Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:45

Дайыма Күн, Ата-Эне, Бала бар болсун


Ысык-Көл.
Ысык-Көл.

Советтик “Тегерек Күн” ырынын келип чыгышы, иврит жана швед тилдеринде жаңы мазмунда жашоосун уланткандыгы ж.б. тууралуу чакан баян.

Сөз башы. Иврит тилиндеги ыр

Оболу бул темага кайрылган себепти ачыктай кетелик. Жакында Валерий Чередниченко мырза “Фейсбук” коомдук тармагында бир жөөтчө обондуу ырдын тасмасын жарыялап, миңдеген кишилердин, анын ичинде далай досторумдун делебесин козгоп койду.

Гиди Корен советтик ырга иврит тилинде жаңы текст жазып, аны 1973-ж. ырдап чыгышкан.
Гиди Корен советтик ырга иврит тилинде жаңы текст жазып, аны 1973-ж. ырдап чыгышкан.

Мен дагы иврит тилиндеги бул обондуу ырды угуп, андагы титр менен берилген текстке үңүлүп жаттым.

Бул обондуу ырдагы ивритче “элохим” сөзү дароо эле кыргызча “ылайым” сөзүнө уйкаш келип жатканын туйдум.

Жөөтчө обондуу ырды “...Лэ элохим од-михтав (“Кудайга кат жазып жатат”)” сабынан кийин бул төрт сап орун алган:

Элохим, шмор ал има (Кудайым, апамды сакта)!

Элохим, шмор ал аба (Кудайым, атамды сакта)!

Шмор эли эт-хашемеш (Сактагын Кудай Күндү дагы)!

Элохим, шмор алай (Кудайым, сакта мени)!

Абдан кызыктуу ыр экен!

Жөөттөрдүн иврит тилиндеги бул обондуу ыры Интернет аркылуу таркаганда, айрым окурмандар бул ырды советтик авторлор плагиаттык жол менен жөөттөрдөн өздөштүрүп алышкан го деп да мурдагы советтик авторлорду айыптап чыгышты.

“Чын эле ошентишкенби?” деп алгач мен да чочуп кеттим.

Акыркы учурларда диссертациялардан далай плагиаттык тексттер айкындалып жатат. Анын үстүнө, кээ бир орусиялык аттуу-баштуу обончулардын айрым обондору же башка күүлөр башка өлкөлөрдө алардан мурда чыккан ырлардын обондоруна же мелодияларга окшоп калгандыгы да ашкереленген кез эле.

Мурдагы Советтер Биримдигинде автордук укук көп сакталчу эмес.

1930-жылдардын этегинде, маселен, автору абакка түшүп же куугунтукка учурап жаткан чакта, анын чыгармасы автору көрсөтүлбөстөн, 1939-жылы Маскөөдө кыргыз маданиятынын он күндүгү маалында сахнада тартууланган окуялар да болгон.

Касым Тыныстанов сталиндик абакта тындым кылынган соң, кийинки грамматикага байланыштуу окуу китептеринде жана эмгектерде анын далай табылгалары авторду көрсөтпөстөн пайдаланылган.

“Тегерек Күн” ырынын таржымакалы

Демек, пионерлердин сүйүктүү ырына айланган “Тегерек Күн” ("Ар дайым Күн жаркысын!") деген обондуу ырдын тексти жана күүсүн советтик акын жана композитор чет өлкөдөн уурдап алышканбы деген ойго эрксизден жетеленбей коё албайбыз.

Бирок “Фейсбукта” Юлия Барабина-Шеворакова айым оболу бул обондуу ыр Советтер Биримдигинде жаралганын, анан анын ыргагын пайдалануу менен, бул обондуу ырдын текстин ивритче кайра иштеп чыгышканын таасын белгилеген жарыясын ортого салды:

Костя Барабанников (деген бала) “дайыма” деген сөздү үйрөнүп жатып, күн, асман, эне жана өзү тууралуу төрт сапты айткан. Бул окуя 1928-жылы болгон. Андан 35 жыл өткөн соң, бу саптар бүт дүйнөгө маалым болду. Ксения Спасская бул шайыр маанайдагы төрт сапты “Эмгек мектебиндеги эне тил менен адабият” («Родной язык и литература в трудовой школе») журналындагы өз макаласына кошуп койгон. Ал эми акын Корней Чуковский болсо бул төрт сапты “Эки жаштан бешке чейин” деген китебине киргизген.

Советтик плакат чебери Николай Чарухин “Дайыма күн жаркысын!” («Пусть всегда будет солнце!») деген плакатты чийген. Булардын бардыгынын дилге жетчү маалыматы 1962-жылы Лев Ошанинге дайын болду. Ал композитор Аркадий Островский менен биргеликте бул алгачкы төрт сапты “Тегерек Күн” («Солнечный круг») деген татынакай обондуу ырга айландырды”, деп жазды Юлия Барабина-Шеворакова.

Менимче, Юлия Барабина–Шеворакова айым ортого салган бул маалыматты андан ары кеңейтип берсек болот.

Костя Барабанников деген төрт жашар баланын айткан тилеги 1928-жылы “Эмгек мектебиндеги эне тил менен адабият” («Родной язык и литература в трудовой школе») журналында жарыяланган Ксения Спасскаянын “Жаш балдардын адабий чыгармачылыгына шыкак берүү ыкмалары” («Приемы стимулирования детского литературного творчества») деген макаласында чагылдырылган болчу.

Мен төрт жашар балакайдын ырын мисал кылып кетейин. Ага “дайыма” деген сөздү жаңы гана түшүндүрүштү. Ал чакан чыйыр менен ары-бери кыйла убакытка жүгүрүп жүрдү да, андан соң өз апасына келип, минтип айтты:

“Дайыма болсун Асман,

Дайыма болсун Күн,

Дайыма болсун апам,

Дайыма болоюн мен да!”

(Пусть всегда будет небо,

Пусть всегда будет солнце,

Пусть всегда будет мама,

Пусть всегда буду я).

Мунун өзү жөнөкөйлүгү, тереңдиги жана кубаты менен арбап алчу жашоонун даңазасы эмеспи?” — деп балдар психологу Ксения Спасская тамшана жазган.

Акын Корней Чуковский (1882—1969) болсо ошол эле 1928-жылы (Чыңгыз Айтматов төрөлгөн жылы деп кошумчалап коёлук) бул төрт сап ырды “Эки жаштан бешке чейин” жыйнагына тиркеп, бул мыкты жыйнак кийин 20дан ашуун жолу басылып чыккан.

1961-жылы сүрөтчү Николай Чарухин (1934—2008) “Дайыма күн жаркысын!” («Пусть всегда будет солнце!») деген даңазалуу плакатты жарыялаган.

Н.Чарухиндин плакаты. 1961.
Н.Чарухиндин плакаты. 1961.

Демек, обондуу ыр деңгээлине чейин эле бул төрт сап ыр журнал, китеп, плакат аркылуу бир кыйла саякат кылган.

Орусиянын Биринчи каналынын 2007-жылдын 17-мартында көгүлтүр экран аркылуу обого чыгарылган Яна Чурикованын даректүү тасмасында “Тегерек Күн” ырынын жаралыш таржымакалы дурус чагылдырылган.

Жогорудагы ырда айтылган тилекке келсек, бир чети, аны Костя Барабанников алгач ырдап чыккан дегенге ишенсек болот; экинчи чети, дал ушул бала кыял тилекти (“ар дайым апам, атам, мен жана күн бололук!”) дүйнөдөгү ар бир жеткинчек өз тилине жана динине карабастан айтып келээри да анык.

Ошентип, Костя айткан төрт сап тилекти андан ары ийисине жеткирип, көлөмү чоңураак жана кайырмасы бар ырга айлантуу иши акын Лев Ошанин (1912—1996) тарабынан жүзөгө ашырылды. Татынакай обонду Аркадий (Авраам) Островский (1914—1967) жаратты.

Айтмакчы, Лев Ошанин совет доорунда “обондуу ырлардын ордуна райондук гезиттердин баш макалаларынан алынып, чүргөлүп уйкаштылып коюлган акыл-насаатка жык толгон көптөгөн ураандар” жаралган болчу, деп сын айтканы бар.

Анын өзү жазган бул ыр текстинде деле ураан чакырылат, бирок андагы ураан тынчтыкка, үй-бүлөлүк баалуулукка чакырган тилеги менен маанилүү.

Кайырманы окусак, кичинекей баланын тегерегинде ата-энеси жана Күн айланчыктап турат. Бул ырдын куплетинде болсо доордун тынчтык сүйүүчү күчтөрүнүн урааны да камтыла кетет:

Против беды, против войны,

Встанем за наших мальчишек.

Солнце – навек, счастье – навек,

Так повелел человек”.

Алааматка, согушка каршы,

Балдарыбызды коргоп чыгалык.

Күн – түбөлүк, бакыт – түбөлүк,

Деп буюрат адамзат”.

Темадан саал четтесек, 1962-жылга карата АКШ, СССР, Улуу Британия жана Франция өзөктүк согуш куралына ээ болгон мамлекеттерден эле. Кытай бул тизмеге 1964-жылы Лоп-Нордогу өзөктүк сыноонун натыйжасында кошулган. Алаамат коркунучунун булактарынын арасында, демек, Ошанин менен Островскийдин өлкөсү да бар болчу. Бирок бул өлкөлөрдүн ар бири өздөрүн тынчтыктын тирөөчү санашкан.

Дүйнөгө таркаган обон

СССРде төрөлгөн “Тегерек Күн” аталган бул орусча обондуу ыр 1962-жылы эле дүйнө элдерине кеңири дайын болуп калды.

Советтик эстрада ырчысы, маскөөлүк Майя Кристалинская (1932—1985) айым 1962-жылы июль (теке) айында Бүткүл союздук үналгынын “Кутман таңыңыз менен” («С добрым утром!») деген берүүсүндө ушул ырды жалпы советтик мейкиндикке тааныткан.

Аткаруучу Тамара Миансарова (кыз кезиндеги тегаты Ремнёва; Украинанын Зиновьевск шаарында 1931-жылы туулган — Маскөө шаарында 2017-жылы каза болгон) айым 1962-жылы 27-июлдан 5-августка чейин финдердин ордо калаасы Хелсинки шаарында өткөрүлгөн Жаштардын жана студенттердин VIII дүйнөлүк фестивалында ушул “Тегерек Күн” ырын ырдап чыккан жана өнөрү үчүн алтын медал тагынып, фестивалдын лауреаты болгон.

Тамара Миансарова андан соң поляктардын Балтика боюндагы курорту болгон Сопот шаарында (тагыраак айтканда, «Гданьск Верфь Холл» сарайында) 1963-жылы 15—18 августта өткөрүлгөн обондуу ырлар фестивалында да ушул ырды аткаргандыгы үчүн лауреат болгон.

Балдардын бейрасмий гимнине арналган бул ыр көп узабай дүйнөнүн көптөгөн тилдерине которулган.

Советтик “Тегерек Күн” обондуу ырынын шаңдуу жүрүшү Скандинавия жарым аралында да улантылган.

Маселен, айтылуу “ABBA” тобунун негиздөөчүлөрүнүн бири, швед композитору жана аткаруучусу Бйорн Кристиан Улвеус (шведче. Björn Kristian Ulvaeus; 1945-жылы Гётеборгдо туулган) мырза 1964-жылы өзүнүн ал кездеги The Hootenanny Singers эстрада тобунун коштоосунда “Габриэл” ("Gabrielle") деген ырын аткарган.

Бйорн Кристиан Улвеус 1964-жылы өз эстрада тобу менен советтик ырдын күүсүнө жаңы текст жазып, “Габриел” обондуу ырын ырдап чыккан.
Бйорн Кристиан Улвеус 1964-жылы өз эстрада тобу менен советтик ырдын күүсүнө жаңы текст жазып, “Габриел” обондуу ырын ырдап чыккан.

Габриэл деген айымга арналган бул сүйүү ырынын обону да Аркадий (Авраам) Островский чыгарган балдар ырынын обонуна негизделген (тагыраак айтканда, швед өнөрпозу тарабынан да мелодия жаатында “кымтыкейлик кылынган”).

Демек, советтик жеткинчектер менен өспүрүмдөрдүн бейрасмий гимни болуп калган обондуу ыр Израилде диний багыттагы обондуу ырга айланса, Швецияда эстрадалык ашыктык ырына — “секетпайга” айландырылган.

Бул советтик обондуу ырдын орусча тексти дүйнөдөгү бир катар тилдерге бурмаланбастан которулуп, азыркыга чейин аткарылып келет. Бул жагында эскерте кетелик.

“Элохим” — “ылаайым”.

Эми кайрадан жогорудагы жөөт ырынын текстине кайрылалык:

Элохим, шмор ал има (Кудайым, апамды сакта)!

Элохим, шмор ал аба (Кудайым, атамды сакта)!

Шмор эли эт-хашемеш (Сактагын Кудай Күндү дагы)!

Элохим, шмор алай (Кудайым, сакта мени)!

Бул текстти кыргызчага мындайча которсок да болот:

“Ылайым бар бол, апа!

Ылайым бар бол, ата!

Күндү да жаркыт, кудай!

Ылайым мен (да) болоюн!”

Мында “има” – “эне” (“апа”) дегенди; “аба” – “ата” дегенди билдирет.

Биз “Сөз таануу” шеринесине “ылайым” деген сөздүн теги – семиттики экенин жазган элек. Ал эми өзүн “Кыргыз” деп тааныштырган окурманыбыз мындайча кызыктуу жана мазмуну терең түшүндүрмөсүн кошумчалаптыр:

Кыргыз. 10,08,2018 15:09.

“Тынчтык агайдын ылайым сөзү жөөт "элохим" сөзүнөн келди деп жоромолдогону туура көрүнөт.

Бир кезде Юдахин сөздүгүндө ылайым сөзүнүн тушуна "ар." деген белгини көрүп “кайсы арап сөзүнөн келди болду экен?” деп издеп таппай койдум эле. Агай бул маселени көтөрсө, кайра кызыгып кече бир сыйра изилдедим.

“Ылайым” арап тили аркылуу келди деген гипотеза көп чындыкка коошпой турат. Арап тилинде اللهم (аллохумма) деген сөз бар. Оо, Кудай дегенди билдирет. Англисче булактарда "аллохумма" "элохим" сөзүнө байланышы болушу мүмкүн деген жоромол айтылат. Бирок араб булактарында бул эки сөздүн ортосунда байланыш бар экенин жөнүндө эч нерсе таба албадым. Ошондой эле, аларда "аллохумма" сөзүнүн аягындагы "м" кайдан келгени жана эмнени билдирерин так маалымат жок. "Аллохумма" илляхумма деп жазылганы менен дайым аллохумма деп айтылат. Аллах деле чечмелениши боюнча "аль-иллях" деп жазылганы менен, Аллах деп айтылат эмес би. Эгер ылайым "аллохумма" аркылуу келди дейин десек, анда ата-бабаларыбыздын араб сөздөрүн өздөштүрүү ыкмаларына туура эмес келип калат экен. Кыргызча өздөштүрүлгөндө "аллакумма" деп айтылышы керек эле. Арабча "илляхумма" деп айткан күндө да, кыргызча ылайым формада өздөштүрүлбөстөн, ыллакумма деп айтылышы керек эле.

Ылайым сөзү коңшу тектеш элдерде дагы бар экен. Казактарда кыргыз тилиндегидей ылайым же лайым деп айтылат экен. Өзбектерде илойим, ал эми татар, түрк, уйгурларда бул сөздү мен карап тапкан жокмун. Балким бардыр, бирок сөздүктөрүндө көрө алган жокмун.

Учурдагы Борбор Азия аймагында эле колдонулган сөзбү деген да ой кетти. Ылайым бизге өзбек же балким тажик тили аркылуу келсе керек деп ойлоп калдым.

Букарада биринчи кылымдан бери жөөт коомчулугу отурукташып жергиликтүү калк менен жуурулуп жашап келгенин билебиз. Жөөттөр парсы жана өз эне тилинин букара диалектисинде сүйлөшкөн. Булар өзбектер жана тажиктерге жөөт сөздөрүн, салт, тамак-аш, маданиятын үйрөтүшүп, тигилерден да көп нерсе үйрөнүшкөн экен. Мисалы, ошол жөөт тилинин букара диалектисинде "элохим" илойим деп айтылат экен. Бул жөнүндө 1991 жылы чыккан "Советская Этнография" аттуу китебинде, 89чу бетинде, жазылганын көрө алабыз”. (Китепти пдф түрүндө төмөнкү шилтеме аркылуу түшүрүп алсаңыздар болот)".

Өзүн “Кыргыз” деп тааныштырган бул окурмандын пикирин улап, дагы бир маалыматты кошумчаласамбы дейм.

Демек, СССРде чыккан башаттык текстте кудайга кайрылуу (жөөт ырындагы “элохим” сөзү сыяктуу) маанайы жок болгон. Ал сөз “Тегерек Күн” обондуу ырын иврит тилине которуу жана “өздөштүрүү” маалында чыгармачыл котормочу Гидеон (Гиди) Корен тарабынан бул ырдын текстине диний мазмун берилгенде пайда болгон деп бүтүм кылсак болот.

Израилдик композитор жана илимпоз Гиди Корен 1971-жылы “Агайындар жана Эже-Сиңдилер” (ha'achim veha'achayot) деген эстрадалык топ түзүп, ал эми бул топ 1973-жылы ал ивритче жаңы текст жазган ырды “Тегерек Күн” ырынын обонуна салып ырдап чыккан. Демек, иврит тилиндеги ыр советтик обондуу ырдан 11 жылдан кийин жарыяланган.

Жогоруда белгилегенибиздей, бул ивритче обондуу ырдагы жөөттөрдүн байыркы семиттик доордон бери сакталган “элохим” сөзү арабдардын “илаах” (жалпы эле “кудай” түшүнүгүн билдирген) сөзү менен айкалышып, азыркы кыргыз тилине “ылайым” деген түрдө өздөштүрүлгөн.

Ошондо, азыркы кыргызча айтылганда “ылайым күн ачылса экен!” деген нейтралдуу эле тексттин түпкү мазмуну “О-о, кудай, о Теңир, о Жараткан, Күндү биз үчүн ар дайым ачык кыла көр!” дегенди туюнткан.

(Салыштырсак, орустар ыраазылык билдирүү үчүн “спасибо” деп айтышат, бирок бул сөздүн башаты “Спаси, Боже” — “Кудай сени сактасын!” деген диний ишеним камтылган түшүнүктөн келип чыккан. Биздеги “рахмат” деген ыраазылык сөзүбүз деле “Алланын ыракымы тийсин!” деген алкоонун өтө кыска түрү болуп саналат).

Ал эми талкууга алынып жаткан “ылайым” сөзү Ала-Тообузга арабдардан мурда сириялык (ассириялык) христиандардын несторийчилер тобу аркылуу деле келип жеткен болушу ыктымал. Эски сириялык жазмада жазган бул келгин несторийлер дагы семит тилдеринин биринде жана жергиликтүү түрк тилдеринде сүйлөшчү.

Түрктөшкөн несторийлер орто кылымдарда Кыргызстан аймагында Тарсакент сыяктуу шаарларды да негиздешкен. Алардын орто кылымдардагы мүрзөдөгү таш жазуулары азыркы күнгө чейин сакталып жетти (бул тууралуу Четин Жумагуловдун ж.б. эмгектерин караңыз).

Көөнө сириялыктардын Теңир-Тоодогу кыргыз жана башка түрк тилдерине киргизген терминдери маселесин, албетте, келечекте булак таануу, чыгыш таануу жана түркология илим тармактарынын материалдары аркылуу терең иликтөө абзел.

Бир татынакай обондуу ырдын текстинин жана обонунун, андагы айрым сөздөрдүн таржымакалы жөнүндөгү кыскача этюдубузду ушуну менен соңуна чыгаралык.

Ылайым дайыма Күн, Асман, Атажурт, Апа, Ата, Чүрпө болсун!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG