Линктер

жума, 19-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 14:45

Махмуд Кашгаринин мурасын "казган" илимий эмгек


Махмуд Кашгари Барсканинин “Диванындагы" картада Ысык-Көл жана Теңир-Тоо дүйнөнүн чордону катары көрсөтүлгөн.

2017-жылдын соңунда улуу түрк тилчиси Махмуд Кашгари Барсканинин “Дивану лугати т-түрк” эмгегин ар тараптан изилдеген көлөмдүү илимий эмгек кыргызча жарык көрдү. Китептин автору — таанымал окумуштуу Тынчтыкбек Чоротегин.

Махмуд ибн Хусейин ибн Мухаммед Кашгари Барскани.

XI кылымда өткөн бул чоң аалым, окумуштуулардын ырасташынча, Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Барскан кентинде (шаарында) туулган.

Махмуд Кашкари Барсканинин кайда өлүп, кайда көмүлгөнү белгисиз. Анын арап тилинде жазылган “Дивану лугати т-түрк” эмгеги орто кылымдарда Евразияны байырлаган түрк элдеринин тили, этнографиясы жана тарыхы тууралуу соолбос булак.

Махмуд Кашгари Барсканинин “Дивану лугати т-түрк” эмгегинин биринчи бети.
Махмуд Кашгари Барсканинин “Дивану лугати т-түрк” эмгегинин биринчи бети.

Кыргызча “Түрк тилдеринин сөз жыйнагы” деп аталган береги эмгек ошо замандагы түрк элдеринин тогуз миңдей сөзүн, макал-лакаптарын, 300гө чукул ырын камтыйт.

Бул баа жеткис эмгек тууралуу “Махмуд Кашкари Барсканинин “Дивану лугати т-түркэмгеги — түрк элдеринин тарыхы боюнча көөнөргүс булак” деген көлөмдүү китеп былтыр күздө жарык көрдү. Илимий басылманын автору — тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Чоротегин.

“Махмуд Кашгари Барсканинин «Дивану лугати т-түрк» эмгеги түрк элдеринин тарыхы боюнча көөнөргүс булак” китебинин мукабасы. 2017.
“Махмуд Кашгари Барсканинин «Дивану лугати т-түрк» эмгеги түрк элдеринин тарыхы боюнча көөнөргүс булак” китебинин мукабасы. 2017.

Профессор Чоротегин өз эмгегинде “Дивану лугати т-түрк” чыгармасын түпкү арапча текстинен тышкары анын түркчө, англисче, өзбекче, уйгурча, казакча, орусча, азербайжанча котормолоруна да салыштырып иликтеген; бул тилдерде “Дивану лугати -т-түрк” боюнча чыккан көп сандаган изилдөөлөрдү талдоого алган жана Махмуд Кашгари Барскани өлбөс эмгегин 1072—1077-жылдары жазган деген көз карашты тастыктаган.

Этнограф-түрколог адис менен маек

Профессор Т. Чоротегиндин илимий монографиясы Махмуд Кашгари Барсканинин мурасы жаатында буга чейин жарыяланган эмгектерден эмнеси менен баалуу?

Бул суроого Түркиянын Кастамону университетинин конок профессору, тарых илимдеринин доктору, этнограф Олжобай Каратаев жооп кайырды.

Тарых илимдеринин доктору, профессор Олжобай Каратаев. 18.4.17.
Тарых илимдеринин доктору, профессор Олжобай Каратаев. 18.4.17.

О.Каратаев: —​ Бабабыз Кашгари Барсканинин эмгеги жалпы түркологиядагы, тарых илиминдеги, анын ичинде Кыргызстандагы биз таянган негизги энциклопедиялык эмгектерден жана булактардан болуп эсептелет. Бул эмгекке немис, америка, британ, түрк, өзбек, кыргыз окумуштуулары кайрылып келген.

Тынчтыкбек Чоротегин “Түрк тилдеринин сөздүгүн” атайын изилдеген Орто Азиядагы эң биринчи тарыхчы илимпоз. Тагыраак айтканда, Махмуд Кашгари Барсканинин “Түрк тилдеринин сөз жыйнагын” биринчи жолу Чыгыш тилдерин билген, анын ичинде арап, перс, түрк, өзбек жана башка түрк тилдериндеги ага байланыштуу изилдөөлөрдөн кабары бар окумуштуу Тынчтыкбек Чоротегин көөнө эмгекти тарыхчы адис катары изилдегени менен өзгөчөлөнөт.

Мисалы, Кашгари Барсканинин эмгегин немис окумуштуулары Карл Брокельманн жана Клаус Шөниг, украин Омельян Прицак, өзбек Салих Муталлибов, поляк Эдвард Трыярски, америкалык Роберт Данкофф ж.б. изилдешкен. Бул эмгекти кыргыз тилине эки чыгармачыл топ которуп, алар котормочу катары белгилүү болду.

Бирок чыгарманын тарыхый-лингивистикалык, географиялык, булак таануучулук орду тууралуу эң алгач борбордук азиялык түрк тилдеринин биринде проф. Чоротегиндин монографиялык эмгеги жазылды.

“Түрк тилдеринин сөз жыйнагын” эң алгач Рифат Килистик 1915—​1917-жж. арап тилинде кайра оңдоп, таш басмада жарыялаган. Арапчадан Бесим Аталай түрк тилине, Салих Муталлибов өзбек тилине, Роберт Данкофф англисчеге которгон. Алардын кошкон салымы: эмгекти грамматикалык жактан оңдоп жазып, түрк жана өзбек тилдерине, англисчеге ж.б. которгонунда.

Тынчтыкбек Чоротегиндин өзгөчөлүгү: 1) Махмуд Кашгари Барсканинин китебинин жалгыз көчүрмөсүнүн түп нускасын адис катары окуй билген; 2) "Сөздүктү" тарыхый-лингивистикалык, энциклопедиялык булак катары тастыктаган. Анан да эң башкысы: "Сөздүктөгү" маалыматтардын негизинде биздин Теңир-Тоо аймагы жана ага танапташ жайгашкан региондордогу Карахандар доорундагы этно-социалдык, этностук абалды сүрөттөп жазган бирден бир орто азиялык тарыхчы окумуштуу болуп эсептелет.

“Дивану лугати т-түрк” туууралуу жаңы эмгек
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:30 0:00
Түз линк

Китепти жазган калемгер менен маек

“Махмуд Кашгари Барсканинин “Дивану лугати т-түрк” эмгеги —​ түрк элдеринин тарыхы боюнча көөнөргүс эмгек” деп аталган илимий чыгарманын автору, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун профессору Тынчтыкбек Чоротегиндин ой-мүдөөсүн билүү да кызыктуу.

А.Азам уулу: —​ Аалым, сиз Махмуд Кашгари Барсканинин мурасын 1983-жылдан бери изилдеп, эмгектериңизди жарыялап жүрөсүз. 1997-жылы “Махмуд Кашгари (Барскани) жана анын “Дивану лугати т-түрк” сөз жыйнагы (1072—​1077)” деген китеп толукталып чыккан. Былтыр (2017) жарык көргөн эмгекти жазууда алдыңызга кандай максат койдуңуз?

Т. Чоротегин: — Кандай десем... Бул өмүрдүк иш десек болот да. Ошол 1997-жылдан бери “далай суу акты”. Кашгари таануу боюнча жаңы маалыматтар чыкты. Анын үстүнө мурда өзүм көрбөгөн жана колума тийбеген кол жазмаларды, Кашгариге таандык делген кээ бир жайларды көрүү шыбагасы да мага туура келди.

Ополдогу мүрзө Махмуд Кашгаринин күмбөзү эмес экени тууралуу мурдакы жыйынтыгымды тастыктоо үчүн жаңы маалыматтар мага абдан жакшы жардам берди. Ошондуктан мурда популярдуу кылып жазсам, азыр илимий жагын да тастыктап жаздым. Арапча терминдерин да келтирип, шилтеме жагын чыңдадым.

Бир эле учурда жөнөкөй окурман дагы, адис дагы окуй тургандай кылып жазгым келди. Ошон үчүн эмгектин жаңы басмасын даярдадым.

А.Азам уулу: —​ Сиз жогорудагы сөзүңүздө Кашкар жериндеги Махмуд Кашгаринин күмбөзү деп айтылып жаткан сагана жөнүндө айттыңыз да?

Т. Чоротегин: — Ооба, Кашкар шаарынын батыш жагында Опол деген кыштак бар. Анда кыргыздар да, уйгурлар да жашайт. Бул күмбөз XVII кылымда өткөн сопулардын бирине таандык деп жергиликтүү кишилер айтышты.

А.Азам уулу: —​ Махмуд Кашгари Барскани өзүн Караханийлер каганатындагы түрктөрдүн “тили өткүр чеченинен, айтаары ачык жетигинен, көөдөнү эң тетигинен, эң ак сөөк тектүүсүнөн, найзасы таамай эптүүсүнөн” болом деп сыпаттаган экен. Кашгаринин эли —​ түрк тилдүү чигил. Бирок анын аты-жөнү бүтүндөй арап? Арап тилин араптардан мыкты билет? Муну кандай түшүнсө болот?

Т. Чоротегин: — Бул — "Мусулмандардын Ренессансы же Кайра жаралуусу" дооруна байланыштуу. Тээ азыркы Испания, Португалия аймагынан бүгүнкү Кыргызстандын, андан тышкары Караханийлер мамлекетинин эң чыгыштагы бөлүктөрүнүн бири — Хотан аймагынан бери созулган мусулман чөлкөмүндө иш жүзүндө ар кандай этностор өздөрүнүн илимий эмгектерин арап тилинде жазышкан.

Ошондо арап тилин эң мыкты билген жана өз эне тилин да арап тили менен тең тайлашып келаткан, марага удаалаш келаткан буудан катары тастыктаган мекенчил инсан — дал ушул Махмуд Кашгари Барскани болчу да.

Профессор О.Прицак (1919–2006) кыргыз кесиптеши Т.Чоротегин менен. Киев. 1995.
Профессор О.Прицак (1919–2006) кыргыз кесиптеши Т.Чоротегин менен. Киев. 1995.

Биздин "Барскани" деп да ныспасын кошумча айтып жатканыбыздын себеби, оболу украин Омельян Прицак, петербургдук татар Анас Бакиевич Халидов, америкалык Роберт Данкофф жана башка окумуштуулар анын туулган жери Кашкар эмес, Ысык-Көлдүн жанындагы Барскоон экенин далилдеп чыгышкан да. Биз ошол жоромолду андан ары тастыктаганга аракет кылып келебиз.

Андан тышкары Махмуд Кашгари Барсканинин этностук теги Караханийлер сулалесинин негиздөөчүсү — чигил эли. Орхон-Энесай руна сымал жазмасында “чик” деген этностун аты бар. Бул кыргыздарга жанаша жашаган эл Энесайдын башаты жакты байырлаган. Алардын этностук аталышы жазмаларда "чик эл", "жикил", "чигил" деп ар кандай түрдө аталып калган.

Анан да чигилдер Теңир-Тоого чейин көчүп келген элдердин бири. Акырындап ысык-көлдүк чигилдер кыргыздарга жуурулушкан. Мисалы үчүн бугу уруусунун төбөлдөрүнүн бири болгон Боронбай Меңмурат уулу деген манаптын орус саякатчысы Пётр Петрович Семёнов-Тянь-Шаньский (1827—1914) менен жолугушуу маалында “биздин бабаларыбыздын байыркы тектеринин бири — чигилдер” деп айтканы бар. (Муну маркум этнограф Сабыр Аттокуров өзгөчө белгилеген).

Ушунун баары кыргыздын байыркы бабаларынын бири чигилдер экенин көрсөтөт. Бул көчмөн эл — Караханийлер мамлекетин негиздеген.

Чигилдер кеңири аймакты ээлеген мамлекеттин ээси болгондуктан, кыргыздарга эле эмес, бүгүнкү казак, өзбек, уйгур жана башка элдерге жуурулушкандыгын биз айтышыбыз керек. Чигилдер жалаң эле кыргыздарга жуурулушту деген калп болуп калат.

А.Азам уулу: —​ Орто кылымдарда илимпоздор менен акындар өз эмгегин хандар менен бектерге тартуу катары жазган учурлар кездешет. Махмуд Кашгари Барскани да “Дивану лугати т-түрктү” ушундай максатта жазганбы? Же китептин жаралышына илимий кызыкчылык түрткү болгонбу? Кайсынысы көбүрөөк деп ойлойсуз?

Т. Чоротегин: — Албетте, эмгекти Багдаддагы халифке белек кылып тартуулоо ниети болгону жөнүндө Махмуд Кашгари Барсканинин өзү "Дивандын" кириш сөзүндө белгилейт.

Жусуп Баласагын (солдо) менен Махмуд Кашгаринин бедизчи Т.Садыков жасаган “Эл Куту” эстелигиндеги айкелдери. Бишкек. 1995-ж. ноябры.
Жусуп Баласагын (солдо) менен Махмуд Кашгаринин бедизчи Т.Садыков жасаган “Эл Куту” эстелигиндеги айкелдери. Бишкек. 1995-ж. ноябры.

Бирок ал кезде чыгарманы таасирдүү бир төбөлгө арнап жазып койуу — эмгек бүткөндөн кийинки гана учурга таандык. Иш жүзүндө ал кездеги Багдаддагы Аббасийлер халифи Селжуктардын кол астында болгон. Селжуктар Ортоңку Чыгышта саясий өкүмдар болуп, диний жагын гана халифтер тейлеген. Ошондуктан Абу-л-Касым Абдулла ибн Мухаммад Муктади би-Амрилла деген халифке китеп белек кылуу — символдук гана мааниге ээ. (Бул халиф 1075—1094-жылдары бийликте болгон; 1087-жылы селжук султаны Мелик-шахтын кызына үйлөнгөн).

Бирок чыгарманын өзүндө анык көрсөтүлгөндөй, автордун "Диванды" жаратуудагы негизги максаты — жалпы түрк дүйнөсүнүн, түрк калктарынын маданиятынын тереңдигин арап тилдүү окурмандарга көрсөтүү.

Жогоруда түрк тили да арап тили менен тең ата тил экенин Махмуд Кашгари Барскани тастыктагысы келгенин айтпадымбы. Бул патриоттук ишти, албетте, Махмуд Кашгари Барсканинин бүткүл өмүрдүк иши десек болот.

Алардын тилинин диалектилик өзгөчөлүгүн, жайгашкан жерлерин, географиялык жайгашуу орундарын көрсөтүп, ал түгүл картографиялык эмгекти да жараткан. Бул жалаң гана бир халифти ыраазы кылууга байланган-багытталган иш эмес.

А.Азам уулу: —​ Махмуд Кашгари Барсканинин арап жана христиан географтары түзгөн карталар менен тааныш болгону шексиз. Бирок, алардын "кемчилигин" кайталап, өзү чийген картада Ысык-Көлдү дүйнөнүн борбору кылып көрсөтөт. Эмне үчүн деп ойлойсуз?

Т. Чоротегин: — Эми картанын жаралышынын өзү кемчилик катары каралбашы керек. Маселен, жөөттөр менен христиандар дүйнөнүн борбору катары Иерусалимди көрсөтсө, араптар Меке менен Мединаны көрсөткөн.

Кытайлар да өз өлкөсүн жер жүзүндөгү чордондук өлкө деп эсептейт. Ал эми ыйык Шангри-Ла дегенди бутпарастар Тибеттеги тоо кыркаларына байланыштырып айтышат.

Айтор, ар бир эл өз дүйнө таанымында дүйнөнүн чордону катары өзүнүн Ата журтун көрсөтөт. Мына ушу жактан Махмуд Кашгари Барсканинин дүйнөнүн борбору катары Ысык-Көлдү көрсөтүп жатышы — бул анын катасы эмес. Тескерисинче, анын өз замандаштарынын, өз мекендештеринин дүйнө таанымын мусулман картографиясында так, таасын чагылдырып жатышы деп эсептесе болот.

"Махмуд Кашгари Барскани чийген картанын бөлүгүнүн кыргызча котормосу. 1997.
"Махмуд Кашгари Барскани чийген картанын бөлүгүнүн кыргызча котормосу. 1997.

Чынында дагы ысык-көлдүктөр үчүн, теңир-тоолуктар үчүн өз мекени дүйнөнүн чордону катары кабыл алынышы керек да. Махмуд Кашгари Барскани мусулмандык картографияга да жаңылык киргизген. Мисалы, ал Жапонияны "Жабарка" деген ат менен бул картада көрсөткөн.

Ошондой эле уламыштык йажуж-мажуждар (Библияда Гог жана Магог эли; "Манас" дастанында - анжы-манжы эли) жери, — б.а. жапайы элдер, — байырлаган журт Махмуд Кашгариге чейинки арап картографиясында чыгыштагы "түрктөрдүн жанында" деп көрсөтүлө берчү.

Махмуд Кашгари Барскани йажуж-мажуждарды таптакыр башка аймакта, Индиянын чыгыш жагында Искендер Зулкарнайдын (Македондук Александрдын) уламыштык дубалынын аркы тарабы катары көрсөтөт. Демек, Махмуд Кашгари Барскани түрк журттарынан оолак, Түштүк-Чыгыш Азия тараптагы өзү билбеген башка аймактарды бул жапайылардын жери катары көрсөтөт.

Түрк элдеринин айрым шаарларын, жашаган жерлерин да Махмуд Кашгари Барскани өз картасында көрсөтөт. Мында Барскан (Барскоон), Кочкор-Башы, Баласагын, Өзгөн, жана ошондой эле, Тараз, Кашкар, Хотан, Шаш (Ташкен), Самаркан сыяктуу карахандык шаарлар чагылдырылган. Ал өзүнүн патриоттугун жана билимин өзү түзгөн картада да таасын айгинелеткен десек болот.

А.Азам уулу: —​ Алкыш!

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG