Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 7-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 16:01

Диндин аныктамасын сурагандарга жооп


Айт намаз.

Динге аныктама берүүдө көптөгөн кайчы пикирлер кездешет. Мунун себеби - тараптардын дин жөнүндөгү түшүнүгү, билими, адистиги, кайсы жаатына көбүрөөк басым жасагандыгы.

Биз дин жөнүндө бүгүнкүгө чейинки ортого ташталган аныктамаларды да назарга тутуу менен бирге динге төмөндөгүдөй аныктама берүүнү эп көрдүк.

Дин - бул адамдын жашоосунун маанисин арттырган, баалуулуктар дүйнөсүндө ага жол көрсөткөн, бир тараптан инсанды да камтып, экинчи тараптан андан да ашып түшкөн мааниге ээ болгон ыйык эрежелердин барына ишенүү.

Көрүнүп тургандай эле, бул жерде жалпы «дин» сөзүнө аныктама берилгендиктен, бардык диндердин орток өзгөчөлүгү болгон ыйыктык жана иреттүүлүк принцибине басым жасалууда.

Эгерде «дин» деген терминди өзгөчө «булагы вахий болгон диндер» же болбосо «илахий диндер» деп чектеп алсак, бир аз да болсо максатка жакындаган болобуз. Бул класста иудаизм, христиан дини жана ислам орун алат. Булардын да ичинен өзгөчө исламды колго алып, ага аныктама берип жолубузду уламакчыбыз.

Сөздүн мааниси саламаттык, эсен-соолук, тынчтык, биримдик, бейкуттук, моюн сунуу деген маанилерге келет. Терминологиялык жактан алып караганыбызда ислам - Жаратканга аң-сезимдүү түрдө, сый-урмат менен баш ийүү жана өзүн ага тапшыруу (моюн сунуу) деген мааниге келет.

Алла тарабынан жөнөтүлгөн дин Алла менен кишинин ортосундагы эки тараптуу мамилени талап кылат. Тактап айтканда бул жараяндын Алладан кишиге карата болгон тарабын - Жаратуучу пайгамбардык жолу аркылуу адамдарга жашоонун маани-маңызын, кантип жашоо керектигин билдириши түзөт. Биз муну диндин негизги принциптери деп да атап койсок болот. Ал эми бул жараяндын кишиден Аллага карата болгон тарабын болсо, кишинин Жараткандын бул кайрылуусуна ыйман жана дурус кыймыл-аракет менен жооп бериши түзөт десек болот.

«Мүлк» сүрөөсүнүн экинчи аятында бул принцип ачык-айкын баяндалып жатат: «(Ал) силердин кимиңер жакшы амалдарды жасарыңарды сынаш үчүн өмүр менен өлүмдү жараткан. Ал – ызааттуу, кечиримдүү!». Алла-Тааланын пайгамбардык жол аркылуу бизге жөнөткөн китебине карап көргөнүбүздө жаралуу максатыбыз катары жогоруда токтолгондой Алланын бизге билдирген акыйкаттарын, буйруктарын (универсалдуу адептик принциптер) жана кишинин буга жооп катары милдеттерин санап өтүүгө болот.

Исламдын максаты - адамдарды бакытка жеткирүү. Адатта бул бакыт акыреттик жыргалчылык менен гана чектелген деп түшүндүрүлөт. Тактап айтканда, бул дүйнөнү сооп топтоп калыш үчүн; өзгөчө намаз, орозо, ажылык сыяктуу ибадаттарды кылуу үчүн колдонуп калуунун гана аракетинде болушат. Чындыгында акыреттеги жыргалчылыкты кепилдикке алыш үчүн бул дүйнөнүн машакаттарына көз жууп коюу - идеалдуу бир аракет.

Мисалга алсак, Абу Ханифа өзүнүн идеалдуу, калыс, пакиза кишилигин коргоп калыш үчүн саясатташкан, булганган бийликтин ага сунуш кылган казылык кызматынан (азыркы сот кызматы) баш тарткан. Түрдүү коркутуп-үркүтүүгө моюн бербегени үчүн Абу Ханифа өлтүрүлгөн. Көрүнүп тургандай, Абу Ханифа өзүнүн пакиза кишилигин, жөнөкөйлөштүрүп айтканда өзүнүн ыйманын сактап калыш үчүн өлүмгө да кайыл болгон.

Бирок бул жердеги машакаттуу жана тынч жол турса, атайын машакаттуусун тандап алып, анан да анын атын динчилдик деп коюп алууда болуп жатат. Кыштын күнүндө жылуу суу турганына карабастан атайылап муздак суу менен даарат алууну (көп сооп табуу максатында) мисал келтирсек болот. Мунун аты динчилдик эмес, болгону караңгылык жана фанаттык. Бул жердеги өлчөм т.а. белгилөөчү критерий - даарат алып жаткан адамга ал ар тараптуу пайда гана алып келүүгө тийиш. Тактап айтканда, медицина кандай шарттарда кандай суу менен даарат алууну ылайык көрсө, ошол гана эң туура жана сооптуу даарат болот.

Муздак суу менен даарат алуунун сооп экендигин жактаган түшүнүк ээлери көбүнчө бул кыймыл-аракетин «муздак сууга даарат алган сүннөт» деп азирети пайгамбарга такаганга аракеттенишет. Менимче аз. Мухаммед бир да жолу анча муздак сууга даарат алган эмес. Ал географияда кадимки камгактагы суу өтө муздак же өтө ысык эмес, орточо жылуулуктагы суу болгон. Анткени Мекке жана Медина шаарларынын климаты баарыбызга маалым. Бул сыяктуу сүннөттөрдү жүзөгө ашыруудан мурда азирети пайгамбарды туура жана терең таануу жана «сүннөт» терминин кылдаттык менен талдай билүү зарыл.

Темабызга кайта турган болсок, ислам акыреттеги бейишти сатыш үчүн бул дүйнөдө маанисиз, керексиз бир топ кыйынчылыктарга дуушар болушубузду талап кылып жаткан жок. Чындыгында ислам адамдардын адептик нормаларга туура келген жыргалчылыгына каршы эмес. Мисалы билим алуу, жарашыктуу кийинүү, чыгармачылык менен алектенүү, аң-сезимдүү, ырахаттануу менен музыка угуу сыяктуу нерселер адептик нормаларга каршы келбегендиктен, ислам каршы чыкпайт.

Так ошол себептүү ислам эки дүйнөнүн тең бактысын сунуш кылат десек туура болот. Куранда бир тараптуу гана (бул дүйнөдө гана) жакшылык тилөөнүн туура эмес экендиги айтылган, эки дүйнөнүн тең жыргалчылыгын сурагандарды болсо мактап өткөн. Так ушул себептүү дин жалаң эле акырет үчүн же жалаң эле бул дүйнө үчүн деп айтуу туура эмес.

Буга байланыштуу ушу тапта намаз, орозо, ажылык сыяктуу ибадаттар адатта жалаң эле акырет үчүн пайда алып келе тургандыгы айтылып жүрөт. Тактап айтканда, сооп үчүн гана жасалышы керек деп түшүнүлөт. Бул ибадаттарга жакшы мамиле кылдыруу максатында алардын аз болсо да бул дүйнөгө байланышкан пайдасы да бар экендиги айтылып келет: намаз окуунун өтө сонун көнүгүү да экендиги, орозо тутуунун денедеги керексиз майлардын эрип тазаланышы сыяктуу...

Бул көрүнүш заманбап баалууктардын, түшүнүктөрдүн, балким мусулманга кыжыры кайнагандардын ислам баалуулуктарына агрессивдүү мамилесине жооп катары, «биз деле силерге окшошпуз, көп четтетпегилечи» дегендей маңыздагы жооп деп эсептейм. Медициналык жактан пайдасы болсо болгондур, аны медицина сүйлөсө туура болот. Бирок бул ибадаттардын бул дүйнөдөгү эң негизги максаты унутулуп калып жатат. Бул сыяктуу ибадаттардын бир тараптан сооп табуу менен бирге бизге бере турган эң негизги пайдасы - адеп-ахлакка үндөө. Жөнөкөйлөтүп айтканда адам намаз окуу аркылуу Кудайды эстеп, ага ылайык кулчулук кылыш керек экенин эстеши керек деген кеп. Адам жамандыктан алыстап, жакшылыкка жанашуу сыяктуу коомдук иреттүүлүкө, гармонияга тиешелүү принциптерди өзүнө сиңирүүгө, ыйык адептик принциптерди эстеп турууга, кай жерден келип, кай жакка бараткандыгын аңдап турууга тийиш.

Бул сыяктуу сыяктуу ибадаттардын жогоруда да атап өткөндөй эң негизги максаттарынан бири - адеп-ахлактуу болуу экендигин тастыктаган далилдер Куранда да ачык-айкын көрүнүп турат. Ибадаттардын философиясы жоромолдонуп жаткан кезде « ...намаз оку. Анткени намаз бузукулуктан жана күнөөдөн сактайт» деген аят көңүлгө алынышы керек. Адамдын адамдыгын туура түптөө, тактап айтканда анын адеп-ахлактуу кылуу диндин эң негизги максаттарынын бири болуп эсептелет.

Жыйынтыктап айтканда ислам адамдардын эки дүйнөдө тең бактылуу болуп жашоосун каалайт. Исламдын бардык принциптери ушул багытта гана иштейт. Исламдагы ишеним, ибадат, адеп-ахлак негиздери Алланын эмес, адамдардын муктаждыгынан улам коюлган. Башкача айтканда Алла-Тааланын бир адамдын ибадат кылышына, кылмышкерди жазалоого, адептүүлөрдү көбөйтүүгө муктаждыгы жок. Булардын баары адамдардын гана пайдасы үчүн жасалышы керек. Демек, бул жерден Алла буюргандай жашоо, диндар болуп жашоо деген нерсенин өзү- адамдардын өздөрүнө пайдалуу болуп, дурус өмүр сүрүү деген мааниге гана келип такалат.

Элмурат Кочкор уулу

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (39)

XS
SM
MD
LG