Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:19

Кимге китеп - дүйнө, кимге акча - дүйнө...


Казак эл жазуучусу Мухтар Магауин иш бөлмөсүндө. Мэриленд, АКШ.
Казак эл жазуучусу Мухтар Магауин иш бөлмөсүндө. Мэриленд, АКШ.

Бирөө дүйнө жыйнайт, бирөө китеп жыйнайт. Ушундай китепкөй инсандардын бири - Казак эл жазуучусу, Абай атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Мухтар Магауин.

Кимдин китеби көп?

Китеп - бизди өмүр бою коштоп жүргөн ажайып дүйнө. Ошол ажайып дүйнөгө улам-улам баш багып туруш үчүн кээ бир адамдар китеп чогултат. Минтип китеп топтоо совет доорундагы кыргыз интеллигенциясынын көбүнө мүнөздүү болгон.

Менин угушумча, улуу муундагы жазуучулардан Түгөлбай Сыдыкбековдун, Кубат Жусубалиевдин, Кеңеш Жусуповдун, тарыхчылардан Өмүркул Караевдин, Кушбек Үсөнбаевдин, философтордон Азиз Салиевдин, экономисттерден Керим Жунушовдун, адабиятчылардан Салижан Жигитовдун, Камбаралы Бобуловдун, коомдук ишмерлерден маркум Ишенбай Абдразаковдун, андан кийинки муундагы адабиятчылардан Эсентур Кылычевдин, Абдыганы Эркебаевдин, Кадыралы Коңкобаевдин, Осмонакун Ибраимовдун, Садык Алахандын, журналисттерден Мундузбек Тентимишовдун, кийинки тарыхчылардан Тынчтыкбек Чоротегиндин өздүк китепканаларында 2 миңден ашуун китеп бар экен.

Мен билгендерден, Казак эл жазуучусу, Абай атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Мухтар Магауиндин өздүк китепканасы өтө бай жана анда көптөгөн сейрек китептер бар.

Бүгүн АКШда жашап жаткан казак калемгери менен соңку кездешүүмдө жеке китепкана жана китептин асыл-нарк катары орду тууралуу кеңири сүйлөштүк.

- Маданияттуу, окуган адамдын үйүндө китепканасы болушу керек. Окуу - дем алуу үчүн керек. Ал эми жазуучунун китепканасынын жөнү бөлөк. Жеке китепкана - жумуш үчүн, үйрөнүү үчүн, башка элдердин адабиятынын деңгээлин байкоо жана билүү үчүн керек. Ошого жазуучунун китепканасы бай, көп болушу зарыл.

Бизге замандаш бир жазуучу "10 миң китебим бар" дептир... Эсептеп көрүңүз. Китеп 100 беттик брошюра болбосо, бир том болуп, 400-450 бет же андан да көп бети болушу мүмкүн. Бир том 3-5 см. Ошондо 30 китеп, калың болсо 25 китеп, болбосо 30-32 китеп бир текче болот. “Дүйнөлүк адабият” деген серия болду го. Анын 25 тому бир текчеге сыят. Бир текче бир метр. Бир метрге орточо 25-30 китеп батат.

Менде Эмил Золянын 26 тому бир текче болду. Бальзактын 24 тому дагы бир китеп менен бир текче болду. Лев Толстойдун 20 тому бир текчеге толоюн деди. Ушундайча эсептеп көрсөңүз, 10 миң китеп х 3,5 см = 350 м болот экен. Ал үчүн 25 кв метрден беш кабинет керек.

М. Магауиндин өздүк китепканасындагы түрк тилиндеги эмгек.
М. Магауиндин өздүк китепканасындагы түрк тилиндеги эмгек.

Мухтар Ауезовдун Алматыдагы үйүндө 6 миңден ашуун китеп жана журнал болгон.

Улуу орус жазуучусу А. С. Пушкиндин жеке китепканасында 3569 том болгон. Алардын ичинде А. И. Радищевдин "Петербургдан Маскөөгө саякат" ("Путешествие из Петербурга в Москву") деген китеби да бар. Бул сербаа китеп үчүн Пушкин 200 рубль төлөгөн. Акын эрөөлдө өлгөндөн кийин артында мурда сатып алган китептери үчүн ошо кездеги акча менен 3750 рубль карыз калат.

Ал эми Л.Н.Толстойдун өздүк китепканасында 1910-жылы 22 миң том китеп жана журнал болгон. Алардын 5 миңдейи чет тилдерде чыккан китептер болсо, 250 чакты китеп XVII-XVIII кылымдарга таандык. Алп жазуучунун жеке китепканасы таятасы тарабынан негизделген.

4500 китеби бар Мухтар Магауин

Мухтар Магауиндин айтымында, анын жеке китепканасы Казакстандагы эң бай үй китепканасы. Аксакал жазуучу ушу жылы Алматыдагы өздүк китепканасын Кошмо Штаттарга көчүрүп келгени жатыптыр. Эгерде үч китептин салмагы 1 кг болгондо эле ал китептер 1 тонна жүк болот.

- Менин Алматыдагы жумуш кабинетимде 80 текче бар, 80 метр деп коюңуз. Бир бөлмөдө 32 катар текче. Китептер артында да бар: эки катар тизилген. Муну 65-70 м деңиз. Ошондо менде чамасы 130 м китеп бар. Ал эми мына бул жерде 10 шкаф туру. Булар Европанын шкафы —​ узундугу 80 см. Ошондо жалпы 48 м, бирок үстүнө китеп коюлган текчелер көп. Аларды кошкондо 50 м китеп. Же Алматыдагы китептердин 1/3 гана.

Жазуучунун чоң жумуш бөлмөсүндөгү 10 шкаф китепти жазуучу Прагада жашаган жылдары жыйнаган жана Мэриленд штатына көчкөндө ала келген.

Мухтар ава китеп дүйнөлүк адабиятты жыйнаганды университетте 2-курста окуп жүргөндө баштаптыр. Ошондо оболу Стендалдын 15 томдугун жана Гейненин 10 томдугун сатып алыптыр.

Жазуучу М.Магауиндин экслибриси басылган китеп.
Жазуучу М.Магауиндин экслибриси басылган китеп.

- Менде бүткүл казак адабияты, казак фольклору, кыргыздын “Манасы”, Габдулла Тукай башындагы татар жазуучуларынын китептери, дүйнөлүк адабият бар. Орус адабияты – төрт шкаф же 30 метр. Орус адабияты эзелки фольклордон баштап, Державин, Пушкин, Лермонтов, Гоголь - баарын камтыйт. Экинчи катардагы жазуучулар да бар. Орус адабиятын эч бир адабият менен салыштырып болбойт.

Байыркы адабият —​ байыркы грек адабияты, англис адабияты түгөлдөй; немис, француз, бүтүн жапон адабияты, бүткүл дүйнө жүзү түгөл бар. Анан дүйнөлүк поэзиянын үлгүлөрү бар. Философия, тарых боюнча да китептер көп. Грек-рим тарыхы, Орто Азия тарыхы жана тарыхый изилдөөлөр. Казак энциклопедиясы, “Жизнь животных” (Жаныбарлар жашоосу") - алты том, “Жизнь растений” ("Өсүмдүктөр жашоосу") - алты том, “Криминальная медицина” ("Кылмыш иликтөө медицинасы"), “Психология”, “Женская гинекология” ("Аял гинекологиясы") деген түрмөк китептерге чейин топтолду менде.

Мухтар Магауин көп китептерди, анын ичинде ортозаар саналган жазуучулардын 1930-1960-жылдары жарык көргөн китептерин жергиликтүү китепканаларга өткөрүп берген.

Интеллигенция өкүлдөрүнүн жеке китептерин китепканаларга, мектептерге, окуу жайларга өткөрүп берүү салты Кыргызстанда да бар.

Мисалы, белгилүү адабиятчы жана коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев белгилүү сүрөткерлердин сүрөт альбомдорун Тургунбай Садыков атындагы Көркөм өнөр академиясына, көптөгөн баалуу китептерин Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине жана Чоң-Алай районундагы айылына өткөрүп берген.

Алты жашында Плутархты окуган Жан Жак Руссо

Мухтар Магауиндин китеп окууга болгон ышкысы мектепке баргандан башталат. Ал 1960-жылы Казак мамлекеттик университетинде окуп жүргөндө дүйнөлүк адабияттын классиктеринин оодук бөлүгүнүн мурасын орус тилинде окуп бүткөн. Ал кезде Мухтар Магауин 20 жашта эле.

- 20 жашымда дүйнө адабиятын окуп бүтүрдүм. Жан Жак Руссо “Сыр төгүү” ("Исповедь") деген автобиографиялык китебинде "Алты жашымда Плутархты окудум" дейт. Мен да окуйт элем, эгер Плутарх казак тилинде бар болсо. Экинчиден, орустун чоң жазуучусу Владимир Набоков бай үй-бүлөдөн чыккан. Атасы бай, энесинин ата журту бай. “Мен 15 жашыма чейин орус адабиятын орус тилинде, француз адабиятын француз тилинде, немис адабиятын немис тилинде, англис адабиятын англис тилинде окуп бүткөрдүм”, - дейт Набоков. Ошондой шарт бизде болгон жок. Мен орус адабиятын 20 жашымда окуп бүткөрдүм.

please wait

No media source currently available

0:00 0:12:57 0:00

Бартольддун тогуз томдугунун таржымалы

Мухтар агайдын китепканасында тарыхчы, академик В. Бартольддун 1963-1977-жылдары чыккан тогуз томдук чыгармалар жыйнагы да бар. Китепке Мухар аванын экслибриси басылган. Белгилүү чыгыш таануучунун береги жыйнагын ага акча төлөп жазылган адамдар гана алышкан.

Академик В.В. Бартольддун чыгармалар жыйнагынын 1-тому.
Академик В.В. Бартольддун чыгармалар жыйнагынын 1-тому.

- Үчүнчү курста элем. Алматыда жазылып китеп алчу дүкөн бар эле. Бир күнү барсам "Бартольддун тогуз томдугуна жазылуу болот" деген проспект жатыптыр. Көрсөтүлгөн күнү барсам 30-40 метрге созулган узун кезек бар экен. Чочуп кеттим. Эмил Золяга жазылуу жүрүп жатыптыр. Ал кезде совет адамдары китеп окучу эле го. Мага кезек келгенде "Бартольдго да жазылса болот" дебедиби. Бир тому 3 сом 50 тыйындан. Бартольдго кошо Эмил Золяга да жазылдым. 1963-жылы Бартольддун алгачкы тому чыгып, кийин калган томдору чыкты. Мен бир кызык нерсе айтайын сизге: азыр Бартольддун тогуз томдугу Алматыдагы улуттук китепканада жана Илимдер академиясынын китепканасында да жок. Башында болсо керек. Мурдагы Улуттук китепкана - азыр Республикалык балдар китепканасы. Ошо көчкөн кезде канча китеп жоголду?

Китепке аяр мамиле жасоо, китеп окуганга элди үйрөтүү, кызыктыруу - бул жазган чыгармаларын сатканга акын-жазуучулардын милдети эмес. Бул өкмөттүн ыйык парзы жана мамлекеттик саясат болууга тийиш.

1778-жылы француз философу, даркан агартуучу Вольтер өлгөндөн кийин анын китепканасын орус императору Екатерина II маркумдун мураскерлеринен 30 миң рублге же 30 миң килограммга тете алтынга сатып алган. Ошентип, Вольтер жыйнаган 6 814 китеп жана 37 том кол жазма Орусиянын падышасынын менчигине өткөн. Бул өз кезегинде коомдогу Вольтерге жана анын эмгектерине болгон кызыгууну ого бетер арттырган.

Китеп окубагандын тили чоркок

Албетте, жарандардын китепти аз окуусу тилди жарды, чоркок кылат. Карыя жазуучу Мухтар Магауин бул бүгүнкү коомдук пикирдин калыптануусунда чоң роль ойногон журналисттер менен саясатчыларга да мүнөздүү көрүнүш экенин айтты:

- Жалпы бардык жерде адабиятка мурдагыдай кызыгуу жокко эсе... Азыр (Казакстанда) үлкөн классик жазуучулардын чыгармалары 5-7 миң нуска менен чыгат . Мурда 100 миңден кем чыкпайт эле. Казакстан басмасы өзү орусча китептерди 100 миң-200 миң нускада чыгарчу. Ал да жетчү эмес.

Азыр тил - жарды. Гезиттин тили бар-жокту басып кетти. Мурда сүйлөө тили менен адабий тилдин ортосунда чоң айырма болгон жок. Айылдагы жылкычы, койчулар кандай сүйлөсө, жазуучулар ошондой кылып жазды. Азыр эми жазуучунун тили бир бөлөк, карапайым калктын тили бир бөлөк болот. Мурункудай эпос, жомок, эски аңгемелерди тыңдаган адамдар эмес, телевизор көргөн, эстрадалык артисттерди уккан, гезиттердеги, интернеттеги макалаларды окуган адамдардын мууну келди. Алардын кээ бирөөлөрү бир аздан кийин казак жазуучулары жазган тилди окубай коюшу мүмкүн. Бул жагдай өнүккөн элдерде да бар. Орустардын адабий тили менен калктын сүйлөгөн тили бөлөк. Бул табигый нерсе.

Ырас, бүгүн Кыргызстанда 1980-жылдарга караганда китеп жан башына эсептегенде алда канча аз чыгат. Мисалы, Салижан Жигитовдун 1981-жылы жазылган “Китепкөйгө каратма сөз” деген көлөмдүү макаласында:

“...кыргызча кийинки жылдары негизинөн прозалык чыгармалар 10—12 миң, ыр китептөр 5 миң, драмалык жыйнактар 3 миң, адабий сын макалалар 2 миң нускада чыгып жүрөт. Тек айрым элдик дастандар, өзгөчө, кадыр тапкан прозаиктердин айтылуу чыгармалары, анан дагы башка кадырман кишилердин оригиналдуу жазгандары же которгондору гана 30 миң тираж менен жарык көрөт. Менимче, биздин тилде азырынча эң эле көп нуска (60 миң!) менен жарыяланган Чыңгыздын "Гүлсарат" жыйнагы болсо керек”, — деп жазган эле.

Бул кезде Кыргызстандын элинин 2 миллиону кыргыздар болчу.

Салижан Жигитов эмнеге кейиген?

Анткен менен, Салижан Жигитов Лев Толстойдун “Согуш жана тынчтык” эпопеясы, Александр Твардовскийдин “Василий Теркин” поэмасы, Назым Хикметтин “Мажүрүм тал” жыйнагы элет жеринде сатылбай калып, кийин жок кылынганын өкүнө белгилейт. Ал эми Сент-Экзюперинин “Кичинекей ханзаадасы” 1968-жылы 5 миң нускада чыгып, 13 тыйындык жупкадай китеп жакшы өтпөй, макулатурага айланган экен.

Ошондо Салижан аке:

Cалижан Жигитов (1936-2006).
Cалижан Жигитов (1936-2006).

“Капырай, Сент-Экзюперидей даңкы таш жарган жазуучунун нары дүйнөгө белгилүү, нары ашкан сонун чыгармасы алда качан цивилизациялашкан кыргыздардын арасында сатылбай калат деген эмне! "Ата даңкы менен кыз өтөт" дегендей, "Кичинекей ханзаада", эгер мен аны элдир-селдир которсом деле, авторунун атак-айдыңы менен көпкө "сүрсүп" жатпай таралып кетиши керек эле.

Сөздүн ырасын айтсам, мен ажайып мыкты жомокко кайдыгер карайт деп, улуу тилдердин өкүлдөрүн өрөпкүткөн жакшы чыгарманын кадыр-баркын билбейт деп улутташ окурмандарыма нааразылашып да кеттим”, - деп боздогон экен.

Ошон үчүн бүгүн өлкөдөгү кыргыздардын саны 4,5 миллионго чамалап турганда көркөм адабияттын ашып барса 2-3 миң нуска менен чыкканы уят деп түз айтсак аша чаппайбыз деп ойлойм.

Баса, сиз да, урматтуу угарман, ушу берүүнү эшиткенден кийин китеп текчеңиздеги китептерди бар санап көрүңүзчү? Качан акыркы жолу китеп сатып алганыңызды эстеңизчи?

Сөз соңунда Нобел сыйлыгынын лауреаты, түрк жазуучусу Орхан Памуктун китеп жөнүндөгү мына бул сөзүн эсиңиздерге сала.кетейин:

“(Китеп) окуу —​ бул күзгүгө карагандай эле. Ким күзгүнүн сырын окуй алса, ажайып дүйнөгө өтөт; тамгалардын сырын билбеген адам күзгүдөн өзүнүн гана жүзүн көрөт“.

XS
SM
MD
LG