Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:59

Алп талант Айтматовго арноо


Чыңгыз атабыздын атынын баш тамгаларынан куралды.

Ч Чынар терек чыгармасы Чыңгыздын,

Чындыгы көп жашап турган турмуштун.

"Чыпалактан” баштап "Тоолор кулады",

Чындап эле өчпөй турган жылдызсың!

Ы Ынтымакка, элди жапырт чакырып,

Ырыс-кешик эмне экенин билгиздиң,

Ыйман, адеп куржунун бек артынып,

Ырас, кыргыз шамын жарык күйгүздүң!

Н Найман эне, энелердин символу,

Нааданчылык өстү неге жогору.

Наалат айтам маңкурт болгон уулуңа,

Намыс болсун баарыбызда оболу.

Г "Гитлер" өңдүү элди кырган шүмшүктөн,

"Гарри" сындуу каарманга айланды.

Глобалдуу маселеден кеп козгоп,

Гиннеске Сиз кирүүңүзгө аз калды.

Ы Ырларыңыз, чыгармадан Сизди издеп,

Ыйлап, жоктоп отурабыз биз бүгүн.

Ылайыктуу сөздү Сизге таба албай,

Ындыныбыз өчүп, бизде кыш бүгүн.

З Заардуу ажал, алып Сизди жашоодон,

Заманыбыз тарып турат азыр да,

Зоболобуз көтөрүлчү Сиз менен,

Зар болобуз эми Сиздей асылга!

13.12.2017. Нурзада КУБАНЫЧБЕКОВА

Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейи

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG