Линктер

дүйшөмбү, 26-август, 2019 Бишкек убактысы 08:39

Эл ээрчий турган элита түптөлө элек


Райымбек Матраимовдун тоюна барган аткаминерлер.

Акыркы күндөрү кыргыз саясий элитасы коомчулуктун катуу сынына кабылууда.

Кыргызстандын тагдырын чечип жаткан саясий катмардын бүгүнкү деңгээли кандай? Анын коом алдындагы жоопкерчилиги жетиштүүбү? Саясий элитаны калыптандыруунун жолу кандай болууга тийиш? Аны тарбиялаш керекпи же табигый өнүгүү өзү тандайбы?

«Арай көз чарай» талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз жана тарых илимдеринин доктору Сулайман Кайыпов катышты.​

«Азаттык»: - Садык мырза, акыркы убакта кыргыз саясий элитасына, асыресе Жогорку Кеңеш депутаттарына кескин сын күчөдү. Анын себебин сиз эмнеден көрөсүз?

Садык Шер-Нияз: - Бийликке, анын ичинде парламентке сындын болуп турганы жакшы көрүнүш. Сын саясатчыларды чыйралтат, түзөлтөт. Коомдун бардык тармактары шайкеш өнүгүп жатпагандан кийин, эл күнөөлүүлөрдү издейт, сындайт. ​

Адатта күнөөкөрлөрдүн башы бийлик - парламент, өкмөт болот. Ошол себептен элдин бийлик бутактарына сын көз караш менен мамиле кылып жатканы туура деп эсептейм. Саясатчы болом деген киши коомчулуктун сынын кабыл ала билиши керек.

Парламент - коомдун күзгүсү. Коомдо ууру-кески, бандиттер, алдамчылар, шылуундар көбөйсө, ошондой эле курамда парламент шайланат. Анткени парламентти ошол коом шайлайт. Саясий элита деген ким? Саясий элита - коомду ишендирип, алдыга ээрчите ала турган социалдык топ же катмар. Биздин азыркы саясий элита андай сыпаттарга жооп бербейт.

«Азаттык»: - Сулайман агай, саясат таануу илимине таянсак, саясий чечимдерди кабыл алууга катышкандардын баары «саясий элитага» кирет экен. Кыргыз саясий элитасын мындан 20 жыл мурдагылар менен салыштырасызбы? Өзгөрүү, өсүү барбы?

Сулайман Кайыпов.
Сулайман Кайыпов.

Сулайман Кайыпов: - Эгер Кыргызстандын мындан 40 жыл мурдагы мезгилди алсак саясий элита өстү. Ал эми 20 жыл мурдагы менен салыштырсак, саясий элитанын деңгээли артка кетти.

Советтер Союзунун убагында саанчы, тракторист, чабан ж.б. депутаттарды билебиз, алар менен да иштештик. Эч нерседен кабары жок депутаттар бар эле, саны 350 болчу. Албетте, азыр депутаттардын саны азайды, билим деңгээли да салыштырмалуу жогору, бир нече тилди билген эл өкүлдөрү бар. Бирок биздин саясий элита, парламент коомдун жалпы өнүгүшүнөн, темпинен артта калууда. Анын кесепетинен улам мамлекетибиз дүйнөлүк процесстен кечигүүдө, башкаларды кууп жете албай жатабыз. Ошондуктан коомдо «биздин саясий элита начар» деген түшүнүк орноп калды.

Биздин артта калышыбызга Конституция баш болгон бир топ мыйзамдар кедергисин тийгизүүдө. Мисалы, азыркы биздин мыйзамдар боюнча бир да саясий партия шайлоодон жалгыз утуп келип, өкмөт курай албайт. Анткени жалгыз партия бийликке келүүчү мыйзамдуу жолдордун баарын бууп койгонбуз.

Коалициялык жол менен өкмөт түзүлгөн жерде туруктуулук болбой турганын турмуш көргөздү. Анан бийликке кимдер келет, кимдер саясий элитаны түзөт? Акчасы бар гана адам партия аркылуу парламентке келерине шарт түзүлгөн. Азыр парламент, өкмөт, дагы кайсы тармакта албаңыз, жалпы даярдыктын, кесипкөйлүктүн жоктугунан көп жерибиз кыйрап жатат. Кесипкөйлүгү жок адам кайсы идеяны айтат? Идеясы жок адам кантип саясий элита болот? Ошондуктан балээнин баары адистик, кадрдык даярдыктын жоктугунда, кесипкөйлүктүн төмөндүгүндө болуп жатат. Бизде өткөөл мезгилди жыйынтыктай турган мезгил келди. Биз саясий элитаны жаңылашыбыз керек.

«Азаттык»: - Садык мырза, «саясий элита көп партиялуулук өнүккөн, парламенттик башкаруу болгон жерде өсүп чыгат, өнүгөт» дешти эле. Тилекке каршы, элдин партиялык системадан көңүл калганын көрсөткөн коомдук пикир көбөйүп баратат. Маселенин өзөгү кайда? Демократиядабы же аны өздөштүрө албай жаткан өзүбүздөбү?

Садык Шер-Нияз.
Садык Шер-Нияз.

Садык Шер-Нияз: - Мунун биринчи себеби – бизде чыныгы саясий элитанын жоктугу. Экинчиден, биз учурда «саясий элита» деп эсептеп келаткандар элди идеялары менен ишендирип, артынан ээрчите албаганында.

Бир кезде биздин коом «жакында коммунизм болот» деген идеяга ишенип, ээрчип жашаган. Учурда коом өз алдынча, мамлекет, анын бийлиги өз алдынча. Азыр коом мамлекетке, мамлекет коомго ишенбейт. Коом менен мамлекет «түкүрүк» же «уран» деген айрым маселелер көтөрүлгөндө гана бири-бирин укканга аракет кылат, болбосо башка учурда жолдору эки башка.

Реформалар да эл ишенгенде жүрөт. Мисалы, Кыргызстанды оңдой турган биринчи маселе – сот реформасы. Сот адилеттүүлүгү болбосо экономика, бизнес, коррупция менен күрөш, маданият ж.б. баары өнүкпөйт. Аны жасоого азыркы саясий элитанын дымагы, эрки жок. Сотто реформа болсо парламентте толгон бай депутаттар отурбайт болчу. Ошол «бечара депутаттар» өз бизнесин сактайм, коргойм деп Жогорку Кеңеште отурушат. Анан кантип саясий элита калыптанат?

(Талкууну толугу менен ушул жерден угуңуз)

Саясий элитанын санааркаткан абалы
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:17 0:00
Түз линк

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (47)

XS
SM
MD
LG