Линктер

дүйшөмбү, 19-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 21:25

Чыңгыз Айтматовдун «маңкурту»: кулбу же курмандыкпы?


Чыңгыз Айтматов Брюсселдеги “Тенбош” гүлбагында. Ибрагим Бакировдун белек фотосу.

Чыңгыз Айтматовдун айтылуу “Кылым карытаар бир күн” романы жөнүндө сөз болгондо адатта ар дайым алгач эле маңкурт аңызы дароо эске келет. Адабиятчы Калык Ибраимовдун кезектеги блогу.

Эне-Бейит аңыз-мифинен агып чыккан бул уламыш чындыгында да чыгармада уңгу дегидей урунттуу орунду ээлейт. Ал – романдын концепциялык чордону. Андан көп маанилүү символдор менен метафоралардын бүтүндөй бир түрмөгү чубалып, алар өз кезегинде романды полифониялуу симфониядай жаңырган жаңыча голографиялык түр-сыпатка ээ кылып, мазмун-маңызын чексиз тереңдетип турат.

Алсак, Эне-Бейит – бул, чыгарманын философиялык концепциясы боюнча, тоталитардык-технократиялык күчтөрдүн өкүм зорлугу менен өз ыйык кадыр-касиетинен караманча айрылып калган уңгулуу улуттук космос, анын азыркы учурдагы турмуштук абалын туюндурган символдук образ-модель сыяктуу.

Арийне, “ордолуу орун бош калбайт” дегендей, Сары-Өзөк пантеону орношкон ал жерде, атын да, атасын да унуткан маңкурт уул бир кезде энесин жаздым кылган жайда, Найман-Эненин арбагы жаткан ыйык бейитте – азыр космодром жайгашкан. Ыйык Эне-Бейит ордуна Космодром кудайдай кудуреттүү келгин баскынчылардын аркасы менен цивилизация муктаждыктарына кызмат кылуучу жаңыча ыйык жайга айланып, Найман-Эненин урпактарына бу күндө аякка жол жок. Маңкурттун башындагы шири сымал тегереги зым тор менен бекем курчалган. Аерден жер шарын айландыра курчап, адамзатты маңкурт сыңары өткөндүн баалуу каада-салт, нарк-насил, нускалуу сабак тажрыйбасынан жана келечек эскерүүлөрүнөн айруу максатында “Кырчоо” амалын аткаруу үчүн алыскы космоско ракета-роботтор учуп чыгат.

Казакстандагы "Байкоңур" космос майданында.
Казакстандагы "Байкоңур" космос майданында.

Ошондуктан, космодром жайгашкан жабык аймакты кайтаруучу кароолдун башчысы лейтенант Тансыкбаев Казангап карыяны ыйык жайга коюу үчүн Эдигей баштап келген аза көчтү ал жакка киргизбей, атүгүл аны менен өз эне тилинде – казакча сүйлөшкөндөн да качып: “Жолдош чоочун адам, мага орусча сүйлөңүз. Мен кызмат милдетин аткарып жүргөн кишимин”, - деп кабак бүркөт.

Ушундан улам, маңкурт уламышы романдын образдык-концепциялык курумунда анын идеялык мазмунун астыртан азыктандырып, байытып турган айрыкча баалуу маани-маңызга ээ.

Айталы, эли-жеринин эзелки тарых-таржымалы баяндалып, Казангап менен Эдигей кастарлап сактап жүргөн аңыз-уламыштарды эскиден калган кайдагы бир калжырак жомоктордой көрүп, анын баарын өзү окуган ар кайсы интернаттар менен институттарда унут калтырган Сабитжан кайбыр ракета, аппарат-машиналар эмне болуп калыптыр, керек болсо, бүт адамзатты радио аркылуу башкарган кез да келээрин айтып керсейет.

А муну уккан Бороондуу Эдигей: “Чынында эле ушундай болсо эмне? Кудай болуп бизди башкаргысы келген чоң окумуштуулар ушинтип ойлосо түбү эмне болот?.. - деп үрөйү учат.

Ал эми Сабитжан болсо ага таң кала турган эчтемеси жок кадыресе нерседей кайдыгер карайт. Ага баары бир – тууган эл-журтунунун өткөн тарыхы, каада-салты, үрп-адаты, азыркы абалы жана келечек тагдыры, атургай атасы Казангаптын акыркы керээзи менен да эч иши жок, өзү үчүн гана жашайт, чоңдору “өл” десе, өлүшкө да даяр. Ушундай Сабитжанды азыркынын маңкурту же радио менен башкарылуучу биоробот дебегенде, анан дагы ким десе болот?

“Кылым карытаар бир күндүн” орчундуу сюжеттик канвасы казак калкынын жашоо-турмушунан алынган реалдуу окуяларга негизделгени окугандарга жакшы маалым. Ошону үчүн, романын жазаар алдында Айтматов, сөз жок, азыркы казак адабиятынын өз улуттук реалдуулугун көркөм аңдап чагылдыруудагы чыгармачылык тажрыйбасына үңүлө көз салып, анын айрым табылгаларына таасирленбей коё алмак эмес.

Айтса-айтпаса, чынында да Ч. Айтматовдун чыгармасындагы айрым идеялык мотивдер менен образдык моделдерди жана көркөм көрүнүштөрдү элдир-селдир элестеткен семантикалык-эстетикалык курулмалар казак адабиятында боло келген.

Маселен: О. Бөкеевдин «Поездер өтөт зуу коюп» повестиндеги Түрксиб магистралын курушуп, өмүрүнүн көп жылдарын ай-талаадагы алакандай Жыланды разъездинде өткөргөн темир жол жумушчусу Дархандын тагдыр таржымалы; анын арбактуу ата-бабасы Кенгирдин мазарынын жанына өзүнө арнап күмбөз тургузуп, өз пантеонун негиздеши; Дархандын ата салтын, журт каадасын тепсеген жалган уулунун абийирсиз жорук-жосундары; ары-бери каттаган поюз жүрүшүнүн чыгармада атайын курсив менен терилип, рефрен катары кайра-кайра кайталанышы; О.Бөкеевдин “Буура” аңгемесиндеги “төө” менен “поездин” оппозициялуу образдары; ушул эле автордун кай бир жактары боюнча Найман-Эне аңызы менен үндөшүп кеткен Айпара-Эне аңызнамеси; адамды маңкуртка айландыруу «процедурасын» сүрөттөп, «маңкурт» деген түшүнүк менен азыркы окурмандарды алгач тааныштырган А. Кекилбаевдин «Күү» (орусча варианты «Байыркы жылдар баяны» деп аталат, жана анда «маңкурт» деген сөз жок) повести жана дагы башка ушу сыяктуулар.

Бирок кантсе да, учкун сымал ар кай жерде жылтылдап чачылып жаткан ошондой мозаикалуу маанилик моделдер менен көркөм образдардан улуу сүрөткер, интеллектуал инсан жана даанышман ойчул катары Чыңгыз Айтматов гана адам аптыгарлыктай ажайып монумент жасап, аны жашоо-турмуштагы жан кыйнаган не бир татаал суроолорду таң калаарлыктай тайманбастык менен козгоп, аябагандай терең аңдап чагылдырган көп маанилүү философиялык-көркөм баянга айландыра алды.

Чыңгыздын атасы Төрөкул (1903-1938) жана энеси Нагима Айтматовдор. Т.Айтматов сталиндик жазалоолордун жазыксыз курмандыгы болгон.
Чыңгыздын атасы Төрөкул (1903-1938) жана энеси Нагима Айтматовдор. Т.Айтматов сталиндик жазалоолордун жазыксыз курмандыгы болгон.

Биздин оюбузча, маңкурт уламышын романга кошумча катары кийин жазылган “Чыңгыз хандын ак булуту” повестин эске алуу менен бир аз башкачараак контекстте жана ыңгайда караса туура болчудай. Буга байланыштуу мындай бир жагдайга көңүл бурсак: романда маңкурт тууралуу аңыз Абуталиптин кайгылуу тагдыры баяндалган бөлүктөрдүн алдында айтылат эмеспи.

Мугалим Куттыбаев ага абдан кызыгып, Казангап менен Эдигейдин оозунан кагаз бетине түшүрүп жазып алат. Бирок байкуш мугалим бул жазмасы үчүн кийин күнөөлөнүп, кайра өзүн аңыздагыдай маңкуртка айландырууга, экинчи дүйнөлүк согуш жылдары партизан катары югославия каршылык көрсөтүү кыймылына катышканын катачылык деп мойнуна алдырып, андан баш тарттырууга аракет жасалаарын ошондо ойлоду бекен?

Абуталип бир кез бирөөнүн көзүнчө туткундан кантип качканы, андан соң югославия партизандарынын катарында фашисттер менен кандай салгылашканы тууралуу эскерүү жазып атканын абайлабай айтып койгон жайы бар. Мына ошондон бирөөнүн ичи тарлык, ич күйдүлүк, көрө албастык курту козголуп, үстүнөн компетенттүү органдарга чагым түшүп, анан ал эскерүүлөр кастык катары каралып-караланып, Абуталип абакка камалат го.

Аттиң, бирөөнүн инсанат сапатын жөндөн жөн жек көрүү, ич тарлык, көрө албастык, ич күйдүлүк оорусунан айыгуу үчүн адамдар дагы көп-көп мезгил кечиришер башынан. Ал канчага созуларын билип болбойт. Бу дүйнө бу бойдон турганда ушундай боло берер.

Анан Абуталиптин ишин тергеген ителги көз чекист Тансыкбаев Эдигейди күбө катары суракка алып, мээсин түздөйт:

“Тарыхый окуя катары турмушта ар кандай нерселер болушу мүмкүн. Эмнелер гана болбоду дейсиң. Бирок эскергенде, эртегини оозеки же кагаз бетине сүрөттөп бергенде азыр талап кылынгандай, бизге керек болгудай кылып эскерүү керек. Бу жобону карманбасаң, анда кастык жолго түшкөнүң ошол...”

Карабайсыңарбы, бу жерде чекист Тансыкбаев байкуш Эдигейдин башына адабиятта социалисттик реализм методу боюнча талап этилүүчү башкы принциптердин маңызын тим эле мык каккандай кадап атпайбы.

Абуталип Куттыбаевдин трагедиялуу көргүлүгү, тарткан тарткылыгы көрсөтүлгөн бөлүктөрдө адамдын мээсин шири сыяктуу кысып, өз алдынча ойдун жылт эткен учкунун да жылчыксыз баскан ошол учурдагы биринен бири шектенген, чочулап сестенген коркунучтуу кырдаалдын кооптуу элеси көз алдыга тартылат.

Ал агер кимдир-бирөө Абуталипке окшоп бир нерсе жөнүндө “өзүнүн жекече сөзүн” айткысы келсе, андайдын башына дароо эле эч кандай далилсиз оор айып-күнөөлөр мөндүрдөй жаап, жаагы жап кылынган:

“...Кайдагы өзүнүн жекече сөзү? Ал эмне деген жекече сөз экен? Өзүнөн чыккан кандай ойлор ал, жекече сөзү деген эмне? Жекече көз караш дегенби? Өзгөчө, жекече пикири дегениңби? Эч кандай андай жекече сөз болбошу керек. Кагазга түшкөн соң, ал жекече сөз эмес. Оозуң менен айтканды мойнуң менен тартасың. Көрүнгөн киши өзүнүн ойлорун айта башташы керек экен да, ээ? Анда эл кутуруп кетпейби.”

Кантсе да, кандай гана айла-амал кылбасын, Абуталипти эптеп душмандын агентине айландырып, элементардык жарандык жана адамдык укуктарынан ажыраткысы келип, өчөшкөндөй берилип жан-алакетке түшкөн бул “ителги көз” тергөөчүнү жаңыча кубулуп, кайрадан пайда болгон кадимки жуңжаңдын дал өзү дебегенде, ким дейбиз?

Ч. Айтматовдун романы жөнүндө жазгандардын көбүнө “маңкурт” деген сөз аябай жагып калган белем, айтор, аны анча баш катырып отурбай эле, ар кимге жоомарттык менен оңду-солду жабыштыра берүү көнүмүш көрүнүш болуп калды.

Бирок, андайда эң башкы жана ашкан маанилүү бир нерсе, атап айтканда, маңкурт – баарыдан мурда курмандык, андан соң гана эс-акылдан ажырап, түбү-тегин, өзүн өзү тааныбай, ээсине кыңк этпей берилип кызмат кылгандан башканы билбей, өзүн адам элем деп эсептебей калган бир сөлөкөт кул экени эске алынбай келет.

Ал эми буйрук аткаруучуларга келе турган болсок, алар аңыз-уламышта башка – жуңжаң - деген сөз менен белгиленген. Эгерде бул уламышты Абуталиптин трагедиясы, Куттыбаевдин камалуу жана соттолуу жагдайы менен салыштырсак, ошондо кимдин кимдиги, ким – курмандык (маңкурт), ким - желдет (жуңжаң) экени дароо ачыкка чыгат.

Арийне, бул жерде бир маанилүү кырдаалды эске алууга тийишпиз.

Эмне дегенде: ырас, Абуталипти маңкуртка айландырууга болушунча аракет кылышты, бирок ал колдон чыгып кетти, үлгүрбөй калышты. Өмүрүндөгү эң оор сыноону – үй-бүлөсүнөн, боор эти менен бир балдарынан ажыратып кыйноого салган күйүт-сагынычты көтөрө албай, жүрөгүн эзип канаткан убайым-кусалыкка чыдабай, ал абакта көз жумду. Ал эми “Кылым карытаар бир күн” романына кошумча катары жазылган “Чыңгыз хандын ак булуту” повестинде чекист Тансыкбаев ушуну жүзөгө ашырсам карьерам көтөрүлөт деген чоң үмүт менен Абуталипти өзү өтө бир ийгиликтүү “чүргөгөн” жалпы “иштин” алкагында калган катышуучулар менен көзмө-көз жолугууга алпаратканда, ал анын ой-тилегин таш каптырып, паровозго бой таштап жан таслим болот.

Аңызда буга ишарат-параллель бар. Айтсак, жүз башы Эрдене менен саймачы Догуланг Өкүмдардын катуу тыюусуна карабай тымызын сүйүшүп, балалуу болушат. Чыңгыз хандын эркинен өз эркиндигин бийик коюу аркылуу алар жан бүткөн Жаратылыштын жана Жараткандын кайыбынан аян-кабар беришет. Баарына сабак катары аларды Сары-Өзөк чөлүндө Өкүмдар төөнүн өркөчүнө арта салынган арканга асып өлтүргөндө Чынгыс ханды коштоп-колдоп жүргөн ак булут андан баш үйрүп жок болуп кетет.

Көк теңир өзүн сүйбөй-сүрөбөй калганын түшүнүп, каардуу каган батышка бараткан жортуулун ара жолдон токтотуп, аскерин артка кайрыйт.

Жогорудагы салыштыруудан улам, маңкурт жана Сары-Өзөк өлүм жазасы туурасындагы аңыз-мифтер, аларда катылган конкреттүү турмуштук подтекст жалпы контекстте биздин жакынкы тарыхыбыздагы социалдык, саясий-идеологиялык жагдай-шарттарды, советтик тоталитардык система учурундагы карапайым адамдардын жашоо көйгөйлөрүн, алардын татаал тагдыр-ташпиштерин эске салып турганын көрсө болот.

Романга кошумча повестинде Ч. Айтматов Абуталип менен чекист Тансыкбаев линиясын бир кыйла күчөтүп улантуу аркылуу убагында толук ырдалбай калган “Кылым карытаар бир күн” ырын акырына чейин ырдап бүтүрүүгө аракет кылганын белгилей кетүү керек. Анын бул аракети асыресе Тансыкбаевдин образын ачып көрсөтүүдө ийгиликтүү ишке ашкан.

Чекист Тансыкбаев – мамлекеттик купуя сыр мистериясына тандалып алынган жан алгыч “аңчылар” тобунун типтүү өкүлү. Алар улутчулдар менен өз алдынча ойлонгондорго каршы жүргүзүлгөн ар бир ири ишти бүткөргөн сайын чогулуп: икра, ичкилик, хрусталь люстра, сервиз, эл душмандарын каарыган,

Советтик тургундар Сталин менен Геля Маркизованын плакаттагы сүрөтүнүн жанында шаттана сүрөткө түшүүдө. Артек, Крым. 27.8.1937.
Советтик тургундар Сталин менен Геля Маркизованын плакаттагы сүрөтүнүн жанында шаттана сүрөткө түшүүдө. Артек, Крым. 27.8.1937.

Сталин үчүн айтылган тосттордун коштоосунда банкет өткөрүүнү адатка айландырып алышкан. Ошондой “жайыл дасторкондун” бирин сүрөттөп көрсөтүүдө Айтматовдун “оптикасы” ал жан алгыч азезилдердин психикалык табиятын ийгиликтүү бир ишин жууп белгилеп аткан “коллегасын” көрө албай, өзүнөн өзү бушайман болгон азырынча майор Тансыкбаевдин ички монологу аркылуу ачып көрсөтөт:

“Силердиби, шашпай тургула! Абуталиптен СССРдеги интеллигенттердин катышуусунда англис-югослав шпиондорунун кеңири таралган чырмалышкан тармагы жөнүндө кандай гана иш чыгараар экемин, ичиңер күйгөндөн өрттөнүп өлбөсөңөр болду, ошондо кийинки банкетти мына мен өзүм өткөрөм!”

Андан ары банкеттин жүрүшүндө мындай ой айтылат: “Күрөштү күүсүнөн жандырбай күчөтүп туруш үчүн улам бир улам жаңы оъектилер, айып ачуу боюнча жаңы багыттар керек болуп турган; бу жагынан көп нерселер иштелип, түбүнө - жумурай журттарды өлө турган жери Сибирге жана Орто Азияга сүргүнгө айдаганга чейин түгөнүп бүткөндүктөн, мурда улуттук чет-жакаларда кеңири колдонулуп келген - буржуазиячыл-феодалчыл улутчулдук – вариантында “дүңүнөн түшүм” жыйноо улам барган сайын кыйынчылык туудура баштаган.”

Өз кезегинде, Тансыкбаев - социализмдин дүйнөлүк кыймылын токтотууну ниет кылып, жер жүзүндө коммунизм салтанат курушуна кедергисин тийгизген душмандар менен аёосуз күрөшүүгө багытталып, өзүн-өзү тынымсыз курчутуп турган абсурд жазалоо тутумунун бир тетиги болгон.

Жогорку сыйкырдуу жобо ким гана болбосун, кимдир бирөөгө бир жолу айып катары жабышты дегиче, бүттү – ал андан эч кутула алган эмес. Акыры адатта сөзсүз катуу жаза, көпчүлүк учурда өлүм жазасы менен аяктаган.

Башка жолу болбогон. Бул сыйкырдуу жобо күчүнө киргенден кийин, жазалоочу желдетти актамагы мындай калсын, кайра аны душмандарды жок кылуу үчүн өзү кандайын кааласа, ошондой каражаттарды колдоно берүүгө милдеттендирерин, ал эми башкача ойлорду жок кылуучу канкор желмогузга жем катары курмандыкка чалынган күнөөкөрдү болсо өз башына түшкөн өкүм мүшкүлдү максатка ылайыктуу зарылдык катары аңдап кабылдоого милдеттендирерин курмандык да, желдет да бирдей түшүнө билишкен. Иш жүзүндө баары дал мына ушундай болгон.

Биз билгендей, “Кылым карытаар бир күн” романы өткөн кылымдын 70-жылдарынын соңунда жазылып, “Новый мир” журналында 1980-жылы жарыкка чыккан. Ал учур “дымуу” мезгили күчүндө турган кез болчу. Ал убакта сталиндик репрессияларды эскермек тургай, жазатайып бир сөз айтып койгондун өзү кооптуу эле.

Анан ошондой опурталдуу заманда Чынгыз Айтматовдун бир гана биздин андагы коммунистик өлкөбүздө эмес, кайсы бир өлчөмдө бүт дүйнө жүзүндө өкүм сүргөн көйгөйлөрдү көрсөткөн көп маанилүү ушундай чыгармасынын жарыя болушу, автордун ошого батынган көк жал баатырдыгы чындыгында да окурман журтунун оозун ачырып, таң калтырган.

Азыр эми адамзаттын болочогун англис жазуучусу Ж. Оруэллдин «1984» романында сүрөттөлгөндөй: кишилер өз эскерүүлөрүн купуя сыр катары тоталитардык системанын баарын көзөмөлдөгөн “телекөзүнөн” сак-сактап, өкмөттүк телекамералардын кароосу астында тамактанып, уктап, иш кылган механикалаштырылган кул ээлөөчүлүк мамлекет сыяктуу көрсөтүү көнүмүш бир ашмалтайга ишке айланып калбадыбы.

Британ жазуучусу Жорж Оруэлл (George Orwell; 1903-1950).
Британ жазуучусу Жорж Оруэлл (George Orwell; 1903-1950).

Адамдарды маңкурт-кулга айландырган эртегиден айырмасы, келечекте алар робот болуп калыштары толук этимал. Бул эмне – илимий-техникалык прогресстин трагедиялуу апофеозу катары келечекте келүүчү технологиялык азап-тозокпу, автоматташкан акыреттин кыямат кайымыбы? Болушу мүмкүн варианттардын бири - технологиялык күч-кубаттын уламдан улам арта бериши өнөр жайлуу өсүп-өнүккөн державаларда деспотиялык диктатуралардын орношун тездетип, анан алар эртеби-кечпи адамзатты акырында апокалипсиске алып келет.

Романда адегенде аңызда айтылган маңкурттун башындагы шири кийин Эне-Бейитти курчаган зым тор шириге, андан соң адамзатты өткөнүн унуттуруп, келечек эскерүүлөрүнөн айрыш үчүн жер шарын курчаган ракеталык-космостук шириге айланат.

Ошондо Эдигей төөсү, ити болуп ракета-роботтордун учушунан улам аяк асты жер козголуп, төбө башы көк жарылып, аалам астын-үстүн чайпалып, жан-жактын баарын жалын-өрт жалмаган алааматка кабылган эпизоддо архетиптик-мифологиялык ойлом мыйзамдарына ылайык, кайып дүйнөсүнөн капилет ажайып Дөнөнбай куш пайда болот. Бир заманда маңкурт баласынын ок-жебеси жүрөгүнө сайылып, Акмаянын өркөчүнөн жылбышып кулап бараткан Найман-Эненин башынан шыпырылган ак жоолук, жерге жетпей ак чалгын болуп кайкып учкан ак жоолук-куш ушул азыр ак куш болуп, адам уулу Эдигейди жандай учат...

Адам уулун ак чалгын куш жандай учат да, акыр-кыяматтын кулак тундурган күр-шарында чырылдап адамча сүйлөп учат:

- Кимдин уулусуң? Атың ким? Атаңды эсте! Сенин атаң Дөнөнбай, Дөнөнбай, Дөнөнбай, Дөнөнбай, Дөнөнбай, Дөнөнбай, Дөнөнбай...

Бул адамдарды ааламдык алааматтан жер менен жексен болуп кете элегиңерде эртерээк эс-акылыңарга келгиле; өткөнүн да, келечегин да унуткан эс-учу жок келесоо маңкурт болуп калбагыла деп чырылдап-чыркырап эскерткен чыныгы чындыктын чыңырыгы...

Калык Ибраимов. 28.1.2016.
Калык Ибраимов. 28.1.2016.

Калык Ибраимов,

философия илимдеринин кандидаты, мурдагы СССРдин жана Кыргыз Республикасынын жазуучулар биримдиктеринин мүчөсү, Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG