Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:17

"Азаттыктын" “Мен билген Айтматов” сынагы


Чыңгыз Айтматов
Чыңгыз Айтматов

Улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматов менен тагдыр буйруп, жолугуп маектештиңиз беле? Же чыгармаларын окуп, кинодон көрүп, таасирленгенсизби? Кайсыл каарман же анын тагдыры, мүнөзү айрыкча эсиңизде калды?

“Азаттык” Чыңгыз Айтматов тууралуу эң мыкты дилбаян, сүрөт, видео материалдарга сынак жарыялайт.

Залкар замандашыбыздын бейнесинин белгисиз жактарын баяндаган, анын чыгармаларын, каармандарын жаңыдан ачып бере турган аңгеме (макала, блог), сүрөт, видео жөнөтүп, биздин интернет сайтыбызга жарыялап, коомчулук менен бөлүшүңүз.

Эмгегиңизди 1-июндан 31-октябрга чейин azattyk.synak@gmail.com электрондук дарегине жибере аласыз. Онлайн сынактын жеңүүчүлөрү ноябрда “Азаттыктын” баалуу белектери менен сыйланат.

Сынактын шарттары: Дил баяндар үч беттен ашпашы керек. “Азаттыктын” веб-редакторлору келип түшкөн материалдарды жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат. Редакция жарыяланбай калган эмгектер боюнча авторлорго түшүндүрмө бербейт.

Эгерде сизде уникалдуу сүрөттөр болсо жана алар менен бөлүшүүнү кааласаңыз, анда редакциябызга алып келе аласыз. Биздин кызматкерлер сүрөттөрдү сканерден өткөрүп алып, кайра колуңузга карматышат. Дарегибиз: Бишкек шаары, Фурманов көчөсү, 12.

Улуу жазуучу, ойчул Айтматовдун 90 жылдыгына арналган онлайн сынакка катышып, кыргыз калемгеринин өмүр сабактарын, чыгармаларын, кайталангыс каармандарын кайра бир эске салып жайылтууга салым кошуңуз!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG