Линктер

жекшемби, 16-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 23:51

“Мен эмнегедир Тузикти эстедим…”


Койчунун түйшүгү.

Нуралы Капаровдун кара сөз шыгы кийинчерээк чыкты. Башта ал кыргыз окурмандарына акын, журналист катары белгилүү болчу. Бүгүн биз жазуучунун ичине көп сыр камтыган “Тузик” аңгемесин талдайбыз.

Айылдагы иттерге окшобогон күчүк

Аңгеме койчунун ити тууралуу. Эмнеликтен анын аты “Тузик” деп аталып калганын автор өзү минтип түшүндүрөт: “Кадимки кыргыз иттерине окшобогон, бөлөк улуттун өкүлүндөй өзгөчөлөнгөн бул күчүккө Алгыр, Учар, Киреше, Жолборс сыяктуу аттар жарашпасын түшүнгөн агам кайдан-жайдан тапканын билбейм, Тузик деген ат койду. Бул аттын тарых-таржымалын, маани-маңызын сүрүштүргөн жокпуз. Тек гана, орус айылдагы мончого түшкөнүбүздө көзүнө самындын көбүгү кирген орус чалдар ачышканына чыдабай дагырадагы сууга «Тазик! Тазик!» дешип чуркашканын көп жолу уккан жаным, ошол "тазик" деген сөзгө уйкаш Тузик деген сөз кулагыма эбак эски тааныштай жылуу угулду.”

Ошол орус ит көк кууп кеткен койлорду илгиртпей чогултуп келип, чачыраган койлордун артынан салпылдап жүрүп арыктаган койчуга да, анын жоор болгон атына да ченебеген мыкты жардамчы болот. Автор айтмакчы, “эрте жаздын ала-шалбыртында көк кууган койдун азабындай азап бул дүйнөдө болбостур.”

Муну кышын-жайын мал артында жүргөн, анын азап-тозогун мыкты билген койчу гана айта алат. Кышкы кургак чөптөн кутулуп, жаз келери менен жер бетин бербей бажырайып чыккан көктү кубалап кеткен койду чогултуш чынында эле кыйын. Койдун өнөрү ошондо чыгат, “обору ачылган ак кой көккө тоймоюн өзүң торгойдой, атың ыргайдай болуп арыктайт.” Мындайда мыкты итиң болсо жыргал, ал чачылган койлорду чогултуп, көк издеп чачырап кеткендерин заматтын ичинде ийрилтип, койчу менен ыргалган арык атын кыйла түйшүктөн арылтат. Мыкты ит -койчунун жайыттагы жардамчысы, түнкүсүн короого ит-куш жолотпогон кароолчусу. Жакшы ит кайдан табылат?

“Биздин чөлкөмдө кыргыз иттен башка иттин тукуму болбос эле. Жада калса кандек иттин да тукуму жок болчу. Эчен кылым бөлөк элден кыз алышып, кыз беришпей, каны коюлган кыргызымдын дал өзүндөй кыргыз иттери да өзү менен өзү үйүгүшө берип, укум-тукумунун каны эскирип, ыкшоо тартып калганбы, айтор: «Ал эле, ал!», «Айда эле, айда!» – деп айдактап тукуруп турсаң, илең-салаң чуркамыш болуп, көк кууган койду айдамыш этип, кара жанын көтөрө албай, кареги муңдуу, карааны кош көңүл кыргыз иттеринин шайы да, шаңы да жок. Күнү-түнү короо кайтарып, кой айдап чарчаган немедей четкерээк барып соксоюп отуруп алмай адаты да бар”.

Ошентип "жакшы итти кайдан табабыз" деп жүрүшкөндө коңшу айылдан жаңы туулган күчүктүн дайыны угулуп, аны уурдап келишет. “Бир карасаң улак, бир карасаң күрпөң козу кебетеленген, арам ит тукумуна караганда адал мал тукумуна көбүрөөк окшошкон, адам баласынын мээрин ойготкон, жүрөгүн жылыткан мына ушундай бир тирукмуш жандыкка туш болдук” дейт автор. Көндүм айыл итинен айырмаланып, сапсагай күчүк элпек, ээсинин көзүн караган жанда жок сезимтал жаныбар болуп чыгат.

Жалкоо Жолборс эмес

“Биз Тузикти бөпөлөп баккандай бир да кыргыз ит баккан эместир. Өзүбүз эмне тамак жесек, Тузик да ошол тамакты жейт. Биз акталган ак тамда жашасак, Тузик сырдалган көк «тамда» жашайт. Баладай бөпөлөп бакканыбызга жараша Тузик итте жок ымандуу, айбанда жок акылдуу чоңойду. Борбуюн толук көтөрө элегинде эле чөп-чарга чалынып, караган-черге тилинип, томолонуп-жумаланып кой айдаганды үйрөндү. Сергек, сезимтал. Көзүңдү карап турат. «Ал!» деген жагыңа алып-учуп жөнөйт. Алты айдын ар жак, бери жагында ак койдун азаптуу түйшүгүн Тузик толугу менен өзүнө өткөзүп алды. Кой айдаган да, кайтарган да, түнкүсүн короо күзөткөн да Тузик. Эрте жаздагы койдун көк кууганы, жай башында ылаалап баспаган койду кыркын пунктуна айдагандагы, жаандагы, бороондогу, тумандагы тарткан түйшүктөрдүн баары ушул Тузиктин мойнунда. «Атасынын көрү, Тузик бар» – деп компоюп, көңүлүбүз ток. Алты жүз койдун айланасында кыбырап баскан жандын баары Тузикке ишенип, Тузикке таянабыз”.

Ошол Тузик “шүдүңдөп бир жерге токтобой оттогон алты жүз коюң асмандын башына чыгып кетсе да, жердин жети катмарына кирип кетсе да куюндатып кубалап таап” келип баарын ыраазы кылат. Басканын милдет, жатканын колко кылчу жалкоо “Жолборс же Киреше эмес”. Бир короо койдун жоопкерчилигин мойнуна алган койчуга мындай иттин кез келиши тирүүлүктө сейрек кездешчү ийгилик. Жакшы иттин кабары айылга, андан тегерек-четтегилерге тарап,“ага кызыккандар, көз арткандар” көбөйөт. Сапсайган жүндүү сөөк-сактуу андай итти уурдап кетиш да кыйын, билинип калат, "сат" деген күндө да ээсинин жакшы итин бирөөгө чоң акчага карматып ийиши күмөн.

Кызыл-кызыл кекиртек...

Ким билет, ошол бойдон жалгыз ээсинин жетегинде гана жүрсө Тузик бузулбай, жакшы ит катары сый-урматтан өксүбөй, эң башкысы, аман калар беле?! Койчунун кайсы бир аталаш тууганы кадырын салып эки жумага итин сурап кеткенден кийин баары башкача болуп өзгөрөт. Он беш күндөн кийин келген баягы ит башкача кыял-жорук күтүп, кыйла комсоо тартып, кээде азуу тиштерин көрсөтүп ырылдап, кыска убакта калааты өзгөрүп калыптыр. Мурдагыдай элпек болбой, баштагы жумушун унуткандай кайдыгер, ыкшоо тартып кетиптир. Көк чыгып, койлор жайытка чыкканда гана сүйүнүп, баштагы кейпине келгенсиген. Көрсө анын себеби бар экен.

“Күндөрдүн бир күнүндө үйдөгү бала-бакыра менен кашардагы сакмалчылар «Тузик кой кууп баратат» деп ызы-чуу түшүп калышты. Уккан кулагыбызга ишенбей коктунун таманындагы кара сазга чапкан бойдон барсак, токту койду тамактап өлтүрүп, канын жалап, моюн этин булкуп-жулкуп жеп жаткан экен. Айбан да болсо сестенет эмеспи, бизди көрөрү менен өлгөн койду кыйбасынан айрылып жаткандай кыйыла көз таштап карап, жыла басып четке чыга берди”.

Карышкырга айланып бараткан итти ээси аяп, ал ирет Тузик чон жазадан кутулат. Бир жумадан кийин дагы бир койду жарып салганын көргөндөн кийин гана ал колу талыгыча жакшы көргөн итин сабайт. ”Менден таяк күтпөгөн жана менден таяк жеп көрбөгөн Тузик иттей каңшылап, баладай боздоп ыйлады”.

“Ажо качты, ажо качты…”

Ошондон кийин кой кайтарчу Тузиктен койду кайтарып калышат. “Канчалык кооптонуп-коргонбойлук, шектенип сак-сактап кайтарбайлык, алеки заматта Тузикке дагы бир койду алдырып жибердик… «Мунуңду жогот! Кой жегенди үйрөнүп келген турбайбы. Башка иттериңе да үйрөтөт! Башкаларды да бузат! Тезинен жогот!» дешти чыдамы түгөнгөн сакмалчылар”.

Күчүк кезинен баккан итин өлтүрүүгө колу барбаган койчу аны айылдан келген агасына берет. “Агам аны ташка бастырып өлтүрдүбү, атып салдыбы, же бир ээн талаага таштап кеттиби, билбейм. Учурунда оозум батып сурай да алганым жок. Азыр сурайын десем агамдын өзүнүн көзү жок, арман дүйнө!..”

Койчуга иттик кызматын аябай, анын түйшүгүн бөлүшүп келаткан Тузикти тирүү койду жара тартып, канын ичип, жылуу этке көнүшүнө аны эки жумага сурап кеткен тууганынын жалкоо ити Көк дөбөт үйрөткөн экен.

“Тээ көкүрөк түпкүрүндө мурда Тузикке белгисиз түйүлдүк болуп жаткан айбандык бир сезим акырын «көз жарып», ал сезим күңүрт үнгө айланып, «же Тузик, же!» дегендей көзүн караңгылатып, кулагын чуулдатат. Көрпө жүн куйругу көчүгүнө кыпчылып, соксоюп олтурган ордунан туруп, арткы бутун, алдыңкы колун керилип түзөп, акырын алдыга боортоктоп жыла баштайт. Жыла басып келатып эле денесин ток ургандай «дүр» эткен коркунуч аралап, тык токтоп калат. Ой-тоону аралап кой айдап күйүгүп чуркаганда нымшыбаган денеси нымшыйт. Ал көзү канга толуп кызарган Көк дөбөттөн эмес, бейажал даңкайып өлүп жаткан ала баштан корккон сезим эле. «Леп-леп» этип үзүл-кесил желген жел жылуу кандын жытын Тузиктин мурдуна демеп: «Кел-кел!» дегенсийт. Оңтойсуз жерден обору ачылып, жаагы ылдый куюлган жылуу шилекейи бүйлөсүнөн ашып-ташып, кызыл тилинен жерге «тып-тып» этип тама баштаганда, жылуу кан менен жумшак этти көздөй Тузик кайрадан боортоктоп жылып жөнөйт… Уюган жылуу канга тумшугу терең малынып, аңырдай ачылган оозу оп тартканда, кочуштай кан таңдайына жумшак урунуп, токтоосуз кекиртегинен кызыл өңгөчүн көздөй чоюлуп барып «Кылк!» этип куюлганда бул дүйнөдө чабагандап кой айдап жашап жүргөн Тузигимдин тула-боюн ысытып, жан дүйнөсүн балкыткан мындай ырахатты көрбөгөндүр! Мына, сага даам! Мына, сага тамак! Мына, сага жашоо!”

Айбандын деле напси дегенин тыйышы кыйын экен. Жылуу кан, жылуу эттин кыныгын алган ит кайра жугундуга, кайнатып берген жармага көнбөй, башын канжыгага байлап, кечээ кожоюндун жардамчысы болсо, эми душманына айланып чыга келет. Дал ошол айбандын жоругу, ээсине кылдай жамандыгы жок Тузиктин кантип түз жолдон адашканы, акыры анын баары өз башына муш болуп тийгенин автор 2005-жылдын 24-мартында эстейт. Бишкектин чоң аянтында “ажо качты, ажо качты” деп толкуган элди көргөндө айыбы үчүн катаал жазага тартылган итин эстейт. Автор Ала-Тоо аянтынан Салижан Жигитовго жолугат.

«"Табын таап таптасак Ататүрктөн кем эмес ажо болуп чыгаар бекен" деген илгери үмүттө Салижан аке экөөбүз чын дилибизден кызмат өтөп, мен ажону колдогон гезит чыгарып, Салижан аке ажонун алмадай башын акылга толтурар кеп-кеңешин айтып, ажонун колуна кол, бутуна бут болгонбуз. Аздектеп туткан ажобуз алгачкы жылдары адам кубанаар асыл иштерди жасап, акыркы жылдары айбан баспас жолго түштү. Ай-буйга келбеген ажонун пейил-куюн түшүнгөн жаным ажону колдогон гезитти чыгарбай, Салижан аке алтын кошуп берсе да өтпөй калган акылын айтпай, кол шилтеп терс бурулуп кеткен элек.

Салижан аке экөөбүз салам айтып, алик алышарыбыз менен эле ажонун качкан окуясын талкуулай баштадык.

– Карачы, Кыргызстанды кандай карызга батырып качып кетти. Жегенин жеди, алганын алды, – дедим каңырыгым түтөп.

– Эй, Нуралы, – деди Салижан аке. – Ажо жесе жегендир. Түгөнбөс акча жок, түгөнөт. Эң жаман жери, жетидеги баладан жетимиштеги чалга чейин жегенди үйрөтүп кетпедиби! Эми жегендер түгөнбөйт… – деп улутунуп үшкүрдү. «Эми жегендер түгөнбөйт!» – деп дагы бир ирет шуу үшкүрдү.

«Чын эле…» – дедим мен ичимен. «Эми жегендер түгөнбөйт!»

Дүйнө каалгый түштү.

Мен эмнегедир Тузикти эстедим…”

Байкуш Тузик, балакеттүү Көк дөбөт болбосо түз жолдон чыкпайт беле, чыкса да кийин чыгар беле?! Бул суроо жоопсуз калат. Напси, каниет деген улуу журт экенине, өлүү дүйнө үчүн жакшы атыңды жамандыкка кыйыштан өткөн күнөө жоктур. “Тузик” аңгемесин окугандан кийинки ойлор ушу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG