Линктер

дүйшөмбү, 20-август, 2018 Бишкек убактысы 04:05

Алымсейит аңдабаган сыр


Иллюстрация

Самансур Бөлөкбаев кыргыз окурмандарына куйкум сөздүү куудул жазуучу, таасын котормочу катары белгилүү болчу. Айрыкча анын Экинчи дүйнөлүк согушта туткунга түшүп калган кыргыз жоокеринин башынан өткөн азап-тозокторун баяндаган үчилтик баяны, сатиралык аңгемелери учурунда жакшы баага арзыган.

Окурман журтуна ал биринчи иретте куйкум сөз сатирик жазуучу таризде сүйгүнчүк эле. Негизи көркөм адабиятта сатирага кайрылган калемгерлердин катары суйдаң келет. "Кыргыз аңгемесинин классикасынын" кезектеги берүүсү жазуучунун “Жыйылышың бүттүбү?” деген чакан баянына арналмакчы.

Майнекенин бири

Сөзгө алынчу аңгеме тууралуу кеп баштардан мурда сатира, юмор жайында бир-эки ооз сөз. Самансур Бөлөкбаев адабияттагы бул сейрек кездешчү өнөргө капысынан кабылып калган сүрөткер эмес болчу. Анын олуттуу деп эсептелген чыгармаларынан деле жумшак юмордун, окуй баштаганда эле күлкү чакырчу тамашанын, кээде катаал сатиранын деми уруп турчу.

Кыргыз совет адабиятында сатирачы жазуучу, акындардын катары аябай эле аздыгын эсепке алганда, Самансур Бөлөкбаевдин “майнекелеринин” баасы кыйла көтөрүлүп, жазгандарынын баркы артары турулуу иш. Анын үстүнө сатира, юмор - өз мезгилинин эн белгисин өзүндө алып жүрчү форма. Айталы, мурда коомдук иштен качкан жалкоо, жатып ичерлер сатириктердин бутасына илинсе, жаңы заманда андай тема актуалдуулугун жоготуп алды. Ушу тапта жумуштан качып эмес, иш табуунун өзү кыйын болуп калбадыбы.

Анткен менен Самансур Бөлөкбаевдин социализм заманында жараткан сатиралык чыгармаларынын көркөмдүк баалуулугу ушул азыр деле төмөндөй элек. Анын негизги себептеринин бири автордун көркөм дүйнөсүнүн кенендигине, сүрөттөп жаткан турмуш көрүнүштөрүн психологиялык деталдар аркылуу ыктуу шөкөттөй алышына байланыштуу. Мындай сапат анын көпчүлүк чыгармаларына мүнөздүү. Ошон үчүн анын сатиралык өң-түс алып кеткен чыгармаларынан деле чала-чарпыт жашырылган кайгы-муңдун илеби келип турат. Сатира өзү күлкү, аяныч чакырганы менен, түпкүлүгүндө трагедиялуу доошу бар жанр эмеспи.

"Мухаммед пайгамбар" дастаны өзбекче да сүйлөдү

"Мухаммед пайгамбар" дастаны өзбекче да сүйлөдү

Кыргыз Эл акыны Эгемберди Эрматовдун “Мухаммед пайгамбар” дастаны быйыл Бишкекте жана Стамбулда түрк тилинде жарык көрүп, анан июнь айында өзбек тилинде басмадан чыкты. Дастанды өзбек тилине акын-жазуучу Рахим Карим которгон.

“Жыйылышың бүттүбү?” аңгемеси деле сатирага ыктаганы менен, аягы трагедияга келип такалат. Жакшынакай үй-бүлөнүн бузулушу күлкү чакырбайт, тескерисинче аяныч сезимин пайда кылат. Биралдын жакшынакай аялы туруп ашыктыкты башка жактан издеген айтылуу аткаминердин жүрөнөөктүгү аёо чакырса, экинчи жагынан жагдайдын ушундай чыгышына ал өзү гана айыптуу экени ачыкка чыгат. Дагы бир белгилей кетчү нерсе - бир топ жылдарга созулган чыгармачылык өмүрүндө Самансур Бөлөкбаев мындай жагымсыз жоруктарды, айласыз адаттарды шылдыңга алган сатиралык аңгемелерди көп жазды. Алардын арасынан “Жыйылышың бүттүбү?” аңгемеси эмнеси менен айырмаланат?

Буга так кесе жооп айтыш кыйын. Кызыккан окурман кепке алынган аңгемени өзү окуп чыгып, көркөм адабияттагы белгилүү сюжетти Самансур Бөлөкбаев кантип шөкөттөп чыкканын, кандай кошумча-алымчалар киргизгенин аңдап алганы оң. Анын үстүнө мындай чатыраш сюжеттик курулмага кайрылган авторлор көп. Бул жагынан Батыш адабиятынан өзгөчө француз көркөм сөзүндө көп иликтенген, Чыгыштан Кытайдын элдик повесттеринде арбын чагылдырылган тема кыргыз адабиятында деле көп жазылганын белгилей кетүү зарыл. Хрестоматиялык акыйкатка айланып кеткен белгилүү чыгармаларды тизмелеп отурбай, кыргыз аңгемелеринин арасынан бул темага тикелей тиешеси бар жазуучу Асанбек Стамовдун “Көпкөн жигит” аңгемесин эске алуу жетиштүү. Самансур Бөлөкбаевдин аңгемесинде белгилүү аткаминердин жат көздөн далдаа, тааныш-билиштеринин алдында ачыкка чыгарбас сыры кантип ачылганы баяндалган. Сюжеттин өнүгүшү да, чечилиши да ушул чекитке байланган.

Тумчуккан аткаминер

Окуя жашоо турмушу жолго салынган белгилүү аткаминердин “көңүл иштери” үйлөнгөнүнө туптуура беш жыл толгондо башталат. Иши жүрүшүп, үй-бүлөлүк турмушу жолго коюлган таасирдүү аткаминер Кеңеш Дыйкановго бир нерсе жетпей жаткан. Ал дагы бир жароокер аял табуу болчу. Анысын тапкандан кийин кечки чогулуштар, кеңешмелер, командировкалар көбөйө баштайт. Бай фантазиядан куржалак калган аткаминердин башына жыйын, чогулуштардан башка үйдөгүлөрүнө айта барчу шылтоо да кирбейт.

Айтса, бир чоң аңгемеге сюжеттик негиз болуп берген бул “тарыхты” баяндоочу авторго Сапаркул деген адам айтып берет. Ал болсо аны кимден укканын же өзү күбө болгонун деле тактабайт. Болгону поездеги сапардашына бир “кеп бар” деп, анан Кеңеш Дыйкановдун окуясынын келебин чубайт. Кеңеш тарыхын айтып берген Сапаркулдун “бою жапалдаш, кара тору өңү бар, ага бырыш дал ушул кезде келсемби же келбесемби деп ыргылжың болуп турган кези көрүнөт. Көздөрү балбылдайт. Өзү кызматчы көрүнөт”. Кызматчы кызматчынын окуясын айтууга өтөт.

Ал кызматчы көп министрликтердин биринде жооптуу орунду ээлеп отурган Кеңеш Дыйканов болчу.

“Ал абдан кадырлуу адамдардын бири. Кызматта да, ошондой эле өз үйүндө да кадырлуу адам. Аялы менен өлүмжан урушкан же болбосо а-бу дешкен киши эмес. Анан калса аялы да укмуш эстүү, баштуу, өңдүү, түстүү жана токтоо адам. Аялынын аты Айдай, анын бою да, эти да орточо. Жадырап-жайнап жүргөнү жүргөн. Көздөрү жана чачтары экөө тең кара боёк менен боёлгонсуп көмүрдөй. Анан калса тиги, басыгы бар эмеспи, укмуш, көргөндүн көз майын сызгырып жиберет. Биринчи көргөн адам "атаганат, менин аялым болсочу" дей турган аялдардын бири. Ал өзүнүн эри Кеңешке ишенет, түз жолунан бурулбайт, буйтабайт деп билет.

- Эми мындай аялдын күйөөсү кандай болду экен? – деген суроо туулуп калышы ыктымал. Ага айта турган жообум даяр... Күйөөсү кадимки эле эки бут, эки кол, эки көз, бир киндиктүү эркектердин бири, бою ортодон жогору, эткээл тартып, бой-аягына өтө этият, таза кийинип таза жүрөт. Айтор үстүнө оңой менен чаң жугузбайт.

Кеңеш Дыйканов жубайы Айдай менен кошулганына быйылкы жыл менен туп-туура беш болот.

Негедир кийинки кездерде, кызматтан келгенден кийин, бир жакка кете коюп жүрдү, анысы барган сайын көбөйдү. Ал аялына бир күнү "кеңешмем бар" десе, экинчи күнү "коллегия болот" дейт. Үчүнчүдө бюросу, төртүнчүдө жыйналышы, бир-эки күндүк командировкасы да чыга калат. Айтор, биринен сала бири, ошентип кезеги менен кете турган адат таап алды.”

Маркестин сыйкырдуу реализминин табышмагы

Маркестин сыйкырдуу реализминин табышмагы

Сантос Нобел сыйлыгына татыган Колумбиянын экинчи өкүлү. 1982-жылы жазуучу Габриэл Гарсиа Маркес адабият боюнча сыйлыгын алган.

Сюжеттик фабуладан байкалгандай, чала-чарпыт жашырылган иштин көшөгөсүн кичине көтөрсө баары ачылып калчудай. Чынында эле ошондой болуп чыгат. Айдай күйөөсүнүн жыйналышы көбөйгөнүнө алгач маани бербесе, кийин шек ала баштайт. Эмнеге кечинде жыйналыштар көбөйүп кетишин күйөөсү жетекчисинин жоругуна байланыштырат. Баштыгы айтты, бүттү, кеңешме кечинде башталышы керек, Кеңеш таза көйнөгүн кийип, атырдан куюнуп жөнөп калат. Бир жолу шектенген Айдай күйөөсүнүн артынан акмалайт. Автобустарга түшпөй көчөдөн көчөгө өтүп күйөөсү жакын досу Алымсейиттикине келип аялдабай ичкери кирип кетет.

Баары белгилүү болуп, “жыйналыш ачылып, Кеңеш докладын баштады” деген убакта Айдай дарбазаны каккылайт. Бир маселе гана келиндин акылын айран кылат. Эмнеликтен күйөөсү аяшына каттай баштайт? Бул эмне, аял менен эркектин табиятыбы же бир түстүү жашоо адамды тажатып иеби? Суроолоруна жооп таба албайт. Көпкө ачылбай, бир убакта аяшы Айнаш халатын желбегей жамынып келип эшик ачат. “Өңү-башы купкуу”.

Амалдуу аял

Баары белгилүү, күнөөкөрдүн бири бет алдында. Бирок да сюжеттик чечилиш татаалдашып, чыңалуудан кийин ишке ашырылышы керек. Ал арада Айдай эч нерсе болбогондой күйөөсү жыйналышка кетип, өзү дүкөнгө келип досунукуна кайрылып калганын саймедиреп, үйгө кирип отуруп алат. Айласы куруган аяшы титиреп, өң-алаттан кетип эмне кыларын билбейт. Окуянын чечилиши дагы татаалдашат. Айдай убакытты созуп Айнаштын эри Алымсейиттин келишин күтөт. Анысы келгенден кийин жашыруун иш ачылышы керек эле. Бирок ачылбайт. Жумуштан келген Алымсейит пальтосун чечкени гардеробду ачат.

“Айнашты дал ушул кезде көрүп алгыла... Эки бети бышкан помидор кебетеленип кеткен. Эки бетин басып тиги бөлмөгө бет алды. Алымсейит гардеробдун эшигин ачты. Досу Кеңеш жыгылып түшөт. Дамбал көйнөкчөн, боргулдап тер баскан, эки сааттан бери олтуруп тумчугуп калганбы же азыр Алымсейиттен коркуп жатабы, айтор кыймылсыз.

- Кайран дос, бул эмнең? Үшүнтип да тамаша кыласыңбы? Атайлап чечинип, мунун ичине кирип... мындан ары менин ордума артист болсоңчу. Өх, чочуп кеттим, жүрөгүм туйлап жиберди, - деп күлүп коет көңүлүндө эч кири жок Алымсейит.

Эгерде Айдай жок болуп, Кеңешти дал ушул кейпинде ошерден тапса, Алымсейит аны эмне кылмак? Шоруң кургур Кеңештин абалы не болмок?”

Окуянын антип жеңил-желпи аякташы “көчмө сюжетке” мүнөздүү ыкмалардан. Ошентип жабылуу аяк жабылуу бойдон калды. Аңдып келген Айдай күйөөсү менен аяшынын айыбын ачпайт, болгону сөз арасында Кеңештин жыйындары көбөйүп кеткенин, андай жерге барып такай баяндама жасап, чарчап келип уктап каларын айтуу менен тим болот. Белгилүү артист Алымсейит мунун баарын тамаша деп түшүнөт, досторун сыйлап үйүнө узатат. Жолдо келатканда Айдай күйөөсүнө кайрылат.

“- И-и, жолдош Кеңеш, жыйналышың бүттүбү? Эмне деген маселе чечилди?

- Акылыңдан айланайын Айдай, мен эми сага толук баш ийдим. Жыйналыштын атасынын оозун урдум, бүтпөсө да эми бүттү. Айтканыңа көнөм, айдаган жагыңа жүрөм.

- Жок, мен эми сага ишенбейм. Бүгүн Айнаш болсо, эртең Алмаш болот. Ошондуктан чыр-чатаксыз ажырашалы. Мен эми апамдыкына кеттим, кош бол,- деди да көчөдөн бурулуп жөнөдү.”

Трагикомикалык жагдайдан чыгуунун жалгыз ыктуу жолу ушул. Күйөөсүнүн артынан аңдыган Айдай беш жылдан берки бактысынан кол жууп, беш жылдан бери тикелеп келаткан кичине мамлекетин уратып алат.

Эрди-аялдын ортосундагы мына ушул аялуу мамиленин аягы кандай бүтөрүнө буга чейин Асанбек Стамовдун “Көпкөн жигит” аңгемесин кеп кылганда токтолгонбуз. Ал жерде куулук-шумдугу жок жоош жигит амалдуу аялдын алдоосуна кабылган кездеги арыз-арманы баяндалса, бул жерде окуя трагикомедиялык ачкыч аркылуу чечилет.

Айдайдын жаңыдан сыноого кабылган үй-бүлөсүн сактоого мүмкүндүгү бар эле. Непадам, кеңпейилдик кылып кечирип ийсе күйөөсү өмүр бою анын алдында айыптуу болуп өтмөк. Өзүндөй тазалыкты күйөөсүнөн күткөн аял анын достукка чыккынчылык кылып, бийик сезимди булгап салышын кечире албады. Самансур Бөлөкбаевдин каарманы утурумдук албуут сезимин башкара албай, күтүлгөн сюжеттик чечилишти тездетет.

Айдай – Кеңеш – Айнаш үчилтиги көркөм адабиятта оголе көп сүрөттөлгөн сюжеттердин бири. Айдай менен Кеңештин достордон жашырган тымызын иштери баары бир ачылмак, анын кандай шарт-жагдайда ачылышы тигил же бул сүрөткердин чеберчилигине байланыштуу. Туура, Кеңеш менен Айнаштын жоругун билгенден Айдайдын алар менен бирге болушу мүмкүн эмес эле. Айыпты ачуунун артында калган Айнаш менен Алымсейиттин кийинки тагдыры кандай болору да белгисиз. Аңгемеде ал маанилүү деле эмес. Көз алдында ойнолуп аткан драмадан кабарсыз белгилүү артист Алымсейит досунун жоругуна таң калуу менен тим болот. Кийим илгичтин жанында кандай драма ойнолгонун Алымсейит билгенде болмок.

Самансур Бөлөкбаев - каармандарынын иш-аракетин, портреттик мүнөздөмөсүн коюу боёктор аркылуу сүрөттөөнүн устасы. Айдайдын улуулугу менен бийиктиги реалдуу турмуш менен театр сахнасын алмаштырып алгандардын жанында дагы ачык, даана көрүнөт. Айдай капыс жерден күбөсү болуп калган жасалма мамилеге ичи чыкпай, үй-бүлөсүн таштап кетишке мажбур.

Самансур Бөлөкбаевдин поэтикасындагы драма менен комедиянын ыктуу айкашы, ортодон чыккан трагедиялык доош анын согуш прозасына да тиешелүү. Автордун өз башынан өткөн окуялар жабылып-жашырылбай, реалдуу өң-түсүндө чагылдырылган. Улуу Ата Мекендик согушка катышып, ал жерде туткундуктун азабын кантип тартканын, кийин андан качып чыккан соң кан майданда катуу жарадар болуп, ооруканада өмүрлүк жарын тапканын, деги койчу, карапайым кыргыз жоокеринин ары кызык, ары татаал жолун мыкты ачып берген.

Жазуучунун кыргыздын улуу акындарынын бири Жусуптун согуштагы соңку күндөрү тууралуу эскерүүсү, согуштук жолдордун биринде белгилүү кыргыз жазуучусу Жекшен Ашубаевге кантип жолугуп калганы тууралуу чынчыл эскерүүсү ушул азыр да кызыгуу менен окулат.

Кан майдандан кайтпай калган кайрандар тууралуу аларды көрүп калган Самансур Бөлөкбаевдин эскерүүлөрү, автордун чынчыл позициясы мемуардык адабияттын көркөмдүгүн арттырып турат.

Самансур Бөлөкбаев дүйнөлүк жана орус классикалык адабиятынын мыкты үлгүлөрүн кыргыз тилине которуп көркөм чеберчиликтин мыкты мектебинен өткөн. Бул сапат анын оригинал чыгармаларына сөзсүз таасирин тийгизмек. Анын бир мисалы катары “Жыйылышың бүттүбү?” аңгемесин көрсөтсө жарашат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG