Линктер

шейшемби, 23-июль, 2019 Бишкек убактысы 15:30

Кыргызстан

Чыңгыз Айтматовдун кентавры: Гүлсары - Танабай

Залкар кыргыз ойчулу, жазуучусу жана мамлекеттик ишмери Чыңгыз Айтматов. 01.9.1985.

Таанымал адабият таануучу Калык Ибраимовдун залкар жазуучу жана ойчул Чыңгыз Айтматовдун (1928-2008) 90 жылдыгына жана дүйнөдөн кайткан күнүнүн 10 жылдыгына карата блогу.

XX кылымдагы соңку Совет адабиятында адамды ар түркүн айбанаттар
менен эриш-аркак алакада көрсөткөн Чыңгыз Айтматовдун «Гүлсарат», «Ак кеме», «Кылым карытаар бир күн», «Кыямат», М. Алексеевдин «Карюха», Г. Матевосяндын "Ургаачы буйвол" («Буйволица»), В. Астафьевдин «Жаян-балык» эмгеги сыяктуу бир топ маанилүү көркөм чыгармалар пайда болду.

Бул тенденция өткөн тарых-тагдыры көпкө чейин көчмөн чарбачылык менен ажырагыс биримдикте болуп, ошондон улам, табигый фактордун таасирине баарынан көбүрөөк чалдыккан Борбордук Азия калктарынын адабияты менен көркөм өнөрүндө (искусствосунда) айрыкча айкын көрүндү. Анткени, азыркы цивилизациянын өктөм шартында уламдан улам бүлүнүп бараткан өткөндүн уңгулуу жашоо формаларын жана уюткулуу руханий санаа-салттарын сактап калуу мүдөөсү учурдун ашкан зарыл проблемасына айланды.

Ушундай кырдаалда Борбордук Азия калктарынын адабият жана көркөм өнөр өкүлдөрү ири алды ошо өз элдеринин эзелтен берки түпкүлүктүү өмүр-таржымалдарынын түбөлүктүү табигый символдору болушкан – «ат», «төө», «бугу-марал», «кайберен-кийик», «карышкыр» сыяктуу жаныбарлардын касиеттүү образдарына кайрылышты.

Андай анималисттик бейнелер коом турмушунун абалкы этнографиялык
жана культурологиялык уңгулуу катмарларын учурдун экологиялык-
этикалык катаал контексти менен жалгаштырган концепт-медиаторлор
катары роль аткарышты. Анткени, алар Борбордук Азия калктары үчүн
катардагы кадыресе нерселер эмес, тетиринче, өмүр-турмуштун өзүнчө бир кайталангыс өзөктүү системаларын же туруктуу принциптерин, дүйнөнүн адеп туулгандан кан-жанга кошо бүткөн кадимки табигый тааныш абалын каңкуулап турган өзгөчө туюнтмалар.

Маселен, Кавказ калктары үчүн «тоонун», ордолуу орус журту үчүн мелмилдеген «мейкиндин», мухит-деңиз жээгинде жашаган элдер үчүн «кит» менен «балыктын» кадыры канчалык болсо, атпай кыргыз баласы үчүн, айталы, «ат» жаныбардын аброю ошончолук.

Кыргыздын "көк бөрү" оюну. Бишкек.
Кыргыздын "көк бөрү" оюну. Бишкек.

Башкача айтканда, кыргыз үчүн «ат» дүйнөлүк координаттын ролун аткарат. Анын жедеп жердигинен сөөгүнө сиңген арбактуу өз дүйнөсүн, өзөк табиятын билдирет.

Ошон үчүн Чыңгыз Айтматовдун «Жамийла» повестинде Даниярдын ырына кулак салып, көңүлү толкуган Сейиттин көз алдына обол мурун жер дүңгүрөтүп кишинешкен жылкы, элире азынашкан айгыр аттар тартылат.

Ошон үчүн «Саманчынын жолу» баянында аман-соо кайтаар-кайтпасы дайынсыз алаамат урушка узаганы жаткан уулу Касымга бир күн болсо да минип калсын деп, атасы атайы жылкыдан өздөрүнүн сары жоргосун кармап келет.

Ошон үчүн Гүлсарат Айтматовдо Гоголдун «тройкасы», Пушкиндин «күзү», Толстойдун "эмени" ("дуб"), Есениндин «ак кайыңы» сыңары табигый образ-символго айланат.

Албетте, Танабай менен Гүлсарынын эгиз түгөй образы - эң оболу азыркы жаңыча көркөм аң-сезимдин туундусу. Арийне, алардын бейнесин жаратууда Ч. Айтматовдун эстетикалык эсинде дүйнөлүк адабияттын үлкөн үлгүлөрүнө аралаш, ат менен адамдын
эриш-аркак алакасына байланыштуу эзелки замандарда жаралып, эмгиче уланып келаткан уңгулуу элес-түшүнүктөр системасы да турганы шексиз.

Ааламдагы баардык кубулуштар менен стихияларды ар кандай
айбанаттар менен кудайлардын персонификациясы катары кабылдаган
байыркы адамдардын символикалык-образдуу түшүнүгүндө ат айрыкча
орунда турган.

Архаикалык аң-сезим атты асман, асыресе күн менен көбүрөөк ассоциациялаган. Анткени күн ага «асман аттары» чегилген алтын араба сыяктуу элестеген. Маселен, гректер күн кудайы Аполлондун арабасын канаттуу аттар сүйрөп жүрүшөт деп ойлошкон. «Авеста» менен «Ригведанын» гимндеринде, жана башка индиевропа калктарынын мифтеринде да күндүн акбоз аттар асманда аркыратып тартып баратышкан жалгыз дөңгөлөктүү араба экени айтылып, арабанын дөңгөлөгү - күнгө, ал эми аттардын сапырылган жал-куйруктары чачыраган күн нурларына окшоштурулат.

Байыркы грек кудайы Аполлон аргымактар чегилген арабасы менен. Орусиянын 100 рублдик акча бирдигиндеги сүрөт. 08.7.2014.
Байыркы грек кудайы Аполлон аргымактар чегилген арабасы менен. Орусиянын 100 рублдик акча бирдигиндеги сүрөт. 08.7.2014.

Мифологиялык ой жүгүртүүгө мүнөздүү партиципация жана инкарнация (керемет кубулуу) мыйзамына ылайык, күндүн ажырагыс атрибуту болгон ат кудайга же тетиринче, кудай атка айланып кубула берет. Ошон үчүн күндүн Индия мифологиясындагы айбанаттык, башкача айтканда, зооморфтук символу болгон акбоз асман аты Уччайхшравас «Рамаянада» күн кудайы Сурьянын атына айланса, «Авестада» ирандыктардын күн кудайы Митра – акбоз ат деп айтылат.

Ошон үчүн Индия, Иран жана Индиевропа поэзиясында «күн» менен «аттын» бейнеси ширелишип, «күлүк атчан күн» деген сөз айкашы туруктуу формулага айланып калган. Алмустактагы адамдар атты адам менен асманды байланыштырып турган өзгөчө күч өңдүү түшүнүшкөн.

Азыркы илим элдердин эзелки тарыхына, турмуш-тиричилигине,
мифтерине изилдөө салып отуруп, өндүрүш куралдары менен коомдук
мамилелердин, аң-сезим формалары менен ой жүгүртүү деңгээлдеринин салыштырмалуу бирдейлиги а кезде дүйнө кубулуштары тууралуу бири-биринен анча айырмаланбаган окшош элес-түшүнүктөрдү жана көз-караштарды жаратканын айгине кылды.

Буга дагы бир далил – ат менен адам алакасына байланыштуу жогорудагыдай элес-түшүнүктөр кыргыз элине да мүнөздүү экени.

Георгий Дмитриевич Гачев (1929-2008).
Георгий Дмитриевич Гачев (1929-2008).

Кыргыздын элдик аң-сезиминин спецификасына кылдат байкоо жүргүзгөн Г. Д. Гачев:

«Элдин түшүнүгүндө ат ааламдын үстүңкү бөлүгүнө таандык («Аш – адамдын кубаты, ат – адамдын канаты»). Калган жаныбарлардын баарысы жерге ыкташып, жерге боор тартышат. Ат гана ар дайым бет алдына жана ай-асманга көз тигет; жал-куйругун канат кылып, жердин тартуу күчүн жеңип өтүп, көккө көтөрүлөт. Аны менен бирге асмандап адам да учат. Ат алып-учуп бараткан адамдын көөдөнү - көктө, көкүрөгү - асманда, өрөпкүгөн көңүлү - өйдөдө. Андай кезде адам жердеги опоосуз дүйнөнүн баардык түйшүк-тиричилигин унутат. Элдик ырларда ат ар дайым ай, күн, асман, жылдыздар менен чогуу жана катарлаш... Ал адамдын атрибуту жана ат аркылуу адам асман менен танапташат», — дейт да, бул пикирин кыргыз фольклорунан алынган мисалдар менен бекемдейт.

Ушундан улам, эмнегедир «Гүлсараттагы» мына бул сүрөттөр көз
алдыга тартылат:

«Арылдаган шамал менен жан кашайткан ызалыктан көзү
караңгылап, кара жол зымырылып бут алдына жоголуп, асмандагы күн
оттуу шар болуп көктөн ылдый каршы дөңгөлөнүп келаткансыйт».

«Ошондо тайпаң белге атып чыгып, толкундун жалына каргыгандай
болду да, көз ирмемге асман-жердин ортосунда каалгып илинип калгансыды. Көөдөнүн күч жарып, көзүнөн от жанып, Гүлсары белден ылдый апай бетте жылдыз болуп агып учту».


«Карагер айгырчан казак жигит такымындагы улакты бултактатып,
батып бараткан күндү көздөй түз салды. Саал болсо тиги алоолонгон
күндүн оозуна жутулуп кетчүдөй, кызыл түтүн булатып, кайып болчудай кетип барат».


«Ээлигип келаткан Гүлсары бошоно калган соң шукшурулуп жөнөдү. Жер танабы кыскарып, четте кызарып турган күн бери карай дөңгөлөңгөндөй болду».
«Эки ат болсо катарлаша жер сабап, жан уруп, алоолоңгон күндүн
оозуна түптүз кирип баратты».


«Экөөнүн күчүнөн бири бирине жабышкан аттар кызарган күндүн оозуна жетүүгө ашыккандай жер көчүрүп, баш айланта чаап баратты».
«Гүлсары кулан ээк таңды көздөй, балбылдап турган чолпон жылдызды көздөй зуулдап барат».


Мынакей, Ч. Айтматовдо да ат өзүнүн табигый стихиясы болгон
чуркоо учурларында ар убак асман, анын ажырагыс атрибуттары — куш, күн, жылдыз менен бирге сүрөттөлөт. Ал жөн гана чуркабайт; канаттуудай «шукшурулуп» учат («Манастагы» Чынкожо менен Коңурбайдын аттары да канаттуу экенин эстейли).

Аягы астында чимирилген кара жердин бар же жогу сезилбей, асман менен айкалышып кетүүгө ашыккандай аркырап бараткан абалында ал «көз ирмемге асман-жердин ортосунда каалгып илинип калгансыйт». Асмандагы алоо күн аны карай дөңгөлөнүп, ат күндү көздөй зуулдап, айтор, ал экөө тең бири бирине жуурулушуп кеткенге дымактангансыйт. Ат асманга, күнгө, жылдызга умтулуп, атүгүл өзү да «жылдыз болуп агып учкансыйт».

Ырас, айтматовдук бул «оптиканын» өзгөчөлүктөрү көп жагынан бала
кезден берки реалдуу турмуштук, китептик-маданий жана азыркы
кинематографиялык таасирлер менен шартталган. Ошондой болсо да, мына ушунун баарынын артында, түпкү тегинде жана тереңинде аттан улам келип чыккан архаикалык элес-түшүнүктөрдүн уюткулуу тажрыйбасы жатаары талашсыз.

Байыркы көчмөн уруулардын чарбачылык жана жоокерчилик турмушунда аттын ролу абдан зор болгону маалым. Ошо себептүү алар атка айрыкча ызат менен карашкан. Анын адамга кылган ак кызматын, учкул күлүктүгүн баалашкан. Ушундай асыл касиеттери жана канаттуудай учкулдугу үчүн аны асманга танапташ кылышкан.

Эртеги моңгол-түрк урууларынын мифологиялык түшүнүгүндө карапайым көрпенделер жашаган кара жерден айырмаланып, асман – ыйык рухтар менен теңирлер мекендеген ажайып бир касиеттүү сфера. Демек, ат асманга танапташтырылуу менен Теңирге теңештирилген. А Теңирди болсо, түрктөр күн түспөлдүү элестетишип, Көк Теңирдин жүзү деп күнгө сыйынышкан. Ошентип ат алардын аң-сезиминде күндүн ыйык символуна айланган. «Күлүк аттуу күндүн» символдору болушкан аргымак тулпарлардын образдары алардын искусствосунда аябагандай популярдуу экени мына ошондон улам келип чыккан.

Ыйык «асман атынын» жарташтарга тартылган сүрөттөрү Борбордук
Азияда алгач ирет биздин замандан мурунку эки миңинчи жылга жуук пайда боло баштаган. Биздин замандан баштагы V-VIII кылымдарда алар Саян-Алтайдын тоолуу жерлери менен Моңголиянын мейкин талааларынан тартып, Скиф-Сак дүйнөсүнүн күнбатыш чегине чейиңки көз кайкыган аймакта кеңири таралган.

Ушул чексиз аймактын ар кайсы чөлкөмдөрүндөгү петроглифтерде аттын кудум Ч. Айтматов сүрөттөгөндөй шукшурулуп учуп баратып «көз ирмемде асман-жердин ортосунда каалгып илинип калгансыган» элеси чагылдырылган. Аркырап сызган ат жаныбардын мына ушул кайталаңгыс абалдагы көз ирмемдик элесин азыр адам киноаппараттын жардамы менен акырындатып тартып алуу аркылуу гана ачык-айкын көрө алды.

Бүт өмүрү ат менен өткөн а кездеги көчмөн адамдын кадик көзү аны ошондо эле кыраакылык менен байкап, ал ажайып элести таш бетине түбөлүккө чегип калтырган.
Мелмилдеген Евразия мейкиндерин мекендешкен байыркы
көчмөндөрдүн мифологиялык аң-сезиминде жана космогониялык көз-
караштарында зооморфтук образдардын өтө популярдуу болушу алардын көркөм өнөрүндө «айбанаттык стилди» пайда кылган.

«Айбанаттык стиль» жазмасы жок сак-скиф урууларынын дүйнөгө көз-караштарын, мифологиялык элес-түшүнүктөрүн, архаикалык салт-санааларын жана бүт идеологиясын сүрөт өнөрү аркылуу туюнткан өзгөчө семантикалык система болгон. Бул семантикалык система кийин алардын ордуна келишкен калайык-калктар тарабынан кабыл алынган.

Ошо бир убактарда сактардын учкул фантазиясы жараткан уламыштар менен образдар Борбордук Азия калктарынын мифологиясында, фольклорунда жана сүрөт өнөрүндө азыр да бар. Айталы, кыргыздар менен казактар да алар сыяктуу ааламдагы ар түрдүү кубулуштарды айбанат дүйнөсүнөн алынган түшүнүктөр аркылуу аңдашкан.

Асмандагы жылдыздарды алар Акбоз ат, Көкбоз ат, Үч аркар, Алты аркар же Жети аркар деген сыяктуу зооморфтук терминдер менен аташкан. Ай-жыл сүрүштүргөндө да айбанаттардын аттарын (чычкан, уй, бугу, коён, кулжа, жылаан, жылкы, кой, теке, жалган куран, чын куран, доңуз ж. б.) колдонушкан. Көркөм өнөрчүлүктө «айбанаттык стилдеги» оймо-чиймелерге (кочкор мүйүз, сыңар мүйүз, өркөч, бугу мүйүз, бөрү кулак, куш тумшук ж. б.) көп кайрылышкан.

Ошондой оймо-чиймелер менен боз үйдүн үзүк-туурдуктарын, туш кийиз, шырдактарды, кийим-кечектерди жана башка буюмдарды кооздошкон. Айбанаттардын арасынан жылкыны айрыкча ардактаган көчмөн элдин кереметтүү жомоктору менен баатырдык эпосторунда ат «жакшылыкта да, жамандыкта да ар адамдын жан жолдошу, талыбас канаты» катары сүрөттөлгөн.

Ошон үчүн эл-жеринен алыста азып жүргөн Эр Төштүк:

«Чалгынга миңген Чалкуйрук,
Ушундан бөлөк буудан жок.
Эңкейип кетсе эсил баш
Ушундан башка тууган жок
», —

деп, астындагы миңген атын кадыресе эш тутат. Ат жаныбар керек кезде
баатырдын колунан келбеген керемет иштерди жасап, аны ажалдан арачалап калат. Эпос баатырдын атсыз калышын анын өлгөнүнө тете кылып көрсөтөт.

Аргымак аттарынан айрылган Семетей менен Курманбектин кейиштүү
тагдыры буга айкын далил. Кыргыз жана казак эпосторунда дулдул
тулпарлардын ар дайым ээсине тирек болуп, кишиче сүйлөп, айрым
учурларда: «Жылкычы Камбар пирибиз», — дешип, жадагалса өздөрүнүн түпкү тек жайынан өйдө териштирип турушу аларды архаикалык мифологиядагы айбанат тотемдер менен колдоочуларга жакындаштырат. Бирок аргымак аттардын образындагы мифологиялык мотивдер эпосто баатырдык пафоско баш ийдирилген.

Жалпылап айтканда, эпосто ат кылык-жоругу жагынан да, жана ошондой эле, кулк-мүнөзү боюнча да адамга тең катар коюлган.

Көчмөн эл кечээ жакынга чейин эле өзүнүн күндөлүк жашоо-тиричилигин
жылкысыз элестете алган эмес. Жоо келип кошун куралабы, жер дүңгүрөп жортуул башталабы же эр жигиттер барымтага барабы, айтор, ат адамды ар дайым коштоп жүргөн. Аргымак ат айрыкча аш-тойлордун көркү болгон. «Күлүк күнүндө, тулпар тушунда» дегендей, андай учурларда буудан аттын да, аны аспиеттеп таптаган ээсинин да багы сыналган.

Ошон үчүн «Гүлсаратта» Танабайдын чоң байге башталаар алдында: «Кана, Гүлсарым, Камбар-Атаң жар болсун. Үмүттү актай көр, деп күбүрөп, жоргонун жалын тарап, омуроосун улам-улам таптап, көзгө көрүнөөр күнүң бүгүн. Багың ачылаар күнүң бүгүн!» — деп толгонуп турган абалын түшүнсө болот.

Не дегенде, байгеден алдына ат салбай чыгып келген сай күлүк өзүн да, асыраган ээсин да көпчүлүктүн көзүнчө урмат-сыйга бөлөгөн. Күлүк аттын атак-даңкы далайга даңаза болгон. Анын аркасы менен ал ат тиешелүү болгон адамдын, айылдын же уруунун кадыр-баркы кошо көтөрүлгөн.

Бу тууралуу Ч. Айтматовдо: «Ошол жылы жазында жоргонун жылдызы
жаркырап көкөлөдү. Кары да, жаш да: «Гүлсары! «Танабайдын жоргосу»,
«Айылдын көркү» деп, ооздон түшүрбөй жүрдү. А тиги «Р»га тили келбеген шакмар мурун балдар да топурагы бырпылдаган көчөдө жоргонун жүрүшүнө салып жүгүрүп, биринен бири талашат: «Мен Гүлсалы...жок, мен Гүлсалы...Апа, айтчы, Гүлсалы менмин ээ? Чү, жаныбайым Гүлсалы! Эй-ии, мен Гүлсалы!...» — деп чуулдашып жүгүрүшөт», — деп айтылып, анан ошо чоң байгеге арналган эстен кеткис эпизоддордо элибиздин атты ашкан кумар көргөн санжыргалуу салт-санаасы ушунчалык бир эргүү менен сүрөттөлүшү тегин жерден эмес да.
Эзелтен эле даңкы дуванга кеткен дулдул тулпарлар тууралуу эл
арасында ар кандай дуу-дуу аңыз-аңгемелер жаралып, алар муундан-муунга айтылган. Кыргыз ичиндеги «Толубай сынчы», «Шырдакбектин боз жоргосу» тууралуу уламыштар, коңшулаш казактардагы «Аксак кула», «Коңур ала», «Тепең көк», «Боз айгырга» арналган аңыз-аңгемелер эл ичинде азыр деле белгилүү.

...элдик түшүнүк адам менен аттын ажырымын анча айырмалабайт. Ата-эне адатта наристесин «кулунум», «тайым» деп эркелетет; атадан калган баласын апасы «тулпардан калган туягым» деп айтат. Аларды байыркы грек мифологиясындагы кентавр сыңары ажырагыс биримдикте аңдайт.
Калык Ибраимов

Ошентип аттын бейнеси архаикалык мифологиядан азыркыга чейинки
алыс аралыкта ар кандай трансформацияга учурап, акыры элдик аң-сезимде ал адам баласынын артыкча досуна жана жан жолдошуна айланган. Жашоо-турмушунда ат айрыкча мааниге ээ болгон көчмөн элдин жан дүйнөсүнө ат асылдыктын, аруулуктун жана сулуулуктун жаркын символу катары биротоло сиңип калган.

Ошондуктан элдик түшүнүк адам менен аттын ажырымын анча айырмалабайт. Ата-эне адатта наристесин «кулунум», «тайым» деп эркелетет; атадан калган баласын апасы «тулпардан калган туягым» деп айтат. Аларды байыркы грек мифологиясындагы кентавр сыңары ажырагыс биримдикте аңдайт.

Кыргыздын атка жасаган мамилесиндеги мына ушул бөтөнчөлүктү Г. Д. Гачев туура баамдап, өзгөчө бөлүп көрсөткөн. Айбанаттардын арасынан атты кыргыз артыкча көрөөрүнө көңүл буруп, ал:

«Ошондуктан ат кыргыз үчүн абстрактуу түшүнүктөр жаатында да, жана ошондой эле, адамдардын абийир-ыйманын аныктап билүүдө да табылгыс тараза сыяктуу», — деп белгилейт.

Айтылуу адабиятчыбыз маркум Кеңешбек Асаналиевдин кезинде Гүлсарыны "Танабайдын жаны" деп аташы жогорудагы пикирдин акыйкат экенин ырастагансыйт.

Аны ошондо орошон окумуштуубуз ыраматылык Муктар Борбугулов да колдогон:

"Жаныбар — имеющий душу”. Атты биздин Кыргызстанда ушинтип айтышат. Байкадыңарбы, Танабай... адамдарды жылдыздай жылтылдаган Гүлсарыга кылган мамилесине карап баалайт.
Жана эч качан жаңылбайт. Адамдагы мээримдүлүк менен мыкаачылык, ак көңүлдүк менен арамзалык, айкөлдүк менен өзүмчүлдүк каарманга ат
аркылуу ачылат.

Гүлсарыны көтөрө чалып көкөлөтүү (поэтизациялоо), атты асыл жанга
айландырып ардактоо – кыргызга мүнөздүү улуттук мотив”.

Айтор, буга чейиңки айтылган ой оролун көңүлгө тутуп, Г. Д. Гачевдин сөзү менен айтканда, кыргыз элинин кылымдар кыйырынан келаткан көрөңгөлүү поэтикалык түшүнүктөрү боюнча ат «адам тарабынан жаратылган жасалма дүйнө менен жапан жаратылышты бири бирине жалгаштырган ортомчу сыңары. Ат сыяктуу эле, адам да табигат менен «искусство» ширөөсүнөн бүткөн эки ортодогу жан болгондуктан, демек, ал үчүн аттан ашкан ынак, андан артык аздек жок».

Ч. Айтматовдо да Гүлсары — Танабайдын жан жолдошу, адамдан жакын азиз досу. Шексиз, буга калкыбыздын салт-санаасындагы жана аң-сезиминдеги ат менен адамды ажыратпай караган өзгөчө концепция кайсы бир даражада өбөлгө болгон.

Маселенин ушул жагына убагында сынчы Л. Якименко да кайрылып, «Гүлсараттын» сюжеттик негизинде эпикалык структура турганын, Гүлсары жорго менен Танабай жылкычынын таржымалы, ал таржымалдын түпкү төркүнү элдик ырларда, эпикалык уламыштарда эчен ирет иштелген поэтикалык жагдайда жатканын» учкай эскерткен эле.

Бул, албетте, повесттеги ат менен адамдын айкалыш тагдыры жана бкйнеси жалаң гана улуттук традициянын шарапатынан бүттү дегендик эмес; антүү бир беткейлекти билдирмек.

Ошон үчүн биз повесть тууралуу сөз баштаар алдында Гүлсарат менен Танабайдын эгиз түгөй образы эң оболу дүйнөлүк рухий, анын ичинде, эстетикалык маданияттын алдыңкы салттарында тарбияланган азыркы жаңыча көркөм аң-сезимдин туундусу экенин атайын белгилегенбиз.

Лев Николаевич Толстой (1828—1910).
Лев Николаевич Толстой (1828—1910).

Анын үстүнө, адам менен айбанаттын ар кыл кырдаалдардагы өз ара алакасын көрсөтүүгө арналган көркөм чыгармалар адабият тарыхында
деле аз эмес. Башкасын айтпаган күндө да, К. Асаналиев адилет
белгилегендей, дүйнөлүк адабияттагы терең психологизмдин чыгаан устаты, даңазалуу Лев Толстойдун түздөн-түз ат турмушу тууралуу жазылган "Холстомер" аңгемесинен же Түгөлбай Сыдыкбековдун «Тоо арасында» романындагы айтылуу Айсарала менен Ыманбайдын бештен белгилүү образдарынан (айтмакчы, «Тоо арасынданын» экинчи китебин орус тилине которгон Ч. Айтматов эмеспи), болбосо, Ашым Жакыпбековдун “Айгашка” баянынан Ч. Айтматов кантип эле кабарсыз калсын?

Белгилүү го, айбанат дүйнөсүн антропоморфтоштуруу жана аны адам дүйнөсү менен карым-катнашта көрсөтүү Л. Толстойдун психологиялык методунун маанилүү көркөм принциптеринин бири. Ырасында да, анын чыгармаларында ат да, ит да, атургай дуб да адам сыяктуу сезип-туюу жана ой жүгүртүү касиетине ээ; бүт табигат жандуудай.

Бул өзгөчөлүк Л.Толстойдун дүйнөгө көз-караш системасындагы мындай бир бөтөнчөлүккө да байланыштуу: улуу жазуучу айкөл гуманист катары адам баласынан жаратылыштагы жан бүткөндүн баарысын жүрөгүндө алпештеген асылзаадалыкты жана назик сезимталдыкты күткөн.

Пенденин пейили агарса, ааламдын бир да макулугу андан азар тартпаса деп тилек кылган. «Холстомер» Толстойдун чыгармачылыгын баштан аяк аралап өткөн ушул өзөк идеянын бир көрүнүшү. Ч. Айтматовдун «Гүлсараты» менен андан кийиңки «Ак кеме» повестин астыртан азыктандырган да мына ошол Л. Толстой катуу карманган
философиялык-ыймандык көз-караш.

Адабиячы Л. Новиченко менен болгон маегинде ал тууралуу Ч. Айтматов өзү мындай дейт: «...Адамдын жан дүйнөсүндөгү жакшы сапаттар (жапакечтик, ак пейилдик, асылдыкты түшүнө билүү) анын жаратылышка жасаган мамилеси аркылуу да өркүндөөрүн эске алуу керек».

Арийне түпкү концепция жана атты антропоморфтоштуруп аңдоо ыкмасы жагынан анча-мынча жакындашса да, а бирок проблеманы
конкреттүү, көркөм чечмелешке келгенде, Толстой менен Айтматов бири
биринен кыйла айырмаланышат.

Эмне дегенде, «Холстомер» менен «Гүлсарат» жалаң гана жалпы адамзаттык идеялар менен түбөлүктүү маселелердин түп жайын чагылдырган чыгармалар эмес. Алардын ар биринин эстетикалык-көркөм структурасы менен негизги идеялык мазмунуна ири алды өз мезгилдеринин, жана ошол мезгил туундулары болушкан авторлордун, ошондой эле, улуттук традициялардын кайталаңгыс тамгасы басылган.

Холстомер аттуу жылкынын өз таржымалын айткан узун сабак кайгылуу баянынан биз баарыдан мурда а кездеги адилетсиз турмуштун думуктурган рухун туябыз. Адамдар арасында жеке менчикчил мамилелердин араанын ачкан андай коомдук атмосфераны ашкерелеген Толстойдук идеяларды эшитебиз. Социалдык дүйнө менен табигат дүйнөсүнүн бири биринен таптакыр жатыркап калган таасын ажырымына күбө болобуз.

Ал эми Ч. Айтматовдун повестинин идеялык-көркөмдүк пафосу болсо, ушундай кедерине кеткен кейиштүү жашоо жагдайын караманча жаңыртып, кайра куруу жолунда кездешкен ар кандай карама-каршылыктарды жана кыйынчылыктарды адам менен аттын параллель тагдыры же образы аркылуу аңдоого негизделген.

Толстойдун Холстомери өңдүү Гүлсары да бүт айбандык туруш-турпаты жана жорук-жосуну менен сүрөттөлгөн өзүнчө кейипкер; биз реалдуу турмушта көрүп-билип жүргөн кадимки эле жылкы жаныбар.

Экинчи жагынан, ал да Холстомер сыяктуу жапайы жаратылыштын жаркын символу. Бирок ошону менен бир катарда, Гүлсары Танабайдын жан-дилиндеги эң бир таза, ыйык сезим-туюмдардын жана табигый ышкы- кумарлардын каймана тунтмасы дагы. Бу жагынан ал Толстойдун атактуу атынан айтаарлык айырмаланат.

Дал ушул адам баласы (Танабай) менен жаны бирге сүрөттөлүшү, бир
эле учурда конкреттүү турмуштук, аллегориялык-метафоралык жана
философиялык-символикалык ыңгайда аңдалышы, башкача айтканда, кат-кат маани камтыган татаал синтетикалык образ экендиги аны (Гүлсаратты) Холстомерден да, Айсараладан да, Айгашкадан да айырмалуу өзгөчө абалга коёт.

Кыргыз жазуучулары Кремлде. Солдон: К.Жусупов, К.Артыкбаев, С.Жусуев, Ч.Айтматов, Т.Сыдыкбеков, З.Сооронбаева, М.Абылкасымова, Т.Касымбеков, М.Мураталиев. Маскөө ш., 1986-ж
Кыргыз жазуучулары Кремлде. Солдон: К.Жусупов, К.Артыкбаев, С.Жусуев, Ч.Айтматов, Т.Сыдыкбеков, З.Сооронбаева, М.Абылкасымова, Т.Касымбеков, М.Мураталиев. Маскөө ш., 1986-ж

Сөз жок, Т. Сыдыкбековдун «Тоо арасында» романында да адам менен аттын эриш-аркак таржымалы баяндалган. Бирок бул сырткы гана түспөлдөштүк. А чындыгында, Ыманбай менен Айсарала, жана алардын өз ара мамилеси анда таптакыр башкача идеялык-эстетикалык планда сүрөттөлгөн. Экөөнүн кулк-мүнөзү жана көргөн күнү окшош болгону менен, Ыманбай да, Айсарала да ар убак өз арбайын согушат; бири бирине жемин жедирбешке аракет кылышат; кадимкидей эгешип эрегишет; ар кимиси керт башынын гана кызыкчылыгын көздөп, айтор, ымалалары анча келишпейт.

Сөздүн ток этээр жерин айтканда, «Тоо арасында» романында ат менен
адамды жамандык-жакшылыкта ажырашпас дос, кыйышпас жан жолдош
кылып көрсөткөн, жана Ч. Айтматов тарабынан «Гүлсаратта» азыркы заман талабына ылайык жаңыча көркөм-идеологиялык негизде кайрадан аңдалып асылдандырылган эзелки семантикалык структуранын тетиринче же пародияланган модели берилген.

Ч. Айтматовдо болсо, ат адамдан ажырагыс. Гүлсарат — Танабайдын жан дүйнөсүнүн поэтикалык символу сыңары. Бул эки бейне чыгарманын башынан тартып аягына чейин маңдай-тескей коюлган кош күзгү сымал бири-биринин өмүр-тагдырларын жана жан сырларын өз ара чагылдырып жүрүп отурушат.

Айтматов айбанат (Гүлсарат) менен адамдардын карым-катнашындагы ар кандай жагдайлар аркылуу жашоо-турмуштагы реалдуу мамилелерди жана ашкан маанилү ыймандык-философиялык маселелерди аңдайт. Албетте, ал аны менен айбанатты идеал тутуп жаткан деле жери жок.
Тек, өздөрүнүн эгоистик мүдөө-кызыкчылыктарын ишке ашырыш үчүн
эчтемеден кайра тартпаган жана жийиркенбеген айры буттуу адамдарга
караганда, айбан мал болсо да, ат жаныбар алда канча асылзат экенин айтып жатат.

Арийне Ч. Айтматов Гүлсарыны, айталы, Толстойдун Холстомеринчесинен өз жашоо жагдайы туурасында ойлонтуп философчулук кылдыруудан алыс. Анткени ат Айтматовго баарыдан мурда жаратылыштын өкүлү жана ушул туруш-турпатында Танабайдын тубаса ышкы-сезимдеринин табигый туюнтмасы катары маанилүү.

Ошондуктан Гүлсарынын жан дүйнөсүн ал анын айбанаттык аң-сезиминин алкагында гана, башкача айтканда, эч бир апыртпастан жана жаратылыштын өзүндөй жасалмасыз туюндурат.

Гүлсарыны ал жаратылыштын сезимтал жан-дили жана унчукпас «тили» шекилинде сүрөттөйт. Айлана-чөйрөгө аттын көзү менен кароо аркылуу Айтматов ошондой эле, адам баласынын баам-парасатына уруна бербеген не бир керемет элестердин, назик добуштардын, адеми түстөрдүн жана ажайып жыттардын «образдарын» чагылдырган өзгөчө поэтикалык призмага да ээ болгон. Ошондуктан Гүлсаратсыз повесть жана анын баш каарманы Танабайдын өмүр таржымалы, чындыгында да, ойдогудай орошон идеялык-эстетикалык маани-маңызга ээ боло алмак эмес.

Калык Ибраимов. 2016.
Калык Ибраимов. 2016.

Чыңгыз Айтматовдун бул чыгармасы, чын-чынына келгенде, адам менен
айбанаттын эриш-аркак тагдырын эстетикалык аңдоо аркылуу элдик
турмуштун тээ тереңдеги табигый жана рухий башат-тамырларын
тастыкташка айрыкча басым жасаган азыркы адабияттагы анималисттик
тенденцияны көп жагынан жаңылап күүлөгөн күчтүү, көркөм детонатор
болду.

Калык Ибраимов,
мурдагы СССРдин Жазуучулар союзунун жана азыркы Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү,
мурдагы Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты, философия илимдеринин кандидаты,

Башка макалалардын толук тизмеси

Интернет жылдызына айланган кондуктор

Шохрух Илхомжон уулу.

Жүргүнчү менен англисче сүйлөшкөн кондуктор катары элге таанылган Шохрух Илхомжон уулу дүйнө кезүүгө камынып жүрөт.

Орусияда англис тилин билген кондуктор катары Интернетте жылдызы жанган кыргызстандык карапайым элеттик жигит эл аралык спорт мелдештеринде да ыктыярчы болуп жүрөт.

Жакында Италияга барып келди. Мындан ары башка мамлекеттерге саякаттап, китеп жазууга камынып жатат.

Орусиянын Красноярск облусунда кондуктор болуп иштеген кыргызстандык 22 жаштагы Шохрух Илхомжон уулунун жүргүнчү менен англис тилинде баарлашып жаткан видеосу 2019-жылдын февралында Интернетке чыккандан кийин телеканалдар ал жөнүндө баян жасап, башкаларга жакшы маанай тартуулаган жигит катары мүнөздөшкөн.

Айрым журналисттер Шохрухту соцтармактагы “Amir Ilham” деген каймана атынан улам аны Амир деп, кээ бирлери Шохун деген жаңы ысым да ыйгарып, казак жараны катары тааныштырып жиберген.

“Тарыхтагы Амир Темир деген белгилүү колбашчынын урматына Интернет желеге атымды “Амир” деп жазып койгом. Европадагы жана Орусиядагы башка улут өкүлдөрү үчүн өз атымды айтканга караганда, “Амир” дегени оңой. Документтеги аты-жөнүм - Шохрух Илхомжон уулу”, - деди Шохрух.

Ал Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Масы айылында туулуп, карапайым үй-бүлөдө өскөн. Кыштактагы №3 орто мектептин орус классын аяктаптыр. Орусиядагы миграттардын катарын толуктап, автобуста кондуктор болуп жүргөндө жүргүнчүлөрдүн бири аны менен англисче баарлашкан.

Ал Шохрухту тамашага салуу максатында сүйлөгөнүн, англис тилинде жооп берерин күтпөгөнүн айтып “Фейсбукка” пост жарыялаган. Андан кийинки жашоосундагы өзгөрүүлөр жөнүндө Шохрух минтип сүйлөп берди:

“Адамдардын мамилеси өзгөрдү. Борбор Азиядан келген мигранттарга бул жактагы жергиликтүү элдин мамилеси суз эле. Ошол көрүнүш бир аз жоюлгандай болду. Чет элдиктер Кыргызстандын жакшы жактары жөнүндө сүйлөгөндө менин да атым аталса деп ниет кылчумун. Кондуктор окуясы ошол кыялымды ишке ашыргандай болду. Ата-энем жөнүндө, менин жашоо-турмушум жөнүндө сурагандар көбөйдү”.

Шохрух спортко кызыгат. Красноярскиге да ал жактагы универсиадага кыргызстандык ыктыярчы катары барып иштеп калганын айтты:

“Быйыл апрелден тарта кондуктор болуп иштебей жатам. Себеби, кунг-фу менен машыгам. 27-28-апрелде Бишкекте Кыргызстандын ачык чемпионаты болду. Катышып, биринчи орунду алдым. Анан айылыма барып, ата-энемдин жанында болдум. Кайра Орусияга жөнөп, андан ары Италиянын Неаполь шаарына аттандым. Ал жерде жайкы универсиадада ыктыярчы болуп иштеп келдим”.

Шохрух достору менен.
Шохрух достору менен.

Шохрух универсиадаларда ыктыярчы болуп иштөөнүн тартибин Интернеттен таап эле, анкета толтуруп катышып жүргөнүн кошумчалады. Чыгымдарын Орусияда жумуш кылып, топтогон каражаты менен жабат. Азыр башка мамлекеттерге саякатка чыгуунун жолдорун издеп жатат:

“Бала кезде журналист болууну каалачумун. Бирок жогорку билим ала албадым. Азыр өзүмө өзүм журналистмин. Эл кезем, ар кайсы калктардын жашоо-шартын көрөм, сүйлөшөм. Алар менен баарлашып, ар биринен ар кандай сабак алам. Келечекте көргөн-билгендерим жөнүндө китеп жазам.

Кыргызстанды эч жерге алмаштырбайм. Чын айтсам, 2016-жылы Орусияга келгенде орус жарандыгын алууну көздөгөм. Эгер колумда орус паспорту болсо, башка мамлекеттерге визасыз барууга мүмкүнчүлүгүм көбүрөөк болот деп ойлогом. Атам буга каршы болуп “Анан өзүң туулуп-өскөн мамлекетке конок катары гана келип-кетүүнү каалайсыңбы?”, - деген сөзүнөн улам ал оюмдан кайткам. Кыргызстандын паспорту менен деле каалаган мамлекетке бара алам”.

Шохрух эне тили - өзбекчеден тышкары, кыргыз, орус, англис, казак, түрк тилдеринде эркин сүйлөйт. Баарын окуучу кезинде кошумча китептерден, курстардан үйрөнгөн. Бул үчүн атасы шарт түзүп, такай көзөмөлдөгөнүн кошумчалады. Азыр чечен тилин өздөштүрүп жатат:

“Аракет кылсаң берекет болот. Эгер кандайдыр бир кыялым болсо, мен ага жетишим керек. Себеби, мен аны каалап жатпаймынбы. Демек, аракет кылыш керек”.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Ысык-Көл: өрүктүн баасы өйдөлөй элек

Ысык-Көл: өрүктүн баасы өйдөлөй элек
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:16 0:00

Алматыда журналисттерге кол көтөрүштү

Окуя болгон жерге келген полиция кызматкерлери. 22-июль, 2019-жыл

"Азаттык" радиосунун казак кызматынын кабарчылары жана башка да журналисттер Алматы шаарында кол салууга дуушар болушту. Алматы шаардык полициясы журналисттерге кол көтөргөн окуя боюнча Кылмыш кодексинин «Өзүмбилемдик» беренесине ылайык, сотко чейинки тергөө иши башталганын кабарлады.

22-июлда Алматыдагы Казакстандын адам укуктары бюросу жайгашкан имараттын жанында белгисиз аялдар “Азаттыктын” казак кызматынын журналисти Нургүл Тапаеваны бир чаап, оператор Токмолда Кусаиновдун видеокамерасын сындырган.

"Азаттыктын" журналисттери Казакстандын адам укуктары бюросунда саат 11де «Мамлекет энелер жана балдар менен күрөшүп жатат» деген темадагы маалымат жыйынын тартууга келген.

Анда өлкөдө тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылына катышы бар деген шек менен 4-июлда кармалган көп балалуу эне Оксана Шевчук менен жалгыз бой энелер Гүлзипа Жаукерова жана Жазира Демеуованын үстүнөн козголгон кылмыш иштери тууралуу маалымат айтылмак.

Аялдар ызы-чуу салгандан кийин маалымат жыйыны өтпөй калды. Жаалданган аялдар Оксана Шевчуктун кызын көтөрүп жүргөн анын апасына да кол көтөрүшкөн.

Укук коргоочу Сергей Дувановдун айтымында, 20 чакты аялдан турган топ пресс-конференциянын алдында кеңсеге келип, чуу чыгарышкан. Алар түрдүү маалымат каражаттарынан келген журналисттердин ишине тоскоолдук жаратып, смартфондоруна, камераларына зыян келтиришкен.

Журналисттер чабуулга кабылганы тууралуу полицияга кабарлашкан, бирок тартип сакчылары окуя болгон жерге жарым сааттан кийин гана келген.

Бул учурда кол салган аялдар имараттан чыгып кетүүгө үлгүргөн. Полиция бир гана аялды кармаган.

Журналисттерге кол салган аялдар.
Журналисттерге кол салган аялдар.

"Азаттык" радиосунун, "КазТаг" агенттигинин кабарчылары полицияга арыз жазды. Тергөөчү полиция чабуулдун жөн-жайын аныктап, көзөмөл камераларындагы видеолор менен тааныша турганын убада кылды.

Журналист Инга Иманбай казакстандык журналисттер кесиптик укугун коргоо үчүн биригиши керек деп эсептейт:

"Бизге полиция, тиешелүү органдар көмөктөшпөсө, кесиптик ишибизди коргоо менен өзүбүз алектенишибиз керек. Бийлик органдарынын бул ишти акырына чейин жеткизип, чуу чыгарып, журналисттердин жумушуна тоскоол келтиргендерди жоопко тартканына көзөмөл кылышыбыз зарыл".

Ал эми «Жас алаш» гезитинин башкы редактору Руслан Ерботанын пикиринде, кесиптик кызматын аткарып жүргөн журналисттердин ишине тоскоолдук жаратуу - бул кылмыш:

"Журналисттин колундагы шаймандарын тартып алып, кылмышка барышты. Ал эми кылмыш кылган адамдарга жоопкер органдар чара көрбөй турган болсо, алар кылмышкерлерди колдоп отурат деп түшүнүү керек".

Сөз эркиндигин коргогон “Адил сөз” уюмунун серепчиси Галия Аженова журналисттерге кол көтөргөндөр атайын тапшырманы аткарып жатышы мүмкүн деди.

"Топ-топ болуп келип, ишти ойрон кылып, тым-тыракайын чыгарышты. Биз ошону гана көрүп жатабыз. Мунун артында үлкөн адамдар тургандай ой жаралды. Жергиликтүү бийлик, тиешелүү органдар ушул суроого жооп бермейинче, коомдо күмөндүү ойлор күчөй берет".

6-июлда Нур-Султан шаарында да белгисиз адам "Азаттыктын" кабарчыларына калемпир газын чачыраткан. Анда журналисттер полициянын демонстранттарды кармап жатканын тартып жүрүшкөн.

Окуя болгон жерде жүргөн полиция өкүлдөрү “Азаттыктын” кабарчыларынын бетин жаап, кол чатыр кармаган белгисиз адамдардын журналисттерге тоскоолдук жаратып жатканы тууралуу арыз-өтүнүчтөрүн жоопсуз калтырган.

16-июлда “Азаттык” полициянын аракетсиздиги боюнча бул өлкөнүн Башкы прокуратурасына арыз жазган. Ага азырынча жооп келе элек.

"Эркин Европа/Азаттык радиосу" медиакорпорациясы Казакстандагы журналистерине жасалган тоскоолдукту "Көз карандысыз журналисттерге кысым жана саясий окуялардан кабар таратууга аракеттенген маалымат каражаттарын көзөмөлдө кармоо аракети" деп баалаган.​

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Орусия: акча которууга дагы чектөө кирди

Иллюстрациялык сүрөт.

«Western Union» системасы Орусиядан тышка акча которууга чектөө киргизди.

22-июлдан тарта «Western Union» аркылуу Орусиядан башка чет өлкөгө бир адам айына 600 миң рубль гана жөнөтө алат.

Жаңы эреже акчанын изин жашыруу, терроризмди каржылоо менен күрөшүү мыйзамынын алкагында кабыл алынган. «Western Union» мындай чектөөнү Орусиянын Улуттук банкынын тапшырмасы менен киргизген.

Улуттук банк бул чектөө көмүскө операцияларга бөгөт коюу, каттоодон өтпөгөн ишкерлер менен күрөшүү үчүн кабыл алынып жатканын белгиледи.

Банктын өкүлү Алма Обаева акча которуучу компания тескөөчүнүн сунуштарын ишке ашырганын айткан.

«"Western Union" акча которуу багыттары башка системаларга салыштырмалуу кыйла кеңири, андыктан ишкерлер аны көмүскө импорттун акысын төлөө үчүн колдонушу мүмкүн. Мындай көйгөй бар, Улуттук банк "Western Union" аркылуу акча которуулардын көлөмү менен багыттарын карап чыгып, шек жараткан операцияларды аныктаса керек», - деген Обаева РБКга курган маегинде.

«Western Union» аркылуу дүйнөнүн 200дөй өлкөсүнө акча жөнөтүүгө болот. Азырынча Орусиядагы «Золотая Корона», «Contact», «Юнистрим» системаларына мындай чектөө киргизилгени кабарлана элек. Орусиянын Улуттук банкынын маалыматына ылайык 2018-жылы өлкөдөн чет жакка бул системалар аркылуу 9 миллиард доллардан ашык каражат которулган.

Адистердин баамында «Western Union» системасынын чектөөсү катардагы мигранттарга таасирин тийгизбейт.

Буга чейин апрелде Орусиядан Казакстан, Кытай, Вьетнам, Кыргызстанга акча которууга айына 100 миң рублдик чектөө коюлган.

Адистер анда бул кыргызстандык ишкерлер менен соодагерлерге тоскоолдук жарата турганын белгилешкен.

Кыргызстандан Орусияга товар ташып иштеген Эрнист Садиев учурда кыргызстандык ишкерлер ашыкча чыгым тартып жатканына токтолду.

"Биз күн алыс Москвага келген товарга акча салып турабыз. Чек койгондон бери ар кимге барып, «акча салып койгула» деп жүрөбүз. Чынын айтканда, кайрыла турганга киши деле калбай калды. Анан өз ара эсептешүүгө өттүк, бул дагы коркунуч. Ортодо кызмат сунуштаган жеке банктар пайда болду. Албетте, алардын кызматы кымбат. Мындайча айтканда, мурда 100 миң рубль которуп, миң рубль кошумча төлөсөк, азыр чыгым үч-төрт эсеге көбөйүп кетти. Соодада иштегендердин баары эле кыйналып жатат".

Экономисттер акча которуудагы мындай чектөө чакан жана орто бизнестин ээлерине оорчулук жаратып, акчаны мыйзамсыз ташуу күч аларын мурда эле эскертишкен.

Максим Блант
Максим Блант

Москвалык экономист Максим Блант орус өкмөтү каржы рыногуна көзөмөлдү мындан ары да күчөтө турганын белгилейт.

"Эки тенденция бар. Биринчиден, орус өкмөтү көптөн бери эле адамдардын бардык каржылык операцияларын тыкыр көзөмөлгө алууга аракет кылып келет. Бул адамдардын жеке акчасы экени эч кимди кызыктырбайт. Экинчиден, орус бийлиги азыр кризиске активдүү даярданып жатат. Мындай чектөө бир гана акча которууда эмес, салык-жыйымдарга, банктык эсептерге чейин кирип жатат. "Western Unionдун" 600 миң рублдик чектөө киргизгени жөнөкөй эле мисал. Абал мындан ары да оорлоп, чектөө кире берет. Каржылык чектөөлөрдөн буйтап өтүүнүн бир жолу бул - блокчейн", - деди Максим Блант.

22-июлда Орусиянын экономикалык өнүгүү министри Максим Орешкин «Эхо Москвы» радиосуна курган маегинде орус экономикасындагы абалга үстү-үстүнө насыя алган калкты айыптаган.

Элдин банкка карызы 15 трлн. рублдан ашканын белгилеген министр бул карыздардын айынан 2021-жылга карата өлкөнүн ички дүң өндүрүмү үч пайызга кыскарып, Орусияда экономикалык кризис башталарын болжогон.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Чек арадагы абал

22-июлда кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан кыргыз тараптан 15 киши жабыркап, бир тажик жараны каза тапканы кабарланды.

«Коопсуз шаар» 170 миллион сом чогултту

«Коопсуз шаар» долбоорунун камералары. Бишкек шаары.

«Коопсуз шаар» долбоору ишке киргенден бери 300 миңдей жол эрежесин бузуу катталып, андан 170 миллион сомдой айыппул чогулган. Жазананын жарымынан көбү чогула элек.

Өкмөт дээрлик жарым жылдагы бул көрсөткүч жол кырсыктарын кескин азайтканын билдирүүдө.

Бирок ошол эле кезде долбоордун алгачкы жыйынтыктарына карата сын азайган жок.

Төрт-беш айдын жыйынтыгы

Эгер «Коопсуз шаар» долбоору ишке кирген беш айдан ашыгыраак убакыттан берки жол эрежесин бузуу фактыларын санасак, толук 312 миң 158ди түзөт. Мунун 4-мартка чейин катталган 18 миң 600үнүн айыппулу алгач кечилип кеткен.

Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Тилек Исаев андан берки көрсөткүчтөрдү эсептеп берди.

«Бүгүнкү күндө «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында Чүй облусунда жана Бишкек шаарында 110 аппараттык-программалык комплекс штаттык режимде иштеп, жол эрежелерин бузууларды каттап жатат. 4-марттан бүгүнкү күнгө чейин 293 миң 558 жол эрежесин бузуу катталды. Анын ичинен 130 миң 578 факт боюнча айдоочулар айыппулун мамлекеттин эсебине төлөштү. Ошентип жалпы жонунан 171 миллион сомдон ашык акча казынага түштү», - деди ал.

Исаев аталган сумма жалпы айыппулдардын 44% түзөрүн, калган бөлүктү чогултуу түрдүү себептерден улам кечеңдеп жатканын кошумчалады.

Ал жазаналардын тууму өсүп, негизги айыппулдун көлөмүнөн ашып кеткен фактылар бар экенин, алар боюнча иштер жакын арада сот аткаруучуларга жиберилерин билдирди. Мындан сырткары мекеме өкүлү айыппулду убагында төлөбөгөндөрдүн автоунааларына чектөө киргизилерин эскертти.

Тилек Исаев.
Тилек Исаев.

Тилек Исаев жалпы жонунан төрт-беш айдын жыйынтыгы менен «Коопсуз шаар» долбоору өзүн актады деп ишендирүүдө.

«Аппараттык-программалык комплекстер коюлгандан бери Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында жол кырсыктары 65-70% кыскарганы белгилүү болду. Жана ошол камера орнотулган жерлерде адам өмүрүн алган кырсыктар жокко эсе болду. Бул долбоор адам өмүрүнө коркунуч келтирген жол кырсыктарын алдын алууга жана болтурбай коюуда өтө чоң мааниге ээ болду жана ушул аралыкта өзүн толук актаганын көрсөттү», - деди Исаев.

Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы кырсыктар азайганын айтканы менен толук сандарды келтирген жок.

Мунун алдында өкмөткө караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын кезектеги жыйынында мас абалында жол кырсыктарына кабылуунун саны саны жарым жылдын жыйынтыгы боюнча үч эсеге азайганы айтылган.

Былтыр бул көрсөткүч 5 миң 911ди түзсө, быйыл жыл башынан бери 2 миң 211 факты катталганы айтылган. Бирок бул жалпы өлкө боюнча алынган көрсөткүч экени жана анын кыскарышына негизинен Тартип бузуу жөнүндөгү кодекске аталган категория үчүн айыппул 17 500 сом деп көрсөтүлгөнү себеп болгону белгиленген.

Кемчиликтер жоюла элек

Албетте, «Коопсуз шаардын» камералары иштей баштагандан бери эле долбоор бир катар кемчиликтердин башын ачты жана мамлекеттик органдар аларды чечүү аракеттерин көрүп жатканына ишендирүүдө.

Бирок адамдардын жана автоунаалардын каттоосуна байланыштуу жагдай курч бойдон калып келет. Башкача айтканда, тургундар катталган жерде жашабаганы жана ишеним каттын негизинде сатылган транспорттор ээлерине толук өткөрүлбөгөнү көйгөй жаратууда.

«Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын почта кызматы жана логистика бөлүмүнүн башкы адиси Ырыскүл Жазакова бул көйгөйлөрдүн айынан 50 миңдей эреже бузуу боюнча кабар айдоочуларга жете электигин мойнуна алды.

Ырыскүл Жазакова.
Ырыскүл Жазакова.

«Негизи биз «Коопсуз шаар» долбоору боюнча 7-марттан тарта иштеп баштаганбыз. 21-июлга чейин 246 миңден ашык кат алдык. Анын 60% Бишкек шаарынын ичинде, 30% Чүй облусуна жана калганы өлкөнүн башка аймактарына туура келет. Ошентип, жалпы “Бакыт каттарынын” 147 миңден ашыгы колдоруна берилди. Мындан сырткары 50 миң кат Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын аймактык бөлүмдөрүнө кайтарылды. Анткени алардын даректери туура эмес чыккандары бар, көбү кат жөнөтүлгөн даректе башка киши жашаган болуп чыкты. Каза болгон, каттоодон убактылуу чыгып кеткен адамдар бар. Мындай учурларда биз катты мыйзамга ылайык 30 күн кармап турабыз да, кайра кайтарабыз. Машинесин сатып жибергенин айтып, катты алгандан баш тарткан адамдар бар. Башында баш тарткандар көп болуп жаткан, бирок азыр автоунааны өзүнүн атынан чыгаргыча мүлк аларга тиешелүү экенин түшүндүрүп, тапшырып жатабыз».

Мындан сырткары коомчулукта жол белгилери, аларды аткаруу талаптары жана айыппулдардын өлчөмү тууралуу да нааразылык көп болуп келди. Айдоочулар Кыргызстандын реалдуу шартында 2-3 миң сомдук жазананы төлөө оор болуп кеткенин, катар-катар орун алган учурда анын суммасы акылга сыйбай жатканына даттанып жатышты.

Кыргызстандык айдоочулар уюмунун төрагасынын орун басары Дүйшөналы Токтакунов «Коопсуз шаар» жол кырсыгын төмөндөтүү максатында эмес, коммерциялык максатта иштеп калганын айтууда.

Дүйшөналы Токтакунов.
Дүйшөналы Токтакунов.

«Албетте, долбоорду жеңип алган компания акча табуу максатында иштеп жатат. Бирок бул жерде мамлекеттин позициясы акча табуу эмес, жол кырсыктарын азайтуу, адам өлүмүн алдын алуу болушу керек эле. Мамлекет «мынча акча таптык, мынча акча түштү» деп коммерцияны көздөп жатканы өкүнүчтүү. Буга далил катары жөнөкөй эле жол кесилишинде токтоо линиясына (стоп линия) 3 миң сом айыппул коюп койгонун мисал келтирем. Ал жерде дөңгөлөк өтөбү, же машиненин тумшугу өтөбү, параметрлер көрсөтүлгөн эмес. Мисалы бир жерде оңго же солго бурулса гана болот деген гана белги коюшту дейли, ал киши түз өтүп кетсе деле 3 миң сом айыппул жазылып жатат. Ал жерде жол чырак бар, линия бар, кооптуу тилке эмес, айдоочуга айып салуунун кереги жок болчу. Видеобайкоолор тууралуу алдын ала эскертүүчү жол белгилери коюлган эмес, камеранын жанына коюлган. Ал белги эскерткен жок да, анын эмне кереги бар? Бул да баары тартылсын, акча түшсүн деген максатта коюлганбы деген ойго түртөт экен».

«Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу боюнча тендерди былтыр утуп алган орусиялык «Вега» концерни» компаниясы долбоордун биринчи этабын быйыл 12-февралда баштаган.

Экинчи этабына карата тендер ушул айдын башында өтүп, ага төрт компания катышкан. Бирок анын жыйынтыгы жарыялана элек. Утуп алган компания 2019-жылдын аягына чейин долбоорду республиканын бардык аймактарында иштете башташы керек. Долбоордун экинчи этабы ишке ашса, жалпы өлкө боюнча 314 көзөмөл камера-комплекстери орнотулат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты

Кыргыз-тажик чек арасы.

22-июлда кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан кыргыз тараптан 15 киши жабыркап, бир тажик жараны каза тапканы кабарланды.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырда Кыргызстан тараптан 15 киши жабыркап, ооруканага түштү. Алардын 12си октон жараат алган, үчөөнө таш тийген. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, жабыркагандар арасында милиция, чек ара кызматкерлери, жергиликтүү тургундар бар.

Кыргызстандын чек ара кызматы 23-июлда кыргыз-тажик чек арасында абал тынч экенин маалымдады. Ок атышуу токтоду. Чек арадагы бардык кызматтар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

Учурда чыр чыккан аймакка вице-премьер-министр Жеңиш Разаков чыгып кетти. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, учурда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев Баткенде жүрөт.

Баткен облустук Ички иштер башкармалыгы кыргыз-тажик чек арасындагы 22-июлдагы чыр боюнча кылмыш ишин козгоду.

Маалыматка караганда, бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз катчысы Дамира Юсупова кабарлады.

Чырдан улам 315 киши Баткен шаарына көчүрүлдү.

Бул тууралуу Кыргызстандагы "Кызыл жарым ай" коому Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткендеги бөлүмүнө таянып билдирди. Маалыматка караганда, 55 киши үй-бүлөлөргө, 260ы убактылуу уюштурулган лагерлерге жайгаштырылды.

Убактылуу лагерь аймактагы мектептерде ачылды. Коопсуз аймакка көчүрүлгөндөрдүн көбү аялдар жана балдар. "Кызыл жарым ай" коому чатыр, суу, тамак-аш жана жабыркагандарга гуманитардык жардам көрсөтүүдө.

Тажик өкмөтүндөгү ишенимдүү булак бир кишинин өмүрү кыйылып, алты адам жараат алганын “Азаттыктын” тажик кызматына билдирди.

Ворух кеңешинин Тожикон маалесинин башчысы Гафуржон Жураев кагылышуудан жергиликтүү бир тургун каза тапканын, дагы жети киши жараат алганын “Азаттыктын” тажик кызматына билдирди. Анын айтымында, окуяда кыргыз айылынын тургундары аңчылык мылтыктарды колдонсо, тажик тарап таш ыргыткан.

Каза тапкан киши 52 жаштагы жергиликтүү мугалим Жалолидин Кароев экени белгилүү болду. Жараат алгандардын арасында Согди облусунун Ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Абдурасул Шомирсаидов да бар.

Расмий маалымат боюнча 22-июль күнү саат кечки 17:20 чамасында Ворух айылынын кире беришинде Тажикстандын желектерин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кеткен. Ворух айылына чектеш Кыргызстандын Ак-Сай айылындагылар желектердин орнотулушуна каршы болушкан. Бул чатакта аңчылык мылтыктан ок атылган.

Учурда Исфара – Ворух авто жолу жабык турат. Чатак чыккан жерде Кыргызстандын чек ара кызматынын аскерлери жүрөт. Эки тарап чырдын себептерин иликтеп, жаңжалдын уланып кетпеши үчүн алдын алуу иштерин жүргүзүп жатат.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр чыккан жер.

Чек ара чыры боюнча кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлү жана Тажикстандын Согди облусунун башчысы жолуга турганы маалым болду. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Алар чек арадагы Дача участогунда кездешери айтылды.

Кыргыз-тажик президенттери жолугабы?

Мунун алдында тажик маалымат каражаттары Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон ушул аптанын соңуна чейин Ворух анклавына бара турганын жазып жатышкан. Бул Рахмондун 1993-жылдан берки Ворухтагы алгачкы сапары болот деп мүнөздөлгөн.

Буга чейин Тажикстандагы “Азия-плюс” басылмасы өз булактарына таянып, тажик президенти Эмомали Рахмон менен Сооронбай Жээнбеков Исфарада жолугарын кабарлаган.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Тажикстанга жумушчу сапары менен баруу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын ырастады. Бул тууралуу Президенттик аппараттан маалымдашты. Анда эки тараптуу кызматташтык, анын ичинде чек ара меселеси талкууланмакчы. Президенттин аппараты эки президенттин жолугушуусунун убактысы жана орду такталып жатканын кошумчалады.

27-июнда президент Жээнбеков Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөшүп, кыргыз-тажик мамилелерин талкуулаган болчу. Анда президенттер ортодогу чек араны делимитация жана демаркациялоо процессин тездетүү тууралуу макулдашууга жетишишкенин кыргыз мамлекет башчысынын басма сөз кызматы кабарлаган.

4-июлда Сооронбай Жээнбеков Баткен районунун жана Баткен шаарынын тургундары менен жолуккан учурда аларды ар кандай чагымчылдыкка алдырбоого чакырган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Эгизбаевдин иштери эмгиче ачыла элек

Уланбек Эгизбаев.

«Азаттыктын» иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин көзү өткөнүнө 22-июлда туура бир жыл болду. Анын өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш иши учурда Ысык-Көл облустук сотунда каралып жатат.

Ал эми журналист көзү тирүүсүндө жасаган «Көрүстөндөгү коррупция» иликтөөсү боюнча козголгон дагы бир иш тергелип бүтүп, сотко өтүү алдында турат. Буга чейин ушул эле иликтөөнүн каарманы айыпка жыгылган болчу. Коомчулукта «маркум көрсөтүп, иликтеп кеткен мындан башка да коррупциялык иштер аягына чыкпай жатат» деген нааразы пикирлер бар.

Уланбек Эгизбаевдин каза болгон күнү маркумдун кичи мекени - Кочкордо эскерилди. Ага экс-президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин депутаттары, саясатчылар жана кесиптештери барышты.

Уланбек Эгизбаев былтыр 22-июлда Ысык-Көлдөгү «Акун» пансионатында эс алып жүргөн кезде сууга чөгүп, күтүүсүз каза болгон. Анын өлүмүнө байланыштуу пансионаттын администрациясына кылмыш иши козголуп, эс алуу жайынын эки өкүлүнө Жазык кодексинин 258-беренеси («Коопсуздук талаптарына жооп бербеген товарларды чыгаруу же сатуу, иштерди аткаруу же кызмат көрсөтүү») менен айып тагылган. Иш 2018-жылдын ноябрь айында сотко өткөн. Андан бери бери соттук териштирүү тууралуу кенен маалыматтар айтыла элек.

Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз катчысы Гүлзада Ашырбаева кийинки соттук жараян 7-августка белгиленгенин айтып, аны мындайча түшүндүрдү.

«Иш соттун демилгеси менен жылдырылган жок. Ага прокурорлордун өтүнүчү негиз болууда. Мамлекеттик айыптоочу сотко «Уланбек Эгизбаевдин аялы келип көрсөтмө берүүсүн» сурап жатат».

Ишти тергеген Ички иштер министрлиги (ИИМ) «Уланбек Эгизбаев сууга чөгүп каза болгон жана ал эс алган пансионатта коопсуздук эрежелери сакталган эмес» деген тыянакка келген. «Акундун» айып коюлган жооптуу кызматкерлеринин аты-жөнү ачык айтыла элек.

Эми Уланбек Эгизбаев көзү тирүүсүндө иликтеген коррупциялык иштерге карата күч түзүмдөрүнүн аракеттерине кайрылсак.

Коомчулукта резонанс жараткан «Көрүстөндөгү коррупция» иликтөөсү боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) кылмыш иштерин козгогон.

Май айында Финансы полициясы иликтөөдөгү көр сатуу фактылары аныкталганын жарыялап, ишти сотко жөнөткөн. Анда Бишкек шаардык аза кызматын көрсөтүү агенттигинин мурдагы жетекчисине, бригадирге, мурда иштеп кеткен жана учурда иштеп жаткан жумушчуларга - жалпысынан төрт адамга айып коюлган. Мекеме бул ишти баш-аягы бир жыл иликтеди.

Финансы полициясынын басма сөз катчысы Анастасия Пискур «Азаттыкка» аталган журналисттик иликтөө боюнча дагы бир кылмыш иши иликтенип бүтүп калганын кабарлады.

«Журналисттик иликтөө боюнча көрүстөндүн мурдагы жетекчисине байланыштуу сотко чейинки өндүрүшкө алынган дагы бир иш иликтенип бүтүп калды. Финансы полициясы ишти бир айдын ичинде сотко өткөрөт».

Уланбек Эгизбаевдин бул берүүсү былтыр 30-майда чыккан. «Көрүстөндөгү коррупция» телепрограммасында Бишкектин Түштүк-Батыш көрүстөнүндөгү коррупциялык схемалары ачык айтылып, кабырларды сатуу бизнеске айланып кеткени баяндалган.

Кийин аталган иликтөөдө бул фактыларды айтып берген Максат Баялиевге каршы Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн жетекчиси Чыңгыз Апасов жана бригадир Алихан Алиев «моралдык зыян тарттык» деп сотко арызданган. Ленин райондук соту февраль айында Баялиевди арыздануучуларга 10 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирген. Юрист Акмат Алагушев иликтөөдө сөз болгон жетекчилердин арызы тууралуу буларды билдирди.

«Сот «иликтөөдө аты аталган адамдар боюнча маалыматтар чындыкка дал келбейт» деп тапкан. Керек болсо аларга айып коюлуп, үстүнөн иш да козголбоптур. Ошондуктан биз сотто иликтөөдө айтылгандарды далилдей албай калдык».

Коомчулукта «Уланбек Эгизбаев көрсөтүп, иликтеп кеткен мындан башка да коррупциялык иштер аягына чыкпай жатат» дегендер бар. Саясатчы Равшан Жээнбеков Уланбек Эгизбаев көтөргөн темалар менен анын иликтөөлөрүндө айтылган коррупциялык иштердин бети ачылбайт деп эсептейт.

Равшан Жеенбеков.
Равшан Жеенбеков.

«Президенттик же биздин жумшак авторитардык система коррупциялык иштерди аягына чыгарууга жол бербейт. Ал жерде кичинекей топтун, бийликтин кызыкчылыгы үстөмдүк кылып турат. Эгерде массалык маалымат каражаттары, күчтүү жарандык коом, күчтүү оппозиция болбосо бийликте иштерди созуп, алаксытып маанилүү иштерди аягына чыгарбай койгонго мүмкүнчүлүгү чоң. Ошондуктан Улан жасаган иштер аягына чыгаарына ишенбейм, көзүм да жетпейт».

Уланбек Эгизбаев көзү тирүүсүндө «ЖЭБ: 386 млн. доллар кайда короду?», «Бажыдагы уурулук», «Темир жолдогу жемкорлук», «Музейге сарпталган миллиондор», «Мансаптуулардын жер бизнеси», «Саясатташкан мумия» жана башка ондогон иликтөөлөрдү даярдаган.
Ал жасаган иликтөөлөрдүн ичинен учурда Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоого байланыштуу козголгон кылмыш иши сотто каралып жатат.

Бул иште мурдагы эки премьер-министр баш болгон жалпы сегиз киши айыпталууда. Жылуулук борборду оңдоп-түзөөдө бюджетке 111 млн. доллар зыян келгени айтылган. Башкы прокуратура ал эми музейди реконструкциялоодо мамлекеттик бюджет 101,6 млн. сом зыян тартканын билдирип, алты адамга айып койгон. Бул ишти учурда сотто.

Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев Уланбек Эгизбаев иликтөөлөрүндө айтылган фактыларды убагында бийлик да моюнга алганын айтууда.

Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

«Уландын бардык иликтөөлөрүн коомчулук да, бийлик да моюнга алып, ага каршы эч нерсе айта алышкан эмес. Иликтөөлөр боюнча бирөө да сотко берген эмес. Ал ушундай иликтөөлөрү менен коомчулукту ойготуп койду. Улан иликтөөлөрү менен кээ бир адамдардын чыныгы жүзүн көргөзүп койду. Алар бийлик менен сүйлөшүп алган учурда да коррупциялык иштерди жасаганын, мыйзамсыз иштерди кылышканын эл билет».

Уланбек Эгизбаев 28 жашында көз жумган. Ички иштер министрлиги соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, журналист сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.

Бир жылда Уланбек Эгизбаевдин элесине арналган Журналисттик иликтөөлөр фонду түзүлдү. Фонд Кыргызстандагы иликтөө журналистикасын өнүктүрүү, коомдогу коррупциялык жана мыйзамсыз көрүнүштөрдү ашкере кылган демилгелерди колдоо жаатында иш жүргүзөт. Уюм иликтөөчү журналисттерге ыйгарылчу Уланбек Эгизбаев атындагы журналисттик иликтөө сыйлыгын негиздеген. Ал жыл сайын Эгизбаевдин туулган күнү - 12-февралда тапшырылат.

Уланбек Эгизбаевге арналган «Чындык деп жанган өмүр» аттуу китеп кыргыз жана орус тилдеринде «Азаттык Медиа» мекемесинин демилгеси жана «Сорос – Кыргызстан» фондунун каржылык колдоосу менен жарык көрдү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Илим казган кызга колдоо жок

Илим казган кызга колдоо жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:40:00 0:00

Сулуулукту даңазалаган “Акмөөр”

Сулуулукту даңазалаган “Акмөөр”
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:43 0:00

Акмөөр жана Соң-Көл

Дастанга айланган Уланбек

«Чындык деп жанган өмүр» китеби

Уланбек Эгизбаевдин «Чындык деп жанган өмүр» китебине камтылган эскерүүлөрдөн үзүндүлөр.

Сооронбай Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын президенти:

- Маркум Уланбек Эгизбаев жаштыгына карабастан, мааниси терең, далилдүү фактыларга таянган журналисттик иликтөөлөрүндө коомдогу курч маселелерди көтөрүп, өлкөнү мите курттай соруп келе жаткан коррупцияга каршы күрөштө мамлекетибизге чоң колдоо көрсөтүп келди.

Роза Отунбаева, Кыргыз Республикасынын экс-президенти:

- Биздин балабыздай болгон жаш жигит. Бирок 28 жаштагы Уланбек көп нерселерди жасоого үлгүрүп кетти. Ал – биздин Данко! Кыргыз журналистикасынын бийиктиги менен күчүн көрсөткөн азамат. Ал таза, калыс Чындыктын өзү болчу.

Венера Жуматаева, "Азаттык" радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси:

- "Азаттык" радиосунда иштеген туптуура беш жыл ичинде Уланбек Эгизбаев Кыргызстандын булуң-бурчун түрө кыдырып, эң аярлуу, чукул жардамга, колдоого муктаж, же тегерегиндеги элден башкача жашаган, кандайдыр ички терең баалуулуктарды аздектеген каармандарды таап, аларды видеого тартып, радио, телеге алып чыгып, баарыбызды таң калтырып келди. Элдин баары сөз кылган, бирок эч ким даап казып чыкпаган коррупциялык иштердин бетин ачып, ондогон иликтөө программаларын даярдады. Кыргыз тилиндеги журналисттик иликтөөнүн деңгээлин көтөрдү. Жалпы эле Кыргызстандагы эр жүрөк, чынчыл журналистиканын символуна айланды.

Айзада Касмалиева, "Азаттык" үналгысынын Бишкектеги кеңсесинин директору:

- Кесиптешибиз Уланбек Эгизбаевдин журналистикада калтырган мурасы мына ошондой бийик парзды аркалаган күчтүн жаралышына дем берип, өсүп келаткан жаш муун үчүн ар дайым үлгү болушу керек. Уланбек Эгизбаевдин атын, жаркын элесин эстен чыгарбоонун бирден бир жолу мына ушул.

Каныбек Иманалиев, Жогорку Кеңештин депутаты:

- Уланбек аз жашады, бирок нускалуу жашады. Уланбек эч кимден жеңилген жок. Кечээтен бери эң мыкты акындар Уланбекке ырларын арнап жазды, бүгүнтөн баштап ага обондорун арнап жазып жатышат. Уланбектин жер үстүндөгү сапары карыды, бирок түбөлүк сапары арыбайт. Эми ал ырга айланат, эми ал дастанга айланат, эми ал арманга айланат, эми ал обонго айланат. Эртедир-кечтир кайсы бир жерде бир сөз жетпей калса, бир чындык жетпей калса, ошондо арман кылып, ушуну Уланбек айтмак эле, ушуну Уланбек кылмак эле деп эстээрбиз... ​

Жанар Акаев, Жогорку Кеңештин депутаты:

- Улан дагы жашаганда коомду тазартмак. Адилеттүү, таза коом түзүш үчүн Уландай адам керек эле.

Чыныбай Турсунбеков, Жогорку Кеңештин депутаты:

- Уланбек өзүнүн жеке кызыкчылыгына келгенде жулунбаган, өтө уяң, тартынчаак жигит болсо, жалпы элдин, мамлекеттин кызыкчылыгына келгенде оттон, суудан тартынбаган азамат эле. Дал ошондой мүнөзү бар эле. Буга чейин айтылгандай, адамдарды тирүү кезинде баалай албайт экенбиз. Эгерде бааласак, Уланбектин иш-аракетине дем-күч бере турган биз элек, ушундай азаматтарыбыздын көп болушу үчүн кол-кабыш кылып, жардам бере турган биз элек. Тилекке каршы, ал жагынан бизден кемчилик кетти.

Амирбек Азам уулу, журналист:

- Уланбек даярдаган видеоберүүлөрдөн казынанын “канын” сүлүктөй соргон коррупционер-жемкорлор менен сүйлөшкөндө, үнү болк этпей, суроолорду казык каккандай бергенин баарыбыз көргөнбүз. Бул анын өз чөнтөгүн акчага толтурууда напсисин араандай ачкан кызмат адамдары Кыргызстандын бүгүнкү абалы үчүн жооптуу экенин терең түшүнүп, алардын “сук дүйнөсүн” тайманбай ачууга бекем бел байлаганынан болсо керек... А телефондон баарлашканда үнү камкор жана мээрман сезилер эле.

Тынчтыкбек Чоротегин, журналист:

- Эгерде бийлик дурус түшүнсө, эл-журт маркум Уланбекти эскерүү чараларына жандуу катышуу жана анын мезгилсиз өлүмүнө жаны ачыгандыгын билдирүү аркылуу коомдогу эки жүздүүлүккө, маселелерди көмүскө чечүү тажрыйбаларына, адилетсиздикке эчак тойгондугун, жапатырмак жаңыланууну, тазаланууну көксөп жаткандыгын тастыктап жатат.

Олжобай Шакир, жазуучу:

- Ие, кайран баатыр, баарыбыз сага карап түзөнөр болдук мындан кийин! Тилин тишине катып жүргөндөр көп бүгүн. Сенин өлүмүң ошолордун абийирин козгоор өлүм болду.

Сени өлдү деген суук кабар элди аралап, жүрөгүн ойготту. Баатырдын өлүмү гана элди ушинтип термелтмек. Манастын чыныгы урпагы белемсиң, Уланбек! Сенин өлүмүң канчалардын уятын козгоп туру бүгүн!

Сарвар Усмон, "Азаттыктын" өзбек кызматынын журналисти:

- Улан өзүнүн журналистикасы менен кыргыз журналистикасын, коомду тазарта баштады. Жок дегенде ушундай үмүт бере алды.

…"Улан" деген ысымдын өзбекче айтылышы "Уул" болот. Кыргыз журналистикасы Уулунан ажырады. Мен муну эч кандай пафосу жок, толук ишеним менен айтып жатам.

Венера Акматова, доцент:

- Чындыкка багышталган реквиемимди көкүрөктөн чыккан сөздөр менен аяктагым келет: Мекенге кызмат кылуу деген ушундай болот! Элге-жерге өрнөк болуу деген ушул! Аз болсо да жарык өмүр сүрдү, көптүн бири болбоду. Ушундай уул тапкан ата-энесине, мектебине, айылына, Кочкор аймагына, мүлдө кыргыз элине рахмат! ​

Аким Кожоев, жазуучу:

- Уландын кайгылуу өлүмү көпчүлүгүбүздүн көзүбүздү ачты, чындыктын куну канчалык кымбатка турарын дагы бир жолу эсибизге салды. Эгемендиктин оош-кыйыш жылдарында улуттун, өлкөнүн келечеги үчүн чыркырап жүрүп жан берген Насирдин Исанов, Сатыбалды Жээнбеков, Дооронбек Садырбаев, Шералы Назаркулов ж.б. сыяктуу чыныгы баатырларды дагы бир жолу эскертти. Уланбек эңсеп жүрүп өтүп кеткен адилет коомду куруу канчалык кыйынга турарын, акыйкатка жетүү оңой эмес экенин дагы бир жолу түшүнгөндөй болдук.

Азамат Тынаев, журналист:

- Кечээ өтө кайгылуу күн болгонуна социалык тармактарда бардыгыбыз күбө болдук. Уланбекти жеке тааныбаган адамдар да анын өлүмүн өздөрүнүн жеке жоготуусу катары кабыл алышты. Бул жөн жерден эмес. Уланбек өзүнүн журналисттик эмгеги менен бул кесипке жан киргизди. Ал бардыгыбызга күч колдонуп революция кылбай эле, өзүндө болгон мүмкүнчүлүк менен көп нерсени өзгөртсө, мыйзамсыздыкка каршы күрөшсө боло турганын көрсөттү, ошого үмүт берди.

Жолдош Турдубаев, публицист:

- Бактылуу жашоону байлык топтоо, бийликке жетүү, айбандык кумарга берилүү ж.б. деп түшүнгөндөр толтура. Уланбектин ЖАШООСУ мындай пас, тар түшүнүккө дегеле сыйбайт. Ал элин, өз өлкөсүн жанындай жакшы көрүп жашады. …Ата-энесин, өмүр шеригин, жакын туугандарын эле эмес, кыргызды, Ааламды кучагына алган ЖАКШЫ КӨРҮҮ сезими менен жашады. Чындыкты, адилеттикти жактап жашады. Баарыбызды ойготуу үчүн сергек, таза ЖАШООГО сөзү менен да, иши менен да чакырган ӨРНӨКТҮҮ ӨМҮР сүрдү.

Редакциядан: Чындык үчүн күрөшкөн чыгаан журналисттин ишин улантуу максатында "Азаттыктын" жамааты "Кыргызстан-Сорос" фондусунун көмөгү менен Улан Эгизбаевдин "Чындык деп жанган өмүр" ("В поисках правды") деген китебин кыргыз жана орус тилдеринде чыгарды.

Экс-президент Роза Отунбаеванын демилгеси менен Журналисттик иликтөө фонду түзүлүп, 2018-жылы 14-сентябрда ишке кирди. Фонд мыкты журналисттик иликтөө чыгарган журналистке жыл сайын Улан Эгизбаев атындагы сыйлык уюштуруп, аны туулган күнү 12-февралда ыйгарып туруу чечимин кабыл алды. Бул сыйлыктын алгачкысы "Азаттыктын" иликтөөчү журналисти Ыдырыс Исаковго, ушул эле конкурстун алкагындагы сыйлыктар журналисттер Карачач Шакировага, Эрик Исраиловго, Адил Турдукуловго, Марина Сколышевага ыйгарылды.

Жыл ичинде Уланбек Эгизбаевге көптөгөн сыйлыктар, наамдар берилди. Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен Уланбекке «Эрдик» медалы ыйгарылды.

Уланбек Эгизбаевдин ысымы өзү окуган Кочкор районунун Көк-Жар айылындагы мектепке коюлду жана бул мектептин бүтүрүүчүсүнө жыл сайын "Азаттык" ыйгарып турчу бир жолку стипендиянын алгачкысы тапшырылды.

"Азаттыктын" белгилүү иликтөөчү жаш журналисти Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөндө каза болгон.

Уландан уланган жол
please wait

No media source currently available

0:00 0:32:53 0:00

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Түркия: мигранттар акысыз дарылангысы келет

Иллюстрациялык сүрөт.

Түркияда иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттар бул өлкө кыргыз жарандарын дарылоого бөлгөн 150 орундук квотанын 50 квотасын өздөрүнө ыйгаруу демилгесин көтөрүп жатышат. Муну мигранттар Түркияда эмгек визасын албай, мыйзамсыз иштегени үчүн ден соолуктан ажырадык деп негиздешүүдө.

27 жаштагы Мунара үстүбүздөгү жылдын апрель айында Түркиянын Анталия шаарында иштеп жүргөн кезде бел омурткасы чоюлуп, операция болгон.

Андан бери кыйла убакыт өтсө да Мунаранын саламаттыгы калыбына келе элек. Абалы начарлаган бейтапты Түркиянын Адана шаарында иштеген таежеси Алтын алып кеткен. Чет жерде мигрант болуп жүргөн Алтын ооруканада жаткан жээнинин абалы күндөн күнгө начарлап жатканын айтты.

"Мунара менчик ооруканада жатат. Белинен ылдый жагын сезбейт. Тили чулдурап, эми эле айтканын унутуп калат. Догдурлар алынын жетишинче карап жатат. Бир дарысы табылбай койду. "Анкарада гана бар" дешти. Ошол дарыны алдырсак, балким жакшы болуп кетет беле... Каражаттын аздыгынан Түркиядагы мекендештерден жардам суроого аргасыз болдум".

Түркияда иштеген кыргыз мигранттар.
Түркияда иштеген кыргыз мигранттар.

​Оору менен алышкан Мунаранын эмгек визасынын мөөнөтү бүткөндө мамлекеттик ооруканадагы дарылануусу да токтогон.

Таежеси Алтындын Түркияда туруктуу жашоого уруксат берген визасы жок болгондуктан шаарды кенен аралагандан коркот. Амалы түгөнүп, Кыргызстандагы туугандарынан келе турган материалдык жардам күтүп турган кези.

2014-жылы Кыргызстан менен Түркиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашууга ылайык, жыл сайын Кыргызстандан 100 бейтап Түркияга келип акысыз дарыланып жүргөн. 2019-жылы май айында квотаны 150 кишиге көбөйтүү боюнча протоколго кол коюлган. Алардын элүүсүн Саламаттык сактоо министрлиги, калганын Түркия элчилиги тандап жиберет.

Жакында социалдык тармактарда ушул 150 кишилик акысыз квотанын элүүсү Түркияда эмгектенип жаткан мигранттарга берилсе деген демилге көтөрүлдү.

Гүлмира Бекмамбетова Анталия шаарында алты жылдан бери оорукчан кишилерди багып, иштейт​. Ал Мунаранын акыбалын көргөндөн кийин квота боюнча сунуш киргизгенин айтты.

"Ушул квотанын жок дегенде элүүсү Түркиядагы эмгек мигранттарына берилсе жакшы болмок. Ушул жылы эле Анталияда эки кыргызстандык келин оор абалда ооруканага түшүп, каза болуп калды. Убактыбыздын баары мекендештерден акча чогултуп, бейтаптарды ооруканага жеткиргенге чейин эле өтүп кетти. Сактап калганга жетишпедик. Бул кадам эмгек мигранттарына үмүт бермек. Сунушубузду мамлекеттик деңгээлде көтөрүп, жооп алсак чоң колдоо болмок".

Түркияда эмгек визасы менен иштеген чет өлкөлүк мигранттар жергиликтүү элдей эле мамлекеттик ооруканада акысыз дарылана алат. Ал үчүн расмий эмгек визасы менен катар мамлекеттик медициналык камсыздандыруу үчүн төлөмдү ай сайын кечиктирбей төгүшү шарт.

Кундуз Мамбетова.
Кундуз Мамбетова.

"Түркияда 150 кишинин акысыз дарыланганы аз деп ойлойм. Мигранттарга 20 орун деле жетмек. Кыргызстандан колунда жоктор ушул квота менен келип дарыланып жатканын көрүп турабыз. Эмгек визасы менен иштейбиз, акысыз дарыланабыз. Туруктуу жашоого уруксаты бар мигранттар квота менен дарыланса болот", - деди көп жылдан бери Стамбулда бала багып иштеген Кундуз Мамбетова.

2018-жылы Түркияда 25 миңден ашык кыргызстандык жаран катталган. Алардын 7 миңден ашууну эмгек визасы менен, дээрлик көбү бир жылга гана берилчү туристтик виза менен иштейт. Туристтик виза алуу жараянында мигранттардан талап кылынган медициналык камсыздандыруу белгилүү эле менчик ооруканаларда өтпөсө, көпчүлүк учурда жарабай калат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Уландан уланган жол

Уландан уланган жол
please wait

No media source currently available

0:00 0:32:53 0:00

Гориллалар да тууганчыл болушат

Вирунг улуттук паркынын көзөмөлчүсү Патри Карабаранга жетим горилланы ойнотуп жүрөт. Конго Демократиялык Республикасы. 2012-жыл.

Такай жашылча-жемиш жеген адамдар арасында семиздер менен диабеттер аз болушат. Гориллалар да тууганчыл болушат. Электр энергиясын өндүрчү жана суу тазалоочу күн панели. Айбанаттардын жүрүм-туруму Айдын жарыгына көз каранды.

Электр энергиясын өндүрчү жана суу тазалоочу күн панели

Панелдин арткы бөлүгүндөгү күн элементтери электр кубатын өндүрүү үчүн Күндүн жарыгын чогултушат. Күн панели бөлгөн жылуулук дистилляторундагы сууну бууга айлантат. Дистиллятордун бир нече катмар полистрол мембранасы туздуу, шор жана ылай суудагы булганч заттар менен туздарды сүзүп алат. Буу көңдөйлүү полистрол мембрана аркылуу өтүп, таза суу чогулчу идишке жыйналат.

«Бул күн элементинин электр кубатын өндүрүүсүнө таасир этпейт, - дейт изилдөөнүн со-автору Пэн Ван (Peng Wang).​ - Ошол эле учурда сизге таза сууну бонус иретинде берет».

Профессор Пэн Ван Сауд Арабиясынын Тувала шаарындагы Абдалла падыша атындагы илим жана технология университетинин инженери.

Инженерлер түшүндүргөнгө караганда, асман чакчайып ачык болгон күнү кремнийден жасалган күн элементинин эффективдүүлүгү 11% жуук болот.

Эки функциялуу күн панелдери жашыл энергия өндүргөнгө катар таза сууга болгон талапты канааттандырууга чоң огожо. Бүгүнкү суу тазалоочу системалар электр кубатын көп керектешет жана алар үчүн өзүнчө инфраструктура керек.

АКШ жана Батыш Европада таза суунун 50% жакыны электр энергиясын өндүрүүгө сарпталат. Араб өлкөлөрүндө өндүрүлгөн энергиянын 15% көбү деңиз суусунан таза суу алганга кетет.

Бүгүн дүйнө жүзүндө 780 миллион киши таза сууга муктаж. Профессор Вандын айтышынча, алар күнүнө таза сууга жетүү үчүн 200 миллион саат коротушат.

Бул жабдууну туздуу сууларды, ошондой эле деңиз сууларын оор металлдардан тазалоо үчүн пайдалануу мүмкүн. Мындай сууда аз өлчөмдө коргошун, натрий, кальций, магний бар жана андай сууну ичкен кишинин ден соолугу үчүн кооптуу деп эсептейт Дүйнөлүк саламаттык уюму.

Лабораторияда өткөрүлгөн эксперимент кезде аталган жабдуунун прототиби Күндүн жарыгынын 11% жакынын электр кубатына айландырган. Экспериментте Күндүн ордуна кубаттуу лампа колдонулган. Коммерциялык солярдык элементтер демейде Күндүн жарыгынын 10-20% чейинин пайдалуу энергияга айландырышат.

Ушул эксперименттин негизинде диаметри 1 метрге жуук жабдык саатына 1,7 кг таза сууну сүзүп алары айтылат. «Бул ырасында эле жакшы инженердик иш»,- дейт жогорудагы изилдөөгө катышпаган инженер Жорж Ни (George Ni).

Жорж Ни дүйнөдөгү жана АКШдагы кадыр-барктуу Массачусетс технологиялык институнда аспирантурада окуп жүргөндө сууну дистилляциялоо боюнча изилдөөлөрдү жүргүзгөн.

(Булагы: https://www.sciencenews.org, https://www.theguardian.com, https://www.nature.com)

Гориллалар да туугандашып жашайт

Горилла маймылдары арасындагы карым-катнаш, туугандык жана социалдык байланыштар адамдар ортосундагы коомдук катнашка окшошуп кетет. Муну Британиянын Кембриж университетинин (University of Cambridge) аалымдары аныкташты.

Д-р Робин Моррисон айым жетектеген илимий группа Конго Республикасында эки жайда жүздөгөн талаа горилласынын (Gorilla gorilla gorilla) социалдык жүрүм-турумуна алты жыл байкоо жүргүзгөн. Изилдөө береги гориллалар арасында бир нече деңгээлдеги жакындык, туугандык жана түрдүү социалдык байланыштагы өнүккөн коомдук түзүлүш бар экенин айкындаган.

«Гориллалар убактысынын көбүн чытырман токойдо өткөрүшкөндүктөн өз арасындагы кишиге көнүү үчүн эчендеген жылдар керек болушу мүмкүн. Алар дараксыз саздарга суу өсүмдүктөрүн даам татканы келишет. Изилдөөчүлөр көп жылдар бою гориллалардын таң азандан күн батканга чейинки жашоосун билүү үчүн кароолканаларын ушундай жайларга орнотушат»,- дейт Робин Моррисон.

Гориллаларда үй-бүлөсүнөн сырткары таяке-таежелери, чоң ата-чоң энелери, аталаш ага-эжелери (ини-карындаштары), бөлөлөрү кирген коому болот. Коомго болжолдуу түрдө 13 маймыл биригет. Андан чоң коом 39 горилладан турат. Антропологдор гориллалардын мындай түзүлүшүн кишилердин эң байыркы уюмдашкан отурукташуусуна окшоштурушат.

Эгер коомдо үстөмдүк кылган ургаачы гориллалар өз ара тууган болушса, алар көбүнесе бир группада жашоосу мүмкүн. Өкүмдар ургаачылар жакын тууган болушпаса да, бир социалдык группанын анабашылары катары өз ара жакшы мамиледе жашашат.

«Ургаачылардын өмүрү бир нече группада өткөндүктөн, жакын тууганчылыгы жок эркек гориллалар өгөй бир туугандар сыңары бир наталдык группада чогуу жашай беришет, - дейт д-р Моррисон.- Ушинтип улуу курактагы маймылдар арасында социалдык мамиле өнүгөт. Муну дос кишилердин бири биринин компаниясында убакыт өткөрүүсүнө окшоштурса болот».

Эркек гориллалар бойго жеткен кезде үй-бүлөсүнөн кетип, бойдоктордун үйүрүнө кошулуп жашашат.

Окумуштуулардын ырасташынча, гориллалардын чоң үйүрлөрү жылына бир жолу фестивалга окшош жыйын курушат. Алар мындай жыйынга демейде сүйүктүү жемиштерин жыйноо үчүн чогулушат деп боолгошот антропологдор.

«Тамак-ашты өз ара кызматташып издеген жакшы», - деп түшүндүрөт Моррисон айым.- Гориллалар өмүрүнүн башында көп убактысын үй-бүлөсү менен өткөрүшөт. Ушу кезде тамак тапканга тийиштүү жөндөмгө үйрөнүшөт».

Гориллалар ортосундагы татаал социалдык структура - адамдар менен алардын түп атасы гомини́д (лат. Hominidae) үй-бүлөсүндө бир болгонун күбөлөйт, деп бүтүм жасашат илимпоздор.

«Биздин изилдөөлөр жоголуу коркунучу астындагы жаныбарлар абдан акылдуу жана мыкты өнүккөнүн, кээ бирөөлөр мактанып айткан сыңары кишилер алардан өтө деле өзгөчөлөнбөгөнүн дагы бир жолу шарданалады»,- дейт д-р Моррисон.

(Булагы: http://www.sci-news.com, https://technology.inquirer.ne)

Жашылча-жемишти күн сайын жегендин пайдасы

Жашылча-жемиш ден соолукка пайдалуу диетанын негизин түзөт жана кишинин саламаттыгын жакшыртчу клетчатка, калий, магний, антиоксидантарга өтө бай. Ошондой эле жемиш менен жашылчаны такай жеген адамдар арасында семиздер менен кант диабетине чалдыккандар аз болушат.

Жаңы изилдөө жүрөк-кан тамыр ооруларынан көз жумгандардын дээрлик 23% өлүмү жашылча-жемиштерди жетиштүү жебегенге байланыштуу экенин айкындаган. 2010-жылы жемиштерди аз жегендин кесепетинен жүрөк-кан тамыр оорусуна кабылап 1,8 миллион киши жайран болгон. Ал эми жашылчаны аз жегендин айынан 1 миллиондой адам дүйнө салган.

«Жемиш жана жашылча – дүйнөдө өлүмдүн алдын алууга таасир этүүчү модификацияланган рациондун компоненти. Биздин изилдөөнүн жыйынтыгы бүтүн дүйнөдө жемиш жана жашылчаны көп жегенге элди үйрөтүү зарылдыгын тастыктайт»,- дейт изилдөөнүн жетектөөчү автору, д-р Виктория Мюллер.

В. Миллер айым АКШнын Тафт университетинин илимий кызматкери (Victoria Miller, Friedman School of Nutrition Science and Policy at Tufts University).

Жемиш жана жашылчаны кайра иштетилген тамак-аш азыктары, же эт, сүт азыктары менен алмаштыруунун ден соолукка олуттуу зыян келтирчү негативдүү жактары бар экенин белгилешет окумуштуу-диетологдор.

Проф. Дариуш Мозаффарян (Dariush Mozaffarian) белгилегендей, глобалдык деңгээлден алганда, тамак-ашта салт боюнча калориясы, витаминдери, туз менен канты аз кошумча заттарга басым жасалат. Бул изилдөөлөрдүн жыйынтыгы, окумуштуунун айтышынча, жемиш, жашылча жана буурчак сыяктуу организмге пайдалуу азыктарга кеңири болуп, көп колдонуу зарылдыгын жана аларды керектөө дүйнө элдеринин саламаттыгын жакшыртууда чоң потенциал болорун шарданалайт.

Диета боюнча сунуштар бардык өлкөлөрдө бирдей эмес. Бирок бардык рекомендацияларда күнүнө 300 грамм жемиш (эки алма) жеш керектиги сунуш этилет. Вегетариандар үчүн күнүмдүк стандарттык норма 400 грамм. Буга жемиш менен жашылчанын бардык түрү, анын ичинде буурчак да кирет. Аталган жашылча-жемиштин калориясы үч сабизге барабар.

Изилдөөгө караганда, жемиш жана жашылчаны жетишсиз жегенден эркектер көп жабыркайт. Себеби аялдар эркектерге караганда иреттүү тамактанышып, жашылча-жемишти көп жешет.

"Жашылча-жемиштерди жетиштүү жебегенден жүрөк-кан тамыр оорулары пайда болот; мунун таасири кайсы өлкөлөрдө, кишинин жаш курагы жана жынысы боюнча кенен аныкталган эмес».

(Булагы: https://www.zmescience.com, https://www.healio.com)

Айдын жарыгы жана айбанаттардын жүрүм-туруму

Айдын нуру жана жарыгынын деңгээли жан-жаныбарлардын төлүнө, азык издөөсүнө, өз ара мамилесине («сүйлөшүүсүнө») таасир этиши ыктымал. «Жарык, балким, айлана-чөйрөдөгү азык-түлүк ресурстарынан кийинки эле жаныбарлардын жүрүм-турумуна жана физиологиясына таасир этчү маанилүү фактор болушу мүмкүн»,- дейт Шотландиянын Глазго университетинин экологу Дэвид Доминони (Davide Dominoni, University of Glasgow).

Соңку изилдөөлөр көрсөткөндөй, Айдын жарыгы арстанга олжо болчу айбанаттардын жүрүм-турумуна, бок коңуздун багыт тандоосуна, балыктардын өсүшүнө, куштардын миграциясына, атүгүл сайроосуна таасир этет.

Танзанияда жашоочу серенгети арстандары – түнкү аңчылар катары таанымал. Алар айбанаттарга, ошондой эле кишилерге Айдын мерчеми (цикли) салыштырмалуу караңгы кезде (фаза) буктурмадан кол салышат.

Америкалык эколог Мередит Палмер (Meredith Palmer, Princeton University) жана анын кесиптештери 1300 чарчы чакырымдык аймакка 225 видеокамера орнотуп, серенгети арстандары гну антилопасы, зебрага, буйволго кандай аңчылык кыларын изилдешкен. (Бул айбандар негизи чөп менен тамактанышт жана өмүрү үчүн кооптуу караңгы түндө да курсактын айынан оттоп жүрө беришет). Ал эми Snapshot Serengeti жарандык илимий долбоорунун ыктыярдуулары береги жаныбарлардын кол салуу учурундагы абалын миңдеген видеокадрлардын негизинде талдап чыгышкан.

Гнулар, Палмер айымдын айтышынча, Ай нуру күңүрт күндөрү «коопсуз жерлерди түнөк кылышкан». Айдын нуру жарык боло баштаганда, алар коркунучтуу жайларга барып оттой башташкан.

Африка буйволу (Syncerus caffer) арстандардан анча айбыкпайт жана от мол болсо жырткычтарды көп этибарга албайт. Бирок караңгы күчөгөндө жырткычтардан жакшы коргонуу үчүн үйүр-үйүр болуп, топтоло баштайт.

Талаа зебралары (Equus quagga) жана Томсон газелдеринин (Eudorcas thomsonii) жүрүм-туруму да Ай мерчеми менен кошо өзгөргөн. Газелдер Ай чыккандан кийин оттоп алганга ашыгышса, зебралардын тиричилигин ай чыккандан мурда бүткөрмөй же өздөрүн тобокелгесалып жүрмөй адаттары бар.

(Булагы: https://www.sciencenews.org, https://www.biopsychology.com)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Апта: генерал качты, министрдин кеңешчиси камалды

Бусурманкул Табалдиев

Узаган аптанын урунттуу окуяларына сереп (15-21-июль).

Генерал Бусурманкул Табалдиев из жашырды

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги 15-июлда Коргоо кеңешинин мурдагы катчысы, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) экс-төрагасы Бусурманкул Табалдиевге издөө жарыялады. Министрликтин басма сөз өкүлү Карима Аманкулова кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан бошоп кеткенине байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында Табалдиев суракка чакырылганын, бирок каякта экени белгисиз болуп чыкканын айтты:

«ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Бул ишке байланыштуу Бусурманкул Табалдиевдин кайда экени аныкталбагандыктан издөө жарыяланды».

ИИМ 19-июлда Табалдиевдин жүргөн-турган жери тууралуу ыкчам маалымат бар экенин, ал текшерилип жатканын кабарлады. Мунун алдында айрым маалымат каражаттар мурдагы чекист Түркияга чыгып кеткен болушу мүмкүн деген божомолдорду жазышкан. Айрым бир маалыматка караганда, Табалдиевдин кызы Түркияда жашайт, түрк жаранына турмушка чыккан.

Бусурманкул Табалдиев өзү жана анын жакындары ушул кезге чейин үн ката элек.

Мурдагы премьер-министр, экс-депутат Феликс Кулов Табалдиевдин тергөөдөн качып кеткенине ишенбей турганын айтат:

Феликс Кулов
Феликс Кулов

«Чынын айтсам, абдан таң калып жатам. Мен ал кишини жакшы билем. Абийирдүү, мыйзамды сыйлаган адам катары таанычумун. Мисалы, ошол эле Өмүрбек Текебаевге маңзат салып коюшкан «Матрешка гейт» боюнча иште өзүн жакшы жагынан көрсөткөн. Ошондуктан, балким ал тергөөдөн жашырбай эле, убакыттын өтүшүн күтүп жатса керек. Азыркы камоолордун толкуну аяктап, эмоциялар бүткөн соң көрсөтмө берет деген ойдомун».

Бусурманкул Табалдиевдин жагдайы укук коргоо жана тергөө органдарынын жоопкерчилигине байланыштуу маселени козгоду. Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору Эмилбек Жороевдин пикиринде, бир убакта күч түзүмдөрүн жетектеген таасирлүү адамдын башка мамлекетке чыгып кетиши бул органдар тууралуу шектенүүнү күчөтөт:

«Бир чети коррупция дейбиз, экинчи жагынан тааныш-билиштиктин фактору. Анын үстүнө мурда жогорку кызматты ээлеген адамга маалымат берип койсо керек. Бул жагынан бир нече маселени ачыкка чыгарат».

Табалдиевдин тергөөдөн из жашырганын Батукаевдин иши боюнча маанилүү көрсөтмөнү жаап-жашыруу аракети катары да сыпаттала баштады. Мында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин да аты аталып, андан экс-президенттик макамды алуудагы негизги жүйөлөрдүн бири болгон.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев бул иште Атамбаевдин аты аталганы көп нерсени аныктайт деген пикирде:

«Кыргызстан кичинекей эле мамлекет. Кримтөбөл өлкөдөн жөн эле чыгып кетиши мүмкүн эмес. Албетте, Атамбаев ага буйрук берди деп айта албайм. Бирок кабары болсо керек. Акыркы жагдайлар ушул маселенин айланасында өнүгүп жатат окшойт».

Табалдиев кримтөбөл Азиз Батукаев мөөнөтүнөн мурда абактан бошогон 2013-жылы Коргоо кеңешинин (азыркы Коопсуздук кеңеши) катчысы болуп иштеген.

Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулуп, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген соң Орусияга чыгып кеткен. Буга байланыштуу кылмыш иши быйыл кайра жанданган.

Азырынча Чек ара кызматы Табалдиевдин өлкөдөн чыккан-чыкпаганы тууралуу расмий маалымат бере элек. Буга чейин кылмыш иштеринде аты аталган айрым бир адамдар сыртка чыгып кеткенден кийин гана издөө жарыяланган учурлары байма-бай катталган.

Мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев өлкөдөн чыгып кеткенден кийин бир нече күндөн соң гана изделе баштаган. УКМК ал Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы сууну кечип өтүп, андан ары АКШга качып кеткен деп билдирген. Шадиев азыркыга чейин издөөдө. Ал сыртка чыгып кеткенге чейин мүлкүнүн көп бөлүгүн сатып жибергенге үлгүргөнү да ачыкка чыккан.

Өзгөчө кырдаалдар министринин кеңешчиси камалды

Апта аяктап калганда өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун жардамчысы Нурбек Жолборсов эки аптага жакын убакыттан бери камакта жатканы белгилүү болду.

Башкы прокуратуранын басма сөз өкүлү Жаркынай Азиева Жолборсовдун иши Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси («Коррупция») боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынганын ырастады.

«Сотко чейинки өндүрүш 20-июнда ачылган. Жолборсов 6-июлда кармалган. Ишти Аскер прокуратурасы карап жатат».

Аскер прокуратурасы тергөө жүрүп жатат деген жүйө менен бул кылмыш ишине байланыштуу комментарий бере элек.

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова кылмышка шектүү Нурбек Жолборсов Бишкектеги №1 тергөө абагына эки айга камалганын айтты:

«Ал камакта отурат. 6-июлда алып келишкен, 6-сентябрга чейин камалган”.

Нурбек Жолборсовдун камалганына байланыштуу анын атасы Жаныбек Жолборсов «Азаттыкка» комментарий берди. Ал уулу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чукул кырдаалдардын таасирин жоюу боюнча түндүк борборундагы каржылык мыйзам бузууга байланыштуу күбө катары прокуратурага барып жүргөнүн, эки аптадай мурун камалганын бышыктады:

«Нурбек күбө катары суракка барган.Тергөө менен кызматташкандар министрге кеңешчиси аркылуу акча берип турганын айтышкан. Ошондон улам Нурбекти прокуратура күбө катары чакырып, тергөө менен кызматташууну сунуш кылган. Нурбек баш тартканы үчүн эки айга камап коюшту. Эч кандай акча менен колго түшкөн жок».

Жолборсов баласынын кармалышында Чукул кырдаалдардын таасирин жоюу боюнча түндүк борборун жетекчиси Асылбек Жусубалиевдин көрсөтмөсү негиз болгонун белгиледи. Азырынча Жусубалиевден бул маселеде комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Ошондуктан «Азаттык» Жусубалиевге сөз берип, анын жүйөсүн угууга даяр.

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов «Азаттыкка» кеңешчиси камалган жагдайда аты аталып жаткан Асылбек Жусубалиев жана ал жетектеген Чукул кырдаалдардын таасирин жоюу боюнча түндүк борборундагы каржылык мыйзам бузуу тууралуу «Азаттыкка» комментарий берди. Анын айтымында, Жусубалиев жетектеген мамлекеттик ишкана быйыл жазында текшериле баштаган. Анын жыйынтыгында ири суммадагы акча жок болуп чыккан:

«Биз март айында Чукул кырдаалдардын таасирин жоюу боюнча түндүк борборун текшере баштаганбыз. Ошондо кассадагы алты миллион сом жок болуп чыккан. Ошол жакта иштеген жумушчулар «биздин жетекчи иштебей жатат, чара көрүңүз» деп мага кайрылган. Мен ал жерге баргам. Көрсө, ал ошол убакта ичип алып үч күн жок болуп кеткен экен. Мен анын ишке чыкпай койгонун билген эмесмин. Мен аны чакырып алып, «алты миллион сомду ордуна коюп кой, арызыңды жазып иштен кет» деп айткам. Ал ошол жерден арызын жазып туруп чыгып кеткен. Мен анын арызынын негизинде премьерге кат жазгам. Ал мамлекеттик ишкананын жетекчиси болгондуктан премьердин буйругу менен иштен кеткен».

Нурболот Мирзахмедовдун айтымында, Асылбек Жусубалиев өткөн айдын башында иштен алынган. Ал кеткенден кийин да эсеп-кысап документтери текшерилген, анда дагы миллиондогон сом жетпей калган:

«Ал кеткенден кийин биздин кызматкерлер бухгалтердик документтердин баарын алганбыз. Мен атайын 10 адам бөлгөм. Алар текшергенде кассадагы 16 миллион сом жок болуп чыккан. Муну Жусабалиев кассадан өзү эле алып койгон болот. Мен ушул 16 миллион акча боюнча Аскердик прокуратурага иш козгогула деп материалдарды өткөрүп бергем. Текшерүү дагы деле уланып жатат. Андан сырткары 37 тонна күйүүчү май, төрт тонна А92 үлгүсүндөгү май жок болуп чыгат. Бул боюнча материалдарды да иш козгогула деп прокуратурага өткөрүп бердим. Ушундай текшерүү жүрүп жатканда аны текшергендеге «мен силерге көрсөтөм» дегендей сөздөрдү айткан экен».

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чукул кырдаалдардын таасирин жоюу боюнча түндүк жана түштүк борборлору бар. Бул мамлекеттик ишканалар ар кандай тендерлерге катыша алат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тапшырган жумуштарды аткарат.

Министр Нурболот Мирзахмедов Чукул кырдаалдардын таасирин жоюу боюнча түндүк борбор орусиялык «Росатом» мамлекеттик компаниясынын «РосРАО» ишканасынын субподрядчиги экенин ырастады:

«"Росатом" Түндүк борбору ишти жасагандан кийин «ушунча иш жасалды» деп документтерди тапшыргандан кийин гана ошого жараша акчасын берчү. Алар ошол акчаны мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жумшашы керек эле. Салык төлөшү керек, жумушчуларга айлык бериши керек. Соцфондого төлөшү керек. Булар болсо ошол акчаны кассадан алып коюп жатат. Ишкана бүгүнкү күндө Салык кызматына, Социалдык фондго карыз. Былтыр бир канча тендерлерди жеңип алып, төрт-беш объект боюнча иш жасашкан. Эки-үч дамба курушкан. Орто эсеп менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 30-40 миллион сомдук ишин жасашкан. Ишкана өзүн өзү каржылайт, тендерлерге өз алдынча катыша алат».

Эмнеси болсо да министрдин кеңешчиси коррупция боюнча айыпталып, камакка алынганы бир топ күдүк ойлорду жаратты.

Коррупцияга каршы ишкер кеңештин баш катчысы Нурипа Муканова Жолборсовдун ишинин артында чоң кишилер турган болушу мүмкүндүгүн айтып, прокуратура терең иликтеши зарылдыгын белгиледи:

Нурипа Муканова
Нурипа Муканова

«Мындай иштер сүйлөшүүлөр аркылуу ишке ашып, анан бир адам күнөөлүү болуп кармалат. Прокуратура түйүндүн учун табышы керек. Бирок бизде андай иштер аягына чыкпайт. Саясий эрк жетпей калабы, билбейм. Транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиев деле ири өлчөмдө пара алууга айыпталып, бирок анын үстүнөн бирөө-жарым көзөмөл кылганбы же жокпу, ачыкка чыкпай жатпайбы”.

35 жаштагы Нурбек Жолборсов министр Нурболот Мирзахмедов менен ал Сузак районунун акими болуп турган жылдардан бери чогуу иштеп жүргөн. Ага чейин Жалал-Абад мэриясынын жаштар комитетинде жана жаштарга арналган ар кандай долбоорлордо эмгектенген. 2015-жылкы парламенттик шайлоого «Бир Бол» партиясынын тизмесинде болгон.

АКШ: Конгресстеги аялдар Трампка таарынды

Бул жумада АКШнын президенти Дональд Трамп менен Конгресстеги айрым демократ аялдар кайым айтышты. Трамп «Твиттердеги» баракчасына атын атабаганы менен төрт демократ аялга байланыштуу бир канча билдирүү жазды. Анда Конгресстеги «прогрессивдүү» аялдардын тобуна ата-бабаларынын жерине барып, кыйраган жана кылмышка баткан өкмөттөрүнө жардам берүүгө чакырган.

«Өздөрү өкмөтү толук бечел, жемкорлукка баткан, колдорунан эч нерсе келбеген мамлекеттерден чыккан Конгресстеги «прогрессивдүү» демократ аялдар Кошмо Штаттардын элине, дүйнөдөгү эң улуу жана кубаттуу өлкөнүн бийлигине кантип иштеши керек экенин айтып жатышканына көз салуу кызык», - деп жазган Трамп.

Дональд Трамп
Дональд Трамп

Трамп мындай билдирүүлөрүндө эч кимди атынан атаган жок. Бирок баары эле АКШ президенти Конгресстеги төрт аялды - Александрия Окасио-Кортес, Илхан Омар, Эянна Пресли жана Рашида Тлаиб тууралуу айтып жатканын дароо эле боолголошту.

Конгресстеги бул аялдар Трамптын саясатын кескин сындап келгени маалым. Бирок алардын арасынан Илхан Омар гана Америка жергесинде туулган эмес.

36 жаштагы Омар Африканын Сомали өлкөсүндө төрөлгөн. Ал АКШга бала чагында 1997-жылы ата-энеси менен качкын болуп келген.

Трамптын бул билдирүүсүн демократтардын көбү, анын ичинде ушул тапта президенттик орунга үмүт артып турган сенатор Камала Харрис да сынга алды:

«Бул расисттик жана америкалыктарга таптакыр жат билдирүү. «Өзүң келген жагыңа бар» деген сөздү көчөдөн угуп калуу мүмкүн, бирок муну Кошмо Штаттардын президентинен угуу эч мүмкүн эмес эле. Ал өзүнө жүктөлгөн милдеттерди жана америкалыктар андан эмне каалап жатышканын түшүнбөй турат».

Муну алдында Өкүлдөр палатасынын спикери Ненси Пелоси менен жогорудагы төрт аялдын ортосунда Демократиялык партиянын ичинде өз ара пикир келишпестик орун алып жаткан эле. Бирок спикер аларга болушуп, жекшембиде Трамптын билдирүүсүн сындап, «ксенофобиялык» деп атады.

Сөз болуп жаткан төрт айым былтыр ноябрда өткөн шайлоодо өз штаттарында жеңип, Конгресске келишкен. Өкүлдөр палатасына Миннесота штатынан өткөн Илхан Омар жана Мичиган штатынан шайланган Рашида Тлаиб АКШ Конгрессинин тарыхында алгачкы мусулман аял - мыйзам чыгаруучулар. Ал эми 30 жаштагы Александра Окасио Кортес - Конгресстин тарыхындагы эң жаш мыйзам чыгаруучу.

18-июлда Илхан Омар өзү шайланган Миннесота штатына барды. Аны ондогон адамдар «Үйгө кош келдиң, Илхан» деп кубана кыйкырып тосуп алды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Бир жакшы менен бир жамандын учугу үзүлбөйт

Капарбек Токтошевдин аңгемелеринен элеттик турмуштун деми уруп, карапайым адамдардын тиричилиги, кулк-мүнөзү алдыга тартылат.

Жазуучу элдик турмуштун жөнөкөй учурларын, ортолук мамиле-катыштардын кызыктуу учурларын көрсөтүүгө кызыгат. «Атанын уулу» баяны ушулар тууралуу.

Чаң жол, арабадагы ата-бала

Тестиер бала менен атасы чабылган чөбүн жалгыз ат чегилген арабага жүктөп үйүнө кайтып келатышат. Августтун түнүндө асманда бажырайган жылдыздарды санап, тестиер бала атасынын жанында келатканына ыраазы. Элеттик турмуштун күндөлүк көрүнүштөрүнүн бири. Атасынын «Өзүмдүн баламсың да, айла-а-найыным!..» деген сөзүнө ичи элжиреп, кубанычы ашып-ташып, эмне деп айтаарын билбей апкаарып турат.

«– Ата-о!

– Ов.

– Мен сенин балаңмын ээ?

– Анан кимдики болмок элең?..

– Анда эмне эле «кайдан чыккан эмесиң» дей бересиң?

– Тентек күчүк десе! – Атасы Ара-Талааны жаңырта каткырды. Анын мындай чер жаза каткырганын биринчи угушу баланын. Дайыма эле ушинтип күлүп жүрсө, атаңгөрү!.. Минтип ойлогуча атасынын жүзүнөн күлкү тарап, биликтей тымды. Кадыресе ойлуу кебетесин кийди да, үңкүйүп башын салды. Эмнени ойлоп, эмнени издейт? Бала ушуга таң».

Бу Назармат чалдын жашы жетимишти таяп, өмүр күзү кышка таяп баратат. Турмуштун ачуу-таттуусун чогуу тартышкан кемпири Жийде 19 бала төрөп, анын он экиси чарчап, калган жетөөн эл катарына кошту. Аман калган балдарынын улуусу элүүгө таяп, кийинкиси кырктын кырында. Кыздары турмуш куруп, өзүнчө бүлө. Алардан атанын көөнү тынч. Эл катары оокат кылып жүрүшөт. Чириген бай же итке минген томаяк эмес, эл ортосу.

Колундагы кенжеси Акматбек абдан эле эрке, анан да кыз-кыркынга өзгөчө жакын жүрүкчөөл бала чыкты. Өң-келбети мыкты, окуп жүргөн чагында курбалдаш кыз-кыркынды мындай кой, кылактаган келиндер менен мамиле түзүп, балакатка толо элек чагында ургаачы кумарын татып, анын азабын да, жыргалын да көп көрдү. Кызыл-ала болуп токмок жеп, кан түкүрүп жатып калган кездери болду, ага деле болбой жеңилбаа турмушка көнүп алды. Чектен чыгып кеткен бала атасын укмак беле.

«Назарматтын өзү да жедеп алы жетпей калганда эркине койгон. – Эки агаң тең жоош, дегеле биздин тукумда сендей тентек жок эле, ушу сенин кайдан чыгып калганыңа таңмын, – десе, кебелбей минткен:

– «Жетөөнүн бири жинди» деп шарыятта айтылат турбайбы, ошо менмин.

– Аман бол айланайын, башка эмне дейин... Ошентип кол шилтеген айласыз. «Бир жакшынын, бир жамандын өмүрү кыска болот» деген ырас. Акматбек бу жалганга көргөзмө үчүн келгенсип аз жашады: күлбөгөндү күлдүрдү, ыйлабаганды ыйлатты; бата да алды, каргыш да укту; таякты кана жеди, и-и далайын токмоктоду; барбаган кыз-кыркыны, баспаган жери калган жок, айтор, баарын көрдү. Өрттөй жанып, суу сепкендей өчтү. «Аскерге барып-келсе өзү эле токтолот» деп турганда жолдош-жоролору тепкилеп өлтүрүп салышты. Анын өлүмүнө көп деле кейиген киши болгон жок. Назармат менен Жийде апа гана жоктоду уулун...

Ошентип Акматбектин артында из калбады. Калганы – «баягы Акматча» деген ылакап менен боорду эзип, үрөй учурган укмуштар... Жо-о, бирок бир жакшы менен бир жамандын учугу үзүлбөйт: жаш болсо да жасап кетиптир пенделик ишин. Жазда жайраган жубарымбектин ашын күздө берээрде аркы өйүздүк Ысырайыл деген киши онду бүтүргөн кызын чачтан сүйрөп Назарматтын улагасына итерди да, эртеси Чүйгө көчө качты. Кыздын аты Гүлшайыр боло турган. Бирок аны эл-журт Мөөр аташчу, көз тайгылткан өңү бар эле бечаранын... Көп өтпөй Назарматтын жалпак тамында ыңаалаган наристе үнү жаңырды. Ал күндү бүт аккудуктуктар эшигинин жылчыгынан шыкаалап тыңшап турушкан. Баланын эркек экенин укканда каалгалар шарактап жабылды белем: «Атасын тартса чекеге чыккан чыйкан болор!» Табылдыны Мөөр эки ай гана эмизди, анан шаарга качып кетти. Ошо бойдон дайынсыз».

Артынан чуу ээрчитип, ак жоолукчандарга аябай жакын уулунан калган туяк, энеси эки ай гана эмизген кичинекей Табылды а-бу дегиче эрезеге жетип, чал-кемпирди кубантты. Табылды атасына бой-келбети жагынан куюп койгондой окшош болгону менен жүрүм-турум, мүнөзү таптакыр башкача чыкты. Токтоо, салабаттуу, жайдары мүнөз жакшынакай жигит болду. Аны көргөн сайын Акматбегин көргөндөй Жийде апа өксөп ыйлайт. Момураган жоош уулу атасынын жолу менен кетип эртелеп жайрап калбаса экен деп Кудайдан тилейт.

Табылдыдан калган туяк

Мектепти бүткүчө Табылды артына жаман сөз илештирбеди. Чал-кемпирдин ишин кылып, ата-апа деп сыйлап, эркелиги жок чоңойду. Кээде чечилип сүйлөп аткандагысы атасына окшошуп кеткени болбосо чал-кемпирдин ишенген уулу шаарда окууга өтүп, ошол жерден аны аскерге алышты.

«Шаарга Назармат малдан бошоп бара албады. Уулун узатканы Жийде-апа жалгыз кеткен. Кеткен менен кур келбей, жаңы төрөлгөн бала көтөрүп кайтты.

– Кетээринде эки күн жоголуп кетти таптырбай, – дейт кемпир болгон окуяны шашпай баяндап. – Издебеген жерибиз калбады. Оюма нелер гана келбеди-аа!.. – Жүрөгүнүн үшү кеткен кемпир оор үшкүрөт.

– Акыры ушуякка келер деп балдарды поюска салып жаткан жерге келсек, шоп этип чыга калып жүрөт, каралдым. Колунда бу... – Учтуу эрди менен баланы жаңсап көргөзүп. – Айланайын апаке, эчтеке сураба, суранам дейт. Бул менин уулум, эч кимге бербей бага тургула дейт. Ошентип чамаданын да албай түшүп кетти поюсуна...

Баланын атын Алмаз коюшту. Бир ай өттү, Табылдыдан «Түркмөн жериндебиз» деп кат келген. Алмазды издеген да, доолаган да киши болбоду. Ончакты күндөн кийин экинчи кат келди «Ооганстанга аттандык» деген. Анан узакка кабар келбеди. «Мына келет, ана келет» деп турганда кат ордуна Табылдынын табытын алып келип тапшырышты...»

Назармат карыя Экинчи дүйнөлүк согушка катышкан. Акматбегинен калган жалгызы Табылды Ооган согушунан ойрон болуп, сөөгү келди. Жоош деген баласы согуштан кайтпай каларын билгендей артына туяк калтырып кеткенин айт. Карынын жанында эрмек болуп, ата деп желбиреп турган чөбүрөсү ушул Алмаз. Чалды ал атам дейт. Абышка дүйнөлүк уруштан жаракат алып, бирок аман келген. Анын эки иниси канмайдандан кайтпай калышты.

«Абышканы баланын үнү ойготту.

– Ата дейм!

– Ов.

– Өзүмдүн баламсың деп жүрчү ээ мени.

– Макул, айланайын! – Ушинтти да, абышка жана, биякка чыгар алдында ачуусу менен «ушу сен кайдан чыккан эмесиң!» деп урушуп койгонуна өкүндү. Өгүнү эле бу каргашалуу сөздү «экинчи оозанбайм» деп карганган ичинен. Бирок көңүл чиркиниң жаман турбайбы: басса-турса «Алмазым өз канымбы, кандай эне төрөдү экен, таяке-таасы ким, көзүм өтүп кетсе эл эмне дейт баланын башын айлантып?» деген ойлор кыйнайт. Оюна койсо ичинен кан өткөнүнө карабай энесин таап чөбүрөсүн табыштагысы бар. Ошенткенге күч кана?.. Өзүнчө эле бушайман. Ошентип беймаза болуп турганда ооздон чыгып кетет тура бейчеки кеп.

– Макул, каралдым, – деди абышка саам тына калып. Акматбеги бейбаш чыкканы жарытылуу жакшылык көрө элек. Адам баласы жакшылык менен жашка тойбойт көрүнбөйбү: көргөн жакшылыгы канча, бирок көңүл чиркиниң, үмүт чиркиниң самайт экен да кол жеткирди. Жакшылыктан үмүт үзбөдү эле, акыры келди ошо күн. Уулдун уулунун уулунан мындай сөздү угуп туру, эмне арман?..»

Назарматтын көөдөнүн кандайдыр бир жылуу сезим кыса тээп, бир аз аптыгып, жанында бараткан баласына элжиреп, ага кандай жакшы сөз айтсам деп келатты. Кез-кез көңүлүнө келе калчу күдүк оюнан өзү уялып, ошондой ойлогонуна ыңгайсыз сезип отурат. Эмне деп айтат мынабу жанында отурган баласына. Бир келген жашоону жайдаңдаган майрам деп алган Акматбегинен калган Табылдысын Ооган согушу алып, майдандан кайтпасын билип наристесин апасына алып келип таштап кеткенин айтсабы?! Алмаздын тайлары кайда, төрөгөн энеси ким – мунун баары табышмак бойдон калбадыбы. Назармат карыны кээде күмөндүү ойлор каптап, өткөнүн эстегенде бир топ суроолорго жооп таба албай калат. Алмазда өзүнүн, Акматбектин, Табылдынын каны ойноп, жаш кезинде жайран болгондордун тарых-таржымалын билбей чоңоюуда.

Аман жүрсүн

Аны Алмаз кийин билип алар. Ошондо чоң атасы Акматбек турмуштун ачуу-таттуусун жакшылап биле элегинде жок болгонун, аны менен мамиле түзгөн оголе көп аялзатынын ичинен бирөө тукумун улай турган наристени жарык дүйнөгө алып келгенин, ошол бала эр жеткенден кийин өз баласын апасына алып келип таштап кеткенин, тагдырдын татаал жиби Назарматтын уулу менен чөбүрөсүн ушинтип тушап салганын билмек. Назарматтын он тогуз баласынын көбү наристе кезинде чарчап калып, аман калган балдарынын ичинен ушул Акматбегинин тагдыры татаал болду. Табылдысы да билгендей жалгыз уулун ата-энесине таштап кайдагы бир күмөндүү согуштан кайтпай калды. Эми Алмазынын тагдыры кандай болор экен? Ага Назармат карыя эмне деп айтышы керек?! «Өз уулум» деп айтып жүрүңүз деп атпайбы. Албетте, өз уулу, анткени мынабу ак мөңгү жамынган бийик тоолор, аны улай кеткен түздүк,экөө кошулган жердеги боорду ыктай жайгашкан кыштак - Алмаздын туулган жери, анда жашаган айылдыктар өз эли. Назармат кары ушул ойду таап алганына ыраазы болуп чөбүрөсүнө мурда-кийин айтпаган, керемет сырын алдыга жайды.

«Мобу тоону кара! – Чокчо сакалын экчей күнгө, шамалга тотуккан жүзүн Баба-Ата тарапка бурду.

– Ушу тоодон чыккансың. Каның мобу суудан бүткөн, ушу суу чуркап турат денеңде. Мобереги талааны таанып ал! – Бешилик айрынын тишиндей арык, узун манжаларын тарбайтып Ара-Талааны айланта жаңсайт.

– Денең ушу топодон жуурулган. Атаң болуп эмне кылыпмын? Болгону бир уругумсуң, бутагымсың менин. Тамырың кайда билип жүр, садагам! Ушул жердин чынарысың! Ушул элдин уулусуң!..»

Бул сөз абышканын кыйла жылдардан бери сары майдай сактап келаткан сыры болчу. Тоо менен айыл, түнгө көшүлгөн табият атасы менен уулуна бир укмуш ажайып сезилип, тынбай сүйлөп келаткан карыя менен аны угуп отурган тестиер ошол түнү турмуштун бир белесин ашканын сезбей деле калышты окшойт.

Алар келаткан жолдун бир жагында айылдын мүрзөсү жаткан. Ошол мүрзөнүн четиндеги бийик эстелик Табылдыныкы, анын артында жапызыраак эстелик Акматбекке коюлган. Алардын артында калган ишин Алмаз улантат, ал азыр атасынын сыйкырдуу кебине арбалып, чөп үстүндө келатты. Артында тукуму калса ушинтип өткөнүнө кызыгып, карылыкка аз-аздан алдырып бараткан атасына эрмек болуп, анын жанында жүрөт тура. Мына бүгүн Алмаз атасы сайып берген чөмөлө чөптөрдү арабага жүктөшкө жардам берди. Үйүлгөн чөптү басып, кат-каты менен жыйганга жарап калганын көрсөттү.

Бала да жолдо араба ооп каларда жыгылып калабызбы деп чочулап, бирок атасы былк этпей отурганын көрүп, коркуп кеткенине уялып калды. Алмаздын бой жеткенин, анын кийинки тагдыр жолу кандай болорун Назармат чал көрбөй калышы ыктымал. А бирок ал атасы экөө арабага чөптү толтура жүктөп, жылдыз толгон асманды карап үйүнө келишкенин эсинен чыгарбайт болуш керек.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Улан – коррупциялашкан өлкөдөгү өчпөс ысым

Уланбек Эгизбаев, 1-август, 2016-жыл.

Адамзат тарыхында эң оор замандарда жаралган өз каарманы, өз баатырлары чыкмагы бар. Андай кезең, андай доорлор адамдын кырчындай жашына да, жашамал курагына да карабайт. Адамды ажал кайсыл курагында жалмап кетсе да, бирок тарыхый ысымын ташка-тамга калтырып кетчү инсансардын урку да, табияты да өтө феноменалдуу. Андай өлбөс-өчпөс ысымдар үчүн өмүр-жаштын өлчөмү аз болобу, көп болобу – мааниге ээ эмес.

Маанилүүсү – бул дүйнөгө эмнеге келдим, эмнеге жаралдым деген шекилдеги суроолор жанына тынчтык бербеген адамдар гана тарыхка өз ысымдарын калтырып келишкен.

Тек, башкаларыбыз байыркы кытай даанышманы Лао-цзынын чындыгындагы - “Өз өмүрүн барк албагандарга өмүрдүн да кусуру тиерин” аңдабай да, таназар албай жашайт экенбиз. Бул ойдон окчун жашап жүргөндөрүбүз да канча. Өмүрдүн сая кеткенин көр оозуна жакын калганда гана түшүнөбүз. Аныгында, көөдөнүңдү өрттөгөн чындыкты айталбай тиштенип, кылым менен тең карып да, бирок өмүрдүн кусуру урган куракка чейин жашаганыңдан не опаа?..

Ушул соболго келгенде Улан Эгизбаевдин кыска өмүрү ой калчатып койгону... Учурда маркум менен замандаш канчалаган сомодой жигиттер урунаарга тоо таппай жүрү: тиштерин кайрап, канткенде өлкөбүз дүркүрөп өнүгүп, коррупциялашкан өлкөбүз жемкорлордон арылат деп күйүнүп. Чындап күйүнгөн киши Уландай болсун!

Мекенди, элди сүйүү түшүнүгүн көбүбүз жалындуу сөздөргө коротобуз. Буга келгенде Улан күп-күп, бак-бак сүйлөгөндөрдөн эмес эле. Ал өз өрнөгүн журналисттик ишмердигинде, чыгармачылыгында көрсөттү. Майын чыгара иликтеген материалдары менен коррупционерлердин далайынын уйкусун бузду, далайын кооптондурду. Мына ушунун өзү Уландын эл-жерге арнаган сүйүүсү!

Өмүрүбүздү күрөшкө арнап, Уланга окшоп кимибиз билегибизди түрүнүп, Ак үй, Көк үйдө шыкалган жемкорлордун артынан сая түшүп тынчын алдык?! Арабызда жашабай калган Уландан башкаларыбыздын өмүрүбүз артыкпы мүмкүн?! Анын жанынан биздин жаныбыз артыкпы же? Системалуу коррупция менен күрөшүүдө канчалардын кайраты мокоп, каруусу сынып келатса да, Улан өз чындыгынан кайткан жок. Беттегенин бербеди.

Ушу коррупция менен аёосуз күрөшүүгө келгенде эле баары артына кылчактап: үй бүлөдөгүлөрүнүн коопсуздугун ойлойт экен, өз тагдырын мертинтип алуудан кооптонот экен. А Уланда эмне, үй-бүлө жок беле? Ата-эне жок беле? Жандан кечкидей ийнинде эки башы жок эле анын деле. Буга келгенде анын журналистикке арнаган өмүрү кандай тобокелчилик менен коштолгон өмүр экенине баарыбыз күбө...

​Бийликтеги көрченгел жемкорлордун артынан калбай айыбын бетине коюуга белсенчү Уланга окшогондор бүгүн арабызда чанда кезиккен үчүн кыргыз бийлигинде отургандар элден айбыкпай калганы ушул – шылуундар өлкө казынасын көз көрүнөө тоноп атса да, “Раим миллион” атка конгондордун капчыгына түшкөн тыйындар кайдан келип, кайда житип атса да, мурдубузду балта кеспеген калк экенбиз: күңк-мыңк нааразылыгыбызды социалдык тармактарда ачык жазганыбызга гана эрдемсип отургандайбыз. Жан таттуу, жан ширин баарыбызда...

Болбосо коррупция менен жапатырмак күрөшө турган эл болсок, бийликтегилерге талап коё билет элек ко! Матраимовдордун тегерегинде шек жараткан коррупциялык иштерди кызуусунда талкууладык да, күрөштүн кийинки этабы бир гана “Азаттыктын” журналисттеринин милдетине жүктөлгөндөй отуруп калдык.

Кыргыз коомчулугу бүгүн бир ордунда буйдалып кармалып калганы да ошондон. Арийне, корруциялык шек жараткан окуялар ачыкка чыгары менен борбордук аянтка чогулуп, Украина, Грузия, Армениянын мекенчил жарандарындай чуу салып турган калк болсок, элдин жаалынан чоңдорубуз да айбыгат эле, ийменет эле, өлкө казынасынын каалгасын каалаганча тээп киргенден!

Элин, мекенин сүйгөн калк Украина, Грузия, Арменияныкындай болсун. Эки жолу мамлекеттик төңкөрүш жасарын жасап, бирок кайра эле курченгел, куу чирен жемкор аткаминерлерине бийлик тизгинин кармата берген биздей кантип эрдиги бар, эси жок эл болсун! Элдин бийликке болгон талабы күчтүү болгон жерде гана чиновниктер карапайым калк алдында кичипейил болорун демократиясы өнүккөн өлкөлөрдөн көрүп, эмнеге эсибизге келбейбиз?!

А мезгил дегениң жаа огундай сызып, мамлекетибиз тарыхый мүмкүнчүлүктөрдөн кол жууп отурат! А убакыт деген нерсе мамлекетибиздин өнүгүүсү үчүн эң башкы мааниге ээ болушу керек! Өнүгүү мүмкүнчүлүгүбүз кашаңдап, коррупция баарыбызды колдон-буттан тушап алган деңгээлге жеткен кезде, Улан баатырыбыз көпчүлүккө окшоп реалдуу чындыкка кайдыгер карап жатпаганын анын кыска өмүр өрнөгү көрсөттү. Ал өзүндөгү улуулукту ойготту, кайрат-демди ойготту да айланасында кыбыр эткен жашоодо эмне көрсө, баарына билек түрүндү. Алдуусуна аёосуз күрөш жарыялап, алсызына жардам берүүгө кол сунду.

Майып көрсө да; майыптын аянычтуу тагдырын коомчулукка жөн гана журналист катары чагылдырып койгон милдети менен чектелбей, ага көмөк көрсөтүүгө жарап, элин-жерин тургай, майыпчылыкка кабылган тагдырларды аяп, аларды да сүйгөн улуу адамгерчиликке жеткен сапатын көрсөтүп жүрүп арабыздан кетти!

Мына, эл-жерди жалындуу сөз менен эмес, жапакеч сезим, жалындаган жүрөк менен сүйөр киши Уландай болсун! Кырчын жашында көзү өтүп кетсе да, баатыр элдин урпагыбыз деп көңдөй көкүрөгүн күрсүлдөткөн суу жүрөк кыргыз урпагынын арасында жүргөн анык эр-жүрөгүбүз Улан эле! Улуу, нарктуу элдин урпагыбыз деп шилекей чачырап майдаланган улутубузга абийир эле кайран баатыр!

Олжобай ШАКИР

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Араб туристтери жайлоону жакшы көрөт

Араб туристтери жайлоону жакшы көрөт
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:03 0:00

Жайлоонун касиетин качырып бүттүк

Суусамыр жайлоосу.

Бүгүнкү күндөгү жайыттардын жана жайлоолордун кейиштүү абалда экени айтылып келет. Малдын саны көбөйгөнү жайыт талаш дагы күч алды. Бул көйгөйдөн кантип чыкса болот? Канткенде жайлоолордун экосистемасын сактап калабыз? "Жашыл планета" берүүбүздө ушул суроого жооп издейбиз.

Акималиев: Малдын санын көбөйтүп, жайытты унуттук

Бул суроого жооп алуу үчүн белгилүү академик, бир кезде айыл чарба министри болуп иштеген Жамин Акималиевге кайрылдык.

Жамин Акималиев: Жайлоо – бул табияттын элге берген баа жеткис байлыгы. Кыргызстандын жалпы аянты 20 млн. гектар болсо, анын 9 млн. гектарын жайлоо менен жайыт ээлеп жатат.

Соң-Көлдүн акыбалы оор. Жайытты туура колдонбогонубуз аз келгенсип, ар кандай той-топурдун баары ушул жерде өтөт. Адам көп барган жер булганат экен, чөп тебеленет дегендей.
Жамин Акималиев.

Биздин жайлоолордун абасы таза, дээрлик баарында дарылык касиети күчтүү чөптөр өсөт. Тилекке каршы, соңку жылдары биз жайлоонун, жайыттын экосистемасынын бузуп алдык.

Союз маалында малдын саны 10 миллиондон ашып кеткен. Бирок ошого карабай тоютка болгон муктаждыктын 60% жайлоолор жапчу. Ушу күндө кой-эчкинин саны 6,5 миллионго жетип калды. Жылкы, уй, топоз көбөйдү. Бирок жайлоо тоюттун 45% гана берет, бербесе жок.

Буга биз өзүбүз күнөөлүүбүз. Эгемендик алгандан бери айыл четиндеги жайыттарды талкалап, кырманга айландырдык. Алыскы жайлоолор бир нече жыл каралбай, ээн калды. Чөбү желбей, отоо басып кетти. Азыр аларга көчүп барып жатышат, бирок жайытты оңдоого маани бериле элек.

Кыскасы, туура пайдалануу системасынын жоктугунан ушу күндө жайлоолордун 3 млн. гектарга жакыны деградация болду. Азыр андан ажырап калуу алдында турабыз деп айтсам, жаңылышпайм.

“Азаттык”: Ошол экосистемасы бузулган жайлоолорду атай кетсеңиз?

Жамин Акималиев.
Жамин Акималиев.

Жамин Акималиев: Өтө чоң деградацияга учураган жайлоо - бул Суусамыр. Тогуз жолдун тоомунда турат. Соода кылгандын баары көчүп барган. Ар кандай объекттер салынып жатат. Адам жашаганы менен жайыт каралбай калды. Таштанды көбөйдү, анын баары кайра жер кыртышын, сууну булгап жатат.

Соң-Көлдүн да акыбалы оор. Соң-Көл эми сонун көл деген сөз да. Абасы таза, дарылык касиетке бай чөптөр өскөн жайлоо эле. Аны да талкалап бүттүк. Туура колдонбогонубуз аз келгенсип, ар кандай той-топурдун баары ушул жерде өтөт. Адам көп барган жер булганат экен, чөп тебеленет дегендей. Таштанды, айрыкча желим баштыктар учуп көлгө түшүп жатат. Браконьерлерден калган торлор жатат. Кыскасы, деңиз деңгээлинен 3300 метр бийик турган бул жайлоонун да жанын койбодук.

"Жашыл планета" берүүбүздүн жайлоолор жана жайыттар тууралуу толук чыгарылышын аудиодон уга аласыз.

Соңку кезде Арпа жайлоосунун да абалы начарлай баштады. Бул жердин бетегеси абдан күчтүү. Аны жеген мал бат семирип, сүтү каймактуу болот. Мына ошол чөп азайып, ордун отоо басып баратат. Арпаны Нарын облусунун Ат-Башы, Ак-Талаа райондорунун эли жайлайт. Малдын саны көбөйдү, жайыт талаш күч. Бирок жайытка кам көргөн киши жок.

“Азаттык”: Абалды өзгөртсө болобу? 2008-жылы ушул жайыттар боюнча мыйзам кабыл алынса керек эле?

Коомдук уюм болгондуктан анын ишин эч ким көзөмөлдөй албайт, эч ким ишин тескебейт. Алар келип алып мамлекетке караштуу жайлоону башкарып жатат. Малдын түрүнө карап баасын бычып, бизнес кылышат экен.
Жамин Акималиев.

Жамин Акималиев: Ага убакыт жетти. Жайыт боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек. 2008-жылы кабыл алынган мыйзам эскирип калды, аны азыркы шартка ылайыктап иштеп чыкпаса болбойт. Тез арада инвестиция тартып, программа кабыл алуу зарыл. Атайын адистерди, илимпоздорду жалдап, каражат бөлүп, жайыт пайдалануу системасын чогуу иштеп чыгуу керек.

Өкмөт жакында ирригацияны өнүктүрүү боюнча он жылга келишим түздү. Ага жайлоо менен жайыттарды да кошуу керек. Антпесе кээ бир жайыттарга суу жетпей какырап баратат.

Конституция боюнча жайыт менен жайлоо мамлекеттин менчиги. Демек жайыттарды башкаруу - бул мамлекеттик уюмдардын иши. Айыл чарба министрлиги, анын алдында Жайыт департаменти бар. Ушулар карашы керек эле. Тилекке каршы, Жайыт комитети деген түзүлгөн. Коомдук уюм болгондуктан анын ишин эч ким көзөмөлдөй албайт, эч ким ишин тескебейт. Алар келип алып мамлекетке караштуу жайлоону башкарып жатат. Малдын түрүнө карап баасын бычып, бизнес кылышат экен. Мамлекеттин жеринен коомдук уюмдар пайда көрүп атат сөздүн кыскасы. Ал акча райондордун өзүнө берилсе, президенттин “Аймактарды өнүктүрүү” деген программасына жардам болбойт беле. Ошол акча жайыттарды жакшыртууга жумшалса жаманбы? Кыскасы, кош бийликтин азабынан да жайлоо да, жайыттар да каралбай, талкаланып жатат. Ушуга абдан капамын да.

"Азаттык": Жайлоодо пайдалуу чөптүн ордун отоо, тикенек басып кеткени айтылып келет. Алардан кантип арылуу керек?

Жамин Акималиев: Илимдер академиясы биологиялык жол менен күрөшөбүз деп жатат. Дагы бири отоону химиялык жол менен жок кылууну сунуштап келет. Бул албетте, эффективдүү ыкма, бирок анда мал дагы, жайлоонун экосистемасы дагы зыян тартат. Бул жагын эске албаса болбойт. Бирок ошол иштерди жүргүзүү үчүн алгач илимий изилдөө, каражат керек. Илимий изилдөө мекемелеринин чамасы чак. Ошон үчүн атайын “Жайлоо” деген программа кабыл алып, каражатты кенен бөлүп, иш алып барбасак болбой калды.

Кунары качкан жайыттар
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:14 0:00
Түз линк

“Азаттык”: Азыр жер-жерлерде малдын саны көбөйдү, ага жараша жайыт талаш күч алды. Балким жайытты жакшыртуу үчүн малдын санын азайтуу керектир?

Жамин Акималиев: Мен жогоруда төрт түлүктүн саны көбөйгөнүн айттым. 6,5 миллион кой-эчки оңой эмес. Жайытка кам көрө албагандан кийин мындан ары малдын башын көбөйтүүнүн кереги жок. Андан көрө сапатка көңүл буруу керек. Эт жана сүт багытындагы асыл тукум малды багууга өтөлү. Буга мамлекет колдоо көрсөтүшү керек. Таза эттин, таза сүттүн баарын эле тышка сата албайбыз. Демек аны талапка ылайык кайра иштеткен ишканаларды куруу керек. Ошондо гана ЕАЭБге, Европага азык-түлүктү чыгара алабыз.

Жайыт талаш күч алды

Соңку жылдары Кыргызстанда жайыт талаш күч алды. Айрыкча Нарын менен Кочкор райондорунун арасында бул маселе кызыл чеке урушка чейин жеткире баштады.

Кара-Кужур өрөөнүндөгү Кара-Жылга жайыты Кочкорго карайт. Аны Нарын районунун тургундары союз маалынан бери эле ижара алып келишкен.

Учурда бул жерде турак жай курулуп, чакан кыштак пайда болгон. Кочкор районунун тургундары жайытты пайдалангандар чөп айдап, үй куруп алгандарына нааразы.

Жайытка курулган тамдар талаш жаратты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:33 0:00

Буга чейин 22-июнда Нарын районундагы Жерге-Тал айылынын 200дөй тургуну Кум-Бел жайлоосунда нааразылык акциясын өткөргөн.

Алар Кочкор районунун малчылары тез арада көчүп кетишин талап кылышкан. Ал эми кочкорлуктар ал жерде мыйзамдуу отурганын, кийинки жылга чейин эч кайда жылбай турганын айтышкан.

Кум-Бел жайлоосу Нарын районунун Жерге-Тал айыл аймагына карайт. Бирок өкмөттүн токтому менен 2020-жылга чейин Кочкор районунун Исакеев жана Кара-Суу айыл өкмөттөрүнө убактылуу пайдаланууга берилген.

Мындай жайыт талаш маселеси Жумгал, Ак-Талаа райондорунда да курч.

Нарындагы жайыт талаш
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:47 0:00

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Жайытка курулган тамдар талаш жаратты

Жайытка курулган тамдар талаш жаратты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:33 0:00

Журналистиканын нугу өзгөрдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте өткөн «Санарип трансформация шартында маалымат каражаттарындагы эркиндик жана плюрализм» аттуу эл аралык конференцияда Борбор Азия аймагына тиешелүү олуттуу маселелер козголду.

Интернет заманында Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын, жарандык журналистиканын коомдук пикир түзүү ролу, жоопкерчилиги кандай болууда? Ушул жана башка суроолорго «‎Арай көз чарай» берүүбүздөн жооп издейбиз.

Талкууга Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин ага окутуучусу Чынара Капарова, медиа эксперт Болот Темиров жана журналист Шохрух Саипов катышты.

«‎Азаттык»: Чынара айым, Борбор Азия журналисттери жана медиа эксперттери катышкан бул конференцияда биздин аймак үчүн, анын ичинде Кыргызстанга тиешелүү, мүнөздүү деп эсептелген кандай маселелер козголду? Кайсы бир көйгөйлөрдү бөлүп көрсөтсөк болобу?

Чынара Капарова.
Чынара Капарова.

Чынара Капарова: Конференциянын Кыргызстанда өтүп жатышы маанилүү окуя.

Маалымат каражаттарындагы эркиндик‎ жөнүндө сөз болгондо, Кыргызстан чөлкөмдө алдыңкы орунда. Албетте, бул сыймык. Бирок, биз көкүрөк какканыбыз менен анын дагы оң-терс жактары болууда. Бизде азыр «‎кесипкөй журналистика» жана «‎жарандык журналистика» деген түшүнүк калыптанып калды.

Кесипкөй журналистиканын айдыңын жарандык журналистика ээлеп жатат. Салттуу журналистиканын өкүлдөрүн мыйзамга таяп, жоопкерчиликке чакырса болот, ал эми жарандык журналистиканы кантип тескейбиз? Интернеттин мүмкүнчүлүгүн азыр баары пайдаланып жатат. Салттуу журналистикага караганда социалдык тармактардагы маалыматтардын коомдук пикир түзүүдө таасири күч.

Мисалы, кошуна мамлекеттерде Интернетте маалыматтарды чектөө боюнча аракеттер болору айтылды. Ал чектөөлөр көп учурларда мыйзамсыз экени айтылды. Азыр замандын учкулдугу ушул – жаңы технологиялар кирип жатат, алар журналистикада кеңири колдонулууда. Менимче, ага жараша биздеги мыйзамдарга да өзгөртүү киргизилиши керек.

«‎Азаттык»: Шохрух мырза, сиз конференцияда Кыргызстандагы аймактык маалымат каражаттарынын орду, таасири, улуттук азчылыктардын тилине байланыштуу маселелердин барын айттыңыз, алардын айрымдарын угармандар менен бөлүшө аласызбы? Маселенин өзөгү эмнеде?

Шохрух Саипов.
Шохрух Саипов.

Шохрух Саипов: 2010-жылдагы июнь окуяларына чейин Кыргызстандын түштүгүндө өзбек тилдүү бир канча гезиттер, телерадиолор болгон.

Алардын аудиториялары Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын жашоочулары болчу. Алардын көбү ар кандай себептер менен жабылган же аталышын өзгөрткөн. Кээ бир маалымат каражаттары кыргыз тилдүү же орус тилдүү болуп өзгөрүп кеткен.

Өзбек тилинде маалымат берген «‎Ош садоси‎» деген гезит же «Ынтымак» деген телерадиолор сыяктуу саналуу маалымат каражаттары калды. Өзбек тектүү журналисттер өзүнүн коопсуздугу үчүн курч маселелерди көтөрүшпөйт, «ички цензура», өзүн-өзү чектөө күчтүү. Ошондуктан келечекте өзбек тилдүү медиа калыптанабы деген суроо актуалдуу бойдон калууда.

«‎Азаттык»: Өзбек тилдүү маалымат каражаттарына байланыштуу мамлекетте башкача саясат же мамиле болуп жатат деп ойлойсузбу?

Шохрух Саипов: Мамлекет кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизди деп айта албайм. Менимче, гезит, радио же телевидение болобу, редакциялардын ичинде ушундай саясат болууда. Айрым ички чектөөлөр, айрым күчтөрдүн кызыкчылыгынын кагылыштарынан улам ушундай абал түзүлүүдө. Биз мыйзам талаасында сүйлөшүп, аларды чечүүнүн жолдорун издеп жатабыз.

«‎Азаттык»: Болот мырза, бүгүнкү журналистикада «‎факт-чекинг» деген түшүнүк пайда болду. Жалпак тил менен айтканда ал эмне? Анын милдети, максаты эмнеде? Кыргызстанда «‎факт-чекинг» тажрыйбасы барбы, болсо ал кандай натыйжаларды берүүдө?

Болот Темиров: «‎Факт-чекинг» деген журналистиканын багыты, «‎маалыматты текшерүү, тактоо» деген маанини түшүндүрөт. Учурда «‎фейк-маалыматтар» (жалган маалыматтар) дүйнө боюнча чоң көйгөй жаратууда. Ошол «‎фейктерди» текшерип, тактаган формат — бул «‎факт-чекинг». Кыргызстанда маалымат каражаттарында, социалдык тармактарда кайсы бир окуяга, адамга байланыштуу «‎фейк- маалыматтарды» атайын пропагандалык жана манипуляциялык максатта колдонуп, коомдук пикир түзүүгө аракет кылган учурлар аз эмес.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Чукул кырдаалдар министрлигинде чуу чыкты

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын курамы параддан өтүп баратат.

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун кеңешчиси Нурбек Жолборсов коррупцияга шек саналып, эки айга камалды.

Ишти караган Аскер прокуратурасы министрдин кеңешчиси эмне себептен кармалганынын чоо-жайын тергөөнүн кызыкчылыгынан улам айткан жок.

Туугандары аны "тергөө менен кызматташпай койгону үчүн" темир тор артына отургузуп коюшканын билдиришти. Ошондой эле кеңешчи ири өлчөмдө пара алып жаткан деген маалымат да чындыкка дал келбей турганын анын жакындары баса белгилешти.

Нурбек Жолборсовдун иши Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси "Коррупция" менен сотко чейинки өндүрүшкө алынганын Башкы прокуратуранын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн прокурору Жаркынай Азиева билдирди:

"Сотко чейинки өндүрүш 20-июнда ачылган. Жолборсов 6-июлда кармалган. Ишти Аскер прокуратурасы карап жатат".

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова кылмышка шектүү Нурбек Жолборсов Бишкектеги №1 убактылуу кармоочу жайына эки айга камалганын бышыктады:

“Камакта отурат. 6-июлда алып келишкен, 6-сентябрга чейин камалган”.

Нурбек Жолборсовдун атасы Жаныбек Жолборсов уулу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чукул кырдаалдардын таасирин жоюу боюнча түндүк борборундагы каржылык кылмыштарга байланыштуу күбө катары чакырылып, камалганын айтты:

"Нурбек күбө катары суракка барган. Тергөө менен кызматташкандар министрге кеңешчиси аркылуу акча берип турганын айтышкан. Ошондон улам Нурбекти прокуратура күбө катары чакырып, тергөө менен кызматташууну сунуш кылган. Нурбек баш тартканы үчүн эки айга камап коюшту. Эч кандай акча менен колго түшкөн жок".

Жолборсов уулунун кармалышында министрликтин алдындагы Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түндүк борборунун башчысы Асылбек Жусубалиевдин көрсөтмөсү роль ойногонун кошумчалады.

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов "Азаттыкка" кеңешчисинин камалышы жана аты аталып жаткан Асылбек Жусубалиев жетектеген мамлекеттик ишканадагы каржылык мыйзам бузуулар тууралуу комментарий берди.

"Биз март айында Чукул кырдаалдардын таасирин жоюу боюнча түндүк борборун текшере баштаганбыз. Ошондо кассадагы 16 миллион сом жок болуп чыккан. Ошол жакта иштеген жумушчулар "биздин жетекчи иштебей жатат, чара көрүңүз" деп мага кайрылуу жасаган".

Мирзахмедовдун белгилешинче, Асылбек Жусубалиев өткөн айдын башында иштен алынган жана министрликте 10 кишиден турган топ түзүлүп, иликтөө жүргүзүлгөн.

"Алар текшергенде кассадагы 16 миллион сом жок болуп чыккан. Муну Жусабалиев кассадан өзү эле алып койгон болот. Мен ушул 16 миллион боюнча Аскер прокуратурасына "иш козгогула" деп материалдарды өткөрүп бергем. Текшерүү дагы деле уланып жатат. Андан сырткары 37 тонна күйүүчү май, төрт тонна А92 үлгүсүндөгү бензин жок болуп чыгат".

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдында Чукул кырдаалдардын таасирин жоюу боюнча түндүк жана түштүк борборлору бар. Бул мамлекеттик ишканалар ар кандай тендерлерге катыша алат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тапшырган жумуштарды аткарат.

​Азырынча Асылбек Жусубалиевден бул иш тууралуу комментарий алууга мүмкүн болгон жок. "Азаттык" анын пикирин коомчулукка угузууга даяр.

Урандын уусун жойчу "Росатомдун" долбоору

Министр Мирзахмедов министрликтин алдындагы түндүк борбору Орусиянын "Росатом" мамлекеттик концернинин РосРАО ишканасынын субподрядчиги экенин ырастады. "Былтыр бир канча тендерди жеңип алып, төрт-беш объект боюнча иш жасашкан. Эки-үч дамба курушкан" - деди министр. Түндүк борбор Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 30-40 миллион сомдук ишин аткарганын кошумчалады.

РосРАОнун коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Денис Плещенко алардын ишканасы Тоң районундагы Кажы-Сай жана Миң-Куштун аймагындагы Туюк-Суу деген жерлерде көмүлгөн уран калдыктарын зыянсыздандыруу долбоорун ишке ашырып жатканын билдирди.

"Биз Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен иштешебиз. Кыргыз тараптын координатору министрлик, бизден "Росатом". РосРАО - жумушту аткарат" - деди Плещенко "Азаттыкка" берген комментарийинде. Ал ошондой эле тендердин суммасы канча экени тууралуу "кат менен кайрылгыла" деп айткан жок.

Быйыл май айында Кажы-Сайдагы уулуу калдыктар көмүлгөн жерде иштеген жумушчулар айлап эмгек акысын ала албай жатканына арызданышкан. Асылбек Жусубалиев "РосРАО" акча которбой жатат деп, маселени Москваны көздөй бурган. Орусиялык ишканынын баш кеңсеси журналисттерге тиешелүү акча эбак эле Бишкекке которулганын билдирген.

Миң-Куш жашагысы келет (22-ноябрь, 2012-жыл)

2013-жылы Орусия менен Кыргызстандын ортосунда уран калдыктарын зыянсыздандыруу программасы башталган. Анын экинчи этабында - 2017-2023-жылдары Кыргызстандын аймагындагы уулуу калдыктарды рекультивациялоо үчүн курулуш иштери жүргүзүлөт деп пландалган.

Нурипа Муканова.
Нурипа Муканова.

Коррупцияга каршы ишкер кеңештин баш катчысы Нурипа Муканова Жолборсовдун ишинин артында чоң кишилер турган болушу мүмкүндүгүн айтып, прокуратура терең иликтеши керектигин белгиледи:

“Мындай иштер сүйлөшүүлөр аркылуу ишке ашып, анан бир адам күнөөлүү болуп кармалат. Прокуратура түйүндүн учун табышы керек. Бирок бизде андай иштер аягына чыкпайт. Саясий эрк жетпей калабы, билбейм. Транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиев деле ири өлчөмдө пара алууга айыпталып, бирок анын үстүнөн бирөө-жарым көзөмөл кылганбы же жокпу, ачыкка чыкпай жатпайбы”.

​35 жаштагы Нурбек Жолборсов министр Нурболот Мирзахмедов менен ал Сузак районунун акими болуп турган жылдардан бери чогуу иштеп жүргөн. Ага чейин Жалал-Абад мэриясынын жаштар комитетинде жана жаштарга арналган ар кандай долбоорлордо эмгектенген. 2015-жылкы парламенттик шайлоого "Бир Бол" фракциясынын тизмесинде талапкер болгон.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Исламдагы укук жана анын тарыхы

Имам Сарахсийдин Өзгөндөгү күмбөзү.

Борбор азиялык дин аалымы Абу Бакр Мухаммед ибн Абу Сахл Ахмед Ас Сарахсий (имам Сарахсий) диндин өнүгүшүнө, илимге кошкон салым жөнүндө маек.

«Азаттык» радиосунун «Биз жана дин» түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышында дин аалымдарынын тарыхтагы орду, бийлик башындагылар менен мамилеси, илимге, коомдук пикирди жаратууга, башкаруу системасына кошкон салымы жөнүндө кеп кылдык.

Теманы Борбор Азиялык атактуу дин ишмери имам Сарахсийдин мисалында дин укугу боюнча илимдин доктору Жаркынбай Себетов менен эксперт Канатбек Мурзахалилов талкуулашты.

Канатбек Мурзахалилов: - 2018 – жылдын октябрь айында Бишкекте Борбор Азиядагы эң чоң мечиттин ачылышы болуп өттү. Ага имам Сарахсийдин аты ыйгарылды. Кыргызстандын башка аймактарында бул кишинин аты менен аталган башка дагы көптөгөн мечит, медреселер бар. Ал эми Өзгөндөгү бул кишинин күмбөзү оңдолуп, кайрадан салынганын билебиз. Мындан тышкары мавзолейинин жанына исламий китепкана да бар. Деги имам Сарахсий өзү ким болгон?

Жаркынбай Себетов: - Баарыбызга белгилүү болгондой, пайгамбарлар мал-мүлк, дүнүйө, байлыкты мураска калтырбайт. Алардын бизге калтырган мурасы - бул илим. Ал эми пайгамбарлардын мурасына ээ болуу – эң чоң бакыт, эң зор сыймык. Мына ушул илимий мураска ээ болуп, анын муундан муунга өтүшүнө жана илимдин өнүгүшүнө, элдин диний түшүнүгүнүн өрчүшүнө салым кошкон көптөгөн аалымдар жашап өткөн.

Жаркынбай Советов.
Жаркынбай Советов.

Алардын бири - имам Сарахсий. Ал 1009-жылы азыркы Түркмөнстандын Серахс деген жеринде туулган. Кийин Бухарага көчүп келип, ушул жерде илим алып, андан кийин белгилүү бир саясий себептерден улам өмүрүнүн көп убактысын Өзгөндө өткөрүп, 1090-жылы көз жумган.

Канатбек Мурзахалилов: - Имам Сарахсий Өзгөндөгү зынданга эмне үчүн камалган? Негизги себеби эмнеде?

Жаркынбай Себетов: - Сарахсийдин «Зиядатуз-зиядат» аттуу эмгеги бар. Ушул китептин бир жеринде «насаат катары айткан сөзүм үчүн камалдым» деп айткан сөзү бар. Ал эми «Шархус-Сиярил-кабир» аттуу китебинде аны ошол учурдагы башкаруучу камаганын жана буга айрым бузукулар себепкер болгонун айткан.

Тарых барактарына карай турган болсок, мына ошол Сарахсий жашаган учурларда бийлик менен аалымдар ортосунда пикир келишпестик байма-бай болуп турганын көрүүгө болот. Керек болсо аалымдар бийликке сын айтканы үчүн дарга асылган учурлар да кездешет. Мындагы пикир келишпестиктин эки негизги себеби болгон. Биринчиси - салыктардын түрүнүн жана өлчөмүнүн көбөйүшү. Экинчиси - бийликтин исламдын сунний багытынан четтеши.

Эми, Сарахсийдин камалышына келе турган болсок, жогоруда да айтылгандай, өзүнүн үстүртөн гана айтканы бар. Мындан башка да анын камалышына негиз болгон окуянын кандайча болгону тууралуу булактарда ар түрдүү версиялар айтылганы менен так, ынанымдуу маалыматты кездештирүү кыйын. Бирок камакка алынышынын негизги себеби катары ошол учурдагы саясий абалды атаса болот.

Канатбек Мурзахалилов: - Кандай саясий абал себеп болгон?

Жаркынбай Себетов: - Китептердеги маалымат, имам Сарахсийдин өзүнүн айткандары боюнча ал ошол учурдагы бийликтин кандайдыр бир саясатын сындаган. Ошол сындан улам же болбосо түздөн-түз сындабаса да өзүнүн сабактарынын учурунда айтылган сөздөрүн айрым адамдар падышага жеткирип барганы үчүн камакка алынган.

Канатбек Мурзахалилов: - Белгилүү болгондой, ал камалып отурган учурда 30 томдук «Мабсут» китебин 14 жыл ичинде жазган деген маалыматтар бар. Бул китепти ал эч бир адабиятка карабастан шакирттерине оозеки түрдө айтып берген дешет. Имам Сарахсийдин бул эмгеги ислам дүйнөсүндөгү башка аалымдардын чыгармаларынан эмнеси менен айрымаланат?

Жаркынбай Себетов: - Туура, тарых булактарында имам Сарахсий 1073-жылдан 1087- жылга чейин Өзгөндөгү бир зынданда камалгандыгы тууралуу маалыматтар бар. 15 жылга жакын убакытта имам Сарахсий убактысын жөн өткөрбөйүн деп өзү зындан астында туруп окуучуларына сабак өтүп турган. Мына ушул сабак учурунда колунда эч кандай калем, кагаз, китеп сыяктуу каражаттар болгон эмес. Ал өзү ылдыйда отуруп сөздөрүн айтып турган, окуучулары жогоруда туруп Сарахсийдин айткан сөздөрүн жазып турушкан. Кийин ушул айтылган сөздөр, жазылган жазуулар биригип имам Сарахсийдин «Мабсут» аттуу 30 томдук эң чоң эмгеги деп эсептелген китеби пайда болгон.

«Мабсут» – ханафий мазхабынын фыкх маселелерине байланыштуу көз караштары жана алардын далилдери эң кеңири түрдө изилденген алгачкы жана эң көлөмдүү эмгек болуп эсептелет. Ислам ааламындагы, өзгөчө ханафий-мазхабына тиешелүү болгон эң баалуу китептердин катарына кирет.

Канатбек Мурзахалилов: - Имам Сарахсийдин ханафий аалымдарынын арасындагы орду кандай?

Жаркынбай Себетов: - Шариятта Сарахсийдин орду өтө чоң. Ханафи- мазхабында аалымдар илимине, илимге кошкон салымына жана илимий жетишкендиктерине карап жети даражага бөлүнөт. Имам Сарахсий мына ошол даражалардын үчүнчүсүнө жеткени айтылат. Мунун мааниси «шариятта өкүмү белгиленбеген маселелерге ханафий-мазхабында белгиленген усул-эрежелердин негизинде өзү өкүм чыгарганга кудрети жеткен аалым» дегенди билдирет. Мына ушундай деңгээлдеги аалым болгону үчүн андан кийин жазылган китептердин дээрлик баарында анын атын, кандайдыр бир маселе боюнча айткан пикирин кеңири кездештирүүгө болот.

Канатбек Мурзахалилов: - Өзү Сарахсийдин деңгээлине жеткен аалымдар барбы?

Жаркынбай Себетов: - Бар. Сарахсийдин окуучусунун небереси имам Казыхан деген өзгөндүк аалым болгон. Бул киши да Сарахсийдин деңгээлине жеткен аалым.

Канатбек Мурзахалилов: - Казыхан аалымыбыз жөнүндө массалык маалымат булактарында чагылдырылган материал жок. Мындан сырткары илимий изилдөөлөр да жүргүзүлбөй жатат. Ушул аалымыбыз жөнүндө маалымат бере кетсеңиз.

Жаркынбай Себетов: - Жогоруда айткандай Казыхан имам Сарахсийден кийин жашаган. Аны атасы, чоң атасы да казылык милдетти аткарышкан. Өзү да Бухарада жашап, ошол жактан билим алып, Бухарада казы болуп иштеген. Өзгөндөн чыккан белгилүү аалымдардын катарында. Анын жазган китептери да фыкх илиминде, өзгөчө ханафи мазхабында өтө бааланган эмгектердин катарына кирет.

Канатбек Мурзахалилов.
Канатбек Мурзахалилов.

Канатбек Мурзахалилов: - Буйруса Сиз менен имам Казыхан жөнүндө маегибизди кийинки чыгарылыштарда улайбыз. Эми имам Сарахсийге кайра келсек. Имамдын башка эмгектери да ханафий мазхабынын усул жаатындагы эрежелеринин толукталышында жана системалаштырылуусунда эң негизги булак катары колдонулат деп айтылат...

Жаркынбай Себетов: - Жогоруда 15 жыл Сарахсий зынданда отурганын айтпадыкпы. Ошол зынданда отурганда алгач «Мабсут» деген китебин жазган. Андан кийин фыкх усулу багытындагы китебин жазган. Алгач «Асул же болбосо фыкх усулу деген эмне?» деген маселени тактап алсак. Мисалы, «бул парз, бул важип, бул арам» дегендей өкүмдөрдү айтабыз да. Шарияттагы мына ошол өкүмдөрдү чыгаруунун жол-жобосун, эрежелеринин жыйындысын камтыган илим тармагы «фыкх усулу» деп аталат. Эми имам Сарахсийдин бул багыттагы ишмердигине келе турган болсок, ал «Мабсутту» жазгандан кийин, андагы айтылган маселелер, пикирлер, өкүмдөр кандай жол менен же кандай ыкма менен пайда болгонун түшүндүрүш үчүн «Усул» деп аталган дагы бир китеп жазган. Бул китеп имам Сарахсий зындандан чыккандан кийин Өзгөндө жазылган эмгек болуп эсептелет.

Канатбек Мурзахалилов: - «Имам Сарахсий жети миңден ашуун китепти жатка билип, ошол китептердеги окуялардын үзүндүлөрүн айткан» деген маалыматтарды окуп калдык. Бул жөнүндө эмнелерди айта аласыз?

Жаркынбай Себетов: - Имам Сарахсийдин өтө зээндүү аалым болгондугу жөнүндө да көптөгөн маалыматтар кездешет. Зынданда эч кандай китеп, кагаз, калем колдонбой туруп 30 томдук китепти окуучуларына айтып берип, жаздырганы буга далил.

Канатбек Мурзахалилов: - «Фыкх илими менен катар эле имам Сарахсий математика, алгебра илимдеринде да билимдүү болгон, ыр жазуу менен алектенген» деп айтылат...

Жаркынбай Себетов: - Бул акыркы мезгилдеги изилдөөчүлөрдүн туура эмес берген маалыматы болуп эсептелет. Айтылган нерсе аалымдардын аттарынан улам адашып калган нерсе. Математик, алгебра жаатында да белгилүү болгон Сарахсий деген аалым – башка киши.

Канатбек Мурзахалилов: - Дүйнөлүк алкакта ислам аалымдарынын сап башында турган имам Сарахсийдин мурастарын изилдөө, үйрөнүү жаатында кыргызстандык жана башка өлкөлөрдүн окумуштуулары тарабынан бүгүнкү күндө кандай иштер жүрүп жатат?

Жаркынбай Себетов: - Анын жазган китептери басылып, ар кандай тилдерге которулуп жатат. Буга мисал катары, анын 30 томдук «Мабсут» деген китеби түрк тилине которулуп жарыяланган. Өзгөчө Түркия мамлекетинде бул аалымдын ишмердүүлүгү өзгөчө бааланып, көптөгөн илимий-практикалык конференциялар, симпозиумдар өткөрүлгөн. Имам Сарахсий боюнча илимий макалалар жазылган. Ал эми Кыргызстанга келе турган болсок, диний жана илимий чөйрөдөгү адамдар бул аалымдын ишмердүүлүгүнө көңүл бөлбөй келебиз. Өзүбүздүн аймактан чыккан көптөгөн аалымдарыбыз бар болгонуна карабастан, бизде ушул нерсеге маани берилбейт.

Эми Сарахсий боюнча айтсак, 2013-жылы Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы тарабынан «Ханафий мазхабынын улуу аалымы – имам Сарахсий» аттуу илимий-практикалык конференция өткөн. Конференциянын алкагында ал тууралуу чакан китеп кыргыз тилинде муфтият тарабынан даярдалган. Ошондой эле жакын арада эле имам Сарахсий тууралуу түрк тилинен которулган китеп да жарыкка чыкты. Бирок имам Сарахсий боюнча кеңири, масштабдуу илимий иш-чара азырынча Кыргызстанда өткөрүлө элек.

Канатбек Мурзахалилов: - Имам Сарахсийдин күмбөзүн реставрациялоо, жогоруда айтылгандай күмбөзүндөгү исламий китепкананын түзүлүшү 2007-жылы муфтияттын, Ош мамлекеттик университетинин мугалимдер жамаатынын демилгеси менен түрк өкмөтүнүн колдоосу аркылуу ишке ашкан. Эми сиз айткан Кыргызстандын аймагынан чыккан ислам жаатындагы белгилүү аалымдар боюнча илимий изилдөө иштерине динамика берип, алардын ишмердүүлүгүн калктын кеңири катмарына кантип жеткирсек болот?

Жаркынбай Себетов: - Эң алгач эле бул маселеге диний жана илимий чөйрөдөгү адамдар кызыкдар болушу керек. Биздин аймакта жашап өткөн аалымдардын өмүр баянын изилдегенге, «алар кандай иш жүргүзгөн, кандай эмгектерди жазышкан, бул эмгектерде кандай пикирлерди айтышкан» дегенге биринчи кезекте өзүбүз демилге көтөрүшүбүз зарыл. Мындан сырткары мындай иштерди жасоо каражатка келип такалат. Бирок бул жараян да акырындап өз нугуна түшөт деген ойдомун.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Жеңишбектин куткаруучу роботу

Жеңишбектин куткаруучу роботу
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:06 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG