Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 02:44

Астанада жүздөгөн аял нааразылыкка чыкты


"Астана" концерттик залындагы жолугушуу. 6-февраль, 2019-жыл

Басымдуу бөлүгү көп балалуу аялдардан турган жүздөгөн киши Астананын борборуна чыгып, жашоо шартын жакшыртууну талап кылды.

Алардын бир бөлүгү «Астана» концерттик залына барды. Ал жерде жарандардын бийлик өкүлдөрү менен жолугушуу маалында ондогон аял өз алдынча эле сахнага чыгып, талаптарын айтышты. Негизги талаптар – көп балалуу үй-бүлөлөрдү турак жай, балдарды бакча менен камсыз кылуу, балдарга төлөнгөн жөлөкпулду көбөйтүү жана жашоо шартын жакшыртуу.

Чогулгандар үй-бүлөнүн кирешеси балдарды багууга жана насыяны төлөөгө жетпей турганын белгилешти. Алардын айрымдары эмгек жана социалдык коргоо министри Мадина Абылкасымованын кызматтан кетишин талап кылышты.

Жыйынга катышып жаткан Астананын акиминин орун басары Ермек Аманшаев чогуландарды сабырдуулукка чакырып, айтылган талаптарды «мыйзамга ылайык» карап чыгууга убада берди. Жолугушууга прокуратуранын, Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин өкүлдөрү да келишти.

Көп балалуу энелер президент Назарбаевге, өкмөткө ондогон талап менен кайрылуу кабыл алышты.

Мындай нааразылыктын чыгышына беш жаш кыздын өмүрү кыйылган каргашалуу кырсык түрткү болду. 4-февралга караган түнү Астананын Сарыарка районундагы 30 чарчы метр болгон үйдө өрт чыгып, беш кыз күйүп кеткен. Кыздардын эң кичүүсү үч айлык болсо, улуусу 12 жашта эле. Кырсык болгон чакта балдардын ата-энеси түнкү нөөмөттө жумушта болушкан.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG