Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:27

Ирандык аткаминерлердин Дубайдагы мүлкү тууралуу иликтөө чыкты


Дубай.
Дубай.

Ирандын 7 миңден ашуун жаранынын, алардын арасында мамлекеттик органдарда же бийлик менен кызматташкан компанияда иштеп, кийин түрдүү экономикалык кылмыш үчүн эркинен ажыратылган мурдагы кызматкеринин Дубайда жалпы наркы миллиарддаган долларга барабар үй мүлкү бар экенин Radio Zamaneh басылмасы иликтеп чыкты.

Басылманын маалыматына караганда, Dubai Unlocked деп аталган иликтөө долбоору бир нече ай уланды, ага ар кайсы өлкөлөрдөн 75 жалпыга маалымдоо каражаты (ЖМК) катышты.

Ирандыктарга таандык делген мүлктүн жалпы баасы 7 миллиард долларга барабар экени аныкталды.

Aspect Tower мунарасындагы наркы 650 миң долларлык кеңсе Ezam Automotive Parts Group компаниясынын мурдагы жетекчиси, аткезчилик үчүн 65 жылга кесилген, бирок коюлган айыпты четке кагып келген Аббас Ираваниге, Ал-Меркаддагы 5,5 жана 12 миллион долларлык эки вилла инвестор жана телепродюсер, каржылык коррупция үчүн 20 жылга соттолгон Мохаммад Эмамиге жана анын досу Амир Реза Фарзанрадга таандык экени маалымдалды.

Ал эми 12,6 миллион долларлык беш батирге болот куюучу заводду жетектеген, паракорчулук үчүн 16 жылга кесилген магнат Расул Даниалзаде, 380 миң долларлык батирге Ирандын мурдагы президенти, маркум Акбар Хашеми Рафсанжанинин уулу, Тегерандын шаардык кеңешинин мурдагы төрагасы Мохсен Хашеми Рафсанжани ээ экени да иликтөөдө айтылды.

Иранда бир айлык орточо киреше 325 долларга барабар.

Radio Zamaneh басылмасынын баш кеңсеси Амстердамда жайгашкан, ал перс тилинде Ирандагы окуяларды чагылдыруу менен алектенет. (RK)

XS
SM
MD
LG