Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 18-январь, 2020 Бишкек убактысы 18:28

Билимдүү жаштардан кызмат аябайлы


Режеп Тайып Эрдоган түрк электромобилинин жанында. 27-декабрь, 2019-жыл.

Жакында Түркия жергиликтүү электромобилин өндүрө баштаганы маалым болду.

Осмон империясынын падышаларынан Мурат IVнин доорунда Ахмет Челеби аттуу илимпоз куштардын учуш өзгөчөлүгүн терең изилдеп, жасалма канат жасап, натыйжада Стамбулдагы Галата мунарасынан учуп көрүүнү чечет. Иш-аракети ийгиликтүү болуп, 3000 метрден ашуун аралыкка учуп барып түшкөн экен. Так илимдерде билими аябай тереңдеген Челебини сыйлоо максатында Мурат IV ага 1 кесе алтын тартуулаган. Кийин так илимдерде билими өтө тереңдеген, колунан көп нерсе келген Челебиден чочулап, аны Жазайирге сүргүнгө айдаган. Челеби сүргүндө жүрүп Жазайирде дүйнөдөн кайткан.

Жакында Түркия электр энергиясы менен жүргөн жергиликтүү автоунаасын (электромобилин) өндүрө баштаганы маалым болду. Азырынча сатыкка чыга элек болсо да аябай ийгиликтүү долбоор болгону айтылууда. Бул долбоордун жетекчилигине чет мамлекетте эмгектенген, ийгиликтүү түрк башкаруучу дайындалганы маалым болду. Бул киши көрүнүктүү немис компаниясынын жетекчиси катары (CEO) көп жылдар бою 3-жетекчи болуп иштептир. Ал тиешелүү компаниянын акыркы жылдардагы көп ийгилигине зор салым кошкону айтылды. Ал тургай Германиядагы чоң компаниялардын эң ийгиликтүү 100 жетекчисинин катарына киргени да жазылды.

Кесепеттин куйругу

Тарыхтан сабак алуу канчалык маанилүү экенин эми бир аз түшүнүп жаткандаймын. «Эгерде Ахмет Челеби сүргүнгө айдалбаса бүгүн Түркия баш болуп түрк тектүү мусулман өлкөлөрүнүн абалы кандай болот эле?» деген суроо көпчүлүктү эмгиче өкүндүрүп келет.

Авиациянын тарыхын бир аз карап көрдүм. НАСАнын эски сайтында жүзөгө ашкан, канат механизми менен учуп көрүү тажрыйбасы 1891-жылдары ишке ашыптыр. Эмне үчүн Челебинин тажрыйбасы ал жерге кирбей калганын биле албадым. Анын үстүнө анын бул жерде айта турган оюбузга көп деле тиешеси жок. Айтайын дегеним, Челебинин учуп көрүшү дүйнөлүк практика үчүн да жаңылык болуп бере алмак. Демек аны ошол кезде улантып, өнүктүрүп кеткенде тарыхтын нугун өзгөртүү мүмкүн болмок. Башкача айтканда мындай эбегейсиз күчтүн башталгычы Осмон империясында бар эле.

Кыскасы 1623-1640-жылдары мындай тажрыйбанын жүзөгө ашуусу кийинки доордогу экономикалык, аскердик тармакты калыптандырууда зор мааниге ээ болчу. Балким Челебиге туура багыт жана колдоо көрсөтүп, анын иш-аракетин өнүктүрсө бүгүн авиация тармагында Түркия эң таасирдүү өлкөлөрдүн бири болмок.

Бүгүнкү күнгө саресеп

Ал эми жергиликтүү автоунаа чыгарган компаниянын жетекчиси катары, Германиядагы эң ийгиликтүү башкаруучулардан бирин кайра өз өлкөсүнө алып келүү бул мааниде бир аз да болсо ич жылытарлык кадам болду окшойт. Албетте, азыр бул кадамды толук ийгилик катары баалоого эрте чыгар. Бирок эң акылдуу атуулдардын өз өлкөсүнүн өнүгүшүнө салым кошуусуна шарт түзүү түшүнүгү кеч болсо да калыптанганы кубандырат. Мындан сырткары, өзгөчө медицина жаатында Түркия чет мамлекеттерде эмгектенген жарандардын өлкөсүнө кайра кайтып келишине заманбап ооруканаларды куруу, медицина факультеттеринин сапатын жогорулатуу, дарыгердин айлык акысын канааттандыраарлык деңгээлде арттыруу аркылуу да кам көрүп жатканын айта кетиш керек.

Билимдүү жаштар - жаркын келечек

Эми өз өлкөбүзгө саресеп салып көрөлү. Албетте, учурда өлкөбүз билимдүүлөр менен таланттууларды атайын кууп чыгып жаткан жок. Бирок өзү аргасыз кетип кала турган абалга кептелдик. Бул абал - кыргыз коомчулугунун бери дегенде соңку 30 жылдык жаңылыштыктарынын натыйжасы. Атайын статистикалык изилдөө жүргүзүлсө түрдүү тармакта адистешкен, терең билимдүү бир топ кыргыз жарандары чет-жакада укмуш ийгиликтерди жаратып жатканы маалым болоруна шегим жок.

Бул абалды балким «акылдуулардын кетиши» деп атап койсо болот. Бүгүн социалдык тармактарда «Момбеков эркекче айтты, Чубак ажы шахмат ойногонго уруксат берди, Конор «дагы мушташам» дептир, ырчы айымга кымбат сумканы ким белек кылды» дегенге окшогон темалар кызыктуу көрүнүп, эң көп талкууланып турат. Мындай шартта акылдуулардын кетишинин маңызын ким түшүнүп, маселеге маани берерин билбейм. «Үмүтсүз шайтан» демекчи, өзгөчө Кыргызстандын каймактарын өз өлкөсүндө алып калыш үчүн колунда рычагы барлар окуп, колдоп калса деген үмүт.

Жогорку мартабалуу, расмий адамдар менен болгон жолугушуулардын биринде, атайын келишим менен чет мамлекетте окуган ийгиликтүү студенттерге стипендия берилсе, окуусун бүтүп келген адиске ылайыктуу шарт түзүлсө, ал киши да мамлекетке иштеп берсе деген сыяктуу үмүт толо суроо берилген эле. Алар болсо бюджет тартыш болгондугу үчүн мындай нерсеге акча бөлүнбөй турганын айтышкан болчу. Аттиң!..

Мекенин сүйгөн билимдүү жаштарга инвестиция кылуу - биринчи кезектеги милдет болушу керек эмес беле! Дүйнөдөгү эң билимдүү адистерден болуп, өлкөсүнө салым кошууга бел байлагандарга колдоо көрсөтүүгө кайсы маанилүү иштен улам акча ашпай калганын түшүнө албадым. Билимдүү жана мекенин сүйгөн жаңы муун келип эли-жерин баткактан сууруп кетпесе бизди ким куткарат?

Үйдө баатыр жоодо жок, күчү жеткенди талап чөнтөгүн тазалаган, кулагы бырыш спортсмен болмуштарбы? Же өз мекенин бейишке айландыруудан эчак үмүт үзүп, акыреттеги бейишти мелжеп жарым мистикалык жашоого ыңгайлашкан чала сабат динчилдерби? Же Кыргызстанга инвестор болумуш болуп келип акчабызды талагандарбы? Же болбосо укуктук жактан деги эле жоопкерчилик тартпай турган деңгээлде «укук шахматын» жакшы билген, соттолбогон соргокторбу?

Эл аралык студенттерге ачык стипендиялык программалар бар. Ошол программалар менен окуп жүргөндөр да арбын. Бирок ошолор окуусун бүткөн соң өлкөсүнө кайтып келип, өнүгүүгө салым кошот деп ким кепилдик бере алат? Биринчиден өз өлкөсүнүн жөлөгүн сезбестен, кыйынчылык менен өзү жалгыз тырышып жүрүп окушат. Бул абал белгилүү даражада адамда өз өлкөсүнө карата бир аз таарынычын да жаратышы мүмкүн. Экинчиден келген күндө да анын илим-билимин сыйлаган, анын кадырын билген иш орду, чөйрө жетиштүү эмес. Мындан сырткары ар башка өлкөнүн программаларынын негизинде стипендия алып жүргөндүгү үчүн ар башка идеологияларга да сугарылып калышы мүмкүн болот экен. Ал деле адам да. Өз өлкөсүнөн деги эле көрбөгөн колдоону башка булактан көргөндө өз өлкөсүнө болгон жылуу сезимдери басаңдай түшүшү мүмкүн экен. Өз мекенине кайра барып эмгектенип, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну сунуш кылган учурда: «Эй, боло турган нерсени сүйлөчү. Эмне үчүн барат экенмин?» дегенге чейинки сөздөрдү уккан учурларым болду.

Түрктөрдө «Жигитти өлтүрсөң да анын акысын жебе» деген макал бар. Туңгуч ажобуз Аскар Акаевдин доорунда балким ушул нерсени ишке ашырууга, кайсы бир мааниде, аракет болду. Акаевдин өтө оор каталары болгону чын, бирок бул кадамы өтө сонун кадам болчу.

Албетте, Москва бир күндө курулбаганын билебиз. Бирок Москванын курулушун баштаткан толкундун баштапкы чечими бир күндө чыгарылганын да билебиз. Бул эми келечек үчүн инвестиция болуп эсептелет. Инвестиция дегенде эле «Бир миллион сарптасам беш миллион болуп кайтат бекен?» деп арамбы-адалбы, акчаны көбөйткөндүн дартына түшүп ой жүгүрткөн коомдо жашап жаттык эле. Албетте, бул маанидеги инвестициялоо миллиондор же миллиарддар менен кыска мөөнөттө кайтып келбейт. Бирок узак убакытта балким миллиарддар менен ченелбей тургандай кымбат болуп кайтып келет. Муну билген жана колдонгон акылдуу өлкөлөр дүйнөлүк көчтүн сап башында баратканы да чын.

Элмурат Кочкор уулу

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (13)

Азаттык Фейсбукта

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG