делегацияны Өзбек ССРи мамлекеттик басма сөз комитетинин төрагасы Н. Стрижнёв, жазуучу Нуралы Кабул коштоп жүрүшүптүр. Алар адегенде Ташкентте кыргыздар жашаган райондорунда болуп, Жызак облусунун Достук районундагы Манас айылына келишти. Меймандарды облустук жоон топ аткаминерлер тосуп алышты. Айылдык клубга эл батпай, жолугушуу чоң бактын ичинде өттү.

Эл менен баарлашуу өтө жакшы маанайда өттү. Бирок эл жергиликтүү аткаминерлерден бир аз корунгандай болуп көйгөйлөр толугу менен айтылбай калды.

Делегациянын андан аркы сапары Замин районун көздөй уланды. Түш ооп Жети-Кечүүдөгү М. Лермонтов атындагы кыргыз орто мектебине жетип келишти. Аталган мектептин директору өзбек киши экен. Мектептин абалы коноктордун зээнин кейитти. Бул абалды көрүп раматылык Камбаралы Бобулов бул мектеп Ч.Айтматовдун “Биринчи мугалимдеги" Дүйшөндүн мектебинен көп деле айырмаланбайт экен. Эгер мүмкүнчүлүк болсо бизге өзбек тилдүү мектептерден бир-экөөнү көрсөтсөңүздөр” деп сөзүн улады. Бирок күн кеч болгондугуна байланыштуу башка мектептерге бара алышкан жок.

Кызыгы, жергиликтүү бийлик ээлери түнү бою облустук базадан жаңы парталарды алдырып, мектептеги эски парталардын ордуна койдуруп коюшуптур. Мен муну улуу Айтматовдун аты аталгандан деп билдим. Андан ары делегация мүчөлөрү Бакмал районунун Муз-Булак айылындагы Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектепте болушту.

Мугалимдер жамааты, айыл тургундары жана окуучулар аларды көпкө кармашты. Жолугушуу абдан жогорку маанайда, кызыктуу өттү. Ошентип мамлекеттик делегация мүчөлөрү Өзбекстандагы этникалык кыргыздыр жөнүндөгү ой-пикирлери менен сунуштарын бир тууган эки мамлекеттин жетекчилигине жеткиришти.

Улуу жазуучу Ч. Айтматовдун түздөн-түз кийлигишүүсү менен 1992-93-ж.ж. баштап Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Өзбекстанда жашаган кыргыз жаштарына жогорку окуу жайларынан 30 бюджеттик орун бөлүнүп бериле баштады. Окууга кабыл алуу сынактары Өзбек Республикасынын Билим берүү министрлиги тарабынан жыл сайын Ташкент, Анжиян жана Жызак шаарларындагы жогорку окуу жайларында өткөрүлүп турду. Учурда ал сынактар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларында өткөрүлүп келет. Андан бери бир топ мезгил өттү.

Бул арада өзбекстандык жүздөгөн кыргыз жаштары жогорку билимге, кесипке ээ болуп, түрдүү тармактарда эмгектенип жатышат. 1993-жылдан тарта өзбек телерадиосунан жумасына бир жолу бир сааттык кыргыз тилинде көрсөтүүлөр жана уктуруулар берилип келет. Кыргыз мектептери үчүн китептер кыргыз тилине которулуп басыла баштады.

Улуу жазуучу Өзбекстанга көп эле жолу барып өлкө жетекчилери менен, адабий чөйрөдөгү чыгармачыл инсандар менен жолугуп турган. 1995-жылдын декабрь айында Өзбекстанга болгон кезектеги сапары учурунда аны Ташкент - Самарканд жолунун Достук районунун кире беришинде, жол боюндагы Манас айылынын тургундары тосуп алышкан. Тилекке каршы мен анда Израилде стажировкада жүргөндүктөн ал жолугушууга катыша алган жокмун.

Жубайым, тарых мугалими Сулайманова Жийде айым 10-класста окуган уулум Марселди ээрчитип Чыкемдин китептерин алышып, дүрбөгөн элге кошулуп жолугушууга барат. Бирок элдин көптүгүнөн ал кишиге жакын барып китептерине кол тамга алууга мүмкүнчүлүк болбойт.

Жазуучу эл менен бир аз баарлашкандан кийин Жызак шаарына жөнөп кетет. Ч. Айтматовго жолугуп кол тамга алам деген жубайым такси жалдап, Жызакты көздөй жөнөйт. Улуу жазуучу менен жолугушуу үчүн облустун бардык райондорунан эл автобустар менен ташылып келинген экен. Милициялар тосуп, байкуш жубайым ал жерге да кире албай шаабайы сууп үйгө түн ичинде келет. “Ошондо сенин болбогонуңдан ушундай болду деп” ал алиге чейин кейип келет.

Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын өзбек окурмандары сүйүп окушат. “Жамийла”, “Кызыл жолук жалжалым”, “Бетме-бет”, “Гүлсарат”, “Биринчи мугалим”, “Бото көз булак” сыяктуу чыгармалары 60-жылдын аягынын баштап эле өзбек жазуучусу Асил Рашидов тарабынан орусчадан өзбекчеге которулуп, ал чыгармалар адегенде “Шарк юлдузи” (“Чыгыш жылдызы”) адабий журналына басылып, андан кийин көп узабай эле өзүнчө китеп болуп басмадан чыгарылып келет. Мен теңдүүлөр ошол чыгармаларды окуп тарбияландык жана эрезеге жеттик.

Ч.Айтматов улут, тектеш түрк тилдүү эл жана алардын биримдиги дегенде өз оюн ар дайым ачык айтып келген. Ага мисал катары өз мезгилинде СССРдин Башкы прокуратурасы тарабынан козголгон “Өзбек иши” деген ишине байланыштуу өзбек элин колдоп “Известия” гезитине жазган көлөмдүү макаласын жана 1990-жылы Ошто эки бир тууган элдин ортосундагы чыр-чатактан улам чыккан оор көйгөйлөрдү чечүүдө өзбек элинин беделдүү аксакал жазуучулары Одил Якубов, Пиримкул Кадиров менен бир нече жолу Ошко барып эл менен учурашып, калыс сөздөрүн айтышып, эки элди ынтымакка чакырганын айтса болот.

Улуу жазуучунун Өзбекстанда жашап жаткан этникалык кыргыздардын улут катары сакталып калышына кошкон салымы абдан чоң. Улуу инсан Чыңгыз Айтматовдун жаркын элеси өзбекстандык кыргыздардын жүрөгүндө түбөлүккө сакталып кала берет.

Мирсаид Анарбаев

Ж. Баласагын атындагы КУУнун доценти

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG