Линктер

бейшемби, 17-январь, 2019 Бишкек убактысы 20:52

Алмадан чыккан ажырым


Иллюстрациялык сүрөт.

Мамат Райымжанов журналистика менен кара сөздү эриш-аркак ала жүргөн жазуучу болчу.

Көпчүлүк аны журналист катары билгени менен, өзүн жазуучу, кара сөзчү катары сезчү. Жазуучунун көпчүлүк аңгемелери гезит-журналдардын редакцияларында калып кетти. Бүгүн биз автордун “Алмалар гүлдөйт” аңгемесин окуйбуз.

Кайран гана колжазмалар

Мамат Райымжанов 2014-жылы “Тайга тагдыр (Көчмөн доор)” кара сөз китебин чыгарган. Ошол таберигине жазган баш сөзүндө гезит редакцияларында, басмада калып кеткен кол жазмалары тууралуу өкүт менен айтканы бар.

“Ошентип, далай аңгемелер ар кайсы жерде калып кетти, чиркин... Анын үстүнө ручке менен жазып, дубликаты болбогондуктан сакталышы кыйын болду. Жок дегенде ошо убактарда ксерокс болсочу. Эми өткөн ишке салабат”.

Ким билет, камбылдык кылып жарыяланган чыгармаларын убагында сактап койсо алгачкы китеби азыркысынан кыйла көлөмдүү чыгар беле? А бирок Мамат Райымжанов чыгармачылыкка аябай кылдат, жоопкерчиликтүү мамиле кыларын ушул китебинен улам байкап отурам. Анысын китептин баш сөзүндөгү: “мен жазып жатып "мына бул проблемаларды козгойм, анан аны минтип чечем" деп бир жолу да ойлогон эмесмин. Жөн эле турмушта же жашоодобу, көңүлүм түшкөн, менин көз карашыма таасир эткен окуялар, көрүнүштөр, кубулуштар жөнүндө жаздым. Алардын менин оюма тийгизген таасирин айткым келди” деген сыр ачуусу да ырастап турат. Өкүнткөн нерсе ушул: “Тайга тагдыр (Көчмөн доор)” - автордун окурмандарына таштаган жападан-жалгыз белеги, алышкан ооруга алдырган жазуучудан калган эстелик болуп калганы.

Ушу заманда бапырап чыгып жаткан китептердин арасынан нукура көркөм сөз туундусун, адабий саман-топондун арасынан адабий “кызылын” табыш кыйын. Мамат Райымжановдун кара сөзчү катары кадимкидей такшалып, өзү айткан турмуш көрүнүштөрүн элестүү чагылдырып бере алганын “Алмалар гүлдөйт” аңгемесинен деле көрүүгө болот.

Анда кыргыз адабиятында оголе көп жазылган айыл менен шаар, ата менен баланын мамиле-катышын баяндоо сюжеттик негиз катары алынган. Социализм заманында бул проблема мынчалык ачык, курч мүнөз ала элек болчу. Ушу заманда айыл-айылдарда ээн калган үйлөр, балдары мигрант болуп чет жерге же шаарга кетип, үйдө коколой жалгыз калган ата-эне чоң жаңылык деле болбой калды.

“Алмалар гүлдөйт” аңгемесинин сюжети жөнөкөй. Окуя Көкүмбай чалды шаардагы баласы алып кетишинен башталат. Кемпиринен ажырагандан кийин аксакалга кошуна-колоңдору, туугандары каралашып, турмуштун оорчулугун сезбейт деле болчу. Айылда бири экинчисине кирип-чыгып, тааныштары менен кобурашып, тамак алдына келерде чакырышып, байланыш-катыш аябай күчтүү го, ошондон өмүрү элетте өтүп келаткан адамдар үчүн андан ыңгайлуу жер табылбас-ов. Көкүмбай чалдын шаардагы баласынын жүйөсү деле жөндүү сыяктуу. Атасы карып калды, “жамандык-жакшылык бар дегендей”, шаарда баары даяр, от жакмай жок, мал карамай, суу алып келмей өңдүү толгон-токой түйшүктөн арылып, бутту сунуп эс алып жатмай. Айылдык чал буга көнбөйт эле, бирок “неберелериңиз менен чогуу болосуз” деген жүйөгө жооп таба албай отуруп калды. Мынабу тоолорду, өмүрү өтүп келаткан үйүн, анан мал-салды таштап кантип кетет?

“Элдин шаардагы балдары келип үйлөрүн кеңиртип жатышат го” деген чалдын жүйөсүнө уулунун жообу белен чыкты. “Бул жерде эмне иш кылабыз?” Чын эле бул жерде эмне иш кылат? Жунус кайсы бир ишканада мамлекеттик стандартты көзөмөлдөп, аялы сүрөтчүлүк кылып, шаардан үй алып, ошол жерге биротоло турук алып калышкан эле. Алар эми айылга келип мал багып, атасын аспиеттеп, элет турмушуна эзели көнбөйт. Бул жерде мамлекеттик стандарттын кереги жок. Айылдын бир калыптагы турмушу өз нугунда өтө берет. Кандай болгон күндө да атасын биротоло таштап койбой, шаарга үйүнө алып кетейин деп келгени жакшы го. Ага айылдаштары, туугандары ыраазы болуп, чалдын жакын тууганы топозчу Омуш бирин-экин малына карап турмай болуп, маселе дасторкон үстүндө эле чечилип калды. А бирок өмүр бою жашап келген туулган жерин таштап кете бериш деле кыйын. Кыркалекей тоолор, чачылып калган канттай иретсиз салынган кыштактын үйлөрү аны кетиргиси келбпегендей муңайым узатышат.

“Принципсиз эле чакыра берсе…”

Мына эми Көкүмбай чал шаарда, келгенден бир аптача былк этпей жатты. Нака жалкоонун жыргалы эле ушу жер окшойт, “от жагам, казан асам дебейсиң, атүгүл ысык суусу да белен.” Каалашыңча укта, эч ким мышыгынды "пыш" дебейт, телевизорду керели-кечке кой, бул жерде баарысы өз иши менен. Шаарга келгенден кийин чалды жүдөткөнү “ажаткана маселеси гана болду. Өчөшкөнсүп анысы да ашкананын маңдайлаш тушунда”. Пенде баласы ага деле көнөт экен. Көнө албаганы эле бекерчилик, жанында кобурашчу кишиси жок, зериге баштайт.

“Тоббо, - дейт ал, - ушундай да эл болот экен ээ, тоббо. Бир айыл туруп сүйлөшпөй... Аман-эсендик сурашып турууну унутуп коюшкан экен го буларың”. Ал ири алдыда эшиктеш турган кошунасына таң калат. Бир кабатта эки гана үй-бүлө жашай турган. Ушул эки үй-бүлөнүн Көкүмбай келгенден бери эзели бири-бирине киргенин көрө элек. Жаңыдан келгенде келини кайнатасынын урматына тамак жасаган. Тамак алдыга келгенде Көкүмбай суроо таштады:

- Тиги кошунаңар кечикти го?

- Үйлөрүндө эле болсо керек... Жумуштан небак эле келишкендей болгон.

- Анда эмне кирбейт? Келишпейби?

- Ээ, жарыктык, - деди Жунус ошондо гана атасынын суроосуна түшүнүп. – Кызыксыз да. Бул жер эмне, сизге айыл беле? Тамаксыз калгансып... Жаман көрүшпөйбү, принципсиз эле чакыра берсе.

- Тамакка чакырганды эмнеге жаман көрсүн? “Жакынкы кошуна алыскы туугандан артык” деген сөз бар.

- Сөз болсо болгондур, ата. Бирок тарбияга жатпайт. Же той, же бир кече өткөрүп жатпасак. Жөндөн жөн эле чакыра берсең жаман ойлошпойбу, маданиятсыз деп. Кемсинтип жаткандай сезишээри мүмкүн”.

Элеттин эчен кылымдарды карытып келген салтын чанган шаар Көкүмбай чалга чын эле жакпайт. Бири менен экинчиси сүйлөшпөй, тыгынга толгон шаардыктардын үйүн бекем жаап алып, кириш-чыгышы жок жашаганы кантип болсун?! Мына, Көкүмбай карыя шаарга келгени алын сурап бир да киши келген жок. Бир кабатта жашаган кошунасынын кызы бир салым чай сурап кетип, анысын кайра алып келип берди. Ушул да болобу? Карыянын чыдамы түгөнүп, буулуга баштады. Кишиден жол тийбеген чоң шаарда чал өзүн биринчи ирет жалгыз сезди. “Өзү ушул убакка чейин сезбеген, сезсе да "мен эмне болуп баратам" деп, кайра ага акылы жетпеген белгисиз ой чалды мүлжүп, аны курттай жей баштады. Ушундай жалгыздыкта калганына Көкүмбай өзү да аң-таң”.

“Жакшы жашоонун” аракети

Элеттин бейгам турмушуна көнгөн карынын жаңы шартка ыңгайлашы чынында эле кыйынга турат. Баарынан да чоң үмүт менен чоңойткон уулунун кылган-эткендери тандандыра баштайт. Уулу менен келини өздөрүнчө күбүңдөшүп жүрүп бир күнү эле бир машине толо жылтырак тактайларды, таңгакталган кутуларды жүктөп келишет. Аларын кыйналып-кысталып бешинчи кабатка ташып, ансыз деле шкаф, отургуч, бөлөк көрпөй-шөрпөйлөр толгон Жунустун чоң бөлмөсү жыгачка толуп басарга жер калбай калды. "Югославиялык гарнитур" деген кымбат буюм жыйналып ордун тапкандан кийин Жунустун үйүн коноктор басты. Көкүмбай карыя коноктор көпкө бөлүнөрүн ушул жерде билди. Баарынан кымбаты Шарип Тескенович деген баласынын чоңу келгенде уулу менен келини өздөрүн коерго жер таппай учуп калышты.

“Экөөнүн тең бир оозунан эки оозу: “Шарип Тескенович, алсаңыз! Шарип Тескенович, жесеңиз!” Өз аталарын унутуп коюшкан немелер үстү булоолонгон, килкилдеген жаш эт салынган чараны коюп, жаттап алган сөздөрүн кайталашат.

- Оо, садагасы ий. Алтын бала турбайбы, - келини жанагы Шарип Тескенович деген неменин ээрчите келген он-он бир жашар баласына үйрүлүп жатты. - Алчы, мобул жиликти алчы.

Көкүмбай чыдабай кетти:

- Ой, тиги аксакалды ал десеңер боло. Жаш бала да улуулардан озунуп жилик алчу беле! – Ошондо гана Шарип Тескенович Көкүмбайды биринчи жолу көргөндөй, оолжуп, былтыйган манжалуу колдорун сербеңдетти:

- А-аа, туура... туура. Кана, аксакалдан баштайлы.

Келини менен уулу отко түшкөн тооктой безеленип, тырпырап ийишти.

- Ошо кантип болсун? Биз – өзүбүз.

- Жоок, кокуй. Шарип Тескенович, сиз - меймансыз, чал өзүбүздүкү, биз жеп эле жатабыз.

Ошо күнү “чоң конок” келип кеткенден кийин Көкүмбайдын жалгыздык оорусуна иренжүү деген оору кошулду.”

Алгач карыя "Бу заман салтын билбей жатамбы?" деген күдүк ойго кабылып, ишеңкиребей жүрдү, бирок көмөкөйүндө эрмен даамданган бир ыза калды. Антип эки анжы болуп жүргөндө дагы бир окуя көңүлүн биротоло суутуп салды. Жунус уруксат бербесе планы толбой калмак болгонун айтып, мөмө-жемиш комбинатындагылар бир күнү жащик-жащик алмаларды таштап кетишти. Ошол алмаларды жүктөп алып Жунус атасын базарга алып келип, бир жактан тараза таап, эригип жаткан атасын алма сатканга отургузду. Мына, жакшы турмуш, бекер жашоо.

Кыпкызыл алмаларды базарда тез эле алып кетишмек. Бирок бу алмалар мөмө-жемиш комбинатындагылардын Жунустун оозун майлашка, кандай да болсо планды аткарыш үчүн керектүү адамды паралаш үчүн алынып келген алмалар эле. Камбыл Жунус бекер алмаларды кошуна-колоңдоруна же тааныштарына таратып бериштин ордуна беш кабат үйдө зеригип отурган атасына саттырып, пайда көргүсү келген. Югославиянын кымбат баа гарнитуру, үй толо өлүү дүйнө кантип жана кандайча чогулганы Көкүмбай аксакалга ушундан кийин дайын болду. Мурда-кийин соода кылып көрбөгөн атасын базарга отургузуп койгонуна нааразы болгон абышка алмаларды таштап, шаардан көңүлү калып, "айылга кетейин" деп автовокзалды көздөй жөнөйт. Аңгеме ушинтип бүтөт.

Байкалып калгандыр, жакшы жашоонун ыгын тапкандар кантип жана кандайча байышын жазуучу бир топ эпизоддор аркылуу ынанымдуу сүрөттөй алган. Кайсы бир базанын план аткарышы Жунус сындуу ортолук катмардагы аткаминердин аракетине байланыштуу. Ортодо айланган кагазга коюлчу кол жащик-жащик алма, кымбат баа эмерек сындуу жашоо-турмуштун майда-чүйдөсүнө байланышкан. Ар бир аракет-кыймыл жөн жасалбайт, баарынын баасы коюлган. Кайсы бир комбинаттын үйүнө алып келип берген бекер алмаларын шаар турмушуна көнүп алган баласы атасына саттырып, ушундан да пайда көргүсү келет. Жунус бир гана жагдайды эске албай калган. Социализм заманында кыргыз адамынын базарда отурушу сейрек көрүнүштөрдөн эле.

Базары жакын байыбайт

Кийин социализм тарыхый тактысынан шыпырылып, замандын өзгөрүлүшү кыргыз баласынын жапырт базарга чыгышы менен коштолду. Жунус сындуу шылуундардан жаңы заман тушунда мыкты соодагерлер чыкты. “Алмалар гүлдөйт” аңгемеси жаралган 1988-жылы абал чынында эле башкача болчу. Антсе да жетимиш жылдан ашуун турган социализмдин эчен жылдар жашырып-жаап келген кыңыр иштери бир четтен ачылып, эңгезер өлкөнү айкындык, демократия, кайра куруу желаргысы каптай баштаган.

Мамат Райымжановдун “Тайга тагдыр (Көчмөн доор)” повестинде эмгек мигрантынын башына түшкөн оор мүшкүл, аяк-башы билинбеген Шибер мейкининде чачылган кыргыздардын жашоо-турмушу чагылдырылган. Жана кеп башында айтылган китептин кириш сөзүндө автор дагы бир жагдайды минтип белгилей кеткен:

“Жарык көрүп жаткан аңгемелердин көпчүлүгүнүн сүрөттөгөн объектиси, окуясы эски доордон алынгандыктан өткөн мезгилди баяндагандай көрүнүшү чын. Анткен менен мен ошол убактарда такай кездешүүчү “идеологияны даңазалоо” озуйпасын көңүлгө албоону карманганга аракет кылганымды айтып коюуну туура таптым. Коммунисттик партиянын идеясына, “жаркыраган келечегине” шыктанткан аңгемелер, Кудайга шүгүр, ошол кезде эле менин чыгармаларымда жазылбаптыр”.

Минтип социализм заманында калем кармагандардын баары эле айта албайт. "Коомдо жашап туруп андан четте болуш мүмкүн эмес" деген Лениндин сөзү ал кезде өтүмдүү болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG