Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:57

Казак журналисти 3 жылга түрмөгө кесилди


Журналист Есергеповду милиция тергөө абагынан сотко алып баратат. Тараз, 8-август, 2009-ж.
Журналист Есергеповду милиция тергөө абагынан сотко алып баратат. Тараз, 8-август, 2009-ж.

“Алма-Ата Инфо” гезитинин башкы редактору Рамазан Есергепов 8-августта Тараз шаардык сотунун өкүмү менен 3 жылга эркинен ажыратылды.

Казакстандык бир катар көз карандысыз журналисттер 11-августта Алматыда маалымат жыйынын өткөрүп, Есергеповдун түрмөгө кесилгенин айыптап, ага колдоо билдиришти. “Журналисттер апаатта” уюмунун жетекчиси Розлана Таукина январ айынан бери тергөө изоляторунда камалып отурган Есергепов кадимки кесиптик милдетин аткарганы үчүн соттолгонун белгиледи.

- Бул иште Казакстандын мыйзамдары орой түрдө бузулду деп эсептейбиз. Есергеповдун макаласында камтылган эки документте эч кандай жашыруун сыр жок. Аларда болгону коопсуздук органдарындагы коррупция, алардын башка башкаруу органдары менен тымызын сүйлөшүп алып, президенттин бийлигин чектеши мүмкүн экени көргөзүлгөн. Аларда Улуттук коопсуздук комитети укуктарын ашкере пайдалана алаары айтылган.

Шейшембидеги маалымат жыйынына катышкан Есергеповдун жубайы Раушан Есергепова коомчулукка кайрылып жардам сурады.

- Учурдан пайдаланып, журналисттер, саясий партия, коомдук уюмдардан суранаарым, Рамазанга 7 айдан бери көрсөткөн колдооңорду токтотпоңуздар.

Жыйынга келген “Азат” партиясынын өкүлү алар Алматыда митинг өткөрүүгө уруксат сурап, бийликтегилерге кайрылганын билдирди.

Журналисттин адвокаты, Казакстандын Жогорку сотунун мурдагы төрагасы Утеген Ыксановдун айтымында, Рамазан Есергепов Тараздагы облустук коопсуздук комитетинин төрагасы, анын орун басары Астанадагы чоңдоруна жазган эки катты гезитке жарыялап салганы үчүн, андан сырткары кийин тергөөгө чакырса тил албай койгону үчүн соттолууда. Коопсуздук органдарынын ич ара жазылган каттарында “жашыруу” деген белги коюлган экен, бирок журналист аларда айтылган маалыматты коомчулукка жеткирүү зарыл деп эсептеген.

Есергепов коопсуздук комитетине өткөн жылдын декабрь айында чакыртылып, тараздык тергөөчүлөр аны машинеде Алматыдан алып кетип бараткан жеринен качып чыгып, АКШ консулдугуна кирип барып башпаанек сураган. Американын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө 2-3 күн жашырынган соң, үйүнө чыгып барып, ден-соолугу начарлап, ооруканага жаткырылат.

Январдын башында журналистти ооруканада дарыланып жаткан жеринен коопсуздук комитетинин тергөөчүлөрү камакка алып, ошол бойдон сотту күтүп отурган. Эми минтип алматылык журналисттин 3 жылга түрмөгө кесилгенин бир катар эл аралык уюмдар сөз эркиндигин муунткан чектен тыш окуя катары баалап, казак бийликтерин Есергеповдун тагдырына кийлигишүүгө үндөп жатышат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG