Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:26

Төлөгөн Касымбек: Тарыхый баян устасы


Жазуучу Төлөгөн Касымбек (1931-2011).
Жазуучу Төлөгөн Касымбек (1931-2011).

Аптаптуу кулжа айынын 16сында Бишкектен орду толгус жоготуу тууралуу ызгаардуу кабар келди. Жазуучу Төлөгөн Касымбек (1931-2011) агабыз бүгүн дүйнө салган экен...


Кыргызда өз чыгармачыл жолу менен өрнөк болгон кишилерди атынан эле айтышчу. Бирок Төкөбүзгө келгенде башка Төлөгөндөрдөн (маркум Төлөгөн Козубеков ж.б.) дароо айырмалоо үчүн Төлөгөн Касымбек (же Төлөгөн Касымбеков) деп айтып келебиз.

Бирок жалпы эле кыргыз жазуучуларынын ичинен Төлөгөн Касымбек агабыз салган кайталангыс чыйыр бар, бул чапкан нугунун аркасында улам аны эч бир Төлөгөн менен, эч бир башка ала-тоолук жазуучу менен чаташтыра албайбыз.

Ал - тарыхый романистикадагы чыйыр.

Түгөлбай Сыдыкбеков (“Көк асаба”), Аалы Токомбаев (“Кандуу жылдар”), Кеңеш Жусупов (“Кыргыздар” топтому), Эсенбек Медербеков (“Кызыл жалын”), Асанбек Стамов (“Жортуул”) жана башка калемгерлер чапкан чыйырлардан айырмалуу нук.

Цензура чидери

Баары-жоктун баарын жарыялоого уруксат берилген азыркы замананын жаштарына айырмалап көрсөтүү үчүн Төлөгөн Касымбек негизги жашын жашаган өткөн доордун цензурасы тууралуу эскерте кетпесек болбойт.

Цензура дегениң – Советтер Биримдиги доорунун чекесинде бадырайган өзгөчө так.

Бир чети, кыргыз уул-кыздары орус тили аркылуу кеңири маалымат алып, илим-билимге башка элдердей эле каныккан доор.

Экинчи чети, Чыңгыз Айтматов кыйыр сыпаттаган өз тарыхын жериген маңкурттук доору, коммунисттик катаал цензуралык көзөмөл заманы эле.

Ошол 1960-80-жылдардын кезеңи - кызыл Кремлге жалтактап караган расмий бийлик (тактап айтканда, Кыргызстан Компартиясынын жетекчилиги) Кыргызстанды “Орусияга өз ыктыяры менен багынып берген” деген расмий жобону тутунган жана мындан улам падышалык Орусияга каршы көтөрүлүштөрдүн баарын “реакциячыл” деп баалап, бул элдик боштондук кыймылдардын баатырларын караманча жерип турган учур эле.

Ал доор - Эне-Сай кыргыз тарыхын Теңир-Тоо, Памир, Чыгыш Түркстан, Ферганадагы кыргыз тарыхынан обочолоткон учур да болду.

Баарынан кызыгы, 1917-жылкы Өктөбүр төңкөрүшүнө чейинки кыргыз элинин коомдук-саясий жана маданий жетишкендиктери жокко чыгарылып, кыргыздардын болшевик дооруна чейинки жазма жана басма эстеликтери тууралуу сөзгө алынбай, мамлекет деген түшүнүк Советтер Биримдиги режими берген автономиялык макам менен гана башталат деп карандай калп айтылып турган учур эле.

“Сынган кылычтын” сынбаган сүрү

Дал ошол кезде Төлөгөн Касымбековдун 1966-жылы жазылган жана 1971-жылдарга чейин кайра оңдолуп-кошумчаланган “Сынган кылыч” романы элибизге 18-кылымдын акыры – 19-кылымдагы тарыхты кылдат таразалап кароого чакырган атуулдук сабак, атуулдук таберик болуп калды.

Жазуучунун балалык чагы Аксы аймагында өткөн (ал, ырасмий документке караганда, азыркы Жалал-Абат облусуна караштуу Аксы районундагы Ак-Жол кыштагында 1931-жылы 15-январда туулган, ал эми чыныгы туулган күнү башка экени жоромол кылынып айтылып жүрөт).

Төлөгөн агай Аксыдагы жергиликтүү калайыктын тээ Кокон доорунан тартып эле көтөрүлүшчүл жана эркин маанайы менен айырмаланган уламыштарын, болмуштарын угуп каныкты. Кийинчерээк аларды айрым архивдик жана башка кеңири маалым болбогон тарыхый жана фольклордук маалыматтар менен салыштырды.

Анын миң толкуп жазган “Сынган кылыч” романы кыргыз элинин эс тутумуна ошол Совет доорундагы расмий идеологиялык алкакка сыйбаган бир тарыхый чындыкты кайра кайтарды. Ал – Кокон хандыгынын тарыхындагы Фергана кыргыздары менен кыпчактарынын жигердүү жана жетекчи саясий ролу тууралуу факт болчу.

Бул көп этностон куралган Кокон хандыгы Кыргызстандын түндүгүндөгү бир катар кыргыз топтору үчүн сырттан кол салып турган баскынчы мамлекет болсо, ал эми Фергананын ичкерисинде тээ орто кылымдардан бери байырлаган жергиликтүү кыргыздар үчүн өз мамлекети болгон.

Кокон хандыгынын өкүмдарларынын көптөгөн өкүлдөрү кыргыздан кыз алган, ал эми кыргыз каныша айымдардын урпактары жээн катары кыргыз бийлеринин саясий колдоосун алып турган.

"Датка" (парсыча “дадхах”) дейби, "аталык" дейби, "миңбашы" дейби, айтор, ар кыл даражаны алып, Кокон ханынын атынан мамлекетти бийлеген кыргыз жана кыпчак колбашчылары бул хандыкты чыңдоо үчүн умтулган, ал түгүл хандыкка каршы боштондук үчүн күрөшкөн улутташтарын жазалаган.

Кокон хандыгынын Орусиядан боштондугу үчүн жүргүзүлгөн эң ири көтөрүлүштү кыргыз кулуну, маргалаңдык молдо Ысак Асан уулу (Пулат-хан, 1844-1876) жетектегенин, ага оштук жана алайлык кыргыздар олуттуу колдоо көрсөткөнүн Төлөгөн Касымбек мырза бул окуяларды тарыхчылар калыс таразалай элек чакта “Сынган кылыч” романы аркылуу эң мыкты чагылдырган.

Ылакаптар кенчи

Бул роман соңку кыргыз саясатында жана коомдук турмушунда арбын колдонулган ылакап кептердин кени болуп калды.

Маселен, “Шералынын чокою” деген эле кеп эмнеге татыйт!

Бул 1842-1844-жылдары Кокон хандыгын бийлеген айтылуу Шералы (Шер Али, 1792-1844) хандын саясий тагдыры менен байланыштуу. Кокон ханы Нарбото бийдин иниси Ажы бийдин (Хажы Бий) уулу Шералынын энеси кыргыз болгон жана ал Чаткалда, Таласта чоңоюп өскөн.

Нүзүп (Йусуф) деген өтө таасирдүү кыргыз колбашчысы 1842-жылы Шералыны такка отургузган да, миңбашы даражасы менен иш жүзүндө хандын атынан саясат жүргүзүп калган.

Романда жазылган уламышта Шералы хан кантип чоңойгонун жана бийликке кантип келгенин унуткарбасын үчүн миңбашы анын ак сарайынын дубалына эски чокоюн илдирген имиш.

Чыгармадагы дагы бир кейипкер – Абил бийдин ысымы да бүгүнкү кыйды саясатчыларга тымызын жармаштырылчу “тергеген” сөзгө айланды.

“Сынган кылыч” менен байланыштуу башка да ар кыл аңыз кептер четинен айтылаар.

Менин эсимде калган бир кызык окуя – маркум Төлөгөн Касымбектин чыйырын улантууга бел байлап, “Мисмилдирик” романын жазган Арслан Капай уулунун Лондон шаарындагы бир жоругу болду.

1998-2000-жылдары Би-Би-Сиде иштеп жүргөн чагыбызда, Арслан Капай уулу бир казак кесиптеш досубузга “Сынган кылыч” романын берди да, анын ар бир окулган бабы үчүн бир сыра сатып алып берип тураарын айтты. Кээде тиги дос окубай келип, алда-немени жобураса, Арслан анын калпын кармап, сырага чакырбай койоор эле.

Акыры теңтушу романды бир нече аптада толук окуп чыгып, абдан мактады, бирок бир нерсеге гана таң калганын айтты:

“Романда Кокон хандыгындагы казактар тууралуу дээрлик сөз болбоптур го?”

“Ой тобо-о, көчмөн өзбектердин сулалеси бийлеген Кокон тарыхында негизги оюнчулар кыргыздар менен кыпчактар болуп жатса, үч башка жүзгө бөлүнгөн казактар биринен сала экинчиси Орусиянын карамагында калып, түндүк жакта салгылашып жүрүшсө, анан алардын Кокондо кандай ролу болмок эле?” – деп Арслан күлдү.

“Айтмакчы, азыркы доордо Кокон тарыхынын орток чагатай тилиндеги жазма булактары боюнча башкы иликтөөчү – казак окумуштуусу, чыгыш таануучу Тимур Бейсембиев”, - деп аларды элдештире сүйлөдүм.

Алардын “Сынган кылыч” менен байланыштуу бир нече апталык тамашасына мен да ыракаттанып жүрдүм.

Арийне, Кокон хандыгында казак бийлеринин олуттуу ролу болбогон менен, кийинчерээк 1917-жылы Кокон автономиясын түптөөдө Мустафа Чокай сыяктуу казак коомдук ишмерлеринин жетекчилик салымы залкар болгонун айта кетүү абзел.

Руханий маалымат булагы

Совет доорундагы цензуралык чектөөлөргө карабастан, жазуучу Төлөгөн Касымбектин “Сынган кылыч” жана “Кел-Кел” (1986) романдарында 19-кылымдагы кыргыздын руханий дүйнөсү терең далай инсандары, баатыр колбашчылары, Курманжан датка сыяктуу залкар коомдук ишмерлери, сабаттуу катмарынын өкүлдөрү, Жеңижоктой философ акындары жана карапайым кишилери мыкты сыпатталып берилген.

Жазуучунун бул көркөм чыгармаларында айрым тарыхый дал келбестиктер чыгышы да ыктымал. Себеби Кокон хандыгы тууралуу айрым орчун маалыматтар эми гана, Совет доору тарыхтын өткөн барагында калган соң гана жарыялана баштабадыбы!

Маселен, кокондук кыргыз тарыхчы Зийа уд-Дин Магзуминин “Фергана хандарынын тарыхы” китебин тарыхчы Анвар Мокеев 1992-жылы Стамбул университетинин китепканасынан таап алган, анын мол маалыматын Кыяс Молдокасымов, Омор Сооронов жана башка иликтөөчүлөр илимий чөйрөгө кеңири киргизүүдө.

Кокон тарыхы боюнча негизги тарыхый булактарды иликтеген казак булак таануучусу Тимур Бейсембиевдин башкы илимий чыгармалары да пост-советтик доордо гана жарык көрдү. “Сынган кылыч” жазылган чакта Тимур агабыз тек мектеп окуучусу болчу.

“Кел-Келдеги” Михаил Фрунзени Токтогул Сатылган уулуна жолугуштуруп койгон сыяктуу идеологиялык кошумчалар да кыйла сынга кабылып келди. Бирок бул сыяктуу айла-амал аркылуу калемгер өз романынын негизги оюн жана негизги тарыхый материалды советтик цензордун кайчысына “жем кылбай”, жалпы окурманга аман-эсен жеткирүүгө далаалат кылганын түшүнүү менен кабылдаганыбыз оң.

ЖК депутаты, эл өкүлү

Төлөгөн Касымбек Кыргызстандын уламыш болуп калган Жогорку Кеңешинин депутаты катары 1990-1994-жылдары да өлкөсүнүн саясий жүрүмүнө (жараянына) олуттуу салым кошту.

Жазуучу, маселен, азыркы кыргыздын кызыл туусун өзгөчө колдоп чыккан.

Тээ 1990-жылдары депутат кезинде жазуучу Төлөгөн Касымбек Борбордук Азиядагы калктардын ынтымагы чыңдалышы керектигин белгилеп, биз менен маегинде бул жаатта далай омоктуу ойлорун айткан. Ал Түркстан конфедерациясы сыяктуу биримдик аркылуу жалпы Борбордук Азия чөлкөмүндө мамлекеттердин ынтымагына жетишүү абзел деген пикирде болчу.

Азыркы тапта Батыш Европа биригип, биздин чөлкөм, тескерисинче, ыдырап турган кез. Бирок Төлөгөн аганын ою да турмушка ашып калчу жалпы Борбордук Азия үчүн демократиячыл жаркын доордон үмүт үзбөй туралы.

1990-жылдардагы менчиктештирүү жараяны маалында жазуучу да четте карап калган эмес болчу. Бул жаатта да аны далай замандаштары сындап, анын айынан ошол кездеги президенттин көзүн карап калды дешкен учурлар да болгон.

Маркум жазуучунун саясаттагы орду тууралуу оош-кыйыш кептер далай айтылаар.

Кыргыздын калемгер баатырларынын бири

Кыргызстандын эгемендигин мыйзамчы катары чыңдоодо жана кыргыз тилинин азыркысы жана болочогу, кыргыз адабиятынын өнүгүшү үчүн Төлөгөн Касымбек жүзөгө ашырган опол тоодой ишти эли да, эгемен Кыргыз өкмөтү да анын көзүнүн тирүүсүндө татыктуу белгилеп келишти десек жаңылышпаспыз.

Ал 2001-жылы 1-даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.

2005-жылы Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн «Кыргыз тили» төш белгисине арзыган.

2006-жылы жазуучуга «Кыргыз Эл Баатыры» наамы ыйгарылган.

Арийне, ал арзыган башкы сыйлык – эркиндикти сүйгөн жана боштондук үчүн күрөшө билген, тээ 1990-жылдан бери демократиялык түзүлүшкө өтүү үчүн үч ирет (1990-жылы октябрда, 2005-жылы мартта жана 2010-жылы апрелде) ыңкылап жасаган тоолук элдин бул калемгердин эркиндик желаргысын саматкан чыгармаларын ырааттуу аздектөөсү.

Топурагың торко, жаткан жериң жайлуу болсун, Төлөгөн Касымбек ага!

Сиз мизин бүлөгөн тарыхый чындык кылычы эгерим сынбасын деп тилейли!
XS
SM
MD
LG