Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:40

Астанада өрттө өмүрү кыйылган балдардын сөөгү жерге берилди (видео)


Астананын Сарыарка районунда өрттөнгөн үй. Сүрөт видеодон алынды.
Астананын Сарыарка районунда өрттөнгөн үй. Сүрөт видеодон алынды.

Жүздөгөн киши Казакстандын баш калаасы Астанада өрттө өмүрү кыйылган беш баланын зыйнатына катышты. Алардын айрымдары балдарын жоготкон үй-бүлөгө бийлик өкүлдөрү келип, көнүл айтып койбогонуна нааразылыгын билдиришти.

4-февралга караган түнү Астананын Сарыарка районундагы 30 чарчы метр болгон үйдө өрт чыгып, беш бала күйүп кеткен. Балдардын эң кичүүсү үч айлык болсо, улуусу 12 жашта эле. Кырсык болгон чакта балдардын ата-энеси түнкү нөөмөттө жумушта болушкан.

Президент Нурсултан Назарбаев кырсыкта балдарынан айрылган үй-бүлөгө көңүл айтканын Ак Ордо билдирди. Мамлекет башчынын билдирүүсүндө "мындай окуя кайра кайталанбашы үчүн бардык чараларды көрүү" зарыл экендиги белгиленет.

Жашы жете элек беш кыздын өлүмү өкмөткө жана социалдык кызматкерлердин дарегине сын-пикирлерди күчөттү. Бийлик органдары турмушу кыйналган үй-бүлөлөргө “көңүл буруп, колдоо көрсөтпөйт” деген нааразылык айтылып жатат.

Астананын акимиатынын маалыматы боюнча баш калаада чыккан өрттүн көбү турак жай райондоруна, өзгөчө жер үйлөр түшкөн конуштарга туура келет. Былтыр Астанада 699 өрт чыгып, он киши каза болгон.

XS
SM
MD
LG