Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Радикализмге каршы күрөштө чөйрөнүн ролу


Канатбек Мурзахалилов жана Юлия Денисенко.
Канатбек Мурзахалилов жана Юлия Денисенко.

Адамдын экстремизм жана радикализмге азгырылып калышында үй-бүлөнүн жана чөйрөнүн таасирин талдайбыз.

Террордук топторго кошулуп калгандарды кадыресе жашоого кайтарып, реабилитациядан өткөрүүдө эмнеге көңүл буруш керек? Ушул жана башка суроолорго экстремизмдин, терроризмдин алдын алуу, реабилитация маселелери боюнча казакстандык адис Юлия Денисенко жооп берди.

Канатбек Мурзахалилов: - Статистикалык маалыматтарга ылайык, террорчулардын орточо курагы отуз жашты түзөт экен. Бул бизге радикализм негизинен жаштар үчүн деп айтууга мүмкүнчүлүк берет. Эл аралык террордук уюмдардын катарында жаштардын көптүгү эмнени билдирет?

Юлия Денисенко: - Чындыгында террорчулардын катарында отуз жашка чейинкилер басымдуулук кылат. Көбүнүн тагдырлары окшош. Ата-эне мээриминен эрте ажыраган, башкалар көңүл бөлбөгөн, өспүрүм куракта ар кандай кемсинтүү менен жоготууга учураган жана башкалар. Мисалы, алардын катарында эң жакын кишисин жоготуп, үй-жайынан, каражатынан айрылган адамдар бар. Бала кездеги мындай кемтиктер терс диний идеология менен толукталат. Башкача айтканда жасалма динчилдик классикалык динге карама-каршы туруп, анын ордун толуктаганга аракет кылат. Мындан сырткары, алар радикализм, экстремизм, терроризм идеяларына, бул уюмдардын лидерлерине өзгөчө берилүү менен ишенишет.

Бойго жеткен убакта деструктивдүү тандоого туш кылган дагы бир жагдай - баланы эркелетип чоңойтуу. Жакындары ага өзгөчө камкордук менен мамиле кылып, айтканын аткара бериши анын мүнөзү толук калыптанбай калышын шарттайт. Денесине бир нерсе сайылып же жыгылып түшпөсүн деп, баланы өтө эле бөпөлөп багып, «жаздык» менен курчап салышат. Алар үчүн баарын башкалар жасап, өз маселесин чече албай турган мүнөз калыптанат. Жыйынтыгында экстремисттик же террористтик уюмдардын торуна түшүп калгандар «бейиш» деген идеяга сугарылат. Анткени бул адамдар бир ишти аткаруууга далалаттанбайт. Өзүн-өзү өөрчүтүүгө аракет да кылышпайт. Жумуш кылуунун аларга кажети да жок, бир гана автоматты колуна алып, өлүмгө даяр болуп калышат.

Канатбек Мурзахалилов: - Өзүңүздүн жеке тажрыйбаңыздан улам, жаштардын ушундай терс уюмдардын торуна кантип түшүп калганы жөнүндө мисал келтире аласызбы?

Юлия Денисенко: - Мисалдар өтө көп. Иш жүзүндө мындай окуялар бири-биринен айырмаланып да турат. Жаштарды радикалдуу көз караштарга түрткөн таасирлерди үч топко бөлүп кароого болот. Алар соцалдык сезимталдык, психологиялык сезимталдык жана идеологиялык компонент. Бирок бул жаштардын динчил болуп, диндин таасири астында экстремисттик же террор жолу менен кетти дегенди билдирбейт. Чындыгында ал жараянга диндин эч кандай тиешеси жок. Бул адамдын учурдагы мамлекеттин саясий системасына каршы чыгып, өзүнүн оппозициялык көз карашын башка бир багытта издеп жатканынан кабар берет. Көпчүлүк учурда мындай багыт болуп психологияда айтылгандай «саясий ырасымдар», башкача айтканда террористтик же болбосо экстремисттик уюмдар эсептелет. Адам алгач мындай бүлүндүрүүчү иш-аракеттерге барбайт. Ал өз маселелерин чечиш үчүн гана ушундай уюмга кошулат.

Канатбек Мурзахалилов: - Радикалдуу, террордук топтордун катарына жаштарды эмне түртөт?

Юлия Денисенко: - Бул жерде биз өспүрүм курактан өткөн учур тууралуу көбүрөөк сөз кылышыбыз керек. Ал 15 жаштан 19 жашка чейинки убакыт. Бул түрдүү каалоолордун негизинде жаштардын коомдо өзүн бекемдөө мезгили катары каралганы менен, ага күч да, мүмкүнчүлүк да жетишпейт. Ошондуктан жаштар өз артынан ээрчитип кете турган «күчтүү колдоочулардын» түрткүсүнө муктаж. Бул кезде алар «мен» деген ички түшүнүктүн пайда болушу үчүн коомго тескери жүрүм-турумду пайдаланууга аракеттенишет. Белгилей кетүүчү нерсе - балдардын, өспүрүмдөрдүн, айрыча жаштардын радикалдашуусу илимий негизде акырына чейин изилденип бүтө элек. Булар да чоң кишилер сыяктуу эле маргиналдашкан. Болочок жашоонун бүдөмүктүгү, оор каржылык абал да бул уюмдарга кошулуп кетүүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул жерде өзгөчө топ катары алыска кеткен мигранттардын балдарын карасак болот. Анткени алардын көпчүлүгүндө үй-бүлөсүнүн, жакын туугандарынын колдоосу жок, кароого муктаж. Түзүлгөн жагдайда алар өзгөчө алсыз жана камкордукту талап кылган топ катары саналат.

Башка жагынан караганда, жаштарды өз катарына азгыруу кокустук эмес. Бул жаштардын потенциалын эске алуу менен атайылап жасаларын айта кетишибиз абзел. Себеби, жаштар - коомдун келечектүү жана жигердүү бөлүгү. Эгерде адам жаш кезинен терс багыттагы уюмдун катарына азгырылса, анда өзүнүн келечектеги үй-бүлө мүчөлөрүн, өзүнүн досторун, айланасындагы адамдарды да уюмга кошууга далалат кылып, өмүрү өткөнчө алар үчүн ийгиликтүү жана жигердүү иштөөгө аракет кыларын да айтсак болот.

Канатбек Мурзахалилов: - Аларды радикалдуу идеялардын чеңгелинен сууруп чыгып, кадимки жашоого кайтарып келүүгө мүмкүнчүлүк барбы?

Юлия Денисенко: - Иш жүзүндө ушундай ынанымдардын көз карандылыгын түзүүгө, азгырылган адамдын мүнөзүндөгү алсыз, бат эле бирөөнүн пикири менен макул болгон сапаттарына көп көңүл бурулат. Адам өзү азгырылдыбы же аны алдаштыбы - айырмасы жок. Бирок ал «учу-кыйыры жок түпсүз аңга» түшүп калганын өзү байкабай калат. Эркин ой жүгүртүү менен көз караштын жоктугу, көпчүлүк учурда, Пушкин айткандай, «адам алданганына ыраазы болушу» менен аяктайт.

Бизди диний ынанымдагы саясий кыймылдарга өзүбүздүн каалообуздун, умтулуубуздун, коркунучубуздун негизинде, талуу жерди таап азгырып, андан кийин өзүбүзгө каршы иштетишет. Алданып калганын адам айланасындагы жакындарынын жоктугун, жумушсуз калып, кесиптик дараметин жогото баштаганда гана билет. Анын жашоосу бир гана «жасалма түрдө түзүлгөн системанын» - жасалма үй-бүлөнүн, жалган ишенимдин бир бөлүгү болгон жасалма коомдун айланасында эле болуп калат. Алданганын билген киши уюмду, өзүн курчап турган жагдайды таштап кетиши өтө оор кадам катары каралат. Эгерде биз бул адамдын туңгуюкка эмес, өзүн сактап калууга багытталган «көпүрөгө» кадам ташташын кааласак, анда биринчи кезекте аны үй-бүлөсү менен жакындары мээрим чачып күтүп алышы керек. Же болбосо айланасындагы адамдар ага жардам берип, кол сунушу зарыл. Образдуу түрдө айтсак, сапаттуу реабилитация жараяны - бул социалдык көз карандылыктын «түпсүз мейкиндигинен» «көпүрөгө чыгып кетүү» аракети десек дагы болот.

Канатбек Мурзахалилов: - Мындай реабилитация жараянын кимдер жүргүзүшү керек? Теологдорбу, психологдорбу же диний лидерлерби?

Юлия Денисенко: - Сапаттуу реабилитация жараяны жалпы командалык иш деп айтар элем. Экстремизм идеясына сугарылган кишилердин ой жүгүртүүсү өтө төмөнкү деңгээлде болот. Бул жөн жерден эмес. Курчап турган психологиялык жана физиологиялык чөйрөнүн, өзү мүчө болгон уюмдагы кишилердин таасири астында адам ушундай абалга учурайт.

Экстремизм, терроризм үчүн айыпталып, жабык жайларда мөөнөтүн өтөп жаткан адамдарга көз салуу, талдоо учурунда биз жалпы респонденттерге мүнөздүү болгон бир өзгөчөлүктү аныктадык. Соттолгон адамдардын көпчүлүгүндө, башкача айтканда 86,7% экзистенциянын төмөнкү деңгээли басымдуулук кылды. Экзистенция - моралдык ой жүгүртүү, башкача айтканда жаманды жакшыдан ажыратуу, ага баа берүү жөндөмү.

Радикалдашуунун жүрүшүндө аң-сезим бир катар өзгөрүүлөргө дуушар болгонуна байланыштуу «кардардын» сезимин «жандандыруунун», башкача айтканда, реабилитациянын биринчи баскычы башталат. Бул узакка созулуп, көп эмгекти талап кылат. Биз сынчыл ой жүгүртүү менен иштейбиз. Логиканы калыбына келтиребиз. Ага чейин экстремисттик уюмдун же террордук топтун эч кайсы мүчөсү менен жогорку деңгээлдеги руханий, диний темаларды сүйлөшүү мүмкүн эмес. Ага чейин сизди «биз жакшы, силер жаман» деген агрессивдүү мүнөздөгү жолугушуу гана күтүп тургат.

Экинчи баскыч – чыныгы үй-бүлөлүк мамилени калыбына келтирүү. Кандай гана консультант, ал канчалык компетенттүү болбосун, анын жумушу кабинеттин эшиги жабылганда эле бүтөт. Ушул жерден кийин адамды ким алып кетет? Албетте, анын үй-бүлөсү негизги пайдубал катары каралышы зарыл.

Канатбек Мурзахалилов: - Үй-бүлөсүнөн кийинчи?

Юлия Денисенко: - Үй-бүлөсүнөн кийин ал адамда жаңы чөйрө пайда болот. Айланага сын көз менен карап ой жүгүртүүсү, мээнин аналитикалык функциясы «иштеп» калат. Ошондон кийин биз анын диний көз карашын өзгөртүүнү баштайбыз. Жашоодо ал кимдир-бирөөгө таяна баштайт. Башка бир жакка барууга да мүмкүнчүлүк алат. Ал бөлөк кишилер менен ой-пикирин бөлүшө алат, аны колдоого алган адамдар да пайда болот. Экстремисттик жана террористтик топтордон чыгып кеткенден кийинки жашоону калыбына келтирүү, кайра коомго аралаштыруу, башкача айтканда ре-социализация жараяны ишке ашууга тийиш. Бул жараян эмгек терапиясын, кайра окутууну, жаңы кесипке ээ болууну өз ичине камтыйт. Тилекке каршы, реабилитациялоонун белгилүү бир рецепти жок. Эгер андай рецепт болсо бүткүл дүйнө аны даярдоону үйрөнүп алат болчу. Бул анын терс жагы. Адамдын сезими менен инсандык сапаттары өзгөчө уникалдуу нерсе болгондуктан, реабилитация мүмкүнчүлүгү бардыгында бар. Бул анын оң жагы деп эсептесек болот.

Канатбек Мурзахалилов: - Террордук топтордун мурдагы мүчөлөрүнө реабилитация жараянын жүргүзүү кыйынчылык жаратпайбы?

Юлия Денисенко: - Мунун баары маалыматтардан көз каранды. Кишини, анын муктаждыктарын билүү зарыл. Адам жасалма диний топко же кайсы бир диний уюмга өз маселелерин чечиш үчүн барат. Ал эми булардын баарын өз катарына тартуунун ыкмасы бирдей. Диний топ адамдын көйгөйүн чечпейт. Ал өзүнүн гана маселелеринин үстүнөн иштеп, адамды куурчак кылып, өзүнүн таңуулаган эркин аткарууну гана кылып алат. Реабилитиациялоо боюнча психологдордун, ушул маселе боюнча иштеген адистердин эң негизги милдети – адам адегенде кайсы мүшкүл менен ошол уюмга кайрылганын табуу. Көпчүлүгүбүз экстремисттик уюмга мүчө болууга түрткөн жүйөнү инструментарий менен адаштырып алабыз. Мисалы, мен көпчүлүк учурда «ал Интернет аркылуу азгырылып кетти» дегенди көп угам. Бул жөн гана инструментарий, жүйө эмес. Эмне үчүн адамдар диний маалыматты алууну «башкача» сайттан издешет? Мына, маселе кайда жатат! Бул турмуштун чындыгы, бирок аны жылдар өткөндөн кийин аныктоо кыйын болот. Дагы бир фактор - адамдын кандайдыр бир негизге таянган, ички дүйнөсүнөн ошого макул болгон ишеними. Эгерде адам сиз менен сүйлөшүүнү каалабай, байланышка барбай жатса, анда сиз эч нерсе кыла албайсыз.

Канатбек Мурзахалилов: - Бизге белгилүү болгондой, сиз экстремисттик, сектанттык уюмдардын торуна түшүп калган адамдарды де-радикалдаштыруу маселелери боюнча Казакстанда иштегенсиз. Кыргызстанда бул маселе боюнча иштеген уюмдар, аны менен алектенген изилдөөчүлөр - психологдор, теологдор, диний лидерлер барбы? Алардын ишмердүүлүгүнөн кабардарсызбы?

Юлия Денисенко: - Чындап келсе бул маселелер боюнча мен Кыргызстанда да алектенгенмин. Мага кыргызстандык контент өтө жакын. Эки жылдан бери мен Кыргызстанда эле туруктуу жашап жатам. Борбор Азия чөлкөмүндө иштеп жатканыма карабастан өзүмдү ушул өлкөнүн адиси катары эсептеймин. Албетте, көптөгөн өкмөттүк эмес уюмдар, диний лидерлер бул маселеге олуттуу болбосо да кыйыр түрдө кайрылышат. Бирок маселе аткарылган иштин натыйжалуулугунан көз каранды. Жарандык коом тарабынан көтөрүлгөн ар бир демилге жогорку деңгээлде колдоого алынышы зарыл. Экстремисттик, террористтик уюмдар «концептуалдуу бийликти» түзгөнгө, калктын белгилүү бөлүгү үчүн «альтернативалуу өкмөттү» түзүүгө аракет кылып жаткандан кийин мамлекет да идеологиялык алкакта альтернативалуу ыкмалар менен сунуштарды ортого салышы керек. Бул багытта Борбор Азия мамлекеттеринин өз жарандарын Сирия-Ирак согуш зонасынан алып чыгууга багытталган чечими мактоого татыйт.

Канатбек Мурзахалилов: - Кайтып келге турган жарандар боюнча суроо узатсак. Сирия менен Ирактан кайтып келе турган адамдар менен Кыргызстан кантип иштеши керек?

Юлия Денисенко: - Жалпысынан алганда бул мүшкүл Кыргызстан эле эмес, бүткүл дүйнө үчүн жаңы көрүнүш. Ал аз изилденгендиктен, терең көңүл бурууну талап кылат. Борбор Азиядагы эч бир мамлекетте жакынкы убакытка чейин террористтик уюмдардын ичинде жүргөн балдарды, аялдарды, башка жарандарды реабилитация кылуу маселелери боюнча эч кандай ири масштабдуу тажрыйба болгон эмес. Ошондуктан Кыргызстандын өз жарандарын Сирия менен Ирактан кайтарып келүү демилгеси алар үчүн азаптан кутулуу болуп саналат. Бул дүйнөгө глобалдуу чакырык. Мамлекеттин аларга берген альтернативалуу сунушу. Согуш болуп жаткан аймактарда адамдар өлүмгө учурап, колдонулуп, түрдүү физикалык жана психологиялык жаракатка дуушар болуп жаткан болсо - бул жакта мамлекет аларды өз камкордугуна алат. Албетте, бул идеяны жактагандар да, ага каршы чыккандар да бар. Каршы болгондор «кийин иштечү бомбаны өлкө аймагына киригизип жатышат» деп кине коюшууда. Чындыгында Сириядагы чыр-чатактын аймагынан алынып келе турган жарандарыбызга тиешелүү болгон коркунучтар азырынча аз изилденген. Мында идеологиялык түшүнүк гана эмес, алардын психикалык абалы жөнүндө да сөз болуп жатат. Ошондуктан сапаттуу жардам көрсөтүү жаатында көптөгөн жагдайларды эске алган оң.

Канатбек Мурзахалилов: - Тактап айтканда кайсы жагдайларды?

Юлия Денисенко: - Алардын арасында майда-барат деп эсептелген нерселер болбошу керек. Кайтып келген адамдар жайгаша турган кризистик борбордун дубалдарынын түсүнө чейин эске алуу зарыл. Реабилитациялоого көптөгөн адистерди - дарыгерлерди, психологдорду, теологдорду тартыш керек. Үй-бүлө мүчөлөрүнө келечекте кандай жагдай менен чектеш боло тургандыгы жөнүндө маалыматты берип, алар да реабилитациялоо командасынын мүчөсү катары эсептелиши зарыл. Албетте, коомдун айрым бөлүгүнүн алардан коркккон сезимин алып салуу да максатка ылайык болмок. Эгерде адамдар бул мүшкүл жөнүндө илимий көз караштагы маалыматты билишсе, анда коркуу сезими жоголмок. Чындыгында балдар ата-энесинин чечиминен улам күнөөсүз курмандыкка чалынды. Ал эми айрым аялдар ал жакка күйөөлөрүнүн буйругунун негизинде барып алданып калышты. Мындай окуялар өтө көп учурайт. Ошондуктан бул жарандарды реабилитациялоого коомдун бардык мүчөлөрү жоопкер.

Канатбек Мурзахалилов: - Бирок кимдир-бирөө жоопкерчиликти өзүнө алышы керек да?

Юлия Денисенко: - Жоопкерчиликти биринчи кезекте мамлекет алууга тийиш.

Канатбек Мурзахалилов: - Мамлекет жоопкерчиликти алат. Анда талаш жок. Бирок кайсы бир орган бул жараянды координациялап, жөнгө салышы керекпи?

Юлия Денисенко: - Бир эле орган бул жумушту аткара албайт. Сөз жалпы команда, адистердин көрүнүктүү тобу жөнүндө болуп жатат. Буларга укук коргоо, медицина, билим берүү, социалдык кызмат көрсөтүү тармактары жана аларды жумуш менен камсыз кылуу жөнүндө болуп жатат. Өкмөттүк эмес сектордун, жарандык коомдун зор салымы да талап кылынат. Эгерде бул мозаикада кандайдыр бир орган жок болсо, анда команда туура жана бирдиктүү иштей албайт. Бүгүн болуп жаткан же өтүп кеткен окуяларга жоопкерчиликти бир мамлекеттик органга, бир гана адамга же болбосо кайтып келген адамдын үй-бүлөсүнө оодара салуу туура эмес. Маселе бар болгондуктан, аны чечиш үчүн иштеш керек, болгондо да сапаттуу иштөө талап кылынат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG