Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:34

Кызматтык этика: нарк жана намыс


Кыргызстандын социалдык өнүгүү министринин мурдагы орун басарына байланышкан чет өлкөдөгү окуя мамлекеттик кызматкердин этикасы жөнүндө суроону кайрадан күн тартибине чыгарды.

Кадрларды тандоодо этикалык маселелер кандай каралат? Мамлекеттик чиновниктин кадыр-баркын кантип көтөрөбүз?

“Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева жана Кадр кызматынын борбордук жана аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мыктыбек Өмүрзаков катышты.

“Азаттык”: Аида айым, сиз парламент жыйынында социалдык өнүгүү министринин, анын орун басарларынын кызматтык этикадан сырт жоруктарын сынга алдыңыз. Мунун себеби эмнеде? Аткаминерлер өз милдетин билбейби же мыйзам талаптары алсызбы?

Аида Касымалиева: Негизи бул министрликтеги маселе ириңдеп, толуп-бышып келаткан болчу. Акыры Сеулдагы окуя менен жарылды, элдин баары көрдү.

Тышкы саясат: депутат жана этика

Тышкы саясат: депутат жана этика

Жогорку Кеңештин мурдагы, азыркы чакырылышынын айрым депутаттарынын орунсуз сөздөрү, чет элдик сапарларындагы аракеттери кыргыз дипломатиясына кедергисин тийгизгени айтылууда.

Бул окуяны мамлекеттик кызматкердин көпкөндүгү катары баалайм. Баарын билип туруп “бизнес-класс” менен учуу, адиске келген чакырууга министр же орун басарларынын барышы, өкмөт башчы менен макулдашпастан кетип калуу, дипломаттык паспортту орунсуз алуу, пайдалануу - ушунун баарында коррупциялык элементтер бар экени өкүндүрөт.

Мен азырынча кимдир бирөөнү күнөөлүү деп айта албайм. Мага көп каттар, кайрылуулар келүүдө, текшерүүгө жөнөтүп жатабыз. Паспорттор мыйзамдуу пайдаланганбы же жокпу - муну Чек ара кызматынан оңой эле билсе болот. Азыр эле Башкы прокуратурадан "министрдин орун басарлары дипломаттык паспортторду мыйзамсыз пайдаланган" деп жооп келди.

Бул көйгөй Социалдык өнүгүү министрлигине гана тиешелүү эмес, көп мамлекеттик органдарда да орун алган. “Биздин министрликти текшергиле” деп мага көп каттар келүүдө.

Дагы бир мисал: Экономика министрлигинин коомдук кеңешчиси Сеулга барып, даярдаган окуу программасына катышпай, мейманканадан 10 күн чыкпаптыр. Көрсө, ал убакытта көзүн дарылатып жүргөн экен. Мындан сырткары кабыл алган тарапты “мени аэропорттон тосуп албайсыңар” деп коркуткан. Ал министрликте расмий кызмат орунда иштебейт.

Чет өлкөгө окууга барууну министр жана орун басарлары ээлеп алган. Ар бир окууга, семинарларга эбегейсиз чоң суммадагы акча кетет. Айрымдарын чакырган тарап каржыласа, айрымдарын биздин мамлекет төлөш керек. Окуулардын көбү министр же орун басарлары үчүн эмес, адистер үчүн болот.

“Азаттык”: Мыктыбек мырза, мамлекеттик кызматкердин этикасы, жүрүш-туруш эрежелери мыйзам жүзүндө жазылганбы? Алардын талаптарын, кыргыз чиновниктеринин аткаруу деңгээлин кандай деп бааласак болот?

Мыктыбек Өмүрзаков: Мамлекеттик кызматкердин этикасы – ал тармакка келип жаткан адам үчүн өтө олуттуу маселе. Мамлекеттик кызматка бараткан киши өзүнө мыйзамдык чектөөлөрдү кабыл алууга даяр болуш керек. Ал чектөөлөр мыйзамда, мамлекеттик кызматкердин этикалык кодексинде белгиленген. Мисалы, мамлекеттик чиновник өзүн бардык жерде кынтыксыз алып жүрүүгө милдеттүү. Улуубу, кичүүбү - бардыгы менен сылык сүйлөшүүгө милдеттүү. Башка бирөөлөр жөнүндө такталбаган маалыматтарды айтууга тыюу салынган. Кызмат учурунда, коомдук жайларда кандай кийинип жүрөт, кантип сүйлөйт - мунун баары жазылган.

“Азаттык”: Аида айым, социалдык коргоо министринин орун басарына байланышкан окуянын чын-бышыгына жеткенче, ал Кореядан келгенче эле кызматтан бошотуп койгону мыйзамга, этикалык нормаларга канчалык туура келет?

Аида Касымалиева: Абдан шашылыш чечим, ага өкмөт башчы кандай негизде кол койгонун билбейм. Ал чиновниктин оюн угушкан жок, медициналык экспертиза жасалган жок. “Мас болчу” деп биздин элчи эле айтып жатат. Башка далил жок. Кызматтык иликтөө жүрүп, далилдер болуш керек эле. Дагы көп процедуралардан өтүш керек эле.

Социалдык тармактардагы кызуу талкуулардын кысымына туруштук бере албай, саясий популизм менен чечим кабыл алынып калгандай болду. Зууракан Каденова жүз пайыз күнөөлүү болгондо да ал Бишкекке келгенден кийин анын түшүндүрмөсүн угуп, анан чечим кабыл алса туура болмок.

Мыктыбек Өмүрзаков: Мамлекеттик кызматкерди жумуштан бошотуунун бир топ жолдору бар. Биринчи кезекте кызматтык териштирүү жүргүзүп, анан этика комиссиясы карашы керек, ал өз оюн айтышы керек. Андан кийин ар бир мамлекеттик органдагы тартип комиссиясы караш керек. Алар кеп болуп жаткан кызматкер жөнүндө сунуш бериш керек. Мамлекеттик кызматкерди мыйзамды, этиканы бузган учурлардан сырткары “ишенимден чыккан учурларда” бошотушу мүмкүн.

“Азаттык”: Аида айым, кызматтык этиканы сактабаган депутаттарыбыз жөнүндө да сөз көп. Парламенттеги этика комитети аларды жоопкерчиликке чакырууга, жазалоого канчалык таасирдүү орган боло алды?

Аида Касымалиева: Менимче, ал комитет активдүү иштебей жатат. "Депутат өз жүрүш-турушу үчүн кимдин алдында жоопкер?" деген суроо жаралат. Канткен күндө да ар бир депутат шайлоочунун алдында жоопкер. Биз, депутаттар, өзүбүздү өзүбүз тыйышыбыз керек, шайлоочунун алдында отчет бергенди үйрөнүшүбүз керек. Депутаттардын жүрүш-турушун жарандык коом, социалдык тармактар, журналисттер катуу көзөмөлдөп, уяткарып, баа берип жатканы да жакшы көрүнүш. Ал механизм да эл өкүлдөрүн өзүнчө түздөйт.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Көйгөй жараткан кадрлар (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:43 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG