Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:42

Казакстанда селден кийин үй-жайынан ажырагандардын митинги уланууда


Күлсары. 2024-жылдын 16-майы.
Күлсары. 2024-жылдын 16-майы.

Казакстандын Атырау облусунда селден катуу жабыркаган Күлсары шаарынын тургундарынын нааразылык акциясы бүгүн, 17-майда да уланууда. Жүздөгөн кишилер сууда калган үйүн оңдоого же жаңысын курууга бийликтен жетиштүү жардам талап кылып 15-майда чогула баштаган, шаардын борбордук бөлүгүнө чатырларды тигишкен.

Акцияга чыккандар өкмөт сунуштаган кенемте жетишсиз экенин айтып жатышат. Шаарда интернет үзгүлтүккө учурап, электр жарыгы улам өчүп, мобилдик байланыш да жакшы иштебей жатканы кабарланууда.

17-майда облустук ыкчам штаб 200 үй боюнча тийиштүү маалымат чогултулганын, бүгүн атайын адистерден турган алты мобилдүү топ дагы 100 үйдүн абалын текшерип чыгарын, чыгымы эсептелерин, ошол бүтүмдүн негизинде шаар тургундары район акимчилигине барып жардам сураса болорун билдирди.

Үйү авариялык абалда деп таанылган күлсарылыктырга өкмөттөн бериле турган кенемтенин эки варианты сунуш кылынууда – жаңы үй сатып алууга, курууга же оңдоого акча бөлүнөт; же каалоочулар жергиликтүү бийлик үч ай ичинде типтүү долбоор боюнча куруп берүүнү убада кылып жаткан үйдөн алса болот.

Нааразылык акциясына чыккандар селдин айынан жараксыз болуп калган үйүнүн ордуна ар бир чарчы метри үчүн 400 миң теңге кенемте талап кылып, үйдү өкмөт куруп берет деген сунушка сапат маселесинен улам кооптонгондуктан каршылыгын айтып жатышат. Ал эми бийлик өкүлдөрү чарчы метрге 240 миң теңгеден ашпаган акча бөлүнөрүн билдирүүдө.

Апрель айынын башында 66 миң калкы бар Күлсарыны сел каптап, миңдеген кишилер эвакуация болгон. Соңку маалымат боюнча, 3 миңдей үйдү суу каптаган, алардын 570и жараксыз жана жашаганга кооптуу абалда деп кабарланган.

Март айынын соңунан тартып дээрлик бир ай бою Казакстандын батыш жана түндүк аймактарында сел жүрүп, он чакты облуста өзгөчө кырдаал жарыяланган. 120 миңдей киши үйүн, короо жайын суу алып, эвакуация болгон. 7 миңден ашуун үйдү суу каптаган. Кеминде жети киши каза тапканы расмий айтылган. Селге каршы чаралар убагында көрүлбөгөнүн айтып бийликке нааразылыгын билдирип чыккандарга айыппул салынган. (RK)

XS
SM
MD
LG