Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:58

Газа секторунда кармаш күчөдү


Газа сектору.
Газа сектору.

Газа секторунда кармаш күчөгөнүн бүгүн 17-майда Reuters агенттиги билдирди. Агенттиктин маалыматына караганда, сектордун түндүгүндөгү Жабалия шаарында жума күнү айыгышкан салгылашуу болду, бул шаарга израилдик аскерлер өткөн аптада кайтып барышкан.

Ал эми түштүктө Изарил армиясынын Рафахтын тегерегине топтогон танктары ракета жана миномёт чабуулга кабылганы маалымдалды.

Газадагы палестин качкындарынын сегиз лагеринин эң ириси болгон Жабалиянын тургундары израилдик аскердик техника шаардын борбордук бөлүгүнө киргенин, бульдозерлер жолдогу үйлөрдүн жана дүкөндөрдүн баарын талкалап өткөнүн айтышты.

«Азыркы тапта Израил болгон күчүн Жабалияга каршы жумшоодо. Танктар, учактар адамдар жашаган райондорду жок кылууда», - деди жергиликтүү тургун Айман Ражаб.

Израил Жабалияны “тазалап” чыкканын мурда жарыялаган, бирок ал жакта согушкерлер кайрадан топтоло баштаганын айтып, өткөн аптада шаарга кайра кирген. Бул өлкөнүн Коргоо армиясы (ЦАХАЛ) соңку күндөрү 60тан ашуун согушкерди жок кылганын, Жабалияда курал-жарал катылган жер табыганын билдирди:

«Азыр да аскерлерибиз бул райондогу террорчул түзүмдөр менен атышууда. Он чакты авиачабуул жасалды, террорчулар жана алардын инфраструктурасы жок кылынды».

Негизги максаты ХАМАС тобун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) жок кылуу экенин айтып келе жаткан Израил Рафахтагы операциясын май айынын алгачкы күндөрү баштаган, бирок толук чабуул жасай электигин маалымдап келет.

Газанын 2,3 миллионго жакын калкынын көбү Израилдин чабуулдарынан баш калкалап, сектордун улам бир аймагына барып жашынып жашоого мажбур болууда. Израилдин бул сектордогу аскердик операциясына 2023-жылдын 7-октябрындагы окуя түрткү болгон. Бул күнү куралчан адамдар тобу 1200дөй кишини өлтүрүп, 250 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын бир бөлүгү бошотулган, айрымдары каза болгону кабарланган.

Газа секторун ХАМАС көзөмөлдөйт. Бул анклавда Израил армиясы былтыр октябрдан бери аскердик операция жүргүзүүдө, негизги максаты ХАМАСты жок кылуу экенин билдирүүдө.

Газада ХАМАС менен Израил армиясынын согушунун кесепетинен дээрлик жети айдан бери бул сектордо жашаган палестиндердин 35 миңден ашууну каза болгонун анклавдын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө.

АКШ, Египет, Катар өлкөлөрү согушту токтотуу үчүн ортомчулук кылып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, бирок натыйжа боло элек. Газада гуманитардык абал курчуп турганын эл аралык укук коргоо уюмдары айтууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG