Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Казак эл жазуучусу Мухтар Магауин 70 жашта


Казак элинин көрүнүктүү жазуучусу жана публицисти Мухтар Магауин. "Азаттык үналгысынын" сүрөтү. Прага ш. 2008-жылдын 31-августу.
Казак элинин көрүнүктүү жазуучусу жана публицисти Мухтар Магауин. "Азаттык үналгысынын" сүрөтү. Прага ш. 2008-жылдын 31-августу.

Казак эл жазуучусу, таанымал тарыхчы Мухтар Магауин үстүбүздөгү аптада 70 жашка толду. “Бир ууч буудай”, “Казак тарыхынын алиппеси”, “Көк мунар, “Шахан-Шер”, “Казак ордосу” жана башка чыгармалардын автору 1940-жылы Семей облусунда мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.

Жазуучунун өмүр жолу тууралуу кыскача маалымат.

Мухтар Магауин 1940-жылы 2-февралда Казакстандагы Семей облусунун Чубар-Тоо ооданында туулган.

Ал казак эли башынан кечирген ачарчылык, запкы, мүшкүлдү айтып берем деп бала кезинде эле жазуучу болууну чечкен экен.

1962-жылы Алматыдагы Казак мамлекеттик университетин, 1965-жылы аспирантураны аяктаган.

Бир катар повесттерин жарыялаган соң, 1971-жылы туңгуч романы "Көк мунар" жарыкка чыккан.

Совет доорунда жаңыдан таанылып келе жаткан окумуштуу жана жазуучунун орто кылымдардагы казак поэзиясынын орошон мурасы тууралуу иликтөөлөрү 1973-жылы белгилүү советолог (совет таануучу) Эдуард Олворс (Edward Allworth) мырзанын редактордугу астында чыккан "Советтик Борбордук Азиядагы улут маселеси" аттуу жыйнакта өзгөчө сөзгө алынган, бирок бул китептин калыс баасы советтик цензорлор тарабынан Магауинге "улутчул" жардыгын тагууга өбөлгө болгон.

Жазуучу, ошентип, ачыкка чыкпаган "кара тизмеде" калган, анын сырын аткаминерлер Казакстан эгемендик алган соң гана ачыкташкан.

Магауин мырза бир катар жылдар басмаканада, илимдер академиясында эмгектенип, кайра куруулар доорунда гана кеңири канат сермеди.

20 жылдай "Жылдыз" деген журналдын башкы редактору болуп турду.

1990-1991-жылдары "Сары казак" романын, көп өтпөй "Казак тарыхынын алиппеси" тарыхый баянын (1993), "Кыпчак аруусу" (2004), "Кешик баш - тирүү тулуп икаясы" (2005) сыяктуу романдарын жазды.

Адабият таануучулар Магауин аңгеме, романдарында өз элинин тарыхын жасалмалап көрсөтпөстөн, болгонду болгондой чагылдырууга аракеттенип, тигил же бул тарыхый доордун колоритин, өзгөчөлүктөрүн, үрп-адаттарын, элдин турмушун, үмүт мүдөөлөрүн жакшы баяндап берген дешет.

Сырттан берилген баа

1997-жылы Мухтар Магауин Түрк жазуучуларынын жана маданий ишмерлеринин эл аралык сыйлыгына татыган.

Түрк элдеринин алдында сиңирген эмгеги үчүн сыйлыкты ага Түркиянын ошол кездеги президенти Сулейман Демирел тапшырган.

Жазуучулуктан тышкары ал котормочулук менен алектенип, Конфуцийди, Сомерсет Моэмдин аңгемелерин, Генри Райдер Хаггарддын “Соломон падышасынын кендери” романын казакчага которгон.

Кыргыз эл акыны Акбар Рыскулов Мухтар Магауин Борбор Азия элдеринин адабиятында өз аты бар сүрөткер дейт:

- Бул киши 18-кылымдагы, 17-кылымдагы кыргыз-казак тарыхындагы эң оор, мүшкүл кезеңдерден, калмак, ойрот, жоңгор хандыгы менен чабыш мезгилдеринен бир топ кызыктуу чыгармалардан берди. Мухтар ага жаңылышпасам, казак тарыхынын алиппеси деген китеп жазып, казак хандыгынын адепки чыңгызиттерден башталган учурларынан бүгүнкү күнгө чейинки, учурга чейинки тарыхты ирээттөөгө аракет көрдү көрүнөт.

Мухтар аганын дагы бир касиетин билем, бул киши тек гана четте жүрбөстөн адабий көчтүн алдында, коомдук жыйындардын башында жүрдү. Мен "Ала-Тоо" журналында иштеп жүргөн кезимде Мухтар ага "Жылдыз" журналын бир топ жетектеди. Бишкекке келип, "Ала-Тоонун" кызматкерлери менен жолугуп, айрым бир юбилейлерге катышып жүргөнү эсимде.

Жыйынтыктап келип айтсак, Мухтар Магауин казак адабиятында, казак гана эмес Орто Азия калктарынын адабиятында, балким, түркий калктардын адабиятында өз аты, өз ысымы бар чоң сүрөткер
.

Магауиндин чыгармалары казактар менен катар түркмөндөр үчүн да өзгөчө баалуу дейт, түркмөн жазуучусу Кудайберди Халыев:

Түркмөн жазуучусу Худайберды Халлыев "Азаттык үналгысында" мейманда. Прага. 2007-жылдын 9-февралы.
- Мухтар агай кең талаада жашаган элдин турумушун, кулк-мүнөзүн сүрөттөп, элибиздин тарыхын чагылдырып жүрөт. Тарыхыбыздын айрым барактарынан көпкө чейин дээрлик беймаалым болуп келдик.

Мисалы, 30-жылдардагы ачарчылык жөнүндө көп айтылчу эмес.

Совет өкмөтү элдин мал жандыктарын тартып алуу жарянын баштап, көптөгөн казактар, түркмөндөр кырылган.

Себеби биздин элдер мал чарбачылыгы менен жан сактачу.


Мал конфискацияланганда алар негизги тамак-ашынан – эттен айрылышкан.

Биз ошол ачарчылык жөнүндө Мухтар Магауиндин китептеринен билдик. Ага чейин антип (ачык) жазышчу эмес
.

Ушу тапта жазуучу жана публицист Мухтар Магауин Чехиянын борбору Прагада жашайт.

Жакында жарык көргөн «Жармак (Жарты)» романында да автор калк тагдыры жана тарыхы, эгемен Казак мамлекетинин келечеги жөнүндө ой жүгүртөт.

2002-жылы анын чыгармалар жыйнагы он үч томдук болуп жарыкка чыккан.

Ушул тапта анын көп томдуу чыгармалар жыйнагынын жаңы чыгарылышы басмага даярдалды.
XS
SM
MD
LG