Линктер

шейшемби, 18-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 23:55

Таш Кудайбергенов: “Кош болгула, баарына салам айткыла!”


"Ата-Бейит" эскерүү жайындагы сталиндик репрессия курмандыктарына арналган айкел.

"Куугунтук курмандыктарынын" бул чыгарылышы белгилүү кыргыз мамлекеттик ишмери Таш Кудайбергеновду (1898-1956) эскерүүгө арналат.

Таш Кудайбергенов (орус адабиятында - Худайбергенов) алгачкы муундагы кыргыз коммунисттеринин бири болчу. Жаңы бийликти жактырып, совет бийлигинин орношу үчүн жанын аябай, каруусун казык кылып иштеген инсан эле. Сталиндик адилетсиз жазалоонун жыйынтыгында ал эки ирет соттолуп, он беш жылдык түрмөгө, 6 жылдык сүргүнгө барып келген.

Ден соолугунан ажырап, абактагы азап-тозоктордун салынан боштондукка чыккандан кийин эки жылга жетпей каза болгон.

"Куугунтук курмандыктарынын" бул чыгарылышы белгилүү кыргыз саясий ишмери Таш Кудайбергеновду эскерүүгө арналат.

Революциянын жоокери

Таш Кудайбергеновдун өзүнүн жазгандарына, замандаштарынын эскерүүлөрүнө караганда, анын ата-энеси кедей дыйкан адамдардан болгон өңдөнөт.

Таш Кудайбергенов 1898-жылы Чүй өрөөнүндө - баш калаа Бишкектин түштүк-чыгыш тарабындагы Канттын Жедигер деген айылында төрөлгөн. Кичине кезинен орус-тузем мектебинен билим алып, зээндүү улан совет бийлиги келгенге чейин эле саясий иштерге аралашып, башында солчул эсерлердин катарында жүрөт.

Ден соолугунун айынан Пишпектеги (азыркы Бишкектеги) айыл чарба техникумун толук бүтүрүүгө чамасы келбей, эртелеп мамлекеттик иштерге аралашат. Айтсак, солчул эсерлердин катарында Кыргызстандын белгилүү мамлекеттик ишмерлеринин бир тобу Иманалы Айдарбеков, Абдыкерим Сыдыков сындуу инсандар да болушкан.

Совет бийлиги кемелине келгенче Кыргызстанда да кадыресе саясий эркиндик, пикирлер менен позициялардын ар түрдүүлүгү өкүм сүргөн экен. Кийин билип-билбей ошол эркиндикке аралашып калгандардын баарына совет бийлиги опсуз айыптарды коюп, алгачкы муун коммунисттердин дээрлик баарынын көзүн тазалоого жетишти. Жада калса алардын аттарынын аталышына да катуу тыюу салынып, кыйла жылдар жабылып-жашырылып келди.

А бирок Таш Кудайбергенов 1917-жылы кыргыз мээнеткечтеринин таламын талашкан “Букара” союзу уюмун түзүүгө катышып, анын жетекчилигине шайланган. Катарында 7 миңге жакын мүчөсү бар жаңы союздун максаты карапайым калктын аң-сезимин ойготуп, аларды жаңы заманга үндөө, башкаруу бийлигин толук өз колуна алууга кызыккан большевиктер партиясынын саясатын ишке ашыруу болгон.

Атап айтканда, Таш Кудайбергенов мына ушул кедейлердин таламын талашчу уюмду уюштургандардын катарында болгону менен, солчул эсерлердин атынан Пишпек советтерине мүчөлүккө шайланып, андагы улуттук бөлүмдү башкарып калган. Бул мезгил большевиктердин таасири кенен жайылып, анын башка саясий уюм-бирикмелерге карата мамилеси ачык билинип калган учур болчу. Саясий ар түрдүүлүккө чекит коюлуп, бийлик бир партиянын колуна көчө баштаган.

Ошол 1918-жылдын жайында Таш Кудайбергенов большевиктердин катарына өтүп, совет бийлигине каршы чыккандарга аёосуз күрөш ачкан. Сары-Өзөн Чүйдүн Аксуусунда, тоо койнундагы Нарын шаарындагы революцияга каршы чыккан козголоңчуларды басууга жигердүү катышкан. Аскер ишин мыкты билген Таш Кудайбергенов кийин 1920-жылы Петрограддагы Орусия коммунисттеринин Х съездинде Кронштадттагы аскер деңизчилеринин (моряктардын) козголоңун басууга катышып, ал кездеги аскербашы М. Тухачевскийдин сыйлыгына татыган.

Кронштадттагы моряктардын козголоңу "совет бийлиги мындан ары болобу же болбойбу" деген кыл чайнаш кыйын учурга туш келип, партиялык курултайга келген делегаттардын 278и колуна курал алып, жаңы бийликтен көңүлү калган деңиз аскерлерин ийге келтирүүгө жетишкен. Таш Кудайбергенов партиялык жыйында большевиктердин жол башчысы Владимир Лениндин өзүн көрүп, жыйындагы сөзүн уккан.

Жарды-жалчылардын жол башчысы мына ошол жыйында совет өлкөсү оголе оор жагдайга кептелип, азык-түлүк тартыштыгынан чыгыш үчүн Жаңы экономикалык саясат программасын сунуш кылган. Жаңы бийликтин жардамы менен бекер жерге ээ болуп калган дыйкандарга экономикалык эркиндик берилип, алар өстүргөн түшүмүн мамлекетке милдеттүү төкчүлөрүнөн ашканын базарга алып чыгып, каалаган баасында сатууга мүмкүндүк алышы эңгезер совет өлкөсүн ачарчылыктан сактап калган.

Албетте, жаңы саясат иштемчил адамдардын кадыресе ирденип кетишине да алып келген. Жалаң кедей-кембагалдарды гана жактырчу сoвет бийлигине бул иштер анча жага бербей, кийин колхоздоштуруу жараяны башталганда оокаттуу дыйкандарды кулакка тартып, жер котортуп сүргүнгө айдоого негиз болуп берди. Бул кезде бийлик башында Владимир Ленин эмес, анын ишин улантуучу Иосиф Сталин туруп калган болчу. Өзүнөн башка адам өмүрүн тыйынча да баалабаган өкүмдардын тушунда мамлекеттин жазалоо механизми болушунча катуу иштеп, миллиондорду кырып-жоюу пландуу жолго салынып, ага совет бийлигин чыңдоо үчүн салым кошкон Таш Кудайбергеновдун өзү 1930-жылдардын башында туш болбодубу.

Таш Кудайбергенов жалаң эле партиялык уюштуруу иштери менен алек болбостон, совет бийлигине коркунуч туулган кездери колуна курал алып, аны коргоодон да көрүнгөн. Түркстандын Жети-Суу аймагында совет бийлигине каршы чыккан атаман Дутов менен Анненковдун аскерлерине каршы согуштарга жигердүү катышкан.

Революциянын туткуну

Таш Кудайбергенов 1926-жылы уюшулган Кыргыз АССРинин прокурору жана адилет эл комиссары кызматын аркалаган.

Кыргыз советтик милициясынын 10 жылдыгын белгилеген күнү. Отургандар (солдон оңго): Искендер Жоламанов, Алексей Нерабоченко, Таш Кудайбергенов (Худайбергенов), Владимир Шубриков, Жусуп Абдыракманов, Киселев. Туруп тургандар (солдон оңго): Акимов, Сабо, Стеблин. Фрунзе ш. 12.11.1927.
Кыргыз советтик милициясынын 10 жылдыгын белгилеген күнү. Отургандар (солдон оңго): Искендер Жоламанов, Алексей Нерабоченко, Таш Кудайбергенов (Худайбергенов), Владимир Шубриков, Жусуп Абдыракманов, Киселев. Туруп тургандар (солдон оңго): Акимов, Сабо, Стеблин. Фрунзе ш. 12.11.1927.

Анын колуна курал алып совет бийлигине каршы чыккандарга каршы күрөшүнө, Петрограддагы козголоңду басуудагы эрдигине, Тухачевскийден ала албай калган сыйлыгына карабастан,1922-жылкы Тоолуу кыргыз автоном облусун түзүү аракетине ж.б. байланыштуу 1930-жылы 6-мартта камакка алынып, кийинки жылы 12-мартта РСФСР Жогорку сотунун көчмө сессиясынын чечими менен 5 жылга эркинен ажыратылган.

Ага “кызмат абалынан кыянат пайдалангандыгы үчүн” деген айып коюлган. Сот өкүмүндө Кудайбергеновго Кыргыз Автоном Республикасынын адилеттик (юстиция) эл комиссары болуп турган кезинде Кыргызстан калкына “мыйзамсыз салык салган, бай-манап элементтери менен байланыш түзгөн” деген айып коюлган. 1922-жылы эшемен Тоолуу кыргыз автоном облусун түзүүгө умтулган саясий ишмерлерди жазалоонун алгачкы баскычындагы чаралардын бири ушундайча жүргүзүлгөн.

Жогорку сотко жазган арызында Таш Кудайбергенов өзүнүн негизсиз айыпталып жаткандыгына өзгөчө басым жасаган. Аны Саясий документтер архивинин жетектөөчү адиси Айнагүл Табышовадан уксак:

Айнагүл Табышова.
Айнагүл Табышова.

- Алгач укук жаатында иштегени үчүн "тигини коргогон, пара берген" деген айыптар коюлган. Кудайбергеновдун архивдик документинде ачык сот кылууну талап кылганы, революциялык мыйзамдуулукту сактоо керектигин белгилегени, булар болбосо ачкачылык кармай турганын айткандары бар. “Он айдан бери камап, мени азапка салып жатканын таптакыр билбейм. Революциячыл закондуулук деген кайда? Эгерде мен Кыргызстанда ошончолук эле коркунучтуу кылмышкер болуп калсам, азапка салбай эле ачык соттоону, аеосуз жазалоону өтүнөм. Эгер мен күнөөлүү болбосом - анда менин оорулуу экенимди, үй-бүлө абалымды жана он үч жыл бою менин совет бийлигине, Коммунисттик партияга келтирген пайдамды, сиңирген эмгегимди көңүлгө алып, сотко жеткирбей бошотуңуздар” деп жазган. Жолдоштору Садаевге, Абдрахмановго, Исакеевге, Алиевге, Жоломановго, Айдарбековго багыштаган башка катында ал ишти териштирүүнү тездетүүнү, камакка жеткирбей бошотуп алууну суранган. 1931-жылдын 1-январына чейин бошотулбас ачарчылык жарыялай турганын жазган.

“Балким мен силерди эми көрө албай калармын, кош болгула, бардыгына салам айткыла” деп жазган.

Кийин алардын баары азапка туш келишкен. Таш Кудайбергенов он айдан ашуун суракта жаткан. Ошондо ал РСФСРдин Башкы прокуратурасына, Жогорку сотуна, ВКП (б)га, Кыргызстан обкомуна – бардык жерге кат жазып, эмне үчүн жөн эле камалып жатканын, уруучулуктун, жекече өч алуунун айынан башка жолдоштору менен узак камакта жаткандыгын билдирген. Жалган көрсөтмөлөрдү берип, "Кудайбергеновго мындай көрсөтмө берсеңер" деп, ошол кезде эле ушундай жарамсыз ыкмалар колдонула баштаган.

Айтса, ал кезде - 1930-жылдардын башында репрессия механизми опсуз күчөй элек болгону үчүнбү, революциялык мыйзамдуулук талабы азыноолок сакталган үчүнбү, иши кылып Кудайбергеновдун арызы Москвадан колдоо таап, алган жазасы шарттуу мөөнөткө көчүрүлөт.

Аны менен кошо соттолгон 48 кишинин тагдыры да Москванын жеңилдетилген жазасына туш келдиби же жокпу – бул тууралуу так айтыш кыйын. Таш Кудайбергенов жазасын өтөш үчүн Өзбекстандын Чирчик колониясына жөнөтүлгөн. Москванын Жогорку сотунан арыз жообу келгенден кийин шарттуу жазага кесилген Таш Кудайбергенов “Өзбек пахта” трестине караштуу совхозго жумушка чегерилет. Кийинчерээк трест жетекчилери тапшырылган ишти так аткарган Таш Кудайбергеновго эркиндик берүү тууралуу РСФСР Жогорку сотуна өтүнүч келтиришкенине карабай, шарттуу жаза мөөнөтү өзгөрүүсүз калтырылган.

Революциянын курмандыгы

Таш Кудайбергеновдун беш жылга эркинен ажыратылышы жазалоонун кыныгын алган бийликтегилерге жакпай калганбы, 1937-жылдын 16-июлунда экинчи ирет камакка алынып, СССР НКВДсынын “үчилтиги” тарабынан 10 жылга эркинен ажыратылып, бул ирет анын жайы Жезказгандагы шарты катаал лагерге туш келет.

Жезказгандагы жез кенинде 10 жыл бою иштеген Таш Кудайбергенов 1947-жылдын жайында түрмөдөн бошотулуп, бирок Кыргызстандын баш калаасы Фрунзеде жашоого уруксат берилбей, үй-бүлөсү менен Токмок шаарына көчүп барууга аргасыз болот. Аны менен эле жазалоо токтолбой, 1948-жылы ноябрда СССР КГБсынын кеңешмеси Таш Кудайбергеновду Кроасноярск крайындагы Большая Мурта кыштагына сүргүнгө айдаган.

Сибирдин катаал суугунда жумушчу болуп иштеген кыргыздын дагы бир азаматы ден соолугунан ажырап, 2-топтогу майып катары 6 жылдан кийин үйүнө кайтууга уруксат алган. А бирок өз жерине келгенден эки жылдан кийин 61 жашында, 1956-жылы каза болгон. Таш Кудайбергенов - сталиндик репрессиянын миллиондогон курмандыктарынын бири.

Алар кантип жана кандайча соттолгонун Кыргызстандын туңгуч юстиция министри Каратал Табалдиновдун кызы Клара Табалдинова мындайча сыпаттайт:

- Үч эле киши болсо, ошол 3 киши – “тройка” деп коёт. НКВДнын “тройкасы”. Ошол үч киши чечим чыгарса эле болду. Өлтүрсөңөр да мейлиңер, эмне кылсаңар да мейлиңер. Тергөө кылбай эле, эч нерсени далилдебей эле, кимдин оюна эмне келсе ошону айтып, анын үч киши “өлтүргүлө” десе эле өлтүрүп атпайбы. “Камагыла” десе эле камап атпайбы.

Таш Кудайбергенов да ак жерден жок кылынгандардын катарында кийин акталды. Бирок да чейрек кылымга жакын эркинен ажыратылып, абактын азабын тарткан улуу инсандын сары изине түшүп, аны улам-улам куугунтукка алган бийлик айыбын тарткан жок. Эли үчүн жанын берип иштеген улуу инсандын көргөн кордугу, аң-сезимдүү өмүрүнүн теңинен көбүн алган совет түрмөсүнүн азабы совет бийлигинин, анын жазалоо системасында иштегендердин ким экенин, кан адамдар болгонун кашкайта көрсөтчү белгиси анын тагдырын коштогон так катары калып калды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG