Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:14

Айдана акыры сүйүүсүн тапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Абдимитал Камаловдун аңгеме, повесттери 70-жылдардан бери чыгып келатат, окурмандарга ал негизинен кара сөзчү катары таанылган.

Жазуучунун “Айдана” аңгемеси 1988-жылы “Ала-Тоо” журналына жарыяланган.

“Калтыс иш болгон экен”

Негизи эле Айдана кызга арналган чыгармалар кыргыз адабиятында арбын. Абдимитал Камаловдун “Айданасы” да сүйүү, ашыктык темасына арналган. Ички сырын ачыкка чыгарууга батына албаган тартынчаак жаш мугалимдин сүйүүсү чыгарманын сюжеттик негизин түзүп, окуялардын баары ошонун айланасында топтолгон.

Жаңыдан чыгып келаткан таланттуу ырчы кызга ашык болгондор, ага сүйүүсүн арнагандар арбын болору башынан белгилүү го. Айдана да өнөр адамын бучкактап алчу ошондой сый-урматка туш келип, конкурстардан дайым жеңүүчү болуп турган чагында музыкалык окуу жайдагы агайы ала качып кеткени угулат.

“ – Биринчи номериңиз күйөөгө чыгыптыр! Болгондо да билесизби, кандай адамга, окуу жайдын мугалимине… - Айтарын айтып алып Асия өзү да ыңгайсыздана калды. Ырасы менен анын сөзүн кайдыгер укпадым, дагы эмнени кошумчалайт экен дегенчелик кылып, тиктеп турам. Ооруксунгандай жүзүмдү көрүп аяп кеттиби, кантсе да бирге иштеген сырдана кызматташ эмеспи, эми боору ооруй калды.

- Биринчи номердеги кызды айтып жатасыңбы, менин биринчи номеримди?.. мм… мм… Калтыс иш болгон экен.

- Ооба, биринчи номериңиз, Айданачы?.. Кандай жакшы кыз эле! Сыягы анын көзүн боёшкон го, кантип эле ошондой болсун, жашы улуу неме экен.

- Калтыс иш болгон экен… - Муундарым калчылдап, дагы эле өзүмдү коёрго жер таппай, алдастап турам. Буулуккан ачуум көздөрүмдүн кычыктарына келе калган кургак жаштан улам байкалса байкалып аткандыр, аны бир билсе Асия билип, аңдаса Асия аңдап, өзүнчө ченеп-бычып аткан болуш керек, мен аны менен ишим жок, түпөйүлмүн.

- Канткен менен жаман кабар алып келдиң, Асия, мен үчүн жаман кабар!

- Ушу сиз да болбогондонсуз. Ошондо эле ачыгын айтып, кыздын алдына түшкөндүн ордуна жарылбаган жарадай болуп койбодуңузбу. Сиздин жакшы көргөн-көрбөгөнүңүздү ал далысынан билсинби? Анын биринчи тапта экенин, биринчи номерде турганын билген адам аны сүйө турганын айта албай, өзүңүзчө жанчылып жүрө бербедиңизби!

- Сөзүңдүн жөнү бар. Ага салам айтчулар көбөйө берип, мен алардын далдасында калып кетемби, деп этиеттенип жүрө бердим. Алдын тороп чыгып сырымды айтканга батына албадым, бул жагынан жыгылыштуумун. – Бурала толгонуп алдым, минткенимде ызага буулугуп, Айдана кол жеткис бийик, эми кайрылып келгис куш катары умсундуруп олтурат. Болгону кызматымын милдетине байланыштуу ага этиет мамиле жасагам. Дирилдеген авазына жык чайылган ширин сөздөрүн алдейлеп, мен ошондон каниет алганмын. Ушунча топураган ырдоочулардын арасынан аны бөлүп көрө алганым үчүн өзүмдү бактылуу сезе калгамын”.

Нукура таланттын топураган талапкерлер арасынан суурулуп, толгон-токой тоскоолдук, сыноолордон өтүшү кыйын. Айдана элге эрте таанылып, көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө арзыганы менен, жеке турмушу оңунан чыкпай, бир топ жыл белгисиз калат.

Издөөгө корогон кайран жылдар

Анын талантын биринчилерден болуп баалап, бирок аздек сезимин айта албай калган агайы кийинки жылдарын жалаң күтүү менен өткөрөт. Сүйүүсүн айта албай калган кызы бирөөнүн бүлөсү болуп, башка турмуш жолуна түшкөнү, эми ал чоочун бирөөнүн аялы экенине карабай, кезигип калар бекен деген уруу үмүткө алданып күн кечирет. Ай артынан жылдар чууруп убакыт өтө берет.

Сыртынан эле ашык болуп, ичиндеги аздек сезимди ачык айта албай, элдин сүймөнчүгүнө арзыган үлкөн талантка жетпей калган армандуу жаштын тиричилиги да турмуш агымында калкыйт. Бул убакта ал жетпей калган махабатына кол шилтеп, башка бирөөнүн колун кармап, өмүр жолун улантса деле болмок. Бирок антпейт. Ичтеги арманын чогуу иштешкен Асия гана билет. Айдананы кайсы бир жашамал агайы ала качып кеткенин да ошол кыз айтып келген. Асияга кесиптешинин көктүгү, сүйүү үчүн баарына кайылдыгы, убакыт-саатка карабай тун сүйүүсүн таштабай келатканы жагат. Анын ичтен сызган арман күүсүн кесиптеши гана билет.

Асия Айдананын чоң сүйүүгө татыктуу экенин, куулук-шумдугу жок жашты алдап ала качып кетишкендердин кыянатчылыгынан кабардар. А бирок аларга каршы турууга, Айдананы артынан кууп барып алып келүүгө мүмкүнчүлүктөрү жок. Ичтеги сезимин ачык айтышка батына албаган жүүнү бош, сары санаага басырылган кесиптешинин ичтен күйгөн арманын сезип-туюп, баарын мезгил өзү ордуна коёт деп, убакытка үмүт артып келет.

“Мен үчүн түпөйүл тарткан күндөр ушинтип башталган. Күнөөгө кириптер өзүм элем: эмне үчүн өтүмсүздүк кылдым? Асия айткандай ашкере жүүнү боштукка баш байладым. Акыры аным өз тагдырымдын чийинин чектеп, минтип көзүмдү чакчайтып олтурбайбы дардисар абалдын айлампасына түртүп…

Кайгымды көтөрө албай , дүйнө кезип басып кетким келет…

Айдана эми жок: ал ырлар дүйнөсүндө гана үр болуп жашайт. Анын ыры кулагыма шаңшып угулат. Анткенинде ал жакын, жүрөгүмдө жанаша жашайт, кол созсом, жетимдей умсуна түшөм. Ал мен жеткис бийик сереге көтөрүлүп кетет.

Музыкант мугалим катары гана күндөлүк ишимден канагат алам. Бөксөм толбосо да, ишимдин рахатына азгырылып, сабагымды Айданага деп билип, демөөр байлап жашап келем…

Шурудай тизилген күндөр бирден саналып-саналбай өтүп жатты.”

А бирок ошол күндөрдүн ичинде сагыныч менен кусага малынган музыканттын Айдананы көрүп калар бекенмин деген ууру үмүткө жетеленген учурлары канча экенин ким эсептеп чыга алат? Көчөдөн, барган жеринин баарынан кезигип каламбы деп жал-жал карап сүйгөнүн издеген учурларычы. Бир ирет шаардагы “Бакыт үйүнөн” Айданага куюп койгондой окшош кызды көрүп, ошондогу бактысына ишенип-ишенбей деңдароо турганы, учуп келип калабы деп абамайданына барып күткөнүчү. Шаардагы аялдамалар, эл чогулчу жерлер, койчу, болгон убакты-сааты жалаң күтүүгө байланып, андан чыга албай, илгери үмүт дагы азгырып, аны менен жашы уурдалып, убактысы өтүп жатканын байкабай калган.

Капыс жолугуу

Жашоо-турмуш дегендин өзү кызык. Айдана кыз анын минтип өзүнчө азап тартып, куру үмүткө алданып, убактысын өткөрүп атканын билсе гана. Ашык болгон көптүн бири катары унутуп деле койсо керек.

Чыгармачылыгын баштап аткан алгачкы күнүндө “биринчи” деп кагазына жазып алып, алеп-желеп болуп колдогонун, элдин арасынан көзү менен издегенин деле билбейттир. А бирок сезим деген ага карабайт тура. Айдана деп дем алып, Айдана деп жашап келатпайбы.

“Мен аны бардык жерден тажабай издеп көрдүм сыяктандым. Жашоонун кайсыл бир шарпалуу, куттуу күнүндө бет алдымдан кезигип каларын эңсеп, өңдөн аздым. Шаардагы сансыз аялдамаларга токтоп өтчү автобус, троллейбустардын эшиктеринен чачырай түшүп атчу аялзаттарды умсуна тиктедим. Асфальтты черткилеп, тыкылдап басчулардын агымын искей карагандан тажабадым. Автовокзалдагы жык-жыйма кызыл-тазыл кийинген кыз-келиндердин тобун аралап өтүүнү күндөлүк каадамдан жазбай карманып келген күндөрүм болду. Скверлер, парктар Айдана жүрбөгөндүктөн, шааниси чыкпагандай көрүнчү. Керме-Тоо бөкчөйүп, күтүү дегенден картайып бараткандай сезилип, Ак-Буура бир азга агымын токтотуп турганга окшоп, менин арманымды бирге бөлүшкөндөй сезилчү.

Самолеттун иллюминаторунан кол булгалап аткан кызды мен Айдана деп ойлоп, жүрөгүм олбуй-солбуй согуп кетер эле.”

Бул бечара аны менен эле тим болбой үйүндө өзүнчө отурганда Айданага арнап узундан-узун каттар жазар эле. Кезиккенде айта албагандарын кагаз бетине шурудай тизип, ичтеги сырын жашырбай төгүп, ошону менен ичин мыжыккан ойлордон азга арылып, сезимин азапка салган өкүттөн алыстачу. Ортодон суурулган жылдар музыкантты кыйла чыйралтып капыс кезигип калса Айданага деген аруу сезимин ачык айтууга батынып калган.

Экөөнүн жолугушуусу да капыс болгонун карабайсызбы. Музыкант кесиптешери менен директорун узатканы барып аэропортто жалгыз калганда Москвадан жаңы эле учуп келген Айданага кез келет. Айдана жеке турмушу оңунан чыкпаганын, зордуктап ала качып кеткен агайы менен ажырашып, айылында маданият үйүн жетектеп жатканын айтып берет.

“ – Али бактың колунда Айдана, ага тигиле тиктөө керек. Нак алтын чопонун арасынан да жылтырап көрүнөт, мен ушуну билем!

Айдана башын көтөрүп, көздөрүн оттуу жалжылдатты.

- Рахмат сөзүңүз үчүн. – Минткенинде эриндери дирилдей кетти. Аны өзүмө имере тартып, койкойгон мойнунан, жалтыраган капкара чачтарынан, кылкандай кирпиктеринен – бүт Айданалык жамалынан өөп алгым келди. Жүрөгүм көөдөнүмө батпай түрсүлдөп, жылуу илеп башыма тээп чыкты.

“Эх, Айданам, толгон айым, каякта адашып жүрдүң эле, кекилигим”

Эки жашты кесиптештерден Асия менен Сейит келип куттуктайт. Узакка созулган сүйүү икаясы ошентип соңуна чыгат. Айдана үмүтүн үзбөй күткөн музыканттын сезиминин тазалыгына, ашыктык үчүн баарына кайыл жигит акыры бактысын тапканына ыраазы болуп, турмушундагы жаңы жолго ишенимдүү кадам таштайт. Сүйүүгө туруктуулук менен жетүүгө аракет кылган жигит акыры максатына жетет. Турмуштун оор соккусуна туш келип, тагдыр ташына тен берип жашап жаткан бийкеч жоготуп алган бактысын тапканына ишенип-ишенбей жаңы жашоого бет алат.

Абдимитал Камаловдун бирин-экин ыр китептери, сын макалалары чыкканы менен, көпчүлүк окурмандарга ал прозачы катары таанымал. Жазуучунун айыл турмушун, элеттин бейгам жашоосун, адамдар ортосундагы жөнөкөй мамиле-катнаштарды чагылдырган аңгеме, повесттери республикалык жана жергиликтүү басмаларда чыккан. Алардын арасында “Дарман” (1972), “Азиреттин көздөрү” (1979), “Көңүл”(1980 ), “Бешик ыры” (1987) сындуу китептери бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG