Линктер

ишемби, 21-июль, 2018 Бишкек убактысы 04:03

Кыргыз-тажик жазуучусу Мирзахалим Каримовдун улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматов тууралуу эскерүүсү.

Бул чыгарма мындан жыйырма жыл илгери “Советтик Кыргызстан” (азыркы “Кыргыз Туусу”) гезитине чакан макала болуп жарыяланган эле.

Гезиттин эки нускасын Дүйшөмбү калаасында жашаган каарманым Максуд Хусейновго почта аркылуу жөнөткөн болчумун. Бир нускасын Чыңгыз Айтматовго да берсем деп, көп жылдар бою арман кылып жүрдүм. Кудай жалгап, эки жыл илгери Айтматов Татарстанга сапар алаар алдында “Ак кеме” мейманканасында өткөрүлгөн мааракеде ага капилеттен жолугуп калдым. 80 жылдыгына карата тажик, азербайжан диаспораларынын өкүлдөрү ага баалуу белектерди тартуулашты. Айтматов мазмундуу сөз сүйлөп жатканда, “Каратегин” аттуу китебимди тартуулайын, анда өзү жөнүндө жазылган очерк, тарыхый сүрөтү бар” деп ойлодум. Чыңгыз ага сөз сүйлөп болор замат жанына барып, адегенде ызаат менен саламдаштым. Анан китептин сүрөтү басылган барагын ачып: “Чыңгыз Төрөкулович, мына бул сизге жолугам деп Кыргызстанга бир нече жолу келип учураша албай, саясый жаңжалдын кесепетинен эрте көз жумган тажик журналистинин арманы тууралуу очерк. Мына бул сүрөтүңүздү ошол маркум өзү 1976-жылы тартып алган экен” деп, китепти колуна карматтым эле, ал: “Абдан кайгылуу болгон экен” деп башын чайкап, анан китептин “Каратегин” деп аталышын сурап билгенден кийин, тажик кийимин кийген сүрөтүнө кубанычтуу көз жүгүртүп: “Сен жакшы жазуучу экенсиң. Кыргызча так сүйлөгөнүңө, жазганыңа таң калдым. Бул китепти мага бересиңби?” деди өтүнгөн түрдө тиктеп. “Чыңгыз Төрөкулович, мен бул китепти сизге жан-дилим менен берейин деп алдыңызга келдим” дедим улуу жазуучунун ушунчалык жупуну инсан экенине таң калып.

Айтматовдун тажик улуттук кийими менен түшкөн сүрөтү. Аны редакцияга Мирзохалим Каримов сунуш кылды.
Айтматовдун тажик улуттук кийими менен түшкөн сүрөтү. Аны редакцияга Мирзохалим Каримов сунуш кылды.

Жыйырма жыл бою көкүрөгүмдөн өчпөй келаткан чоң көксөөм орундалганына төбөм көккө жетип, жайыма барып олтурдум да, беш-алты үстөл арыраакта Болот Шамшиев ж.б. кишилер менен олтурган Чыңгыз Айтматовдон көз албадым. Ал китебимди астейдил барактап, отуз үч жыл илгери Дүйшөмбү калаасында тартылган сүрөтүнө тиктеп тургандай сезилди. Анан ал зыяпат бүтө электе эле жөнөп калды. Бат-бат басып, узатып бараткан кишилердин катарына кошулдум. Айтматов китебимди сол колуна кармап баратты. Тышка чыкканда эл катары мен да колун аяр кармап: “Жакшы барыңыз” дедим улуу жазуучуга жолуктурган тагдырга ыраазы болуп.

Маараке аяктагандан кийин Айтматовго жакын олтурган тажик жигити Фарход Жураев: “Китебиңди Чыңгыз Айтматов көпкө чейин барактап, өзүнүн сүрөтүнө аябай кызыгып карады. Сүрөттү тарткан авторго рахмат айтты, ал” деди мени ого бетер кубандырып.

Ошентип, урматтуу окурман, баяным түшүнүктүү болсун үчүн мындан жыйырма жыл илгери тажик журналисти менен болгон жолугушуу тууралуу жазылган чыгарманын жаңыртылган вариантын сизге сунуш кылам.

* * *

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына кызыкпаган, анын сыйкырдуу дүйнөсүнө берилип, таазим этпеген инсан жок болсо керек. Менин калемдешим, тажик журналисти Максуд Хусейнов Чыңгыз агага терең урмат менен таазим эткен ошондой окурмандардын бири эле.

1989-жылы атайын командировка менен Дүйшөмбү калаасында жүргөнүмдө республикалык “Тожикистони Совети” газетасынын кабарчысы болуп иштеп жаткан Максуд Хусейнов мага мындай таклип кылып калды:

- Дасторкон четинде отуруп, сиз менен Айтматов жөнүндө, кооздугуна ашык болуп келген Фрунзе калаасы жөнүндө маектешким келет. Каршы болбосоңуз...

Мындай дили таза, көңүлү назик адамдарга ар кандай зарыл иштерди жыйыштырып, өтүнүчүн орундатпай көрчү! Болгондо да Айтматовдун чыгармаларына ышкысы түшкөн адам ушинтип зарыгып турса, кантип тескери бурулуп кетесиң?

Көз байланып калган маалда Максуд экөөбүз ээрчишип, алардын үйүнө келдик. Чачтарын тал-талдап өрүп алган данектей тажик келин бизди жаркылдап күтүп алды. Куттуу үйдүн босогосун аттаганда эле бул үй-бүлөдө мейманга өзгөчө урмат-сый көрсөтүлө турганын баамдадым.

Максуд экөөбүз дасторкон четине отурдук. Пакиза бөлмөнүн төр жагындагы узун шкафтын текчелери каз-катар тизилген китептерди араң көтөрүп, үй ичин баалап болбос байлыкка толтуруп турат. Алардын арасында Чыңгыз Айтматовдун тажик, орус тилдериндеги түрдүү китептери дароо көзгө урунду.

Жана биз кирип келгенде, ширин тил менен “Хуш омадед” деп колдорун бооруна алган жети-сегиз жашар чырактай кыз тынбай даам ташып жатты. Кашы-көзү атайылап боёп койгондой капкара. Майда өрүлгөн көкүлдөрү боюна жарашып, ары-бери басканда агын сууга малынган мажүрүм талдын ичке чыбыгындай суйкалат.

Кызыл бөйрөк чайнекке демделген чай дасторконго коюлгандан кийин Максуд ашкана-бөлмө тарапка бурулуп үн катты:

- Жамийла!

Баятан бери тынбай тыпылдап каттаган кыз ошо замат босогодо пайда болду.

- Ов, ота?

- Пиёла биёр, духтарам, - деди атасы сылык гана.

- Хозир... – кыз артына бурулуп, пиала алып келгени кетти.

Жамийла! Максуд кызын ушинтип чакырганда жүрөккө кылт эте түшкөн ой дилимди ысытып, таңыркап калдым.

- Кана, чайдан ичкенче, кеп салып отуруңуз, - деди Максуд оюмду бөлүп. – Мен Чыңгыз агага, анын чыгармаларына таазим этип, жазуучунун сыйкырдуу дүйнөсүнө азгырылгандардын биримин. Ыкласым терең. Сиз Фрунзеде иштейт экенсиз. Айтматовду тез-тез көрүп турсаңыз керек?

- Каяктан дейсиз, ал кишиге учурашуу кыйын...

- Аттиң! – терең улутунуп алды ал. – Мен көп жылдан бери ага жолугуша албай арман кылып жүрөм. Мындан кыйла жыл илгери студент кезимде да, андан кийин дагы бир ирет Фрунзеге атайылап бардым. Бирок, ишим оңунан чыккан жок. Экөөндө тең Айтматов жок экен, сумсайып келе бергем.

- Насип болсо, дагы бир күн жолугуп калаарсыз.

- Кана эми, - деди ал тамшанып, - мен ал күндү эки көзүм төрт болуп күтүп жүрөм. Ал кишини Дүйшөмбүгө келген сайын жыйындарда отурганда сүрөтүн тартып алам. 1976-жылы бизде өткөрүлгөн Кыргызстандын маданият күндөрүндө Тажик мамлекеттик университетинин студенттери Айтматовго бейкасам чапан, башына такыя кийгизишкенде, жан талашып жатып сүрөткө тартып койгон элем. Бул сүрөттү өздүк архивимде ыйык сактап жүрөм. Деги улуу адамдардын сүрөттөрүн убагында тартып койгон жакшы нерсе. Арадан жылдар өткөндөн кийин мындай сүрөттөр алтындан да кымбат нерсеге айланары бышык. Чынбы?

- Ырас, ырас, - чын пейилден кубаттадым, - эң туура айттыңыз. Сурагандын айыбы жок дешет, сиз Айтматовдун кайсы чыгармаларын окугансыз?

- Дээрлик бардыгын окугам. Китептери тиги текчелердин төрүндө тизилип турат. Басма сөзгө чыккан макалаларын, маектерин үзбөй окуп, аларды топтоп коём.

- Тажик элинин таланттуу жазуучусу, раматылык Фазлиддин Мухаммадиев аны аябай урматтачу экен, ээ?

- Оо, аны бир айтасызбы, эки айтасызбы. Мухаммадиевдин урматын өлчөп болбойт! Мен ал маркум менен көп жолу маектешкенмин. Айтматовду оозунан түшүрчү эмес. Каап, шум ажал аны арабыздан алып кетти, болбосо “Кыяматты” эчак эле тажик тилине которуп, окурмандарга белек кылмак.

- “Адиб” басмасындагылар "“Кыямат” романы которулуп жатат, 1991-жылы өзүнчө китеп болуп чыгат" дешти мага.

- Аны мен да уктум. Бирок, Мухаммадиев тирүү жүргөндө иш башкача болмок. “Кылым карытар бир күн” романын өтө кыска мөөнөттө которуп, адегенде “Садои Шарк” журналына жарыялаган соң, тез эле китеп кылып чыгарган. Айтмакчы, сиз анын “Биздин Чыңгыз” деген очеркин окуган чыгарсыз?

- Ооба, ал очеркти кыргыз тилине которуп, Айтматовдун 60 жылдыгында газетага жарыялаганмын.

- Абдан жакшы иш болгон экен. Ошол очеркти окуган адам Мухаммадиевдин Айтматовго карата ыкласы, урматы кайсы даражада терең экенин сөзсүз сезет.

- Чыңгыз аганын чыгармаларын канча ирет окуйсуз?

- Эң кеминде эки сыйра, атүгүл, айрым беттерин жаттап алууга аракеттенем. Мисал үчүн “Ак кеменин” бир нече барагын жатка айтып бере алам. Мактаныч эмес, жанагы чай ташыган кызымды көрдүңүз го, анын аты Жамийла, ал да Айтматовдун чыгармаларын сүйүп, менден бешбетер кумары болуп жүрөт, - Максуд залга кайрылып, дагы үн катты: - Жамийла!

- Ов! – назик үн угулары менен жанагы кара көз кыз босогодо пайда болду. Максуд ага мээримдүү тиктеп: “Чыңгыз Айтматовдун кандай чыгармалары бар эле? Кана, мына бул акеңе жакшылап айтып берчи, кызым” деди тажикчелеп.

Тажик кызы Жамила Айтматовдун китебин кармап турат.
Тажик кызы Жамила Айтматовдун китебин кармап турат.

Жамийла көк майсадай тикчийген узун-узун кирпиктерин паска жапырып, аста жооп берди:

- “Ак кеме”, “Биринчи мугалим”, “Жамийла”...

- Бали, духтарам! – деди Максуд кызынын билермандыгына сыймыктанып. Анан: “эми бошсуң” деген таризде башын ийкеп, мага карады: - Өтө эстүү, зээндүү кыз. Өмүрүн берсе, келечегинен үмүтүбүз чоң. Өткөндө чоң атасынын 60 жылдыгын куттуктап, кат жазыптыр. Анысын бизге окутту. Каталары көп экен. Бир сыйра оңдоп, кайра жаздырмак болдум адегенде. Кийин ойлоп көрсөм, ушунусу кызык экен, жөнөтүп ийдик. Ал кат ээсинин колуна тийдиби же жокпу – биле албадык.

- Ээси ким эле? – Таң калып сурадым.

- Жамийланын чоң атасын – Айтматовду айтып жатам.

- Демек, кызыңызга жөн жерден Жамийла деп ат койгон эмес экенсиз да?

- Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына азгырылып, “кумары” болуп жүргөнүмдө ушул кызым төрөлдү. Биринчи перзентиме дүйнөдөгү эң чоң сүйүүнү жүрөгүнө батырган асыл каарман – Жамийланын ысмын койгон элек...

- Кыргызстандыктардан дагы кимдерди билесиз?

- Кинорежиссёр Болот Шамшиев менен аңгемелешкенмин. Ошондо мен анын талантына тамшанып калганмын. Биздин мыкты котормочубуз Аслам Адахам тажик тилине которгон “Манас” эпосун окуганымдан кийин кыргыз элинин эзелтеден эле тубаса таланттуу эл экенине тан берген болчумун. Көрсө, манасчылар бул эпосту көлөмүнүн ушунчалык чоң экенине карабастан, жатка айтышкан тура. Мунун өзү чоң артыкчылык!..

- Сиз кыргыздын дагы кайсы таланттуу адамдары менен жолугушуп, жазайын деген максатыңыз бар?

- Эң оболу Айтматовго жолугушуп, аңгемелешүүм керек. Көкүрөктө сактап жүргөн бул үмүт эч качан өчпөйт! Мындан бир нече жыл илгери Фрунзенин гүлзарлуу көчөлөрүндө Айтматовдун дидарына зар болуп жүргөн күндөрүм али да көз алдымда турат. Насип кылса, дагы бир күнү Фрунзеге учуп барамын.

- Максатыңызга жетиңиз, ылайым. А эгер дагы жолугушалбай калсаңызчы?

- Убара болгонума эч өкүнбөйм. Ушунун шарапаты менен ааламга атагы чыккан улуу жазуучу баскан көчөлөрдө “тентип” келүүнүн өзү эле мен үчүн чоң бакыт...

Айтматов дегенде бүт дити бурулуп, инсандык урмат-сыйын багыштоого даяр турган тажик перзентинин бул даражадагы ынтызарлыгы мени таң калтырды. Жер көтөрө албас атак-даңкты көтөрүп, бүткүл адамзаттын көңүлүн өзүнө бурууга кудурети жеткен ошол улуу жазуучунун Мекенинде жашап жатканыма дагы бир жолу сыймыктандым.

Максуд Хусейнов менен коштошоор алдында өздүк архивинде көзүнүн карегиндей ыйык сактап жүргөн Чыңгыз Айтматовдун 1976-жылы тартылган сүрөтүн сурап алдым.

- Айтматовду “чоң атам” деп жүргөн кара көз кызыңыз – Жамийланын сүрөтүн да бергениңизде, канттай иш болоор эле, - дедим арман кылып.

- Аны кийинчерээк артыңыздан жөнөтөм сизге, - ал колумду кыса кармап, олуттуу тиктеди. – Айтматовдой улуу уулу бар бактылуу кыргыз калайыгына бизден ысык салам айтып коюңуз!

Чыңгыз Айтматов жана тажик акыны Мирзо Турсунзаде.1976-жыл.
Чыңгыз Айтматов жана тажик акыны Мирзо Турсунзаде.1976-жыл.

* * *

Кесиптешим Максуд Хусейнов менен 1991-жылга чейин кат алышып турдук. Тилекке каршы, саясый тирешүүнүн кесепетинен Тажикстанда согуш чыгып, өмүрү кыйылган кырктан ашуун чыгармачыл инсандардын бири ошол кесиптешим болгонун кийин уктум. Ал ошол согушта болгон кыйноонун айынан жапжаш бойдон көз жумуптур. Айтматовдун дидарына зар болуп жүргөн кыялы орундалбаганы, жанындай жакшы көргөн кара көз кызы Жамийланын атасыз калганы мени абдан терең кайгыга батырды. Эки бир тууган элдердин – тажик менен кыргыз элинин Жамийласы болуп калган ошо кара көз кызды бир көрсөм экен деп ар дайым ойлочумун. Кудай буюруп арадан жыйырма жыл өткөндөн кийин Дүйшөмбү калаасында экөөбүз жолугуштук. Жыйырма жыл илгери көргөн кара көз кыз эчак бойго жетип, бир баланын энеси болуп калыптыр. Атасын эстедиби, айтор, мени көргөндө көзүнө жаш чайыла түштү. Колтамга жазып тартуулаган китебимди ыраазылык менен бооруна басып, өзү жөнүндө учкай айтып берди. Көрсө, ал да журналисттик кесипке ээ болуп, атасынын калемин колунан түшүрбөй, “Вечерний Душанбе” гезитинде иштеп жатыптыр.

Мирзохалим КАРИМОВ, кыргыз-тажик жазуучусу

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG