Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:41

Депутаттарды түйшөлткөн дин мыйзамы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеште «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзамдын айрым жоболорун Конституцияга ылайык келтирүү маселеси каралды.

Өзгөрүүгө учурап жаткан жоболорду Конституцияга ылайык келтирүүнүн принциби эмнеде? Дегеле динге байланышкан дагы кандай укуктук негиздерди түзүш керек? Ушул ж.б. маселелер «Арай көз чарай» берүүбүздө сөз болду.

Талкууга Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов, дин боюнча эксперт Канатбек Мурзахалилов жана юрист Нурлан Исмаилов катышты.

«Азаттык»: - Зайырбек мырза, кечээ Жогорку Кеңеште «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзамдын айрым жоболорун конституциялык принциптерге ылайык келтирүү маселеси каралды.

Иштеп жаткан мыйзамдын Конституцияга каршы келген жерлери бар беле, маселенин чоо-жайын чечмелеп берсеңиз?

Зайырбек Эргешов.
Зайырбек Эргешов.

Зайырбек Эргешов: - Жогорку Кеңеште аталган мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү 10-беренеге эле тиешелүү болууда. Бул маселе кайдан келип чыкты? 2014-жылы 4-сентябрда Конституциялык палатанын чечими чыккан. Ага ылайык 10-беренедеги «жергиликтүү кеңештердин макулдугу» деген сүйлөм алып салынсын» деп жазылган. Бул жерде ошол чечимди Конституцияга дал келтирүү гана аракети болууда. Мындай өзгөртүү киргизүү тууралуу өтүнүч менен «Жахабанын күбөлөрү» уюму 2014-жылы Конституциялык палатага кайрылган.

«Азаттык»: - Нурлан мырза, азыр иштеп жаткан мыйзамдын 10-беренесиндеги «жергиликтүү кеңеш менен макулдашылган» деген сөздөрдү алып салуу жөнүндө сунуш түшүп жатат. Эми диний уюмдар жергиликтүү кеңеш менен макулдашпаса эмнеден утуп, эмнеден утулабыз?

Нурлан Исмаилов: - Конституциялык палата аталган мыйзамдын 10-беренесинин тиешелүү пункту Баш мыйзамга каршы келгени үчүн ушундай чечим чыгарып жатат, аны талкуулоонун деле кажети жок.

Ошентсе да мыйзам долбоору боюнча бир топ жакшы жоболорду сунуш кылдык. Мурда мыйзам боюнча «200 адамдан турган жамаат диний уюмду түзө алат» деген жобо бар болчу. Бирок анын аймактык принциби жазылган эмес. Мисалы, райондун же облустун же республиканын 200 адамы жөнүндө сөз болуп жатканы түшүнүксүз эле. Азыр болсо «кеп болуп жаткан 200 адам жети облустун жана Бишкек, Ош шаарларынын тургундары болушу керек» деген түзөтүү кирип жатат. Бул норма катталып жаткан уюмдар үчүн чекит коёт деп ойлойм.

«Азаттык»: - «Бул мыйзам долбоору кабыл алынып калса, анын арты кандай болору азырынча белгисиз. Ал тургай башаламандык да болуп кетиши мүмкүн» деп тынчсызданган депутаттар болду. Деги көзөмөл мыйзамга ылайык болушу керекпи?

Нурлан Исмаилов.
Нурлан Исмаилов.

Нурлан Исмаилов: - Кыргызстанда диний уюмдарга карата көзөмөл системасы белгилүү бир тутумга ээ болуп калды. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын иши да жөнгө салынган. Укуктук-нормативдик актылар, эрежелер да иштелип чыгууда. Ошондуктан 10-беренедеги аталган норманы алып салса эле диний уюмдарга көзөмөл солгундайт деген туура эмес. Кыргызстандын коопсуздугу үчүн тиешелүү мамлекеттик органдар көз салып турат. Коомго коркунуч туудура турган бир нече диний уюмдарга сот тарабынан тыюу салынган.

«Азаттык»: - Канат мырза, Жогорку Кеңеште бир катар депутаттар өлкө аймагында катталбаган ар кандай агымдагы көптөгөн диний борборлор, мечиттер, медреселер мыйзамсыз иштеп жатканын эске салышты. Мыйзам боюнча аларды тескей турган жоболор барбы?

Канатбек Мурзахалилов.
Канатбек Мурзахалилов.

Канат Мурзахалилов: - Башка постсоветтик өлкөлөр, анын ичинде Борбор Азиядагы башка мамлекеттер менен салыштырганда Кыргызстанда дин менен мамлекеттин ортосундагы мамиленин өзүнчө модели түзүлүп калды десек болот.

Кыргызстанда дин боюнча мыйзам 1991-жылы кабыл алынган. Анда, кийин 2008-жылы кабыл алынган мыйзамда, өзгөртүүлөрдө динге мамлекеттик көзөмөл нормалар жакшы каралган.

Мыйзам боюнча кайсы диний уюм, же өкүлчүлүк болобу, кайсы конфессияга карабасын, кандай багыты болбосун бардыгы Дин иштери боюнча комиссиядан милдеттүү түрдө каттоодон өтүшү керек. Мындан сырткары башаты башка өлкөлөрдө түзүлгөн болсо, алардан келген диний миссионерлер каттоодон өтөт.

Депутаттардын тынчсызданып жатканы сыйынуу үйлөрү жана намазканаларды эсепке алуу жана көзөмөлдөө жөнүндө болуп жатат. 2017-жылдан бери талкууланып келе жаткан нормалары киргизилген. Депутаттар канчалык тез чечип, мыйзамды тез кабыл алса, бул маселеге да эртерээк чекит коюлат…

Маалымат үчүн: Кыргызстандын аймагында 3294 диний уюм расмий каттоодон өткөн. Алардын ичинде экстремисттик багытта деп таанылган 20 диний уюмга сот тарабынан тыюу салынган. 2019-жылдын ичинде алты адам экстремисттик аракеттери үчүн камакка алынды.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден көрүңүз)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG