Линктер

ишемби, 21-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 00:15

Диний сабырдуулуктун күңгөй-тескейи


Екатерина Элбакян, Руслан Жалил жана Канатбек Мурзахалилов.

Эксперттер чыр-чатактардын алдын алуудагы диний толеранттуулуктун ролун талдоого алышты.

Жакында эле Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда «Жахабанын күбөлөрү» диний агымына таандык сыйынуу үйүнө байланыштуу чыккан талаш-тартыш коомдо диний сабырдуулук толук калыптана элек экенин дагы бир сыйра көрсөттү. «Биз жана дин» түрмөгүндө диний сабырдуулук темасына кайрылып, жергиликтүү жана чет элдик дин таануучулардын пикирлерин уктук.

Кылым тогошкон учурда дин көптөгөн өлкөлөрдүн өнүгүү жолун аныктап келген. Гарвард университетинин изилдөөлөрүнө ылайык 181 өлкөнүн 75и тигил же бул динди расмий деп эсептесе, 113 мамлекет эч кайсы динди расмий катары тааныган эмес.

Тарыхта диний келишпестиктин айынан көптөгөн өлкөлөрдө согуш оту тутанган. Мындай кырдаал бүгүн да бар. Диний негиздеги кагылыштарга узакка созулган араб-израил чатагын, Индия менен Пакистандагы кырдаалды, Сирия менен Ирактын аймагындагы согуштук аракеттерди кошсок болот. Албетте, мындай ырксыздык менен жаңжалдар өлкөлөрдүн экономикалык жана социалдык өнүгүшүнө терс таасирин тийгизет.

Кээ бир диний агымдардын өкүлдөрү башкалардын ишенимин сыйлабай, аларга агрессивдүү мамиле кылып жаткан учурлар диний сабырсыздыктын негизги белгилери болуп калды. Бул кооптуу жол. Адамды же жалпы эле коомду башка диндерди сыйлоого тарбиялоо мамлекеттердин азыркы негизги милдети болушу зарыл. Өз ара түшүнүшүү, бири-биринин карманган динин же ишенимин сыйлоо аркылуу гана биз диний көп түрдүүлүктү сактап кала алабыз. Ал эми диний риторикага жамынып коомго дүрбөлөң салууга, чыр-чатактарды күчөтүүгө, анын ичинде куралдуу кагылыш чыгарууга аракеттенген радикал жана бузуку топтор бул идеялык келишпестиктерди өз кызыкчылыктары үчүн пайдаланышат.

Динге жамынып, башка өлкөлөрдүн жашоо образын, каада-салттарын, кийимин жана маданиятын да таңуулоого болбойт. Мындай аракеттер коомдун бөлүнүп-жарылышына себеп болуп, анын чыңалуусун күчөтүп, чыр-чатактарга алып келиши мүмкүн.

Диний толеранттуулук башка ишенимдеги адамдарга карата сабырдуу болууну эле эмес, эң биринчи кезекте коомдун диний көп түрдүүлүгүн түшүнүүнү жана башкалардын диний өзгөчөлүгүн таанууну, алардын ынанымы менен диний ишенимин, укугун сыйлоону да билдирет.

«Дүйнөдө, анын ичинде постсоветтик өлкөлөрдө диний толеранттуулукка байланышкан маселелер окшошпу?» деген суроого философия илимдеринин доктору, профессор, Динди изилдөө боюнча Европа ассоциациясынын мүчөсү Екатерина Элбакян төмөндөгүдөй жооп берди:

Екатерина Элбакян.
Екатерина Элбакян.

«Бир караганда түрдүү постсоветтик өлкөлөрдө гана эмес, дүйнөнүн бардык мамлекеттеринде да толеранттуулукка байланышкан маселелер окшош. Себеби, мамлекеттик органдарда, билим берүү мекемелеринде, үй-бүлөдө толеранттуулукка тарбиялоо көп убакытты жана күчтү талап кылат. Сабырсыздык кылымдар бою адамдын жашоосунда болгонун, улуттук, диний, социалдык, саясий сабырсыздык эмнеге алып келгенин көрүп эле жатабыз. Толеранттуулук же анын жоктугу мамлекеттин укуктук институттары тарабынан жөнгө салынган өлкөлөрдө бул чөйрөдөгү карама-каршылык белгилүү даражада азайтылган. Ал эми мамлекет тарабынан жөнгө салынбаган же жетиштүү өлчөмдө көңүл бурулбаган өлкөлөрдө диний чыдамдуулукка байланышкан өтө олуттуу кыйынчылыктар бар. Анын чечилиши - көпкө созула турган жараян. Бул жагдай толеранттуулукка, башка диний ынанымдарды сыйлоого багытталган тарбиядан да көз каранды. Бул тарбия жалпы коомдун, үй-бүлөнүн же жеке бир адамдын маанайына да жараша болот».

Түзүлүшү дүйнөбий болуп саналган Кыргызстанда мамлекет диндин таасирине көз каранды эмес. Өлкөдө диний ишенимдердин калыптанышы тынчтык жолу менен чечилген. Кыргызстандагы диний көп түрдүүлүктү өнүктүрүүгө мамлекет тоскоол болбойт. Ошол эле учурда мыйзам деңгээлинде жол берилгис прозелитизм (башка динге үгүттөө) ыкмаларын колдонууга тыюу салынат. Диний уюмдардын ишмердигине негизи мамлекет кийлигишпейт. Бирок алар мыйзам чегинен чыгып баратса ишмердигине тыюу салат. Эреже боюнча мамлекеттик органдар бир да динге же диний уюмга колдоо көрсөтпөйт.

Бирок Кыргызстандагы азыркы диний көп түрдүүлүк шартында диний толеранттуулук, диний азчылыктардын укуктарынын сакталышы мамлекет үчүн актуалдуу маселелердин бири болуп саналат. Социалдык-экономикалык, саясий жактан туруктуу болбой жаткан Кыргызстандын шартында диний азчылыктын өкүлдөрү менен өз динин алмаштырган адамдарга карата болгон сабырсыз мамиледен улам чыккан чыр-чатактар кез-кезде кайталанып келе жатат.

Алардын айрымдарына токтолсок:

  • 2019-жылдын август айында эле Базар-Коргон районунун Совет айылындагы «Жахабанын күбөлөрү» диний агымына таандык сыйынуу үйүнүн курулушуна каршы болгон жергиликтүү тургандардын нааразылыгы;
  • 2018-жылдын октябрь айында Ысык-Көл облусундагы Тамчы айылында христиан динин кабыл алган жигиттин өз үйүндө токмоктолушу;
  • 2016-жылдын октябрь айында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылынын тургундары менен диний кызматкерлер башка диндин өкүлү болгон айылдашынын сөөгүн көмүүгө каршы чыгып, жасатты үч жолу кайра көмгөнү жана башка мисалдар бар.

Диний маанайда келип чыккан ири чы-чатактардын алгачкылары 1997-жылы Чүй облусунун Искра айылында, 2000-жылы декабрда Сузакта, 2002-жылы мартта Воронцовкада, 2008-жылы Нарын районунун Куланак айылында болгон. Бул элге белгилүү окуялар гана. Көп учурларда мындай кырдаалда резонанска жеткирбей эле маселени жеринде бүтүрүүгө аракеттер жасалат.

«Эмне үчүн коом диний азчылыктын өкүлдөрүнө сабырсыз мамиле кылып, аларды кабыл алгысы келбейт?» - деген суроого кайрылалы. Сөз Динди изилдөө боюнча Европа ассоциациясынын мүчөсү Екатерина Элбакянда:

«Бул көрүнүшкө жалпыга маалымдоо каражаттары диний азчылыктардын ишине туруктуу түрдө сын айтып, «алар башка жактан келген, коомго жат, келгин» деген түшүнүктү коом ичинде пайда кылганы себеп болгон. Белгилүү бир өлчөмдө мамлекеттик органдар, калыптанып калган диний уюмдар да бул ишке стимул берип коюшат. Бул жерде адамдардын аң-сезимин массалык манипуляциялоо аракети ишке ашат. Диний сабырсыздыктын таасири биринчи кезекте диний азчылыктар үчүн албетте, кейиштүү. Коомдо толеранттуулуктун пайда болгонунун критерийи - диний азчылыктар канчалык өздөрүн тынч сезсе, коомдо толеранттуулуктун деңгээли ошончолук жогору болот. Ал эми диний азчылыктар «коомго жат, батпай турган абалда» болсо, анда толеранттуулук коомдо жок же бир кыйла азайган болот. Натыйжада диний негиздеги чыр-чатактар көбөйөт».

Статистикалык маалыматтарга караганда, Кыргызстан калкынын 90% жакыны ислам динин карманат. Мусулманчылык толеранттуулукка, диний чыдамдуулукка кандай карайт? «Исламдын алтын доору» мезгилиндеги Багдаддагы «Байтуль Хикма» – «Акылмандуулуктун үйү» ислам академиясынын мисалында диний маселелер боюнча илимий изилдөөчү, философия илиминин доктору Руслан Жалил бул маселеге тарыхый өңүттөн түшүндүрмө берди:

Руслан Жалил.
Руслан Жалил.

«Бүгүнкү күндө Кыргызстанда, балким жалпы эле Борбор Азия мамлекеттеринде ислам дининин плюрализациясы, башкача айтканда ой-пикирлердин ар түрдүүлүгү жүрүп жатат. Борбор Азияда 100 жыл мурда ар кандай диний кыймылдар менен топтордон куралган диний мозаика бар болчу. Азыр деле ошол мозаика кайра куралып, ислам плюрализациясынын мезгилинде жашап жатабыз. Бул диндин, анын ичинен исламдын бир түшүнүгү эмес, аны түрдүү жолдор менен талкуулоо жана түшүндүрүү жараяны ишке ашууда».

Диний багыттагы агрессиялык мүнөздөгү окуялар, диний азчылыкты түзгөн топторго тескери мамиле кылуу коомдогу толеранттуулук менен чыдамкайлыктын жетишсиздигин көрсөтөт. Бул өз кезегинде диний уюмдардын ортосундагы карым-катнашты начарлатып, түрдүү келишпестикке алып келиши мүмкүн деп божомолдонот.

«Толеранттуулукту кантип тарбиялап, диний чыдамдуулукка байланышкан абалды кантип чыңдаш керек?» деген суроого профессор Екатерина Элбакян мындайча жооп берди:

«Бул узакка созулган, чыгармачылык мамиле менен көп эмгекти талап кылган жараян. Толеранттуулуктун негизги принциптери бала кезден эле адамга сиңирилиши керек. Ошондо гана балдарда башка ынанымга жектөө менен мамиле кылуу терс көрүнүш катары калыптанып калат».

Кыргыз коому бир динде болууга умтулуп, ислам лидерлеринин элге берген кеп-кеңештери бир тараптуу болуп, сабырсыздыкты күчөткөн жокпу?

«Биздин коом азыр объективдүү караганда бир диндүүлүктөн алыс. Учурда өлкөбүздө ар түрдүү ислам жааматтары менен түрдүү исламдык түшүнүктөр бар», - дейт Руслан Жалил​.

Диний уюмдар ортосундагы ымаланы төмөнкү жолдор аркылуу камсыз кылса болот:

  • Учурда диний чөйрөдө болуп жаткан маселелерди ачык талкуулоо жана динге ишенгендердин Баш мыйзамда каралган укуктары тууралуу калкка билим берүү;
  • Ар бир жарандын ишеним жана дин жолун тандоо укугун таануу;
  • Башка диндерге карата сабырдуулук жана диний чыдамкайлык маданиятын калыптандыруу;
  • Өлкөдө расмий катталган жана таанылган диний уюмдардын ортосундагы мамилелерди бекемдөө, ар кандай ишенимдерге сый мамиле кылуу;
  • Адам укуктары менен эркиндигин сыйлоого, толеранттуулукка, диний сабырдуулукка, радикализм менен экстремизге бөгөт коюуга багытталган иш-чараларды жергиликтүү деңгээлден баштап мамлекеттик масштабга чейин системалуу түрдө жүргүзүү;
  • Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын карамагында түзүлгөн Дин аралык кеңештин ишин күчөтүү. Өз кезегинде бул аянтчага мүчө болгон өлкөдөгү бардык диний уюмдардын жетекчилеринин чогулуп, өз ара баарлашып, жолугуп турушу өтө маанилүү.

Түрдүү диний уюмдардын лидерлери бири-бирин түшүнүп, тил табышып турса, алардын жамааттарындагы динчилдер да бири-бири менен сүйлөшө алышат. Мындай биргелешип иштөө стереотиптерге жана өз ара кастыкка каршы күрөшүү үчүн гана эмес, коомдо жагымдуу жагдай түзүш үчүн да керек.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (10)

XS
SM
MD
LG