Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Лукашенко Тоолуу Карабак аймагына барды


Александр Лукашенко жана Илхам Алиев. 2024-жылдын 17-майы.
Александр Лукашенко жана Илхам Алиев. 2024-жылдын 17-майы.

Беларустун авторитардык башкаруучусу Александр Лукашенко бүгүн 17-майда Азербайжандагы расмий сапары алкагында Баку Армения менен талаштан кийин өз карамагына кайтарып алган жана азыр согуштан кийинки калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жаткан аймакка барды.

Тоолуу Карабактагы Физули шаарынын аэропортунан Лукашенкону азери президенти Илхам Алиев тосуп алды. Бул аэропортту Азербайжан шаарды өз карамагына алган 2020-жылы курган. Физули Азербайжандын Карабак жана Чыгыш Зангезур экономикалык райондорунун негизги транспорттук артерияларынын кесилишинде жайгашкандыктан олуттуу транспорттук-логистикалык мүмкүнчүлүккө ээ аймак.

Эки жетекчи Шуша шаарына да барышты. Бул шаар азери аскерлеринин көзөмөлүнө өткөнүн Баку 2020-жылдын ноябрында билдирген, кийинки жылы Алиев аны Азербайжандын маданий борбору деп жарыялаган.

Эки шаарды тең ондогон жылдар бою расмий Ереван колдогон этникалык армяндар башкарып келишкен.

Лукашенко Алиевден Тоолуу Карабакты жаңылоо программасына Беларусту да кошууну суранды. Алиев белорус компанияларынын жана ишканаларынын аталган аймакты согуштан кийинки калыбына келтирүү иштерине катышуусуна кызыкдар экенин билдирди.

Азербайжан былтыр сентябрда эки өлкө көптөн бери талашып келген Тоолуу Карабак аймагын өз карамагына толук алгандан кийин ортодогу атышуу дээрлик токтогон. Бул аймакта жашаган 100 миңдей армян улутундагы киши үй-жайын таштап чыгып кетүүгө мажбур болгон.

Лукашенко Орусиянын баскынчылык саясатын колдогон негизги өнөктөшү. Орусия 2014-жылы Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алган, 2022-жылы бул өлкөгө каршы толук масштабдуу агрессиясын баштаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG