Линктер

шаршемби, 14-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 15:12

“Карыя болуш Кулбарак, айдалып келди бу дагы”


Кулбарак Матай уулу.

Кулбарак Матай уулу сталиндик репрессияга 1930-жж. башында туш келген. Аны Орунборго жазыксыз жерден айдашып, ал сүргүндө каза болгон. "Куугунтук курмандыктары" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз аймагынан чыккан мурдагы болуш Кулбарак Матай уулун эскерүүгө арналмакчы.

Алгы сөз

Ашкан байлыгы жок аткаминер Кулбарак Матай уулун өз эли беш ирет болуштукка шайлаган. Кулбарак Матай уулу 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүш жеңилгенден кийин орун алган Улуу Үркүндө Батыш Кытайга качып барып, андан келгенден кийин бийликке аралашпай жай чарба ээси катары жашаган.

1916-жылкы көтөрүлүш менен Үркүн маалын чагылдырган оюндан көрүнүш. Кырк-Шейит, Тоң жергеси. 05.8.2016.
1916-жылкы көтөрүлүш менен Үркүн маалын чагылдырган оюндан көрүнүш. Кырк-Шейит, Тоң жергеси. 05.8.2016.

Мындай абалы деле аны сактай албай, жашы сексенге таяп калган мурдагы болушту сталиндик бийлик камакка алып, алыскы Орунборго сүргүнгө айдаган. Ошол жерде каза болуп, сөөгү алыс жерде калган. Артында калган бала-чакасы басым-кысымга туш келген.

Айдалып кетип алыска

Кеңеш (Совет) бийлигинин кыргыз жерине орношу кандай шартта ишке ашырылганын Кулбарак Матай уулунун тагдырынан деле билсе болот.

1916-жылкы Улуу Үркүндөн кийин оголе оор абалга кептелген элдин өкүлү өз Атажуртуна кайтканда мурдагыдай жайнаган малы, отунун алып күлүн чыгарчу кызматчылары жок, кырылгандан калган калктын бири катары жай чарбасын уланткан.

Жаңы бийликке үмүт артып жашап аткан карыя кишини сталинчилер чоң душманды кармагандай камакка алып, сексенге таяп калган аксакалдын туулган жерине кайтып келиши арсар экенин билип туруп эле алыскы Орусиянын Орунборуна сүргүнгө айдап ийиши - ошо кездеги көнүмүш иштердин бири болгон.

Кулбарак болуш чынжырлуу бай же менсинген манап тукуму эмес, элдин ишенимине татып, беш ирет жергиликтүү бийликке келген жөнөкөй киши болгон.

Аны билгендердин айтуусунда, Кулбарак болуш 1916-жылы өз элин орусиялык жазалоочу кошуундун огунан коргоп чыккан. Көтөрүлүш басылганда жеринен козголгон журтташтары менен Батыш Кытайга чейин барган. Ал жерден келгенден кийин бийликтен биротоло кол үзүп жай чарбага өтүп, өмүрүнүн соңун айылында, бала-чакасынын кашында өткөрүүнү чечкен.

Жаңы бийликтеги аны жактырган адамдар болуштун асманында кара булут айлана баштаганын ачык айтса деле, ага көңүл бурган эмес экен.

Кулбарак болуштун небереси Өмүрбек Байжумашевдин айтуусунда, а кезде деле акырын жылып келаткан куугунтуктан карабашын калкалап жер которуп кеткендер көп эле болуптур.

- Репрессияга туш келгендер Жети-Өгүз районунда көп эле болгон. Кээ бирлери барбай, жер которуп кетип калгандары болгон экен. Аман калгандары бар. Мамырбай ажы деген болгон экен. Ошого репрессия болот, ана камалат, мына камалат деп турганда а киши дүйнөдөн өтүп кетип, камалбай калыптыр. А кишинин да жашы жетип калган экен, айдаларда каза болуптур. Биздин айылдан чоң атам камалып айдалып кеткен.

Жаңы бийликтин жаалын жакшы билбей, "карапайым калкка жан тарткан большевиктер катаал жаза чегере койбос" деген баёо үмүткө алданып, айтылуу болуш жаңы бийликтин жазасына өзү келип берген экен.

Кулбарак болуш менен сүргүнгө айдалгандардын бир тобу беш-он жылдан кийин тууган жерине кайтып келишти, бирок да көпчүлүгү сталиндик сүргүндөн кайтпай калышты.

Жашы сексенге таяган Көлдүн тескейиндеги белгилүү мурдагы болуштун тагдыры, ошентип, өмүр жашы аягына кетип бараткан кезде чечилген. Артында калган балдары “жат элемент”, “тап душмандын” урпагы катары басым-кысымга кабылып келишти. Алар 1950-жылдардагы актоолордон соң жаңы замандын куугун-сүргүнүнөн бошонуп, жай турмушка өтүшүптүр.

Кулбарак болуштун небереси Өмүрбек Байжумашев кийинки жылдары чоң атасы тууралуу архивдик маалыматтарды чогултуп, а киши башынан кечирген кош алааматтын - 1916-жылкы канабайрам менен 1930-жылдары күчөгөн сталиндик репрессиянын чоо-жайын иликтөөгө киришти.

Аны да да абыдан ойлонткон көйгөй - 80ге таяган чоң атасын камакка алып, алыска сүргүнгө айдап ийиши кандай максат-мүдөөдөн улам чыкканын аныктоо.

- Камакка алынганда 80ге таяп, 82 жашында каза болуп атпайбы. Кулактын тукуму деп кыйланы куугунтукка алышкан. Кээ бирөөлөр Батыш Кытайга өтө качып, ал жерде жашап кийин келишти. Биздин тукум айылда эле калдык. Чоң атам сабаттуубу, арабча окуп жаза алганбы – муну так билбейбиз. Дагы бир маалымат, биздин айылда академик Абдулхай Алдашевдин атасы Алдаш молдо жашаган. Алдаш молдонун казалдарында да чоң атам тууралуу айтылган жерлери бар. Бирок чоң атам арабча жаза алса, артында бир жазма эстелик калтырса, анысы белгилүү болмок, бизде андай кол жазмасы жок.

Коммунисттик замандагы куугун-сүргүндүн маани-жайы тууралуу так кесе бүтүм чыгарыш кыйын. Адам үрөйүн учурган катаал жазалоолорго алгачкы советтик муундагы интеллигенция өкүлдөрүнүн, жаңы кыргыз совет мамлекетинин баш көтөргөн азаматтарынын туш келишин саясий күрөш-талаштарга байланыштуу десек, бийликтен тайып, жай чарбага өткөн мурунку бий, бай, болуш, манаптардын кыйгас жазаланышын жалаң тап күрөшүнө алып барып байлоо - көп кырдуу татаал маселени жөнөкөйлөштүрүүнүн бир жолу гана.

Кабылан болчу башында

Сексенге таяп калган карыны камабаса, элдин баары колхозго кирбей койчудай чочулашка деле себеп жок эле. Маселенин баары - мына ушул сталиндик кандуу конвейерди социалисттик планга көчүрүп, "мурунку бийлик өкүлдөрүнөн мынча кишини камакка алып, алыска айдап жибериш керек" деп ырастаган көрсөтмөгө барып такаларында. Ушул жүйөө гана жазалоо тегирменинин парасын катуу айлантып турганы кийин-кийин ачыкка чыкпадыбы.

Өмүрбек Байжумашевдин чоң өкүнүчү - анын чоң атасынын дарек-дайнын иликтөөгө кечигибирээк киришип калышы, Кулбарак атаны билген кишилердин көзү өтүп, катаал замандын кыйла изин мезгил чаңы басып калганы.

- Замандын оош-кыйыштарына байланыштуу түрдүү тагдырлар болот экен го. Ошондой оор тагдырга кабылган биздин чоң атабыз Кулбарак Матай уулу. Чоң атам - айтылуу Бирназар бийдин небереси болгон. Орус падышачылыгынын бийлиги келгенде 18 жылдай волостной правитель – болуш болуп, бийликке катышып калган экен. Экинчиден, эл шайлап турган. Болуштук үч жылда бир шайланып, шайлоочулар а кезде “кумалак таштап” шайлашкан. Чоң атамын тагдыры бир алдын кызыктуу, экинчи жагынан оор. Ашкан байлыгы деле болбоптур, андан байлар деле болуптур. Бирок элге таянып иш кылып, ошон үчүн элдин эсинде азыркыга чейин сакталуу. Кичүү болгону менен Кыдыр аке, Тилекмат акелер, алардын балдары менен кызматташыптыр.

Чоң атам тууралуу кыска кабар эл жазуучу Касымалы Баялиновдун “Көл боюнда” повестинде бар. Андан тышкары чоң атам тууралуу аны менен сүргүнгө чогуу айдалып барган кыргыз элине белгилүү Казыбек казалчы “Айдалган манаптар” деген ырында:

Каракол экен дубаны,

Карып калган убагы.

Карыя болуш Кулбарак,

Айдалып келди бу дагы.

Кабылан эле жашында,

Кайраты турат азыр да, -

деп ошо кезде Жумгал, Тогуз-Торо, Ак-Талаа, Ат-Башы, анан Көл өрөөнүнөн айдалган манаптарды жазып келип, чоң атамы да кошо кеткен. Чоң атам 1916-жылкы Үркүндө Кытайга барып келген. Чынында эле оор тагдыр да.

Чүйдөн сүрүлгөн кыргыздар Боом капчыгайы аркылуу Көлгө жетишип, аларды Шабдан уулдары жетектеп, Үркүн бул жактан Асылбаштан башталган. Алар качканда Көлгө да кабар барат. Андай кабар биринчи “эл жакшыларына” барат да. Анан орустар келатат дешет.

Ошол кезде орустардын бир гарнизону Каракол шаарында турган. Экинчи отряды Казакстандан Каркыра аркылуу чыгат. Алар кыргыздар орустарды камап атат деп угушуп, жазалоо үчүн аттанышат. Эл дүрбөгөндө чоң атам бөлүнүп кете албай, экинчи жагынан орустардын бийлигинде турган киши, бирок эл менен кошулуп Кытайга барып келет.

Кытайдан келгенден кийин болуштукту деле өткөрүп берип, анын ордуна инилери болуш болуп туруп калышат.

Жакшы санаалаш орустар: “Эй, Кулбарак, балдарыңды бөл, жакында айдаласыңар” дептир.

Чоң атам балдарын бөлүп, өзүнчө түтүн кылып улуу баласы Байжумаш экөө кармалып, алгач Каракол түрмөсүндө жатып, андан кийин Орунбор шаарына айдалып кетет.

Жумгалдан Байзак болуш, Ат-Башыдан Казыбек казалчы менен ошол жерде чогуу болушат. Сөөгү ошол айдалган жеринде Орунбор облусунда калды. Аны менен чогуу айдалгандардын бир топтору кийин келишти. Көлдөн айдалгандар ар кандай тагдырга туш келишти. Чоң атамын сөөгү ошол жакта калды. Ошондо чоң атам болжол менен 1848–50-жылдары төрөлгөн болот. 82 жашында тигил жакта каза болуп атпайбы.

Анткен менен издесе, сураштырса, бир топ нерселер калкып чыга берчүдөй. Кесиби адабият мугалими болгону үчүнбү, Өмүрбек Байжумашев чоң атасы тууралуу азыноолок маалыматты улуу сүрөткер Түгөлбай Сыдыкбековдун “Зайыптар” романынан, Касымалы Баялиновдун “Көл боюнда”повестинен, Эсенбек Медербековдун “Кызыл жалын” романынан таап, эл арасында жүргөн кишинин эстелиги ошентип сакталып каларына ынанып жүрөт.

Сүргүндөгүлөр. Отургандар: залкар акын Боогачы Жакыпбек уулу, жубайы Асел. Туруп турган - Кемел Шабдан уулу. Орунбор, 1929-ж.
Сүргүндөгүлөр. Отургандар: залкар акын Боогачы Жакыпбек уулу, жубайы Асел. Туруп турган - Кемел Шабдан уулу. Орунбор, 1929-ж.

Орунбордо (Оренбургда) сүргүндө болгондордун арасында теңир-тоолук айтылуу акын Боогачы Жакыпбек уулу жана Кемел Шабдан уулу да болгон.

Сүргүндө эки-үч жыл жүргөндөн кийин 82 жашында Кулбарак Матай уулу сүргүндө каза болуп, аны акыркы сапарга мусапырчылыктын азабын чогуу тартышкан мурдагы бий-болуш, манаптар узатышкан.

Кулбарак болушту кайтпас сапарга узаткандар арасында айтылуу казалчы Казыбек Мамбетимин да болгон. Орунбордо сүргүндө болгон Казыбек казалчы ошол 1929-жылы чыккан сот өкүмү тууралу минтип жазган:

“Өйдөтөн тилеп турабыз,
Өлүмгө жанды кыйбас деп
Ак жеринен күйгөндү,
Ар ким айтып даттанды.
Текшербеди тирбунал,
Тергөөдө жалган айтканды.
Айыпкер киши жыйырма эле,
Араңдан бирөө акталды.
Жыйырманчы июлда,
Жыйналышын өткөрдү
Тогуз киши атууга,
Токтомунда шартталды.”

Матай уулу Кулбарак болушка атууга өкүм кылынбаганы менен, алыскы Орунборго сүргүнгө айдалышынын өзү эле катаал жаза болчу. Алыскы сүргүндөн өбөктөгөн карынын жерине кайтышы кыйын эле. Ушу кезге чейин сүргүнгө айдалып, жолдо же белгиленген жерине жеткенден кийин каза тапкандар тууралуу маалыматтарды табыш кыйын.

Расмий маалыматтарга караганда, сталиндик абактарда жатып каза болгондордун саны 6 миллион ашуун адамды түзөт. Алардын качан, кайсы жерде, качан каза болгонун такташ кыйын.

А бирок ага карабастан Өмүрбек Байжумашев чоң атасынын архивдерде калган дарек-дайынын издөөгө кызыкдар. Жакынкы аралыкта Казакстандагы архивдерге кайрылып, чоң атасынын колу коюлган документтерди издөөгө аларын ырастады. Буга чейин Кыргызстан архивдеринен андай кагаздарды таба албады.

Матай уулу Кулбарак болуштун урпактары ушу тапта Жети-Өгүз айылында турушат. Анын эки уулу Улуу Атамекендик согушка катышкан. Ал эми Кулбарак болуштун тушунда 1913-жылы Жети-Өгуз айылында орус-тузем мектеби ачылган. Мындай агартуу иши болуштун демилгеси, аракетинен тыш ишке ашырылышы мүмкүн эмес го.

Социализм келгенге чейин эле иштеп келген билим булагы ушу кезде Данаке Иманов атындагы орто мектеп катары белгилүү.

Кулбарак болуштун чоң атасы Бирназар бийдин 300 жылдыгын өткөрүү камылгасы Ысык-Көл кылаасында кызуу көрүлүүдө. Бул иш-чара Кулбарак болуш тууралуу маалыматтардын жыйналышына, өмүр-баяны, жасаган иштери жөнүндө кенен сөз кылып, эмгегин эскерүүгө өбөлгө түзмөкчү.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG