Линктер

ишемби, 15-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 15:23

ФЕРГАНА ХАНДАРЫНЫН ТАРЫХЫ ЖӨНҮНДӨ КИТЕП ЧЫКТЫ


Бишкекте Зиябидин Магзунинин “Фаргана хандарынын тарыхы” китебинин бет ачаары болуп өттү. Зиябидин Магзуни Кокон ордосунда жашап иштеген адам болгон. Анын кол жазмасы 150 жылдан ашык убакыттан кийин Стамбул китепканасынан тарыхчы Анварбек Мокеев тарабынан табылган.

Зияудин Магзунинин же болбосо Зиябидин Максымдын “Фаргана хандарынын тарыхы “ эмгеги мындан он беш жылдай илгери белгилүү тарыхчы жана чыгыш таануучу Анварбек Мокеев тарабынан Стамбул университетинин кол жазмалар фондунан табылган эле. Аталган эмгек Кудаяр хандын өзүнүн тапшыруусу менен жыйырма эки жыл бою жазылып, анда Кудаяр хандын жети атасынын жана Кудаяр хандын өзүнүн өмүр таржымалдары жазылган.

-Аталган эмгекте Кудаяр хан менен Шералы хандын өмүр таржымалдары кенен берилген. Экинчиден, кол жазмада эч кандай ай-күн, убакыт белгиленбеген. Үчүнчүдөн, кара сөз менен жазылган сүрөттөлүштөр баары ыр болуп, дастан болуп кайталанып отурат. Ушундан улам, мен кол жазма менен алгач ирет таанышканымда эле Магзунинин кыргыз тектүү экендигине ишеним пайда болгон эле,- дейт окумуштуу Анварбек Мокеев.

Окумуштуу тарыхчы Акен Имановдун пикиринде Түркия мамлекети Кыргызстандын тарыхына байланышкан эмгектердин сакталып, табылышына себепкер болуп отурат:

-Бул эмгек кыргыз эли үчүн – чоң табылга. Мындай баалуу булакты жүз элүү жылдай сактап, Кыргызстанга кайрып берип отурган Түркия мамлекетине ыраазылык айтар жайыбыз бар. Бабабыз Махмуд Кашгаринин кол жазмасы да Түркиядан табылбады беле.

Жыйында белгилүү адабиятчы, кол жазма изилдөөчү Омор Сооронов Магзунинин “Фаргана хандарынын тарыхы” эмгегин арап арибиндеги эски чагатай тилинен кыргызчалаткан Молдо Сабыр Досбол уулунун эмгегинин чоң экендигин белгиледи. Себеби Молдо Сабыр Досбол уулу кол жазмаларды фарсы, арап, түрк, чагатай тилдеринен кыргызчага оодарган Кыргызстандагы жападан жалгыз адис. Андыктан Омор Соороновдун пикиринде мына ушул тилдерден которо билген жаш адистерди даярдоо зарыл:

-Бизде эмне көп, окуу жай көп. Тилди билсек деген жаштар көп. Бирок Кыргызстанда бүгүнкү күндө түрк, арап, фарсы, чагатай тилдеринен которо билген Молдо Сабырдан бөлөк бир да кыргызыбыз жок.

Жыйында мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров жарык көргөн бул эмгекти элге кеңири жайылтуу керектигине токтолду:

-Эми бул эмгектин бет ачарын белгилеп эле тим болбой, жаш муундарга жеткирүү зарыл. Антпесек мындай баалуу эмгек - жер астында калып кеткен алтындай болуп эле калат.

Белгилүү тарыхчы, кыргыз мамлекеттик телерадиосунун директору Кыяс Молдокасымов Зияудин Магзуни - Зиябидин Максым деген кыргыз экенин, анын туугандары азыркы Ноокат районундагы Төөлөс айылында жашап турушаарын изилдеп тастыктаган. Зиябидин Максымдын урпактарынан болгон “Зиябидин Максым” атындагы фонддун төрагасы Мухтар Бостонбаев жыйында Зиябидин Максымдын уулу Сиражидин Максымдын да көлөмдүү кол жазмасы табылганын айтып, аны жыйынга катышкан элге көрсөттү:

-Жакында эле бабабыз Зиябидин Максымдын уулу Сиражидин Максымдын да беш жүз отуз эки беттен турган кол жазмасы табылды. Эми муну да которууну баштамакчыбыз.

Дагы бир кабарлай кетчү жаңылык, акын Эгемберди Эрматов Кудаяр хандын тушунда Кокон ордосунда кызмат өтөгөн кыргыз аалымы Зиябидин Максым тууралу тарыхый роман жазып баштады.
XS
SM
MD
LG