Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:40

Орусия үч шаары дрон чабуулуна кабылганын билдирди


Орусия. Туапсе. 2024-жылдын 17-майы.
Орусия. Туапсе. 2024-жылдын 17-майы.

Орусиянын бир катар аймактары 17-майга караган түнү жапырт дрон чабуулуна кабылды. Новороссийск шаарынын портунда жарылуу болгону, Туапседе мунай заводунда өрт тутанганы кабарланды.

Жергиликтүү тургундардын эсебинде, түнү менен Новороссийскиде 35тей жарылуу болду. Телеграм-каналдар дрон чабуулу портко багытталганын жазышты.

Аналитиктердин эсебинде, Орусия оккупацияланган Крымдагы Кара деңиз флотунун жарымын былтыр күзүндө дал ошол жакка көчүргөн.

Орус бийлиги Краснодар аймагында жайгашкан Новороссийск шаары жана аннексияланган Крымдагы Севастополь калаасы дрондордун жапырт чабуулуна кабылганын билдирди. Андан тышкары Туапседеги мунай иштетүүчү завод учкучсуз аппараттардын соккусуна туш болгону, ал эми Белгороддо дрон автоунаага тийип, эне-бала мүрт кеткени кабарланды.

Маалыматтарга караганда, Новороссийскиде чабуул эки сааттан ашуун уланды. Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, порттон тышкары соккуга темир жол бекети да кабылды.

Калаа тургундары бомбадан коргой турган жайлар жабык экенине нааразы болушту. Мэрия шаар жашоочуларын көчөгө чыкпоого чакырды. Кайсы бир убакытка коомдук транспорт токтоп, иши кийин калыбына келтирилди.

Краснодар крайынын губернатору Вениамин Кондратьев шаарга жасалган чабуулду “ийгиликсиз” деп мүнөздөп, украин армиясына төңкөдү.

Киев эч кандай комментарий берген жок.

Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, 17-майга караган түнү оккупацияланган Крымдын аймагында 50дөн көп, Краснодар крайында 44, Белгороддо алты жана Курск облусунда бир дрон атып түшүрүлгөн же мизи кайтарылган.

Түнкү чабуул орус армиясы Харьковдун түндүгүндө соккусун күчөткөн маалда жасалды. Расмий Киев бул облустагы Волчанск багытында абал турукташканын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG