Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:19

Бийликти түйшөлткөн диний кырдаал


Жээнбеков: Экстремизм коркунучу күч
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:25 0:00

Жээнбеков: Экстремизм коркунучу күч

Президент Сооронбай Жээнбеков жарандардын ар кандай диний экстремисттик топторго кошулуп кеткен тенденциясы күчөп жатканын билдирди.

Советтик армиянын Ооганстандан чыгарылганынын отуз жылдыгына карата өткөн иш-чарада мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков аймактагы коопсуздукту сактоо бүгүн да актуалдуу экенин белгилеп, ар кандай террористтик топтор кырдаалды курчутууга аракеттенип жатышканы кооптондурарын айтты.

Жээнбеков айрыкча Кыргызстанда ар кандай диний-экстремисттик кыймылдарга кошулгандардын катары калыңдап баратканы тынчыздандырарын жана мындай көрүнүшкө жол бербөө зарыл экенин эскертти:

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

- Борбор Азия бүгүн да дүйнөлүк коомчулуктун көңүл борборунда турат. Мунун негизги себеби — Ооганстандагы кырдаал. Аймактагы тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо актуалдуу милдет бойдон калууда. Жарандардын ар кандай диний-экстремисттик кыймылдарга катышуу тенденциясы күчөп баратат. Айрым мекендештердин жалданма террорчуларга азгырылып жатканы тынчсыздандырат. Диверсиялык-террористтик тажрыйба топтоп келген террористтердин чөлкөмдөгү кырдаалды курчутууга аракеттенип жатканы өзгөчө кооптуу. Буга эч убакта жол берүүгө болбойт. Ооганстан - бизге коңшу өлкө. Ошондуктан бул өлкөдөгү түзүлгөн кырдаалга кайдыгер боло албайбыз.

​Ошондой эле президент ооган өкмөтүнүн тынчтыкты камсыз кылууга, терроризмге каршы турууга алган багытын колдой турганын белгиледи. Кыргызстан өзү мүчө болгон ар кандай эл аралык уюмдар менен бирге аймактагы коопсуздукту камсыз кылуу аракетин күчөтөрүн кошумчалады.

Акыркы жылдары күч органдарынын диний экстремизмге каршы күрөшүнө карабай, ар кандай шектүү топтордун катарына кошулгандар азайган жок.

Атайын кызматтын ардагери Максат Мамытканов мамлекет маселени терең карашы керек деген кеңешин айтты:

Максат Мамытканов.
Максат Мамытканов.

- «Диний экстремизм» беренеси менен камалгандар көбөйүп жатат. Мындай идеология кеңири тарап, катарына адамдарды тартууда. «Эл экстремисттик идеологиянын эмнесин жактырып жатат?» деген суроого жооп жок. Ошол иштерди терең талдап чыгарган макаланы көрө албадым. Күч кызматтарынын, соттун, өкмөттүк эмес уюмдардын же диний өкүлдөрдүн так талдоосу жок болуп жатат. Муну терең изилдеш керек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) акыркы убакта диний радикал топторго мүчө болгон кишилерди кармаганын байма-бай кабарлап келет.

Маселен, УКМК апта башында «2015-жылы Сирияга барып согуштук даярдыктан өтүп, кийин КМШ өлкөлөрүнүн бирине жиберилип, эл аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды» деп жарыя кылды.

Ал эми эки күн мурун 2014-жылы чет өлкөгө диний билим алганы барып, кийин үй-бүлөсү менен Сирияга ооп кеткен жаран колго түшкөнүн маалымдады.

Эки жаран тең атайын лагерлерден машыгуудан өтүп, эл аралык террористтик топтун мүчөсү болгон деп шек саналууда. Мындан төрт-беш жыл мурун адамдар үй-бүлөсү менен Сирияга «бейиш издеп» кетип калган учурлар күчөгөн. Эми алардын алды кайтып келип, Кыргызстанда кандай иш жүргүзүп жатканы иликтене элек.

Он жылдан бери коопсуздук темаларын чагылдырып жүргөн журналист Турат Акимовдун пикиринде, азыр террористтик топтор идеологиясын жайылтууда мыкты ыкмаларды иштеп чыгышты. Эми алар менен күрөшүүдө жарандыгынан ажыратуу сыяктуу катаал жазалар керек.

Турат Акимов.
Турат Акимов.

- Алардын азыр тынч агенттери, учурда аракетте жүргөн агенттери болот, - деди талдоочу. - Булардын уячалары кеңири жайылган. Ошон үчүн атайын кызмат буларды террордук уюм деп атайт. Жөн эле жайылган койдой иш кылышпайт. Атайын командиринен баштап бардык түзүмдөрү жолго коюлган.

15-февралда жергиликтүү «АKИpress» агенттиги КМШ мамлекеттеринин антитеррордук борборунун изилдөөсүн жарыялады. Анда борбордун өкүлү Марианна Кочубей Борбор Азиядагы бир да мамлекет экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү кылмыштарды азайта албай жатканын билдирген.

Изилдөөдө 2018-жылдагы маалыматка ылайык, экстремизмге байланыштуу соттолгондордун саны Кыргызстанда 256, Казакстанда 661, Тажикстанда 675 киши деп эсептелген.

"Азаттыктын" архиви: Элеңдеткен экстремизм

Антсе да маал-маалы менен Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери диний өкүлдөр менен бирге экстремизмдин жана радикализмдин алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын айтып жүрүшөт.

Атайын кызматтардын акыркы маалыматына караганда Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта курман болгон. Ал эми Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык Сириядан кайткан 60 кыргызстандыктын 40ка жакыны согушка катышканы далилденип, азыр жаза мөөнөтүн өтөп жатышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG