Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:28

Диний таалим-тарбияны тар түшүнбөйлү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кечээ жакында «Ыйман» фондуна Түркиядан акча сураганыбыз коомчулукта кызуу талкууга жем таштады.

Сөздүн башында айтып коё турган нерсе бар. Жарандарыбыздын «бекер акчага көнүп албайлы, акча сурасак ал өлкөнүн таасири астында калабыз, бул акчалар максаттуу колдонулганбы» деп тактыкка, калыстыкка, эркиндикке, дайыма сергек ойлонууга чакырган ой-тилектери кубандырды. Басты-басты болуп маселе күндөлүк талкуудан четтеп калса да, фондго бөлүнгөн мурдагы 5 миллион доллардын эсеби берилиши керек. Муну билүү биздин жарандык укугубуз деп ойлойм.

Өзгөчө эл өкүлү Жанарбек Акаевдин акчаны максаттуу колдонууга байланыштуу көтөргөн маселеси абдан орундуу болду. Бирок ошол эле билдирүүсүндө диний талим-тарбияга көп деле каржы сарпталбай тургандыгы айтылып, анын ордуна акчаны күчтүү экономиканы өнүктүрүүгө сарпташ керек экенин айтты. Тактап айтканда диний таалим-тарбия негизги маселе эмес дегенге алып барды... Бул маселени мурдатан эле жазайын деп жүргөн болчумун. Өлкөнүн мээси деп атап койсо боло турган Жогорку Кеңештин эл өкүлдөрүнөн мындай ойдун чыгышы макаланы чукул жазышыма себепкер болду.

Дин маданиятынын өгөйлөнүшүнүн себеби

Диний абал өтө кылдат маселеге айланып баратканы маалым. Диний абалды белгилүү диний жөрөлгөлөр менен чектелген жагдай катары сыпаттоодон улам дайыма жетиштүү маани берилбей келет. Жөнөкөй тил менен айтканда диний таалим-тарбия коомчулукка кантип намаз окууну үйрөтүп, ажыга баруунун эрежелери, орозо тутуунун кереметтери сыяктуу коомдук жараянга түз катышы болбогон жөрөлгөлөрдү жөнгө салуу катары түшүндүрүлүп келген. Буга ислам дининин коомдук гармонияны пайда кыла турган, аны жөнгө салган баалуулуктарын чагылдырып бере албаган аксак «мусулманчылыгыбыз», чала молдолугубуз себеп болууда.

Бир мисал менен айта турган болсок биз, мусулмандар сол кол менен тамак жегенди жийиркеничтүү чоң маселе катары көтөрүп, бул тууралуу кыйкырып баян айтып, бири-бирибизди тозокту ортого салып катуу эскерткендей арам жол менен тамак таап жебегенге көңүл бөлгөнүбүздө мусулман кишилигибиз мынчалып паска урулмак эмес.

Сол кол менен тамак жегендин макүрү (жактырылбаган кыймыл-аракет) экендигине басым жасаганчалык:

  • мамлекеттик мүлккө айлакерлик менен кол салуу;
  • кызмат ордун кыянаттык менен колдонуу;
  • сырттан келген гранттардын ондон бир бөлүгү менен иш-чараны жаба салып, калганын бөлүшө калуу;
  • бюджеттен иш-чарага деп бөлүнгөн акчанын тең жарымын ишке жумшап, калганын жыра тартып капчыкка ката калуу;
  • сотто акчасы барды актап, калганын каралоо;
  • кызмат абалын жоготуудан коркуп эбегейсиз кыңыр иштерди жаап-жашыруу аркылуу келген нандын, аш-оокаттын арам экендигине басым жасаганыбызда, буларды көп сөз кылгандыгыбызда мындай тоготпостукка кабылмак эмеспиз.

Аныгында дин маданиятынын оңолушу - коомдук жашоонун оңолушу деген мааниге келет. Анткени диний түшүнүк жашоонун бардык тармагына оң же терс таасир тийгизет. Диний таалим-тарбия элибиз эгемендикке жеткенден баштап эле көмүскөдө калып келе жаткандыгы баарыбызга маалым. Натыйжада эмне болду? Бул жерде диний таалим-тарбиядагы өзгөчөлүктүү каталар жана алар кандай жыйынтыкка алып барганы тууралуу бир канча өрнөк бере өтөйүн.

Тайкы диний түшүнүктүн накта зыяндары

Мисалы, мусулман дүйнөсүндө Куранды туура түшүнүүгө, чечмелөөгө усулдук жактан колдонмолордун даремети жетишсиз болуп жатат. Натыйжада илим-билимди эң негизги ибадат катары сыпаттаган китептин (Курандын) маани-мазмунун терең түшүнбөй туруп эле балдарын мектепке жөнөтпөгөн ата-энелер чыгып олтурат. Ошол эле Куранда чексиз мээримдүү жана ырайымдуу Кудай (Алла) жөнүндө сөз болгону менен кайра эле ошол китепке таянып мыкаачылык менен киши өлтүрүүгө жол берген экстремисттер чыкты.

Туура эмес Кудай түшүнүгүнөн улам, эл үчүн ак эмгек кылган, эл үчүн чындап күйгөн И.Арабаев, К.Тыныстанов, И.Разаков сыяктуу айдыңдардын бейишке чыгышына караганда, коомдук өнүгүүгө кыпындай салымы кошулбаса да мечитке такай каттаган, арабча аралаштырып, көзгө жаш алып баян айтып элге күйүмүш болгон кишилердин бейишке чыгышына алда канча көбүрөөк ишенген көпчүлүк бар... Бизде эле эмес, бүткүл мусулман дүйнөсүндө эл үчүн иштеген адамды эмес, намаз окуган адамды бейишке биринчи киргизүүнү туура көргөн адамдар толтура. Мындай аң-сезим басымдуулук кылган жерде ак эмгек кылып өлкөнүн жүгүн көтөргөн, элдин жашоо-шартын жакшырткан аткаминер чыгабы?

Туура менен катаны бөлүп кароодо толук укукту акылга берген ислам дини туура эмес түшүнүк менен коштолуп калып жатат. Натыйжада дээрлик бүткүл мусулман коомчулугунда илим-билимге эмес, мечиттеги чала сабат молдого көбүрөөк кулак салган жаштардын көбөйүп баратканы тайкы диний тарбиянын коомдук жашоого түздөн-түз байланышы бар экендигин айгинелебейби?

Тайкы «тагдыр» түшүнүгүнөн улам мамлекеттик кирешенин 90 пайызын калктын 1 пайызын түзгөн аткаминерлер, ал эми калган 10 пайыз кирешени 99 пайызды түзгөн карапайым элге тараткан системанын мөмөсүн жегенче, кедейлик жана байлык пендеге Кудай тарабынан берилерин айтып, т.а. «тагдырга эмне жазылса ошону көрөбүз» деп отурган туурабы?

Күнөө жана сооп тууралуу тайкы түшүгүбүздөн улам жетимдин акысы кошулуп чогулган бюджеттен жүз миңдеген, балким миллиондогон сомду айлакерлик менен капчыка түшүргөн «мусулман болумуштун» жүрөгү сыгылабы? Бир жерге намазкана куруп бере калып, ажыкеге машине мингизе салып же бир-эки аракечти оңолсун деп демөөрчүлүк кылып ажыга жөнөтө салуу менен күнөөлөрдөн таптаза болуп арылап калышына ишенип калуу тайкы диний тарбиянын коомдук жашоого түздөн-түз байланышы бар экендигинен кабар бербейби?

Жыйынтык

Так ошол тайкы ой жүгүрткөн адамдардан өкмөт арылмайын иш алдыга жылбайт. Эртеден кечке өкмөттү какшап сындаган, жалпак тил менен айтканда «адам болбойсуңарбы» деп тили тешилген Жогорку Кеңештен адамды адам кылууну максат кылган диний агартууну өгөйлөгөн парадоксалдуу сөздүн чыгышы эч эле түшүнүксүз... Экономикалык өнүгүүгө эрте кезек берип, канчалык капчык толсо да дүйнөбий тил менен айтканда «адам болуу», диний тил менен айтканда «диндар болуу» деген баалуулукту туу тута албаган чоң курсактар жогоруда отурганда казына толгон менен элдин курсагы дагы эле тойбой кала берет.

Андыктан мамлекет диний маданиятты жөнгө салыш үчүн жетиштүү шарт түзүп, адистерден түзүлгөн топ менен жигердүү иш алып барууну кечиктирбеш керек. Дал ушундай максатта түзүлгөн «Ыйман» фондуна Түркиядан бөлүнгөн жардамды жактырбаса, ал каражатты табыш үчүн альтернативалуу сунуш айтуу дагы да этикага ылайык болмок. Карыз болбой, суранбай жашаганга эмне жетсин? Бирок куру намыска таянып берилген жардамдан баш тартуу, ар кандай сөздөрдү айтып эки элдин жылуу мамилесин бузуп алуу ниети түз кыргыз менен түрккө пайда бербеши анык.

Айта берсе сөз бүтпөйт. Бул жерде менин айтайын дегеним, диний маданият, таалим-тарбия өгөйлөнбөшү керек! Мамлекеттик саясатыбызга төп келген жол менен каражат табылып, бул багыттагы абалды жөнгө салуу да чукул түрдө колго алынууга тийиш.

Элмурат Кочкор уулу

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG