Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:16

ӨКМӨТ ОТСТАВКАГА КЕТТИ. АСКАР АКАЕВ КЫРГЫЗСТАНДА ЖОК


Кыргызстандын Конституциялык сотунун төрайымы Чолпон Баекова, Кыргызстан элдик биримдик координациялык кеңешинин төрагасы Курманбек Бакиев, биримдиктин мүчөлөрү Азимбек Бекназаров, Акылбек Жапаров, Равшан Жээнбеков жана Дастан Сарыгулов Кыргыз телекөрсөтүү аркылуу элге кайрылышты. Чолпон Баекова өз сөзүндө президент Аскар Акаев өлкөнү таштап чыгып кеткенин, ал эми өкмөт башчы Николай Танаев отставка сурап, Акаевге кайрылганын билдирди. Өлкөдөгү кырдаалды жетектөө Кыргызстан элдик биримдик координациялык кеңешине өттү.

Чолпон Баекова өз сөзүндө Николай Танаевдин арызын канаттандыра турган Аскар Акаевдин өзү жок экендигин, ал өлкөнү таштап чыгып кеткенин маалымдады.

Курманбек Бакиев болсо элге кайрылып, ушул тапта тынчтыкты сактоо керектигин билдирип, мамлекеттик мекеме, ишканаларды өз ыргагынан жанбай иштей берүүгө чакырды.

Коргоо министри Эсен Топоев өз кызматын аркалоону улантып жатат, ага генерал Исмаил Исаков жардам берүүдө.

Ал эми ички иштер министри болуп Абдылда Суранчиев дайындалды.

XS
SM
MD
LG