Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:25

Словакия: Кол салууга кабылган өкмөт башчыга экинчи операция жасалды


Роберт Фицо. Гандлова шаары. Окуя болгон жер.
Роберт Фицо. Гандлова шаары. Окуя болгон жер.

Словакиянын премьер-министри, эки күн мурда кол салууга кабылган Роберт Фицого бүгүн 17-майда дагы бир операция жасалганын өлкөнүн коргоо министри Роберт Калинякка шилтеме жасап The Washington Post жазды.

Калиняктын айтымында, Фицонун абалы дагы эле оор деп мүнөздөлүүдө. Дарыгерлердин өкмөт башчыны Банска-Бистрица шаарынан борбор калаа Братиславага которуу маселеси боюнча кеңешмеси дүйшөмбү күнү өтөрүн Reuters маалымат агенттиги билдирди.

Өкмөттөгү айрым кызматкерлер 59 жаштагы Фицонун абалы кол салуудан кийинки алгачкы сааттарга караганда жакшырганын, өмүрүнө коркунуч жок экенин, ал бир аз сүйлөп калганын мурдараак маалымдашкан.

Окуя 15-майда өлкөнүн борбордук бөлүгүндө жайгашкан Гандлова шаарында болгон. Роберт Фицо шаардагы Маданият үйүндө өкмөттүн көчмө жыйынын өткөргөндөн кийин көчөгө чыгып, жол боюнда турган адамдар менен учурашканы барган учурда ага ок атылган.

Кол салууга шектүү киши ошол жерден дароо кармалган. Ички иштер министри Матуш Шутай-Эшток окуяны саясий себепке негизделген өлтүрүү аракети деп атаган.

Беш, айрым маалыматтар боюнча төрт жолу ок атылганы, кол салуу жакын арадан жасалгандыктан Фицонун жансакчылары аны октон сактап калууга үлгүрбөгөнү маалымдалган. Колунан жана курсагынан жараат алган өкмөт башчыны тик учак менен жакынкы Банска-Бистрица шаарына жеткирип, дароо операция жасашкан. (RK)

XS
SM
MD
LG