Линктер

ишемби, 17-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 03:12

Айтматовдун сүттөй таза ааламы


Чыңгыз Айтматовдун портрети. (Сүйүтбек Төрөбаевдин кыл калеминен жаралган эмгек)

"Азаттыктын мен билген Айтматов" сынагына кезектеги блогду мектеп окуучусу Айпери Асылбек кызы жөнөткөн.

Кыргыздын залкар калемгери Чыңгыз Айтматов эгер тирүү болсо, быйыл, 2018-жылы 12-декабрда 90 жашка толмок. Тилекке каршы, мындан он жыл мурун, 2008-жылы анын бул дүйнөдөгү сапары карып, көзү өткөн.

Антсе да улуу жазуучунун өз чыгармаларында түзгөн миң сырлуу ааламы ар бирибиздин, анын ичинде менин дагы, жан дүйнөбүздө али күнчө өчпөй жашап келет. Ал өзүнүн өлбөс-өчпөс чыгармалары менен учу-кыйырына көз жеткис сырдуу аалам жаратып кеткен. Биз чебер калемгер жараткан мына ошол түркүн түстүү кең ааламдын түрдүү кырларын окуп-үйрөнүп келатабыз, андан өмүр бою турмуштук сабак ала беребиз.

Бүт дүйнөгө аты белгилүү улуу сүрөткердин эң акыркы чыгармасы болгон «Тоолор кулаганда» романын эле алсак, анда адам жан дүйнөсүнө бүтүндөй бир аалам сыя турганы, адамдын ички дүйнөсү өзүнчө эле зор ааламга теңдеш экени Арсен Саманчиндин турмуш жолу аркылуу элестүү, таасирдүү чагылтылган.

Арсен Саманчин кадимки эле көп журналисттердин бири. Бирок ал азыр биз теле экран, радио уктуруу, гезит-журналдар, интернет сайттар аркылуу күндө кездештирүүчү миңдеген журналисттерден айырмаланып турат. Анын эң башкы айырмасы – ал кыялкеч. Бүгүнкү катаал жашоо-турмушка карабай, жүрөгүндө келечек жөнүндө таттуу кыялдарды сактап жүрөт. Анын көкүрөгүнүн түпкүрүндө аздектеген эң бир ширин кыялы, максаты – эл оозунда айтылып келаткан «Кызкайып» уламышы боюнча операнын либреттосун жазуу, мыкты композиторго ал либреттонун музыкасын жаздыруу, анан «Кызкайып» операсын эл-журтка тартуулап сахнага коюу, операнын башкы каарманынын ролун, ариясын өзү сүйгөн Айдана Самарова аттуу опера ырчысына аткартуу болчу. Чын-чынына келгенде, опера так ушул ырчы үчүн жазылмак, ал ырчы башкы ролду аткармак. Ошону менен искусство дүйнөсүндө зоболосу көкөлөп, баркы-баасы өсмөк. Арсен Айдана экөө тең элге-журтка атагы чыгып, бактылуу жашоо кечиришмек. Арсендин кыялынын кулачы ушунчалык кенен эле. Ал өз оюн, кыялын ишке ашырууну чындап тиленет болчу.

Анткен менен, «Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет» дегендей, Арсен өзүнүн бул таттуу кыялын ишке ашыра албады. Ал ишке ашары же ашпасы башынан эле арсар болчу. Айдана бул идеяны биринчи жолу укканда эле мунун ишке ашарынан күмөн санай турганын билдирген. Ал операны даярдап сахнага коюу эбегейсиз чоң машакатты, ошондой эле бир кыйла акча каражатын талап кыларын билчү. Опера театры дүйнөнүн бардык жеринде колдоого муктаж экенин, опера ырчылары жарыбаган айлыкка жан сактай албай, өлбөстүн күнүн көрүп келатышканын абдан жакшы түшүнчү. Кыйын турмуш анын башынан да өтүп жаткан. Ошол себептен ал чыгашалуу, анын үстүнө калың журт текши түшүнө бербеген опера өнөрүнөн кетип, жеңил-желпи, кары-жаш бирдей ылгабай уккан эстрада тармагына кадам таштайт. Анын бул кадамы жакшы жашоо үчүн болгон күрөш, аракет эле.

Чыңгыз Айтматовдун балдарга арналган чыгармаларынын жыйнагы быйыл жарык көрдү.
Чыңгыз Айтматовдун балдарга арналган чыгармаларынын жыйнагы быйыл жарык көрдү.

Ааламда ар бир адам, ал түгүл ар бир жандык өз жашоосу үчүн жанталашат. Ошентип, Айдана жашоо үчүн күрөштүн айлампасына, сормо сазына тартылды. Бул да болсо бүгүнкү күндүн ачуу чындыгы. Азыр Кыргызстанда бардык ырчылар, карысы да, жашы да жапырт жалаң акчанын артынан чуркашат. Алар кымбат баада акы төлөнүүчү кечелерде, тойлордо, шайлоолордо өз өнөрүн долларга баалап сатып, күн көрүшөт. Албетте, бүгүн ырчылардын жашоо-турмушу жакшы, ошол себептен азыр кичинекей бөбөктөрдүн бир кыйласы «Чоңойгондо ким болосуң?» деген суроого «Ырчы болом» деп эч ойлонбой жооп айтышат. Ата-энелер да анча-мынча шыгы бар балдарын музыкалык ийримдерге, мектептерге беришет. Анткени, балдарым кийин кор болбой, акчасы мол болуп, оокаттуу өмүр сүрүшсүн деп тилешет. Бул ааламдагы ар бир пенденин, ар бир жан-жаныбардын көз ачкандан көргөн-билгени ушул – өмүр улоо, жашоо өткөрүү үчүн жанталаша кам көрүү.

Бирок Арсен Айдананын бул жоругун чыккынчылык катары баалайт. Анын оюнда Айдананы, анын сүйүктүү Айасын, ал ушинтип эркелетип чакыра турган, Эрташ Курчалов бузуп, азгырып кетти. Ошол каргашалуу Эрташ Курчалов ортодон чыга калбаса эле, баягы таттуу тилеги – «Кызкайып» операсын коюу максаты ишке ашмак, Айдана ар дайым анын жанында жүрмөк деп ойлойт. Балким, жолугуп сүйлөшсөм, мамилебиз кайра оңолор деген куру үмүткө жетеленет. Ошол максатта Айданага жолугууга нечен аракет кылат. Бирок жан сакчылар аны ырчы кызга такыр жакын жолотпойт. Айдана концерт коё турган жерлердин баарынан аны кууп чыгып турушат. Мунун баары продюсер Эрташ Курчаловдун кылганы деп түшүнүп, Арсен акыры аны өлтүрүүгө чечим чыгарат. Анан өзү кыялында душман санап алган адамды өлтүрүү үчүн курал-жарак табууну ойлоно баштайт. Бул жеке адамдын жан дүйнөсүндө бүт ааламдык төңкөрүштүн болуп өтүшүнөн, жамандык жолуна багышталган өзгөрүүнүн жүрүшүнөн кабар берет. Ошентип, Арсендин ааламы ылгый кара боёкко боёлду. Анда жарык шоола үчүн кымындай да жылчык калбады. Буга анын адам өлтүрүүнү ойлоп, ниетинин карарганы себеп болду. Азыр көпчүлүк адамдар жашоодо жолу болбой калганын башкалардан көрүшөт. Алардын азап-тозогуна бүт аалам, бардык адамдар күнөөлүү деп табышат. Таң каларлык жери, бир да адам кыйын жашоо-турмушу үчүн жеке өзү күнөөлүү экенин эч ойлоп койбойт. Бул да болсо адамзат ааламынын айтып болгус татаалдыгынын бир көрүнүшү.

Жан дүйнөсү азапка малынып, бүт ааламы тарып, кыйналып жүргөн ушундай убакта Арсенге агасы Бектур кыргыз жерине мергенчиликке келе турган араб аңчыларына тилмеч болуп бербейсиңби деп кайрылат. Ал арабдар жөн кишилер эмес, миллиондогон байлыгы бар ханзаадалар болчу. Бири Сауд Арабиянын, бири Кувейттин канзаадасы эле. Арсен бул сунушка жан деп макул болот. Анын жаман оюнда араб аңчыларга тилмеч болуп барса, тоого чыккандардын баарына коопсуздук үчүн курал беришет, аңчылык бүткөндө аны алып калат да, Эрташ Курчаловду атып өлтүрөт. Балким, аңчылык ойдогудай жакшы бүтсө, чириген байлыкка эгедер араб ханзаадалары өз колдору менен келишкен мыкты куралды тартуулап калышы да ажеп эмес. Ошондо оюндагысы орундап, кас душманын өлтүрүүгө жарак табылат.

Мына ушундай жамандык тилеген, киши өлтүрүүнү көксөгөн ой Арсендин жан дүйнөсүн чулгап алып, пейилин карартып таштайт. Мындан ааламда ар кандай ой-кыял, жакшысы, жаманы аралаш жүрө турганын көрөбүз. Айдана менен сүйүү кумарына батып, ага арнап «Кызкайып» уламышын опера кылам деп жүргөндө Арсендин ою-тилеги сүттөй ак болчу. Ага бүт аалам эң сонун, таза көрүнчү. Эрташ Курчаловду өлтүрүү ниети көңүлүнө кыттай куюлгандан тартып, анын жан дүйнөсү түгөл карарып, аалам бүт жамандыктан тургандай, ааламда эч бир жакшы нерсе калбагандай сезиле баштады. Улуу жазуучу адам пейилиндеги дал ушундай психологиялык өзгөрүүнү кылдаттык менен сүрөттөп берет. Элибиз да «Ачуулуунун астынан чыкпа» деп осуят айтат. Чынында эле ачуусу шакардай кайнап, бүт ааламга наарзылыгы ашып-ташып турган кишиден жакшылык күтүү кыйын.

Арсен айылына келсе, аңчылыкка чогуу чыга турган, араб ханзаадаларына тоо илбирсин айдап келип окко тосуп бере турган айдакчылар өзүнүн бармактайдан чогуу өскөн классташтары Таштан менен Саксаң баш болгон беш адам экен. Алар Арсендин жаман ниетинен өткөн коркунучтуу план түзүп күтүп жатышыптыр. Таштан Арсенге жолугуп, кечинде сүйлөшпөйлүбү деп өтүнүп, кечкисин мектепте алар Арсенге өз пландарын жарыя кылышат. Булардын планы боюнча арабдын эки ханзаадасын тоодо аңчылык учурунда барымтага алышып, анан аларды бошотуу үчүн жыйырма миллион доллар акча сурашмак. Акча колго тиери менен чек арадан чыгып, Ооганстанбы, Пакистанбы, чет өлкөгө таптырбай качып кетишмек. Үй-бүлөлөрүн атайылап чек арага чукулдатып жайлоого чыгарып жиберишкен.

Таштан бир кезде Ооганстанда советтик аскерлер менен чогуу согушка катышкан. Ошол жактан оор, катаал мүнөзгө ээ болуп кайткан. Кийинки кыйын турмуш анын кулк-мүнөзүн ого бетер бузган. Ал жакшы жашоо үчүн күрөштү байларды тоноо жолу менен жүргүзүүнү ошол себептен тандаган. Арсен аларга макул деп да айтпайт, жок деп да айтпайт. Бирок жан дүйнөсүндө алардын каардуу планына каршылыктын үрөндөрү жашайт. Бул анын таптакыр адам сапатын жоготуп коё элегин билдирет. Адам жан дүйнөсү мына ушундай ары татаал, ары карама-каршылыктуу. Анда чиеленишкен миң сандаган кыйма-чийме жолдор бар. Кайсы жолго, жакшыбы же жаманбы, түшүп кетери адамдын жеке абийиринен, ыйманынан көз каранды.

Ушул ортодо Арсендин өмүр жолунда дагы бир зор бурулуш болот. Ал өз айылынан Элес аттуу жубанга кезигет. Алар бир көргөндө эле бири- бирин жактырышат. Таштан афган менен болгон оор сүйлөшүүдөн кийин, айдакчылар менен чогуу ант берүү иш-чарасынан чыккандан кийин тынчыбай бүлүк түшүп турган көңүлүн ушул келиндин мамилеси көтөрүп жиберет.

Элес экөө өзүнчө сүйлөшүп, бири-биринин тамырын тартышат. Анан экөөнүн ортосундагы жылуу мамиле күтүүсүздөн сүйүү сезимине чейин өсүп жетет. Арсен өмүр бою издеп келген ашыгын тапкандай болот. Элес Арсенге тоо илбирстерине аңчылык кылуу кылмышка тете экенин эскерткен сөз айтат. Бул туура болчу, анткени илбирстер кызыл китепке кирген, коргоодо турган жаныбарлар эмеспи. Бирок азыр акча дегенде эт-бетинен кетип чуркаган ач көз адамдар кызыл китепке киргенби, кирбегенби, эч ойлоп койбой, аңчылык чарбаларын түзүп, чет элдик бай туристтерди мергенчиликке алып келип, ой-тоодо күн кечирген жапайы жандыктарга кыргын салып жатышпайбы. Бул жорукту тыябыз деп, нечен аракет кылышса да, эч орундалбай, аркар-кулжаларды, эчки-текелерди атууга тыюу салынбай келе жатпайбы. Элестин «Илбирстерден колуңарды тарткыла» деп плакатка жазып алып көчөгө чыгам деген сөзү Арсендин кийинки тагдырына чоң таасир кылат. Ушундай окуяларды сүрөттөө менен жазуучу адам жан дүйнөсүндө катылган аалам абдан татаал экенин дагы бир ирет эске салат.

Арсен тоодогу аңчылык убагында «Биздин мөңгү барстарынан колуңарды тарткыла!.. Жоголгула!..» деп кыйкырык салып, асманга карай автоматтан ок чыгарып, көп акча алып келе турган мергенчилик бизнесинин ойронун чыгарат. Ошол тополоңдо Арсен да, аска-тоодо ээн-эркин күн көрүп келаткан Жаабарс аттуу картаң илбирс да ок жеп, экөө бир үңкүрдүн ичинде чогуу каза табат. Арсен жаралуу болуп, үңкүрдө жарадар илбирстин капталына сүйөнүп, өлүм астында жатып, баарынан, Элестен, Бектур агасынан, ага-туугандарынан, Таштан классташынан, Айданадан, Эрташтан, эсине кимдер түшсө ошонун баарынан кечирим сурайт. Жазуучу муну бекеринен жазган эмес. Ал Арсендин таптакыр карайган дили кайра агарганын, анын ниет-пейили жамандык жолунан жакшылыкка карай бурулганын көргөзгүсү келген. Чынында эле ошондой, адам пейили ар дайым карама-каршы сезимдерге бөлөнүп, бири-бирине эч коошпогон ойлордун күрөшүнөн боркулдап кайнап турат. Ааламда да дайыма ушундай болуп, ак менен кара, жакшылык менен жамандык түбөлүк күрөш жүргүзүп келет. Эң негизгиси, бул ааламда жакшылыктын үстөмдүккө, жеңишке жетиши болуп саналат. Кыргыздын улуу жазуучусу Айтматов бүт ааламда жакшылыктын түбөлүк орун-очок алуусун каалаган. Ошол себептен аталган романын Арсенге Эрташты өлтүртпөй, тескерисинче, андан кечирим суратуу менен аяктаткан.

Айтматовдун ааламы бүткүл адамзатка жакшылык, тынчтык орнотууну самаган таза, ак пейил аалам. Ошондуктан, ал өз чыгармаларында түзгөн миң кырдуу аалам ар дайым окурмандардын жан дүйнөсүнөн бекем орун алып, кылымдардан кылымдарга сапар арытып жашай берет. Ылайым Айтматов ааламынын, адамзат ааламынын сапары карыбасын!

Айпери Асылбек кызы

Ат-Башы районунун Ак-Муз айылындагы Боогачы атындагы орто мектептин 8 «Б» классынын окуучусу

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG