Линктер

шаршемби, 17-июль, 2019 Бишкек убактысы 02:22

Терроризмдин тарыхы исламдан терең


Канатбек Мурзахалилов, Артур Медетбеков.

Терроризм менен диндин айкалышы дүйнөнүн, анын ичинде Кыргызстандын да негизги маселелеринин бири болуп турат.

Дүйнө жүзүндөгү мамлекеттер терроризмге каршы талкууларды, иш-аракеттерди күчөттү. Терроризмдин алдын алуу боюнча мыйзамдар кабыл алынып, кошумча-алымчалар менен толукталууда. Кыргызстан деле бул жагынан башка өлкөлөрдөн артта эмес.

«Азаттык» радиосунун «Биз жана дин» түрмөгүндө глобалдык мүшкүлгө айланган терроризмдин тамыр жайышынын себептерин, терроризм менен диндин айкалышын жана анын Кыргызстанга тийгизген таасирин талдадык. Деги «терроризм» деген соңку тарыхта пайда болгон түшүнүк деп кабыл алуу туурабы? Ушул жана башка суроолорго коопсуздук маселелери боюнча серепчи, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын мурдагы биринчи орун басары, генерал-майор Артур Медетбеков жооп берди.

Канатбек Мурзахалилов: - Терроризм деген эмне, тамыры кайда жатат, анын дин менен кандай байланышы бар?

Артур Медетбеков: - «Терроризм» элге, мамлекетке кыянаттык кылып, ошонун негизинде укуктук бийликти коркутуп, өзүнүн идеологиялык түпкү максатына жетиш үчүн башкаларды багындыруу жана иштетүү болуп саналат. Акыркы убакта терроризмдин формалары аябай көбөйүп жатат. Кыргызстан акыркы 2019-жылы киргизген гуманизациялоо боюнча жаңы мыйзамдарга ылайык терроризмге байланышкан көптөгөн беренелер да өзгөрүлүп кетти.

Экинчиден, терроризм менен диндин айкалышуусуна мисал катары тарыхты карасак, Жакынкы Чыгышта жайгашкан ассасин деген секта болгон, бул жараян ошолордон башталган. Алар бийликти коркутуп, адамдарды өлтүрүп, мамлекетке коркунуч келтирип, бардык кыймылдары аркылуу бийликти багындырууга аракет кылып келишкен. Орто кылымдарда Европада якобинчилердин чакан ордени болгон, алар да өз өлкөлөрүндө көптөгөн падышаларды, бийликтегилерди коркутуп, өздөрүнүн бузуку идеяларын киргизүүгө умтулушкан. Мындан тышкары, XIX–XX кылымдарда Орусияда пайда болгон «саясий терроризмди» да карап көрсөк болот. Болуп өткөн революциялык процесстердин негизги маңызына чейин өзүнчө террористик кыймыл пайда болуп, анын нугун да В. И. Лениндин агасы Александрдын мисалында карап көрсөк болот. Ал да өз аракеттерин террористтик жолдор менен аткарганы белгилүү.

Ал эми Кыргызстан эгемендик алгандан бери эмнегедир бизде терроризм өзгөчө ислам динине байланыштырылып жатат. Советтер Союзу таркагандан кийин, биз эгемен мамлекет кура баштаганда Кыргызстан мамлекетинин «дарбазасы» аябай чоң ачылды. Кыргызстандан башка мамлекеттерге, өзгөчө Түркияга, Пакистанга, Жакынкы Чыгыштагы араб өлкөлөрүнө чыккан жаштар «динди үйрөнөбүз, динден жакшы таалим-тарбия алабыз окуп келебиз» деп чыгып кетишкен. Экинчи четинен башка өлкөлөрдөн өз динин жайылтыш үчүн келген миссионерлер да өз иштерин жүргүзүү менен бирге эле, алардын арасынан чыккан айрым экстремисттик идеологияны колдогондор да бизге өз көз карашын таңуулоого аракет кылышкан. Кээ бирлери ошондон таалим-тарбия алып, диний-экстремисттик идеологияга аралашып кеткен учурлар да кездешет.

Канатбек Мурзахалилов: - Учурда терроризм коркунучу, андан пайда болгон мүшкүл дүйнөлүк масштабда трендге айланып, ал жергиликтүү көрүнүштөн глобалдык бир көрүнүшкө трансформацияланды. «Терроризм» түшүнүгү согуш аракеттери менен да байланышып калды да?

Артур Медетбеков: - Бүгүнкү күндө террористтик идеялардын, терроризмдин өнүүгүшүнө кандайдыр бир деңгээлде жалпыга маалымдоо каражаттары, өзгөчө ислам динине терс караган кээ бир медиа өкүлдөрү таасир тийгизип койду десем жаңылышпайм. Ислам дини бүткүл дүйнө жүзүндө динамикалуу өсүп жаткан диндердин бири болуп саналат. Экинчиден, эң негизгиси - исламдын фундаменталдык түшүнүктөрүндө, хадистеринде да эч качан согушка же болбосо бирөөнү кордоого, мамлекетке каршы эч кандай чакырыктар жок. Бирок ислам динин экстремисттик, террористтик уюмдар колдонуп, пайдаланышы исламга терс таасирин тийгизүүдө. Ошону менен бирге кээ бир жалпыга маалымдоо каражаттарында, өзгөчө Батыш өлкөлөрүндө «ислам терроризми» деген түшүнүктү пайда кылганга аракет жасалып жатат. Эмне үчүн коомчулукта, дүйнө жүзүндө башка диндердин өкүлдөрүнүн арасында болгон терроризмди айта албайбыз? Акыркы убакыттагы терроризм түшүнүгүн исламга байланыштырган туура эмес.

Белгилей кетсек, 2014-жылы «Ислам мамлекети» террордук уюму өз жетекчиси Абу Бакар Багдадиге «Халиф Ибрагим» деген наам ыйгарганы белгилүү. Ал киши «Ливандан баштап Борбор Азияга чейин өзүнчө «халифат» мамлекетин түзөбүз» деп жарыя кылган. Бул жерде абдан чоң геоэкономикалык, геосаясий оюндар жүрүп жатат.

Канатбек Мурзахалилов: - Эми маегибизди Кыргызстандын алкагына бурсак. Өлкөбүздө терроризм менен экстремизмдин алдын алуунун жана радикализм менен күрөшүүнүн укуктук базалары чыңдалган. Алардын эң акыркысын эске салсак өкмөттүн токтому менен 2017-2022-жылдарга карата экстремизм менен терроризмге каршы күрөш боюнча программа кабыл алынды. Бүгүнкү күндө бул документтер кандай аткарылууда же аларда көрсөтүлгөн иш-чаралар кагаз жүзүндө эле калдыбы?

Артур Медетбеков: - Акыркы жылдары замандын, коомдун өзгөрүшүнө ылайык терроризмге каршы күрөшүүгө багытталган мыйзамдарга абдан көп өзгөртүүлөр, толуктоолор кирип жатат. Жакында эле терроризмге каршы күрөшүү боюнча Кыргызстандын жетекчилиги астында Шанхай Кызматташтык Уюмунун чоң жыйыны болуп өттү. Ошондо программалар, концепциялар эмес, иш жүзүндө бул аракеттерди жүзөгө ашыруу, маалымат алмашуу, ошол маалыматтардын негизинде чогуу, бирдиктүү иштерди жүргүзүү боюнча көп талкуулар жүрдү.

Кыргызстандан минималдуу 800, максималдуу миңден ашуун биздин жарандар Сирияда, Иракта, Ооганстанда жүргөнү ачыктан-ачык белгилүү. Алардын 25-30% Сириядагы согушта каза болгону менен көпчүлүгү ошол жакта калып калды, кээ бирлери башка мамлекеттерге өтүп кетти. Алардын бул жакта туугандары, жакындары, колдой турган адамдары, «уктап жаткан» уюмчалары да бар. Дагы айта турган нерсе - «Жабхат ан-Нусра» деген эл аралык деңгээлдеги террористтик уюмдун «талаа командирлеринин» бири - Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кашкар-Кыштак айылынан чыккан Абу Салох, өзүнүн аты Сирожиддин Мухтаров. Ал кишинин жанында биздин жарандар да бар, аны колдоп келе жатышат.

Канатбек Мурзахалилов: - Жыл башында Казакстан Сириянын Ракка шаарына жакын жайлашкан качкындар лагерлеринен өз жарандарын алып чыгып кетти. Өзбекстан да атайын операциянын негизинде жакында Сириядан 500дөй кишисин алып чыкты. Тажикстан да ушундай чара көрүүдө. Бул маселе кыргыз өкмөтүнүн деңгээлинде көтөрүлүп жатат. Айтсаңыз, бизге да ушундай аракеттер керекпи? Эгерде согуштук жараяндарга катышкан адамдарды өз мекенине алып келсек, анда аларды кантип коомго интеграциялайбыз?

Артур Медетбеков: - Биздин мамлекет дипломатиялык, эл аралык мамилелердин негизинде аракет кылып аларды Кыргызстанга алып келсе, бул жакта ал кишилерге шарт түзүш керек. Андан кийин аларды реабилитациялык борборлордон өткөрүш керек. Биринчиден, алардын бул жакта жүрүшү Кыргызстандагы террористтик же экстремисттик идеялар менен сугарылган, аларга кошулгусу келген адамдардын азайышына чоң таасирин тийгизет.

Экинчиден, кандайдыр бир террористтик акт уюштуруп же жардыруу жасагысы келген адамдар да бул кишилерди көргөндөн, уккандан кийин ойлонуп калат. Анткени алар Кыргызстанга жөн эле келишпейт, алар боюнча ЖМКда интервьюлар, өзүнчө берүүлөр болот. Бул кишилер өздөрүнүн ой-пикирлерин, башынан өткөн окуяларды айтып, бул терс жолго барбоого үндөйт деген үмүттөмүн.

Бүгүн бизде жазык процесстерине тиешелүү мыйзамдар гуманизациялана баштады. Эгерде ошого таянсак, анда Кыргызстан Борбор Азиядагы башка мамлекеттерге салыштырмалуу демократиялык процесстерде, гуманизациялоо жагында алдыда. Булардын баарын эске алуу менен биздин жарандарды өз мекенине кайтарып, реабилитациялап, дагы башка жараяндарды жүргүзсө чоң катачылык кетпейт деген ойдомун.

Канатбек Мурзахалилов: - Кыргызстанда терроризм идеяларынын коомдо жайылышына каршы эмне кылыш керек?

Артур Медетбеков: - Биринчи кезекте биздин укук коргоо органдарынын системалуу түрдө иштеши абдан зарыл. Алар кесипкөй адистер менен толукталып, бул адистердин теология, дин боюнча сабаттуулугу да жогору болушу керек.

Экинчиден, бул маселени мамлекет укук коргоо органдарына эле жүктөп койбой, коомчулук да өзүнүн таасирин тийгизип, жардамын бериши керек.

Үчүнчүдөн, Муфтият, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия да өз салымын кошкону туура болот. Эң негизгиси - алар эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жалпыга маалымдоо каражаттары да экстремисттик идеологияны динге аралаштырып колдонгон учурларды аныктап, алардын туура эмес экендигин көрсөтүп, алардын таасири кандай болору жөнүндө атайын берүүлөрдү радиодон, сыналгыдан даярдап көрсөтүп турса бул да өз таасирин тийгизет.

Эң негизгиси, биз эл аралык деңгээлде ШКУнун, ЖККУнун, КМШнын терроризмге каршы борбору сыяктуу, терроризмге каршы күрөшүү боюнча чоң эл аралык уюмдар менен чогуу аракет кылып, маалымат алмашып, иш жүргүзүп турушубуз керек. Булардын бардыгы терроризмди, экстремизмди бүгүнкү күндө толугу менен жойбосо да анын таасирин мүмкүн болушунча азайтууга бардык шарттарды түзө алат. Анткени чоң мамлекет, чоң держава болсо да «биз терроризмди, экстремизмди жеңдик» деп айта албайт.

Канатбек Мурзахалилов: - Бүгүн сиз санап өткөн төрт компоненттин иш-аракеттери купулуңузга толобу? Эгерде толбосо, анда аларды кантип оңдосок болот?

Артур Медетбеков: - Бүгүнкү күндө, ачыгын айтканда, биздин укук коргоо органдарыбыз аракеттерин мурдагыдан жакшы эле жасай башташты. Алардын техникалык жактан жабдыктары бар, атайын иштей турган кызматкерлеринин да аракеттери жакшы. Экинчиден, жалпыга маалымдоо каражаттары толугу менен болбосо да, аз-аздан аракеттерин ушул багытта жасай баштады. Бирок бул аз!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG