Линктер

дүйшөмбү, 22-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 07:06

Айтматовго пахта талаасынан кезиккем


Иллюстрациялык сүрөт.

"Мен билген Айтматов" сынагына Жалал-Абад шаарынын тургуну Жолдошбай Осмоновдон келген эскерүүнү сунуш кылабыз.

“- Чыңгыз кайда?

- Москва, Берлин, Лондондо.

- Эмнеге кетти?

- Бир маанилүү маселе болгон го.

- Байдылда кайда?

- Мал жайылган тоолордо.

- Эмнеге кетти?

- Туз берип жүрөт койлорго...”

Б. Сарногоев.

Күтүлбөгөн кездешүү

Мезгил, 1978-жылдын октябрь айынын башы болчу. Күрдөөлдүү күз келип, “ак төөнүн карды жарылган” бышыкчылыктын төгүл-чачыл маалы. Мектептерде окуу башталып, бир жума окуп-окубай жатып, тоодогу айылдардагы мектептердин 6-класстан 10-класска чейинки окуучулары пахта теримине “десант” катары келип түшкөнбүз. Бул жылда кайталануучу кадыресе көрүнүш. Кол эмгеги жумшалмайын, пахта терилип бүтпөйт.

Бажырайып аппак болуп ачылган пахта талааларында окуучулар таң аткандан күн батканга дейре “Г” тамгасындай бүкүрөйгөн таризде, үлүлдөй ийиле пахта терип, өздүк план нормабызды аткарууга жандалбас кылабыз.

Оо, пахта теримдин оор азабын, анын түйшүгү менен мүшкүлүн гозонун чүрүшүп, катып калган учтуу чанагына манжаларын тилдирип канаткандар, кечке эңкейип жүргөндүктөн белин сыздатып ооруткандар жакшы билишет.

Ошол жылы менин турмушумда эстен чыккыс окуя, дүйнөгө болгон балалык көз карашыма алай-дүлөй түшүргөн, бурганак салган урунттуу тагдыр жазмышы жүз берди. Эмесе, ал икая башынан болсун.

Күз айы болсо дагы, күндүн аптабы кайтпай, төбөдөн ысык уруп, аба үп тартып, үлп эткен жел жок. Кара терге түшүп, иймелеңдеген балдардан кыйла артта калып, пахта терип жаткам. Түшкө чейин 30 килограмм, түштөн кийин 30 килограмм пахта терип тапшыруу бизге – 6-класстын окуучуларына катуу талап-норма.

“Ак алтынды алтын колдор жаратат!” деген КПСС Борбордук Комитетинин Генералдык катчысы Леонид Ильич Брежневдин сөзү ал доордун, ошол мезгилдин башкы ураанына айланган. Кебезден да жумшак келген ак пахта аябай жеңил олтуруп, канчалык тырмалаңдап көп терсең деле, таразага келгенде жеңил чыгып, маанайыбыз пастап, “ит талаган түлкүнүн” кейпин кийип, шалдайып олтуруп калган кездер көп болду. Айла жок, норманы аткарууга жандалбастап аракеттенебиз. Аны аткарбагандар кечки тамактан кийин дагы пахта талаасына чыгаар эле.

Бир маалда, мен пахта терип жаткан жерге эки ак "Волга" келип токтоп калды. Андан түшкөн жоон топ адамдар түз эле мен тарапка кадам таштады. Ак "Волгада" “чоңдор” гана жүрөрүн сезген мен, ого бетер ыкчам шыпылдап, пахтаны тездеп тере баштадым. Жүрөгүм дүкүлдөп согуп кирди.

- Саламатсыңбы жигит, ишиң илгерилеп, теримиң арбысын!,- деген жагымдуу коңур үн чыкканда, мен пахтадан башымды көтөрүп, үн каткан кишиге карадым.

Мен алгач көргөн көзүмө ишене албай нес болуп, ордумда катып калдым. Маңдайымда күлүмсүрөп, кадимки Чыңгыз Айматовдун өзү турду. Буга чейин анын бир да чыгармасын окуй элек болсом дагы, эжем менен агамдын китептеринен анын кыргыз жазуучусу экенин билчүмүн.

- Саламатсызбы, Чыңгыз аба!,- деген сөз оозумдан кантип атып чыкканын сезбей калдым.

- Азамат, балам, мени тааныйт турбайсыңбы?,- деген Чыңгыз Айтматов ыраазы боло күлүмсүрөп, олбурлуу чоң колу менен саламдашты. Айтматовду коштоп жүргөндөрдүн катарында партиянын Ош обкомунун биринчи катчысы Ренат Кулматов, партиянын Базар-Коргон райкомунун биринчи катчысы Үсөн Сыдыков, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Фрунзе атындагы колхоздун раиси Өлмаскан Атабекова жана башка мен тааныбаган бир топ адамдар бар экен.

- Теримдеги иштериң кандай, балам, кыйналган жоксуңбу?,- деди Айтматов мага чын дилинен.

- Жаман эмес, алынча, шүгүрчүлүк, агай,- деп үн каттым.

- Бала болсо дагы, кыйналганына кайыл, кабагым-кашым дебей иштеп жатат. Түштүктөгү пахта терими, Таластагы тамеки жалбырактарын үзүп-тизүү, Нарындагы түмөндөгөн койлорду багуу азабы балдарыбыздын ден соолугуна гана эмес, алардын талаптагыдай татыктуу билим алуусуна абдан чоң залакасын тийгизерин унутпасак, Ренат Сатарович! Балдар – биздин келечегибиз. Колдон келсе балдардын кол эмгегинен эртерээк арылсак. Ал күндөр дагы келип калаар,- деген Айтматов облустун жетекчиси Кулматовго жана калган жетекчилерге кайрылды.

- Партиянын койгон планы жана талабы бар. Аны аткарбасак болбойт!,- деп Үсөн Сыдыков кепке аралашты.

- Окуучуларга жакшы шарт түзүү жагы талаптагыдай каралганбы?,- деди жазуучу.

- Окуучуларга эти бар үч маал ысык тамак берилет. Ал жагынан кем-карчтык жок!,- деди Өлмаскан Атабекова.

- Балдарды мончого түшүрүп турасыңарбы?

- Жумасына бир жолу мончо уюштурулган, маданият клубуна киного да барып турушат, - деди Өлмаскан Атабекова. Ал кезде сүйүүнү даңазалаган Индиянын уккулуктуу ырлары менен жагымдуу музыкасы коштогон кинолорун көрбөй жашоону элестетүү биз үчүн түк мүмкүн эмес болчу. Пахта тергенден суй чарчап жыгылсак да, уйкубуз канбаганына да кайыл болуп, Индиянын киносун көрүүгө ушунчалык куштар жана зар элек.

- Пахта териминде балдарга норма деген талап эч качан болбошу керек! Балдарыбыздын, бел-сөөгү али ката элек, кыйналып калышат!,- деди Айтматов. Жазуучу баштаган “төбөлдөр” менин жаныман алыстабай, колдоруна гозолордон пахтанын аппак булаларын чубашып, терип киришти. Кеп учугун кайра Айтматов улады.

- Өлмаскан эже, Асылкан Акматова жетектеген “16 кыз” менен Сүйүмкан Калдарбаева башкарган “Ак Марал” бригадасында иштеген кыздардын баштарын биротоло эмгек менен байлап салбастан, алардын турмушка чыгуулары ар дайым жадыңызда болсун. Кыздар иш менен эле чектелип калбастан, үй-бүлө күтүп, коломто отун өчүрбөй, эне болуу бактысына арзышып, наристелерди тарбиялашсын. Кыргыз элинин саны көп эмес. Андан калса, адам өмүрү дегениң өтө кыска. Ушул жагын унутпайлы,- деди Айтматов.

- Ал жагынан камтама болбоңуз, Чыңгыз Төрөкулович! Турмушка чыккан кыздарыбыздын комсомолдук үйлөнүү тойлорун, колхоздун эсебинен өткөрүп беребиз,- деди Өлмаскан Атабекова.

- Туура, ошондой кылып жатабыз!,- деди сөзгө кошулган Үсөн Сыдыков.

Айтматов баш болгон “төбөлдөр” колдоруна топтолгон аппак пахталарды менин этегиме салып беришти.

- Кана эмесе, жигит, биз кайталы, аз да болсо көптөй көрүп, мен терген пахтаны алып кой, сенин теримиңе менин кошумчам. Эсен болуп, жакшы окугун, балам. Бул болсо менден сага белек,- деген Айтматов костюмунун чөнтөгүнөн мен буга чейин көрбөгөн кооз авторучканы сунду.

- Рахмат, Чыңгыз аба!,- деп авторучканы сыймыктануу менен колума алдым. Ал менин башымдан сылай коштошуп, артка карай бурулду. Ушул саам, балалык баёо сезимим алоолой түштү!

Ээрчишкен эки ак "Волга" кийинки бригадага карай зуу коюп, жөнөп кетти. Алар узары менен менин жаныма делбеңдеп, энтигип алышкан агайым Аманбай менен бригадир Сатыбалды аке чуркап жетип келишти.

- Кимдер келди, эмне дешти?!,- деди алаңдап, демигип алган экөө бирдей жарыша.

- Жазуучу Чыңгыз Айтматов менен “чоңдор” келишип, мага пахта теришти!,- деп аларга курсант боло шаңырайдым. Айтматов берген авторучка туурасында ооз ачпадым. Ошол күнү кечке терген пахтам дагы аз чыгып, 54 килограмм болуп калды. Көтөрүңкү маанайым заматта суз тартып, көңүлүм чөгө түштү.

- Бул бала бүгүн Айтматовдун өзү менен бет маңдай кол алышып баарлашты. Ошон үчүн сенин нормаң бүгүн толду, балам!,- деген эсепчи Касымбай аке "60 килограмм пахта терди" кылып, берешендик менен табелге жазып салды.

- Ай балакай, эми колуңду бир жума бою жуубай жүргүнүң! Сен уулу жазуучу менен учураштың. Айтматов менен саламдашуу жана баарлашуу бактысы ар кимдин эле бешенесине жазыла бербейт!,- деди мага жоомарттык кылган эсепчи Касымбай аке. Ошол күнү мен биринчи жолу пахта терүү боюнча нормамды аткардым. Кийин билсем, ошол жылдары Чыңгыз Айтматов СССР Жогорку Советине Базар-Коргон жана Ленин (азыркы Ноокен) райондорунан депутат болуп шайланып, шайлоочулары менен жолугушуп, эли-журтунан кабар алып жүргөн мезгили экен.

Пахтадан үйгө келээрим менен Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын калтырбай окуй баштадым. Кайталангыс калемгерлик улуу таланты менен ааламды багындырган жазуучунун чыгармаларынын каармандары - “Биринчи мугалимдеги” Дүйшөн менен Алтынай, “Жамийладагы” Данияр менен Жамийла, Сейит, “Эрте келген турналардагы” Султанмурат менен Мырзагүл, "Саманчынын жолундагы" Толгонай менен Алиман, “Гүлсараттагы” Танабай, “Кызыл жоолук жалжалымдагы” Илияс менен Асел, “Деңиз бойлоп жорткон ала дөбөттөгү” кичинекей Кристи, “Кылымга тете бир күндөгү” Эдигей менен Бостон менин турмушка болгон көз карашымды гана өзгөртпөстөн, кеменгер Айтматовдун ааламы жана анын кайталангыс каармандары дүйнөнүн көптөгөн элдеринин жан-дүйнөсүнөн түбөлүккө өз түнөгүн таап, алардын да жашоосун өзгөрттү.

Бала кезде пахта талаасындагы Чыңгыз Айтматов менен болгон көз ирмемге созулган кыска кездешүүдөн кийин, алдыма калемгер болуу максатын койгом. Кудайым, жаштын тилегин берет дегени ырас белем же Айтматовдун да таасири болдубу, айтор КМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика бөлүмүн аяктап, журналистика жаатында иштеп келем. Үзүл-кезил эки аңгемелер жыйнагын жана повестимди: “Королеванын ую”, “Мырза балбан” китептерин чыгарып, окурмандардын элегине койдум. Анын маани-мазмунун окурмандар өздөрү баалашар. Ал эми пахта талаасында Айтматов белек кылган авторучканы таберик мурас катары азырга дейре аздектеп сактап жүрөм!...

Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад шаары. КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн аппаратынын жетектөөчү адиси.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG