Линктер

жума, 21-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 11:48

Борбугуловдун адабиятка арналган өмүрү


Мухтар Борбугулов. Сүрөт open.kg сайтынан алынды.

Орусча-кыргызча бирдей жазган белгилүү филолог, 40 жылдан ашуун мугалимдик кесипти аркалаган профессор. Кыргызстандын эл жазуучусу, Токтогул сыйлыгынын ээси. Кыргыз улуттук энциклопедиясын бир канча жыл башкарган кылдат редактор. Бул сапаттардын баары бир гана кишиге, бирок эмнегедир унутулуп бараткан мыкты инсанга - Мухтар Борбугуловго таандык эле.

Мындан туура 14 жыл мурда каза болгон, кыргыз адабияты менен маданиятына, илимине көп эмгеги сиңген Мухтар ага кыргыз интеллигенциясынын бир нече муунун тарбиялоого зор салымын кошкон мыкты профессор болчу. Ошого карабастан азыркы ары түйшүктүү, ары тынчы жок, "кечээ көргөн бүгүн жок" дегендей заманда Мухтар агайдын аты эмнегедир аталбай, эскерилбей, дээрлик унутта калып баратканы кейитпей койбойт. Анда эмесе сөз белгилүү окумуштуу жана жазуучу, сынчы, драматург жана тамсилчи, филология илимдеринин доктору, профессор Мухтар Борбугулов тууралуу болсун.

Мухтар Борбугулов кадимки Барпы акын чыккан Сузак жергесинин уулу эле. Бала кезинен адабиятка шыктуу Мухтар мектепти да, кийин Кыргыз мамлекеттик университетин да абдан ийгиликтүү аяктап, илимдин кандидаты деген наамды 1957-жылы Горький атындагы адабият институтунда, Москвада биринчи кыргыз болуп жактаган. Ал кезде Москвадан, болгондо да кадимки адабият институтунан орус тилинде жазып, орус тилинде илимий диссертация жактоо эмне деген аброй жана эмгек болгону айтпаса да түшүнүктүү. Илимдин артынан сая түшкөн жаш окумуштуу кийин Казакстандын Илимдер академиясынын докторанты болуп, 1966-жылы адабият таануу боюнча биринчи илимдин доктору болуп чыга келген. Тез эле профессор наамын алган. Айтор Мухтар Борбугуловдун илимий карьерасы абдан ийгиликтүү болуп, биринен сала экинчи илимий эмгектери Фрунзе менен Москвадан басылып, кыргыз адабиятынын эң эле белдүү изилдөөчүлөрүнүн бири болуп чыга келген.

Мухтар Борбугулов - жазуучу, драматург, тамсилчи, сынчы
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:52 0:00

Мухтар ага залкар окумуштуу болсо да, адабияттын ар түрдүү жанрларында күчүн сынап, ар биринде чоң ийгилик жарата билген таланттуу инсан эле. Анын жазуучу катары көрүнүктүү ийгилиги “Элеттик жигит” романы болду. Роман 1964-жылы жарыкка чыгып, дароо эле эң көп окулган, айрыкча жаштар чөйрөсүнө майдай жаккан чыгарма болуп таанылды.

Негизги иши жана кесиби окумуштуулук болсо да Мухтар Борбугулов кара сөз менен катар драма жанрында да бир нече чыгармалары менен аты чыкты. Атап айтканда, анын “Ким көрүптүр мындайды” аттуу комедиясы, “Барпы” аттуу драмасы, “Азган кыз”, “Жусуп Баласагын” деген пьесалары убагында театр сахналарынан түшпөгөн чыгармалар эле.

Мухтар аганы эскере отуруп, анын Кыргыз мамлекеттик университетине (азыркы КУУга) сиңирген опол тоодой окутуучулук салымын да айта кетпесек болбос. Бул окуу жайында Борбугулов агай кырк жылга жакын эмгек кылды. Жогоруда айтылгандай, кыргыз маданий интеллигенциясынын бир нече муунун тарбиялаганга болгон күчүн жумшады.

Мухтар Борбугуловдун орус тилинде чыккан "Киргизская советская драматургия" китеби. 1959-жыл. Сүрөт ozon.ru сайтынан алынды.
Мухтар Борбугуловдун орус тилинде чыккан "Киргизская советская драматургия" китеби. 1959-жыл. Сүрөт ozon.ru сайтынан алынды.

Мухтар Борбугуловдун калтырган илимий жана адабий мурасын баалай келгенде суроо туулбай да койбойт: агайдын таланты кайсы тармакта толугураак ачылып, кайсы жанрда өзүн толугураак көрсөттү? Буга жоопту так кесе айтуу кыйыныраак болмок. Анткени кара сөзчү катары да, тамсилчи катары да, драматург катары да “Элеттик жигит” экилтигинин автору эч кимден калышкан жок. Бирок менин жеке баамымда Мухтар аганын окумуштуулук даражасы башка жанрларга караганда бийигирээк, толумдуураак эле. “Кенч капкасын ачып”, “Турмуш тереңин карай”, “Учу-кыйырсыз жол” сыяктуу изилдөөлөрү, айрыкча 1981-жылы Москвадан чыккан “Единство национального и интернационального” аттуу илимий иши кыргыз адабият таануусундагы бараандуу эмгектер катары тарыхта калды.

Тарыхый жаткан көз салганда, Мухтар Борбугулов адабиятка 50-жылдарда аралашкан, дагы тактап айтсак "Чыңгыз Айтматовдун мууну" деген муун менен тагдырлаш, замандаш адам болду. Баса, Муке ошол Чыңгыз Айтматовдун эң кадырлаган замандаштарынын бири экенин да баса белгилеп кеткенибиз туура го. Профессор 2004-жылы катуу оорудан кийин каза болгондо Чыкебиз мындай деп көңүл айткан эле: “Мухтар Борбугулов – ХХ кылымдагы улуттук адабиятыбыздын эң бир мыкты сынчысы, философу болчу. Бул биздин адабиятыбыз, маданиятыбыз үчүн чоң жоготуу. Ал адабияттын жаңыдан улуттук деңгээлде түзүлүп келатканына көңүл буруп, көп эмгек сиңирди. Олуттуу, билимдүү, мыкты замандаш эле».

Учурунда Мухтар Борбугуловдун чыгармачылык жана илимий ишмердиги жогору бааланып, Кыргызстандын эл жазуучусу деген наамга татыган. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты алган. Окумуштуу жана жазуучу агабыз 2004-жылы дүйнө салып, арабыздан мезгилсиз кетсе да азыркыга чейин анын көркөм чыгармалары, тузу ачуу, калемпири курч тамсилдери, сын китептери, илимий ачылгалары, орусча жана кыргызча жазылган изилдөөлөрү эч бир маанисин жоготкон жок.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG