Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:11

Эл башкаргандар этикага көз жумганда...


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Саясатчылардын, жетекчилердин жүрүм-турумуна, кыймыл-аракеттерине бардык өлкөдө коом жакындан байкоо салып турат эмеспи.

Албетте, этикага жатпаган, айрым учурларда коррупция катары бааланган, карама-каршылыктуу адамдар же топтор менен жакын мамиле түзүү, достошуу же мамлекеттик кызматкерлер жөнүндөгү кодексти түздөн түз бузган учурлар катуу сынга кабылат.

Франциянын мурдагы президенти Николя Саркози 2007-жылы май айында шайлоодон уткандан кийин бир нече күн Мальтада жүргөн. Албетте, жеңишин майрамдап президенттик жарыштан эс алуунун өзү эч кандай жат көрүнүш эмес. Бирок жаңы эле шайланып, кызматка кирише электе эле белгилүү ишкер, миллиардер Венсан Боллоренин менчик учагын жана кымбат баалуу яхтасын пайдалануу француз басма сөзүндө чоң талкуу жаратып, солчул оппозициянын катуу сынына кабылган.

Николя Саркози, 23-май, 2007-жыл
Николя Саркози, 23-май, 2007-жыл

Оппозиция чириген байдан андай белек алуу туура эместигин белгилесе, кесиптик кошуундар жана жумушсуздардын укуктарын коргогон уюмдар эс алууга канча акча кеткенин санап чыгышкан.

Саркозинин үй-бүлөсүнүн Мальта саякаты минималдык айлык алган кишинин 17 жылдык маянасына тете болуптур. Саркози актанып, салык төлөөчүлөрдүн бир да тыйыны кетпегенин айткан.

Көп жылдан кийин экс-президент Елисей сарайындагы жылдарын эскерген китебинде ал окуяга өкүнөрүн моюнга алды.

«Эски досумдун кемесинде эс алганым атаандаштарымдын чырагына май тамызды. Мен мындай реакцияны алдын ала сезип, президент деген жаңы макамды бардыгынан жогору коюшум керек эле. "Ошондой осол ишке кантип бардым?" деп азыр да өзүм өзүмө таң калам», - деп жазган Саркози.

Марин Ле Пен
Марин Ле Пен

​Ошол эле Францияда 2017-жылкы президенттик шайлоо маалында талапкерлердин бири, «Улуттук фронт» партиясынын төрайымы Марин Ле Пен фавориттердин арасында аталып келген.

Партиялашы жана жээни, парламент депутаты Марион Марешал-Ле Пен шайлоо алдында ашынган оңчулдардын тобу уюштурган жыйынына барган. «Улуттук фронт» ал уюмга жакындыгын жашырбаганы менен, байланыштарын көп реклама кылбоого аракеттенет.

​Марион Марешал-Ле Пен ал жыйында эч кандай чуулгандуу билдирүү жасабаганы менен, радикалдар менен бир иш-чарага катышканы жаңжалга жем таштаган. Марин Ле Пендин электоратынын бир бөлүгү «Улуттук фронт» өздөрү айтып келаткандай анча өзгөрбөптүр, баягы эле бойдон расисттердин түнөгү бойдон калыптыр деп чечмелеген.

Былтыр жайында Австриянын тышкы иштер министри Карин Кнайселдин тоюн талкуулаган макалалар көпкө чейин жергиликтүү гезиттердин беттеринен түшпөй келди.

Тагыраагы, тойго Орусиянын президенти Владимир Путиндин катышканы чоң талкууга жем таштаган. Гезиттердин бири жазгандай, ал күндөрү тышкы мекемеге Кнайсель Путин менен жакын дос болгону үчүн эле расмий Венанын Орусия боюнча саясаты өзгөрбөйт деп ынандырууга аракет кылды.

Австрия тышкы иштер министри Карин Кнайсль жана Орусия президенти Владимир Путин министрдин тоюнда бийлеп жатышат.
Австрия тышкы иштер министри Карин Кнайсль жана Орусия президенти Владимир Путин министрдин тоюнда бийлеп жатышат.

Либералдуу басылмалардын бири министрди алып келген партиянын Москва менен бекем байланыштарын баса көргөзүп, коалицияга кирген калган саясий күчтөр катуу нааразылыгын билдиришкенин жазган.

Кээ бир саясатчылар "өз жүрүм-туруму менен өлкөнүн аброюна көлөкө түшүрүп жатат" деп атүгүл Кнайселди отставкага кетүүгө үндөшкөн. Башкалары «Мындай жеке иш-чараны саясий окуяга айлантуунун эмне кереги бар эле?» деп комментарийлешкен.

Кошуна Казакстанда аткаминерлер, саясатчылар же депутаттар бири- биринин, бай, таасирдүү адамдардын тойлоруна калтырбай катышып, белек-бечкек тапшырганы көнүмүш эле адатка айланган.

Мисалы, февралда ал кездеги президент Нурсултан Назарбаевдин бир тууганы Болот Назарбаевдин уулунун тушоо тоюнан видео "Ютубга" тараган.

Белгилүү саясатчылар сөз сүйлөп, таанымал акын, ырчылар катышкан салтанаттан видеону бир миллиондон ашуун киши көрүптүр. Комментарий калтыргандардын көбү жактырбаган, терс ойлорун жазышты. Ал той Астанада колунда жок үй-бүлөнүн беш кызы өрттөнүп кеткенден көп узабай өткөрүлгөнүн баса белгилегендер да болду.

Бирок кээ бирде мамлекеттик кызматкерлердин этикасына жатпаган андай учурларды көпчүлүк медиа өкүлдөрү чагылдырууга батынбайт, андыктан резонанс дээрлик жок болот, - дешет айрым жергиликтүү журналисттер.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG