Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:09

Мухтар Магауиндин "Чыңгыз хан" эпопеясы


Казак Эл жазуучусу Мухтар Магауин
Казак Эл жазуучусу Мухтар Магауин

2016-жылы заманбап казак адабиятынын классиги Муктар Магауиндин “Чыңгыз хан” эпопеясынын акыркы (төртүнчү) тому жарык көрдү. Карыя жазуучу өзү “Чыңгыз ханды” даректүү икая же баян деп атайт.

Казакстандын Эл жазуучусу Мухтар Магауиндин тарыхый эпопеясы Чыңгыз хан тууралуу жазылган башка эмгектерден эмнеси менен өзгөчө?

“Жалпы алаш журтуна таазим!

XIII кылымдын алгачкы чейрегинде бүтүндөй Евразия мейкиндигин өз эркине ылайык кайра курган, тыянактап, багыт берип кеткен бардык иштери өзүнөн кийинки дүйнөнүн таптакыр башкача калыптанышына негиз болгон Чыңгыз хан - адамзат тарыхындагы эң улуу инсандардын бири экени күмөнсүз. Кенен камтып, терең сүңгүй албасак да, сөз уккан, кат тааныган көкүрөккө орногон өзгөчө бейне, Алп жаангер экен!...” - деп башталат “Чыңгыз хан” эпопеясынын биринчи томунун кириш сөзү.

“Айкындама сөз” 2011-жылы 21-апрелде китеп басмага берилгенде жазылган.

Мухтар Магауин Чыңгыз ханга болгон терең урматын 2000-жылы “Чынгыз хандын шарапаты” деген макаласында:

“Эгер Чынгыз хан болбосо, казак деген калк да жаңы улут катары биротоло уюмдашып, үстү бейиш, асты кенч болгон ушунча кенен жердин бирден-бир кожоюнуна айланып, бүгүнкү абалына жете алмак эмес”, - деп түшүндүрөт .

Тетралогияны М. Магауин жети жылда жазып бүткөн.

- Мен "Чыңгыз хан" эпопеясын 2008-жылы ноябрда баштап, 2015-жылы 15-ноябрда бүттүм. Туура 7 жылга созулду. Башка жумуш жасаганым жок. Бул эми 7 жылдык жумуш эмес, 70 жылдык жумуш деп айтууга болот.

"Чыңгыз хан" эпопеясынын төрт томдугу
"Чыңгыз хан" эпопеясынын төрт томдугу

Мухтар Магауин адабиятка 1960-жылдардын башындагы хрущевдик желаргы менен кошо кирген.

Ал жыйырма беш жашында “Кобыз сарыны” жазат. Бул монография XV-XVIII кылымдарда жашаган казак акындары-жырауларга арналган. Жазуучунун тарыхый окуяларга арналган “Аласапыран” романында XVI кылымдын аягы - XVII кылымдын башындагы казактардын турмушу жана орус падышачылыгынын казак хандарын баш ийдирип, Сары Арканы отордук аймакка (колонияга) айлантуу саясатынын башталышы сүрөттөлөт.

Роман 1984-жылы Казакстандын Абай атындагы Мамлекеттик сыйлыгына татыйт.

Мухтар ага менен АКШнын Мэриленд штатындагы Роквилл шаарындагы үйүндө сүйлөштүк.

Жазуучу “Чыңгыз хан” тетралогиясын Прагада баштап, кийин атактуу Карловы Вары курорт-шаарында уланткан жана ушул Роквиллде бүткөргөн.

Төрт томдуу даректүү тарыхый баяндын биринчи китеби - Чыңгыз хан төрөлгөнгө чейинки Евразия мейкиндигин байырлаган көчмөн этностор менен уруулардын саясый түзүлүшү, этнографиясы, тили тууралуу; экинчи китеп - бир континентте чоңдугу ааламда жок империя курган Чыңгыз хандын жеке тарыхы; үчүнчү китеп - Улуу Хорезм мамлекети менен моңгол-татарлардын согушу жөнүндө; төртүнчү том - Чыңгыз хандын жеке өмүрүнүн акыркы жылдары жана Чыңгыз хан негиздеген империянын Жаангер өлгөндөн соңку кырк жылына арналган.

Тарыхый чындыкты издөө машакаты

СССР маалында бардык окуулуктарда, илимий эмгектерде, көркөм адабиятта Чыңгыз хандын бейнеси советтик идеологиянын дүрбүсү менен каралып, ал негизинен зулум, баскынчы деп сыпатталчу.

Кийинки жылдары Чыңгыз хандын жаангерлигин, күчтүү башкаруучулук касиетин, аскерий тактика-стратегиясын жана анын доорун чагылдырган жаңыча эмгектер утуру жаралууда. Ушундан улам Мухтар Магауинден анын “Чыңгыз хан” эпопеясы эмнеси менен өзгөчө экенин сураганымда:

- Казакта келечекте да Чыңгыз хан жөнүндө китептер жазылат чыгаар. Плагиат жана "өздөштүрүү" (“заимствование”) деген түшүнүк бар. Бул экөө бизде көп тараган. Алат да, сенин жазганыңды өзүнүкүндөй кылып жаза берет. Ар убакта ар түрдүү көз караштар болот. Бирок менин жазганым эң соңку чындык. “Истина в последней инстанции” дейт го... Анткени, мен баарын камтыдым. Себеби Чыңгыз хан жөнүндө жазганда булак катары кызмат кылган беш-алты гана китеп бар. Рашид ад-Диндин ( 1247-1318), Мухаммед Жувейнинин (1226-1283) жана кытай элчилеринин плюс арап тарыхчысы Ибн ал-Асир (1160-1233 же 1234) дегендин жазгандары бар. Болду.

Айланып келгенде эки-үч гана китеп. Анан “Олуя Жахангирдин өмүр баяны” деген кытай тилиндеги китеп. Жаңы нерсе жок. Маселе ушу китептерди жаңы көз менен талдоодо. Мисалы, Бату хандын Европа жортуулу учурундагы татар аскерлери жөнүндө айтылган аңгемелер, армян жылнамачылардын (летописчилердин) жазгандары. Мен армян булактары менен таанышып жатып, алардын өтө өнүккөн эл болгонуна аябай таң калдым. Алардын Чыңгыз ханга байланыштуу жазгандарынын баары чындык.

Европаны Бату хан чапты, Жебе ноён менен Субатай чапты. Ошондо алар Армения аркылуу өткөн. Армян тарыхчыларынын эң үлкөнү - Киракос Гандзакеци, (Аноним) Себацтици бар. Алар “зулум татарлар чапты” деп, бирок окуяны бурмалабай нак өзүндөй жазышат.

Мухтар Магауин. Прага, 2012
Мухтар Магауин. Прага, 2012

Орус жылнаамалары (летопись) түгөл өтүрүк (жалган). Анын үстүнө Екатерина II заманында (1762-1792-жылдары падышалык кылган император) орустардын тарыхы кайра жазылган го. Жылнаамаларын жоюп жиберген соң, алар баарын ойдон чыгарып жаза турган болгон. Алар араптарды мусулман катары жек көрүп жазышат. Жувейни, Рашид ад-Динди Сарай тарыхчылары деп айтышат. Алардын Сарайда болгону ырас. Экөө тең вазир болгон. Орустар биздин татарларды өтө жек көргөн. Мактап турат, бирок каршы тарапты көтөрмөлөп отурат. Хорезмге байланыштуу Темир Малик, Жалал ад-Дин жөнүндө аңыз-лакаптын баарын айтат.

Чыңгыз хан жөнүндө чыгармалар дагы жазыла берет. Бирок бир жазылган түпкүлүктүү (фундаменталдуу) нерселер өзгөрбөй калат го. Жалгыз кемчилиги - казак тилинде жазылганы. Эдиге (жазуучунун ортончу уулу, филология илимдеринин кандитаты, журналист. - Ред.) мага "жыйынтыктоочу бир том жаса" деп айтып жатат. Бирок, карасам, бул мүмкүн эмес экен.

Мухтар Магауиндин "Чыңгыз хан" эпопеясы
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:30 0:00

"Мен эпопеяны өз түндүгүмдүн астында жаздым"

Мухтар Магауин азыр 77 жашта. Бирок 4-5 жашында карыялардан уккан аңгемелери, жомоктору, өлөңдөрү, 7-8 жашында окуган китептери кудум бүгүнкүдөй эсинде.

Эпостор тууралуу кеп салып жатып, “Манастан” да узун саптарды төгүп салат. Ал эми Чыңгыз ханга байланаштуу окуяларды, тарыхый булактарды, фильмдерди жатка билет. Айтканда да булактарды бири-бирине салыштырып, талдап отурат.

Экс-советтик мейкиндикти, Моңголияны кой, Польша менен Мажарстандагы монгол-татар аскерлери европалык рыцарларды таш-талкан кылган жайларды атайын барып көрүп, алардын диспозициясын талдап чыккан. Бул усулун жазуучу "Чыңгыз хан" эпопеясын жазууда кеңири колдонгон.

- Бүткүл дүйнө тарыхчылары сырттан карап жазган, а мен боз үйдүн ичинде, өз түндүгүмдүн астында жаздым. Төрт китепте камтылбаган нерсе жок. Кез келген окуялардан мен башкача тыянак чыгарган жагдайлар көп.

Бир гана Чыңгыз хандын атасына байланыштуу окуяны алалы. “Чыңгыз хандын атасын татарлар уу берип өлтүрдү”, - дейт. Бул калыптанган көз караш. Кийинки тарыхчылардын баары ошентип жазат. Эч ким күмөн санабайт.

Мен айтам: “Татарлар уу берип өлтүргөн жок” дейм. Анткени, негизги тарыхчылар Рашид ад-Динде жана Жувейниде “Чыңгыз хандын атасын татарлар өлтүрдү” деген сөз жок. Чыңгыз хан баары менен согушту го. Ал татарларды “ата жообуз” дейт. “Булар баягыда биздин Канбагай ханды конокко келгенде байлап, сүржендерге өткөргөн”, - дейт. “Биздин агабыз Өкүмбаркакты кармап берген” дейт. Өкүмбаркак Эсугейдин атасы Бартандын улуу уулу. Ал өтө сулуу, көрктүү киши болгон. А эмнеге Чыңгыз хан “менин атамды татарлар өлтүрдү” деп айтпайт? Жок андай сөз. Анан “Эсугейге уу берди” дейт.

Менин өзүмдүн апам 1922-жылы туулган. Ал кымыз берген кезде алды менен өзү ууртап иччү жана ошондон кийин мага берчү. Кыргызда да ошондойбу, билбейм? Бул “ашым адал” деген сөз.

Мурдакы заманда кымызды ээси өзү даам татпай сунган эмес. Тарыхчыларда жазылган: катар отура турган болсо, алдына келген кесени бир ууртап, жанындагы коңшусуна берет. Ал ууртайт да кайра берет. Ошентип кымыз куйган чараларын ооштуруп отурган. Бере салып, иче салбай... Тартип ошондой. Татарлар кымыз берчү болсо, алды менен өздөрү ичиши керек. Бир ичет да кайра кайтарышат. Ал мүмкүн эмес нерсе.

Бул эзелтен келаткан эреже. Отурган конокту ууландыруу мүмкүн эмес. Эгер ууландыра турган болсо, ошо жерде эле адамдын денеси селейип калат. Конокко тийип болбойт! Чыгып кеткенден кийин өлтүрүш керек. Аны ууландырат, ал барып “мени татарлар ууландырды” дейт да, анан өлөт.

Чыңгыз хандын Улан Батордон 30 км чыгышта орнотулган эстелиги. Бийиктиги 54 м, эсетлик жана лифт үчүн 250 тонна болот кеткен.
Чыңгыз хандын Улан Батордон 30 км чыгышта орнотулган эстелиги. Бийиктиги 54 м, эсетлик жана лифт үчүн 250 тонна болот кеткен.

Сайып буруш Чыңгыз хандын арбагы ыраазы болсун!

Мухтар Магауин аспирантураны бүтүп жатып, казак акындарына - жырауларга арналган "Кобыз сары" монографиясын жазат. Бул эмгегинде ал, америкалык тарыхчы Эдвард Оллоурт 1973-жылкы илимий макалада белгилегендей, 25 жаштагы “жаш окумуштуу буга чейин кеңири окурмандар чөйрөсүнө, ошондой эле бу тармактагы адистерге белгисиз XV-XVIII кылымдарда жашаган он эки акындын мурасын изилдеген. Ошого жазуучу элдик оозеки адабиятты терең билет жана Чыңгыз хандын ишмердигин изилдегенде эпосторго эмес, тарыхый булактарга таянуу зарыл экенин баса белгиледи.

- Экинчи нерсе, “Эсугейди уулантты” деп эпосто айтылган. Эпосто Чыңгыз хан Хорезм шахка каршы аттанып баратат. Баатырлары жыйналып отурган кезде Чыңгыз хандын татар аялы Есуй Каган: “Сен алыс, кыйын жолго кетип баратасың. Эчен түрдүү жагдайлар болот. Ошого мураскерди шайлап кет” - дейт.

Ошондон кийин Чыңгыз хан: “Мен мындайды ойлобоптурмун”, - деп уулдарын чакырып: “Жоочу, сен эмне дейсиң?” - дейт.

Ошондо Чагатай: “Сен ошол меркит ойношуңдан туулган уулуңду коюп кеткени турасыңбы? Биз ага макул болбойбуз!” - дейт. Бул - кабылданган нерсе.

Биринчиден, бул мүмкүн эмес нерсе. Мүмкүн эмес. Эгер татар аял айта турган болсо, төшөктө жатканда же үйдө отурганда айтат.

Курултайда татар аял сүйлөп, оюн айтууга тийиш эмес. Курултайда мындай ойду Чыңхыз хандын үлкөн оёндорунун бири айтса жөн. Экинчиден, Чыңгыз хан окумуштуудай акылдуу адам. Ал баарын мурдатан белгилеп, белендеп койгон. Жоочу туулгандан баштап мураскер. Чагатайдын энеси (апасы) отур. Казакта “Жаман бала энесинин артына (жамбашына) түртүп ойнойт” деген. А мен “түрткөн жок, найза сайды” дейм. Апасын кордоого тийиш эмес!

Ошондо Чыңгыз хан үндөбөй отуруп калат. Энеси эчтеме дей албай калат. “Мындай эси жоктук болбойт” деймин мен, бул биринчиден. Экинчиден, Чагатай андай адам эмес. Чыңгыз хандын алдына бир жан жолой алган эмес.

Улуу Жаангер Чыңгыз хан.
Улуу Жаангер Чыңгыз хан.

Кийин Ооганстанда Бамиян деген жер камоого алынды. Ошондо Чагатайдын Бүтүгөл деген уулу жаанын огу тийип өлөт. Чынгыз хан ал небересин өтө жакшы көрөт, дайыма өзү менен бирге алып жүргөн.

Чыңгыз хан Чагатайды чакыртып, ал келип дасторконго отурган соң: “Ceн менин жарлыгымды тыңдайсынбы?“ - деп сурайт. “Каган ата, мен сиздин жарлыгыңыздан чыккан жерим барбы?“ - дейт Чагатай.

“Анда мен сага бир нерсени айтам. Ошону тыңда. Ыйлабайсың! Бүтүгөн кайтыш болду“, - дейт. Чагатай эсинен танып калат, бирок ыйлабайт. Бир аз отурган соң сыртка чыгып кетип ыйлаптыр дейт. Ошондо Чагатай атасынын сөзүнөн чыкпайт го. Чагатай Жасак заңды уштоочу. Мүнөзү катуу болгон. А Чыңгыз хандын бетине жан келбеген. Эпосто Чагатай атасын кемсинтип отурат: “Бул сенин жолдон тууган балаң,“- деп. А мен айтам: Жоочу мурунтан шайланып койгон. Жоочу өлгөнгө чейин мураскер болуп жүрөт жана ал өлгөндөн кийин гана Өкөтайды шайлаган. Бул документтелген.

Эч бир даректе Чыңгыз хан кетип баратканда “мураскерди дайындап кет“ деп айтканы жок. Ал эпос Чыңгыз ханды жек көрө турган адамдарды кошкон. Азыр Нурсултан Назарбаев “жаман, жакшы“ деп айтып жаткан сөздүн баарын кошкон. Жоочу тең укуктуу башкаруучу болгон. Чагатай өзү ага баш ийген. Жоочу мыкты жоокер болгон. Ал Байкалдын маңдайындагы урууларды, анан Енисейден өтүп барып кыргыздарды багындырып берет.

Чыңгыз хан ошондо:”Сен менин үлкөн уулум элең. Алгачкы жолу үйдөн чыгып, ушунча үлкөн нерсе жасадың. Мурда сага энчи берген жок элем. Ушу алган жерлериңдин баары сага энчи болсун,”- дейт.

Чыңгыз хандын баасын төмөндөтүш үчүн Батыш тарыхчылары нечен түрдүү аңгемелерди айтып жатат го. Ал эмес Хорезмден кайткан жолдо, Куланбас деген жерде курултай болот. Аркадан нече жүз, нече миң кулан айдап келет го... Бүтүн аскер катар-катар жүрүп, куландарды апкелет. Курултайдан кийин кулан уулаганга чыгат го... Куландардын баары арык. Куланга жетип, тамга салып коё берет: ”Куланым бар менин,”- деп. Ушундай фактылар көп. Тарыхчылар даректерди жакшылып караган эмес. Чынгыз хандын тарыхына ошондой өтө көп түзөтүүлөрдү жасадым. Чыңгыз хан сыяктуу зор адам жолго аттанаар кезде катыны ага айтпайт го... Чыңгыз хан баарын ойлоп койгон. Жоочу өлгөндөн кийин Тангутка айтылган кезде, артынан кабар келгенде балдарын кайта жыйнайт да “Өкөтай мураскер болсун” деп колкат алат. Себеби кичүү уулдары бар, башка аялдардан туулган.Чыңгыз хан өлөрүнүн алдында Чагатайга кат жиберет: ”Өкөтайдын айтканынан чыкпасын. Менин айтканым дурус болбоду,” - деп.

Жазуучу иш үстүндө. Роквилл, АКШ. 2016
Жазуучу иш үстүндө. Роквилл, АКШ. 2016

Мухтар Магауин ""Чыңгыз хан" эпопеясын жазып, Теңир өзүмдү Жер бетине жибергенде мага жүктөгөн парзымды аткардым" деп эсептейт.

- Азыр эми Чыңгыз ханды жазгандан кийин, төрт китебин бүтүргөндөн кийин - Теңири мени Жер бетине жибергенде мага жүктөгөн милдетимди аткардым деп эсептеймин. Бул жумуш өтө оор жана кыйын болду, жети жыл отурдум. Жалпысынан айткада, совет заманында биздин жазуучуларга кыйын болду го: Айтчу сөзүңдү айта албайсын. Эми негизги чыгармалар жазылып болду деп эсептейм. Жазбаган көп романдар бар. Мен жүзгө чейин жазсам да бүтпөйм. Мурун “Аласапранды” ж.б. романдарды жаздык. "Чыңгыз ханды" бүткөргөндөн кийин мен өзүмдүн Жер бетиндеги миссиямды аткардым деп эсептеймин. Жараткан өмүр берсе, дагы жашай берген жакшы. Эптеп жаза беребиз. Бирок негизги чыгармалар жазылып болду. Негизги максат орундалды деп ойлойм.

“Чыңгыз хан” төрт томдугунун жалпы көлөмү - 150 басма табак же 2460 бет.

Даректүү тарыхый баянда айтылган ойлорго, келтирилген далилдерге бардык эле окурман жана тарыхчылар макул болбошу талашсыз. Бирок да Мухтар Магауин бул эпопеясы менен француз адабиятынын классиктери, ата-бала Александр Дюмалардай казак коомчулугунда улуу жахангер Чыңгыз хандын дооруна болгон кызыгууну арттырары жана окумуштуулар үчүн узак талаш-тартыштын жеми болору шексиз.

“Жалпы алаш журтуна таазим!

Сайып буруш Чыңкыз хандын арбагы ыраазы болсун!

Кадими заманда жашаган алп бабаларыбыздын теңдешсиз даңкы дуулдай берсин! Көөнө бир мезгилде Чыңгыз хандын тагы жана таажысынын мураскери атыккан төл журту, тууган эли Казак -эзелки кубатына толуп, бөтөнчө рухун кайра тапсын!

Бул төрт томдук эпопея - бүгүнгө ибарат, болочок урпактарыбыздын атак-даңкы жана мартабасы үчүн жазылды.

16.XII. 2015

Роквилл, Мэриленд, АКШ.”

- деп аяктайт “Чыңгыз хан” эпопеясын Мухтар Магауин.

XS
SM
MD
LG